15-болум
Ал күнү ошол жерде түнөдү, эртеси чындап эле жеңилдеп калыптыр. Анткени түндө дагы ысык тамак менен жүз грамм аракты Тилек экөө ичирип койгон. Эртең менен дагы берди. Кетээрде бир сыйрасын кийгизип: "Сообу тийип уул төрөп алсам экен, батасы тиет" деген ойдо тамак-ашты толтура салып берди. Тилек ага миң сомду өз колу менен берсе, Гуля ага көрсөтпөй дагы беш жүз сом берди.
- Айланайындар, мендей бечара мусапырды сыйласаңар силерди кудай сыйлап эшигиңерге кут орнотсун, балдардын убаган-чубаган периштелери колдоп, уул-кыздын ырыстуу ата-энелери болгула! - деп Калбүбү туурулган колдорун жая ак дили, чын пейили менен бата берди.
- Айтканыңыз келсин, эми буйруса жээнтек тойдо келиңиз! - деди Тилек ыраазылык билдире. Калбүбү эки жагына эки мүшөктөн тигилген баштыкты көтөрүп түшкө жакын келди. Балдар эле бар экен. Дарман менен Сейнегүл тамак издеп кетишкен. Баштыкта варенье, салат, эки жилик эт, бир бөтөлкө арак, кант, чай - койчу деги, баары бар экен. Кийимдерди тандап өзүнө жакканын башка баштыкка салып, калганын коюп койду да тамак жасаганга киришти. Балдары конфет менен печенье жеп оңуп калышты. Кечинде келген Дарман менен Сейнегүл аны көрүп:
- Ой деги барсыңбы, "ооруп атып зорго кетти эле бир жерге жыгылып тоңуп калдыбы" деп ойлонуп эртерээк сени издеп чыкканбыз.
- Жо-ок, баягыда айтпадым беле, ошол Гуля деген келин мени көрүп кубанганын айтпа, анын үч жумалык боюнда бар экен, күйөөсү экөө кетирбей коноктоп калды, көрсө канча жылдан бери доктурга, молдо-кожого барып төрөй албай жүрүптүр.
- Ийи анан? - Дарман кызыга сурап калды.
- Анан бир көзү ачык силер бейбечаралардын батасын алып, ошолорго кайыр-садаганы аябай берсеңер балалуу болосуңар деген экен, анан мен ага жолугуп атпайынбы? - Калбүбү жылмайып алды. - Мен дагы кудай сүйүп жараткан пендемин да.
- Туура, кана эмесе базарлыгыңды алып кел! - деп Дарман отура кетти.
- Сенин келгениң бизге да жакшы болду ай, карачы балдарымдын кубанып конфет жеп атышканын, - Сейнегүл балдарын эки канатына алып баштарынан сылап эркелетип муңая сүйлөдү, - Баса бүгүн канчасы ыя, Тикунун бүгүн туулган күнү, дегеле ушулардын туулган күнүн өткөрмөк турсун кийим-кече алып бералбайбыз, мен барып бир бөтөлкө алып келе коеюн!
- Сонун болот эле, суукта иштеп жүрүп денсоолукту да жоготуп атабыз, - Дарман оңдонуп койду.
- Жөн кой Сейнегүл, менин базарлыгымда бар, - деп Калбүбү 07лик үч бурчтуу бөтөлкөнү алып чыкканда экөө тең маңдайлары жарыла сүйүнүп кетти, - деги ушул кургурду ичип жүргөн жакшы окшойт, барганымда эле чоң идишке килкилдеген майлуу эт кошулган шорпо менен ичирип коюшкан. Ошого бүгүн тим эле сонун болуп калыпмын, ай.
- Ай чындыгында жаткан жерибиз да сыз, суукта жүрсөк, ошонуку го. Кой эмесе, чал, ач тигини, тамактын астында алып ийели, - Сейнегүл күйөөсүнө карады. Ал бөтөлкөнү ачып чети сынык майда чыныларга куюп үчөөнө койду:
- Эмесе Сейнегүл, Дарман, ушу Тикунун өмүрү узун, келечеги кең болуп ылайым бактылуу болсун ээ?!
- Айтканың келсин! - дешип үчөө алып ийишти. Семиз эттен жасалган тамакты бир-экиден алып тойгондой боло түштү.
- Ата-аң гөрү, эттин семизин кара ыя, эти жок эле май экен, - Дарман колундагы кайып каскагынан жеп отурган жиликти айландыра карады.
Калбүбү ошол күнү арак ичкенге кызый түштү, анан түрмөдөн чыгып Жанболот менен жашаган аз убакыт жыргалын, андан кийинки Тилек менен өткөргөн жакшы күндөрүн эстеп ызаланып ыйлап кирди. Эсинде бала кезинде, анан Тилек менен жашаган бактылуу жылдары гана калган. Студент кези болсо айтып бүткүс жомок эле, анда Калбүбүнү жалт карап кызыгып, артынан түшпөгөн жигит жок эле, анда ал ого бетер текеберлене бирин да теңине албай жүрүп акыры Тилекти өзү эстен тана сүйгөн: "Ажалың жеткир, мага катылбаса мен ага тиймек эмесмин, өзү кылды" деп ойлоп алды Айнураны. Анын телмирей ойго батып калганына Сейнегүл:
- Сага эмне болду ыя, кел мына муну алып ийелик, баламдын өмүрү узун, бактылуу, таалайлуу болсун, сен дагы ушинтип сүйкүмдүү селсаяк болуп бул жашоодо өз бактыңды тап! - деди аны чукуй.
- Ой кайдагыны айтпачы Сейнегүл, эми мага кайдагы бакыт, азыр ойлосом, бир ай мурун мен элүүгө чыгыптырмын, эсимде да жок, - күлүп калды, - Жашоо кызык тура, өлгүң келип ачуу турмуштун запкысынан зээниң кейип турса да бир үмүт алга карай жетелеп турат…
- Ошо да, мына Дарман экөөбүздүн жашаганыбызга жыйырма жыл болду, канча жыл төрөбөй жүрдүм, анан заман өзгөрүп кетти, дале экөөбүз жашай бердик, мунун туугандары мени кодулай баштады, экөөбүз ажыраша албай акыры үйдү сатып баса бердик. Соода кылып жүрүп Дарман ичип туруп алды, акыры банкрот болдук, анан буга кошулуп ичип жүрдүм, батирге төлөй албай калдык, дал ошол кезде боюма бүтүп калыптыр! Элестет, үмүтүбүздү үзүп, жашоону жек көрүп калганда бир күнү эле ичим "бүлк" этет, адегенде чоочуп алдым, - Сейнегүл чечилип сүйлөп жатты, - Дарманга айткан жокмун, жөн эле үмүттөнтө бербейин дедим, анан ичим билине баштаганда, кыймылдаганда ишенип анан айтсам бул сүйүнүп аракты койду, кээ-кээде гана ичебиз, ошентип ушул күчүктөрдү зарыгып тапканбыз.
- Ошо кудайдын бергенине шүгүр де, мен такыр эле ойлобой калгам, ошончо жылдан бери төрөбөгөн аялым төрөп берет деп, анан экөөбүз тең үй жай, дүнүйөбүз болбосо болбосун, балалуу болсок болду деп ойлогонбуз, кудайга шүгүр Сейнешим мага балканактай кылып эки уул төрөп берди, - Дарман өзүнчө бактылуу боло сүйлөп, калган аракты куйду, - Бу аракты ошондо "ичпейм" дегенмин. Мындай суукта ичип койбосок болбойт, анда-санда.
Балдары эбак уктаган, үч караан үлпүлдөгөн шамдын жарыганда сүйлөшүп көпкө отуруп анан жатып калышты.
Бирде тапканына бапыраңдап калышса, бирде күнүмдүк тамакка жетпей кабак чытып күндөр өтө берди. Чучук какшаткан суукта, буту колун, бетин тызылдаткан ызгаарда "кай жерден бүгүнкү оокатты табаар экенбиз" дешип чакан жертөлөдө кир, жылуулугу кетип эскирген төшөктө оронуп жаткан балдарын ойлоп эне-ата сарсанаа, убайымга батышат. Балдарынын бири ондо, экинчиси жетиде, экөө тең акыл-эстүү балдар, жокту түшүнүшөт, мектеп дегенди, окуу эмне экенин түшүнүшпөйт. Дарман менен Сейнегүл өз ойлорунда бат эле үйлүү болуп, балдарын окутуп ойдогудай жашоолорун өткөрүүнү элестеткенде көңүлү көтөрүлө түшөт. Бирок ойдун түбүнө жеткен ким бар, ой күлүк, бир аздан кийин кабыргалары кайышып, "жоктун жону катуу" дегендей кулдураган курсактын камын эстеп жүрөктөрү "зырп" эте түбүң түшкүр кең дүйнөнүн бирөөнө кең да, бирөөнө тар экенин сезгенде шуу эте үшкүрүп алып көр оокаттын камы деп кар кечип, жер кезип жөнөшөт.
Калбүбү болсо баягы акчаларын бузгусу келбей катып жүрө берди, күндө эптеп бир мүшөк бөтөлкө, баклашка аралаштырып май саткандарга өткөрүп нан, май, туз алып кечинде келет. Кесме алып келген күнү өзү тамак жасап балдардын кардын тойгузуп, Сейнелер келгиче ысык чай берип уктатып коет. Тапканы аз болгондо нан менен ысык чай ичип жатып калат. Дарман менен Сейнегүл өздөрүнөн мурун балдарынын айласын ойлошот. Ошол күнү да экөө ээрчишип чыгып жолдо баратып чукулдашып алышты:
- Же эркектей болуп бир жакшыраак жумуш таба албайсың, балдарды окутмак турсун кардын тойгуза албай калдык, ушинтип жүрүп суук өтүп ооруп калсак, өлүп калсак алардын көргөн күнү эмне болоор экен?
- Эмне кыл дейсиң, иштейин деп эле жатам, оңуту келбей жатпайбы, кудай буйруп, жаз келсе биржадан иштейм да балдарды окууга беребиз, батир жалдайбыз.
- Кыйраттың, ошентип жыргатып койуп, канча жаз, канча кыш өтүп атат. Кой экөөбүз бөлүнөлү, бир жүрсөк аз болуп калат, эч ким бара электе кечээки төгүлгөн мусурду карайлы, бар эми сен тиякка! - Сейнегүл өзү бөлүнүп ары карай карды матай жөнөдү. Алардын ушул жертөлөдө жашаганына он жыл болду, эч кимдин булар менен иши деле жок, анткени алар ичип алып мушташпайт, кечке талаада жүрүп кечинде келишет, тынч жашагандарга ким тийишмек эле. Сейнегүл үшүгөнүнө карабай өзү көздөгөн таштандыга баратат, бир жолу ал кагаздын ичинен конверт таап, сүрөтү бар китептерге кошуп; "балдарым ойнойт" деп көтөрө келген. Балдары карап ойноп жатып конвертти алып андан жалаң он миңдик корейский акча таап алган, ошондон бери кагаз, конверт болсо тытып аңтарат, эч нерсе жок. Бүгүн да ошолорду эстеп көз алдына көк-жашыл доллар элестеп кете берди. Негедир өзүнөн өзү жүрөк толкундаткан сезим пайда болду. Жетти … Аңтарып жатат, көптөн бери кар жаабай кургак суук болгонго таштандылар кургак экен, челе берди, бир кезде колуна жип илээшип аны тартып алса алтын чынжырча кошо чыкты, жүрөгү кубанычтан лакылдап чыкты, ичке чынжырчаны улам карап атып тазалап чөнтөгүнө салды: "буйурса муну өткөрсөм бир топ акча болот" деп кызыга дагы челип кирди. Көпкө убараланды, эч нерсе чыкпай: "мейли ушуга дагы тобо, эчтеке жок барсам эмне болот эле, быйыл кышы менен Калбүбү бизди жакшы тойгузду, эми мен дагы бир жакшы эт алып ысык тамак жасайын", деп кетмек болду да чаң, суу болгон өтүгүн тазалап кагып атып целлофанды көрдү, аны ачып көргүсү келди, ал бекем оролуу, ичинде кагаз бардай барпаят, эңкейип аны алды да оозун чечпей эле айрып жиберди. Жүрөгү лакылдап кулактары тунуп эси оой түштү, баштыктарга ороп салган толо акча, блокнот, ручкасы менен, көпкө дел боло карап туруп анан эки жагын селт эте каранып алды: "кудайым ай, деги бул жасалма акча эмеспи" деп да ойлоп кетти: "Эмнеси болсо да үйгө барайын, анан көрөөрмүн" деген ойдо чаар баштыгына салып алып кудуңдай үшүгөнүн да сезбей кетип жатты. Ал келгенде Калбүбү келип калыптыр. Ал бүгүн баягы беш жүз сомун бузуп бир топ тамак аш менен арзаныраак деп сары жүрмөдөн алып келип казанга асып койгон эле:
- Калбүбү, мен бүгүн жолдуу болдум, балдарымдын ырыскысы бар экен, эртең батир жалдайбыз, сүйүнчү! - деди кубанычтуу.
- Болсун, болсун, - Калбүбү ага карап кубана артынан жертөлөгө кирди.
- Мына, Калбүбү карачы, мынабы акчаны көрчү, деги жасалма эмеспи ыя, жакшылап карачы! - Сейнегүл акчаны чачып алып ирээттеп кирди, - Ой ушуну кечке соода кылгандар унутуп мусуруна байкабай кошуп ийген го?
- Ай-ий ай Сейнегүл, кудай берген турбайбы, нак эле акча! - Калбүбү акчанын крупныйын иргешип кирди. Миң сомдуктарды өзүнчө кылып жатканда Дарман келип калды. Көк муштум болуп үшүгөн:
- Ээ байбиче, жолум болбоду. Эчтеке таппай келдим, - деп келатып эле акчаны көрүп, - Оой бул акча кайдан? - деп келип отура калды:
- Чал, муну кудай бир берди! Көрдүңбү, балдарымдын ырыскысы!
- Оо жараткан, ушунуңа шүгүр, оо жараткан! - Дарман жакасын кармана ыраазы болуп көздөрү акчаны көрүп жайнай көздөрүнө жаш келе түштү, - Барбаган жерим калбай, бут тартаарга дарманым жок үшүп, зээним кейий зорго келдим эле.
Үчөөлөп санап акчаны бөлүп жатышты. Бир күнкү соодабы же эки күндүкпү, ким билсин, арасында жүз долларлык кагаздан бешөө, элүү доллардан бешөө бар экен. Баарын санашса элүү миңи доллар менен, жүз миңден ашып кетти. Өздөрүнчө кубанып отурушуп тамактанышты. Сейнегүл марттыгы кармап:
- Сенин көз акың бар, сен келгенден бери жолдуу болуп атабыз, сага беш миң сом берейин, биз эми айылга кетип балдарды окутуп адамча жашайлы, сен да соода кылып өз жашооңду өткөр! - деп заматта баарын чечип салгандай бабырашып, уйкулары келбей отура беришти.
Адам баласы курсак тоюп чөнтөгүндө пулу болсо көңүлү жайдары болуп, телегейи тегиз, дүйнөсү түгөл, өмүр сызыгын өз каалагандай сызып алчудай абалга жетип калат эмеспи. Саналуу гана сааттын ортосунда, жертөлөдө жашаганына карабай дем байлап, эртеңки бакыбат жашоолору көз алдына тартыла кубанычка балкып уктагылары келбей кобурашууда:
- Сейнегүл, бүгүн мен дагы жолдуумун, сеникиндей көп болбосо да акчам бар, - кокус айтпай койсом болбос, баягы Гуля бүгүн базардан жолукту, ичи чоңоюп калыптыр, анан мени көрүп эле учурашып, колума акча карматып кетти, карасам эки жарым миң экен, беш жүзүнө оокат-аш алып, эки миңди катып алгам, - деди Калбүбү. Ал оюнда: "Кокус айтпай койсом меникин уурдап алдың деп жүрбөсүн, ачык айтайын" деп ойлогон.
- Жакшы болуптур, деги эле ак жолтой экенсиң, быйыл сен келгени тамак-ашка кеңейип калдык, эми ошол акчаңа бул акчаны кошуп соода кыл, биз айылга эле кетпесек болбойт, эртең бир ажырашаяк кылып жакшы отуралы, анан үйгө керектүү төшөнчү орунчу алалы, элдин көзүнө жакшылап барбасак, - деп Сейнегүл өзүнчө бир кыялдана сүйлөдү.
- Ооба, байбиче туура айтат, туугандарга да катышпай кеттик. Адегенде, Сейнеш, бир квартира табалы да, төшөнчүлөрдү ошол жерге алпарып бир аз жашап, анан экөөбүз балдар менен айылга барып учурашып келели. Үй жөнүндө сүйлөшөлү. Мал-сал алып, жашоону оңой турган бололу, ушунча жыл азап тартып таштанды тергенибизди билгизбей тууган алдында корсоюп барып келип, анан бул акчаны иштетели, кудайдын бергенин чачпай уланталы!
- Мына, чалым ушундай эле акылдуу дейм да? - Сейнегүл каткырып калды, - абысын-ажынга бир чыкыйып барып коелу.
- Туура кыласыңар, издесең, иштесең да табалбайсың, муну кудай өзү бергенде карманып калгыла, - Калбүбү чын ниети менен ак оюн айтты.
Ошентип таңга маал гана оронуп отурган бойдон көздөрү илинди. Эртеси балдарды калтырып үчөө базарга барып бир сыйра кийим-кече, балдарына жылуу кийим, бут кийим алып, андан кийин тамак-аш алып, эки бөтөлкө арак, балдарына конфет, печенье, кола алышып көтөрүнүп үйгө келишти. Бул күнү өздөрүнчө дуулдап дагы түн бир оокумга чейин отуруп көңүлдөрү көтөрүңкү. Балдардын кубанганын айтпа, жаңы кийимдерди кийип алып эшикте ойноп жүрүштү. Өздөрү дагы каткырып күлүп жашаган жеринин сыз, суук экени эстеринен бир азга болсо да чыгып кушубак отурат. Эки күндөн кийин, ордуна жаман төшөнчүлөрүн таштап керектүү буюмдарын, казан табагын алып ал жерден көчүп батирге келишти. Ошол кезде кар эрип, ала шалбырт болуп калган. Күнү кечке үчөөлөп төшөнчү, идиш-аяк ташып батирин толтуруп алышты. Үч күндөн кийин Дарман менен Сейнегүл балдарын таза кийинтип, өздөрү да кымбат кийимдерден алып кийинип алып айылга жөнөштү. Калбүбү да таза, арзан кийимдерден кийинип алып соода жасоого киришти. Жалгыз күндө өзү келип акчасына аз болсо да кошуп жашап жүрдү. Сейнегүлдөрдөн дайын болбоду. Ошол күнү Калбүбү базардан кеч келди. Келсе үйдүн ичи чачык, кулпу бузулган. Караса чогулткан акчасы жок, отуруп буркурап ыйлап ийди да, кайра сыртка чыгып коңшу батирдегилерге кирди, баарын үйгө ээрчитип келип көрсөттү. Алар эчтеке көрбөдүк дегенден башка айта алышпады. Колунда бир күндүк товарынын гана акчасы калган. Аргасыз ыйлап-сыктап, кожоюнуна дайындап эртеси соодасына чыкты. Анын эмки санаасы Сейнегүлдөрдүн килем, паластарын жоготуп ийемби деген коркунуч болуп атты. Алар болсо кечиккенден кечигип жатты. Жалгыз жашап тажап кетти. Арадан бир ай өткөндө келишти, көңүлдөрү куунак, балдары томпоңдоп өңдөнүп калышкан. Келип эле Калбүбү менен өбүшүп бир туугандай учурашып көрүшүштү:
- Кандай жакшы келдиңерби, тууган-уругуңар тынч бекен? - Калбүбү алардын келгенине маңдайы жарыла сүйүнүп сурап отурду.
- Баары жакшы, күндө ар кимиси конокко чакырып сыйлап атышты, тим эле балдарыбызды көрүп кубанышты, - Сейне айтып бүтүрө албай алып келгендерин ортого коюп бабырап жатты.
Ээ байбиче, анын баары колубузда акча, жүдөбөй тың бардык эле баары сыйлашты, кокус баягы жүдөгөн бойдон самсаалап барсак кайда-ан? - Дарман чындыкты, ичтеги оюн айтты, - Ошон үчүн кудайга ыраазымын, ушу балдардын ырыскысына табылганы.
- Ошону айтсаң, балдарга эки үй тай энчилешти, кой-козу, улактан өйдө берип атышты, барсак үй даярдамак болду.
- Жакшы болуптур, - Калбүбү ойлуу айтты, - Алар дагы силерден көңүлү тынып, балдарды көрүп ыраазы болуп калышкан экен, - деп өз бир туугандары, иниси, эжесин ойлоп муңайып алды, - Адам катарына кошулайын деп канчалык аракет кылсам да болбоду, баягы акчага дагы миң сом кошуп туруп жоготуп алдым…
- Кантип, кайдан жоготтуң? - Сейнегүл чоочуй сурады.
- Ушул жерден эле, кеч келип үйдүн ачык турганын көрүп коркуп кетип карасам буюмдар турат, менин акчам жок.
- Кокуй күн ай, жаман болгон турбайбы! - Сейнегүл боору ооруй кейип сүйлөдү.
- Ошону менен баардык жаманчылыгың чыгып кетсин, мындан аркысы жакшы болсун, көп кейибе! - Дарман анын көңүлүн көтөрө сүйлөдү. Сейнегүл айылдан алып келгендерин дасторконго жайып, тамагын асып күйпөлөктөп жатты.
- Мен силердин буюмуңарды алдырып ийемби деп корктум, өзүмдүкүнө кейип, ыйлап жүрүп буюмдардын ордунда турганын көрүп кайра сүйүндүм.
- Ой, дагы өзүңө тийбегенине сүйүнсөң! Буюм курусун, буйруса болоор, буйрубаса жоголор, ага эмне кейидиң? - Дарман аны жайкай сүйлөдү.
- Ошону айтсаң, сен бизге бир тууганыбыздай болуп калдың, буюм жерге кирсин, өзүң аман болчу! - Сейнегүл дагы анын көңүлүн көтөрө сүйлөп жатты, - Тигил жакта жүрүп да сени ойлоп жаттык.
- Мен дагы, силерге көнүп алыпмын, коңултуктап көнө албай жүрдүм, келип калабы деп жол караганымчы!
Аңгыча оокат бышып бапырап тамактанып атышты. Кээде карасаң бир үйбүлө деле кер-мур айтышып, балдары чурулдап тынчтык жок эмеспи, булар кошулганына бир жылдай болуп баратса да бири-бирине нааразы болуша элек. Балдары да бири-бири менен урушпай-талашпай жымжырт ойноп отура беришет. Мындайды элибизде: "Кудай бере турган адамдар" деп коюшат го?
Дарман менен Сейнегүл шымаланып соодага киришти. Калбүбүгө дагы эки миң сом берип, ал өзүнчө соода кылат. Дарман башты өйдө көтөрүп, жашоого, табийгатка суктанып эр ортону элүү жаштан ашканда бактылуу болуп турду. Айылга барганда дагы туугандарына барып чөнтөгүнөн доллар сууруп керсейип турганда алар чарк айланып сыйлаганы, балдарына көзүнө көрсөтүп тай мингизгени, кой козу, улак энчилегени көз алдынан кетпей атты: "Кокус колумда жок мусапыр болуп барсам кандай тосуп алаар эле?" деп өзүнчө ойлонуп да алат.
Билинбей жаз келип жайга, кайрадан күзгө айланды мезгил: Калбүбүнүн соодасы болбой кыйнала берди. Дармандар болсо абдан ирденип калды, акырындап машина алышты. Андан кийин дагы сооданы жүргүзүп иштеп жатышканда агасы келип аларды айылга алып кетмек болду. Дарман бул кезде айылга кеткиси келбей балдарын мектепке сүйлөшө баштаган эле. Ага болбоду, алып кетүү үчүн келгенин айтып үй даяр деп болбой койду. Калбүбүнүн айласы куруду, Сейнегүлдөр буюм-тайымдарын алып аргасыз көчүп кетишти. Төшөнчүсүнөн Калбүбүгө таштап койду. Жалгыздык аны катуу ойлонтту, батирге төлөй албай жанына кошо жашаганга бир келин же кыз алмай болуп атканда ага бир кыз өзү келди, батир издеп жүргөн экен.
- Мен өзүм менен жашаганга келин же кыз алайын дедим эле, батир акысын чогуу төлөгөнгө, - деди ага Калбүбү.
- Эже мен дагы сиздей болуп чогуу жашай турган бирөөнү издеп жүргөм, көп менен жашагандан тажап кеттим, - деди ал шыпылдай ичи-койнуна кирип.
- Жакшы болду, мени менен чогуу тура бер, аз күндө батирдин акчасын беребиз, төшөнчүң барбы?
- Жок эже, айылдан жаңы эле келгем, суточныйда турдум, алар төшөнчүнү өздөрү берет экен.
- Аа-аа, анда кандай кыласың?
- Бир-эки жума эптеп жашап турсам анан үйдөн жөнөтөт, акча дагы келет, ошентесизби эже? - деп Калбүбүгө мурдатан тааныштай жабыша түштү.
- Бул айдын акысын бергенге акчаң барбы анан? - Калбүбү андан шекий сурады.
- Ооба эже, аз күндөн кийин дедиңизби?
- Үч-төрт күн бар, кийинки айга төлөшүбүз керек.
- Болот эже, төлөйм! - деди тиги кыз шыпылдай. Ал кыз дароо эле бир-эки баштыгын көтөрүп кайра келип калды: "бир батирге экөөлөп төлөсөк жеңил болоор", деген Калбүбү жеңилденип алды. "Бир айдан кийин кыш келет, жылуу кийим-кече алалбай калдым, Гуля менен Тилекке барып келсем бекен?" - деп ойлонду, анын эмгиче төрөгөнүн же төрөбөгөнүн билбейт эле. Күндө эрте кетип кеч келет, Клара болсо кечке үйдө, кечинде кетет, анын эмне иште иштээрин туюк түшүнгөн менен үн дебеди. Батир акысын төлөөгө келгенде Клара Калбүбүгө жалдырап жиберди:
- Сен табам дебедиңби, болбосо өзүм табат элем, - деп Калбүбү кейип кирди эле, ал:
- Эже, төлөп турсаңыз, мен эки күндөн кийин зарплата алганда берем! - деди жалооруй, - Биздин шеф бүгүн айтты, сөзсүз эки күндөн кийин алам.
- Болуптур, эки күндөн кийин бербесең кетесиң, тамак-аш деле алып келбейсиң, мен чоочун бирөөнү бакмак тургай өзүмдү зорго багып атам! - деп катуу айтты Калбүбү.
Бирок "айтпаганга жонбогон" демекчи, ошол күнү түндөп Клара Калбүбүнүн товары менен болгон акчасын алып жолуна түшүптүр. Эртең менен ойгонсо баш жагына койгон акчасы менен сумкада турган майда товары кошо жок, дагы көз жашын көлдөтүп ыйлаган бойдон кала берди. "Батир акысын бербесең бошот" деп кожоюну да кыйнады. Аргасы жок ал эки төшөк менен идиштерин көтөрүнүп баягы Дармандар болуп чогуу жашаган үйгө келди, келсе аерге жалаң бомждардан беш алтоо кирип алыптыр. Кайра жөнөп келатып кайда бараарын билбей буркурап ыйлап алды. Күнү кечке жүк көтөрүп жүрө албай буту эрксизден Гуля менен Тилектин үйүн көздөй бурулду. Келип аларды да таппай калды. Коңшуларынан сураса төрөгөндөн кийин айылга кеткен имиш. Карайлаган там сүзөт болуп кайра ээн талаага барып суу түтүгү өткөн жерге чарчагандан бут серпе албай эптеп жатып калды. Бир аз наны бар, суу менен ичип алды, кайрадан мусаапыр турмуш ага кишенин салды. Айласы кетип дагы бөтөлкө тере баштады. Кыш келди, жатаар жери жок, өзүнө окшогон бир эркекке жолугуп, жашап жүргөндө анын мурунку ээрчитип жүргөн аялы Таня Калбүбүнү урушуп куумак болду. Ал жалдырап ыйлап ийди эле, боору ооруду белем тим койду, чогуу туруп калышты. Күндө ал алып келген тамагын тартып ичип алышат, тажады. Сыртка чыкса суук, ичке кирсе тигилер урушуп, тамак таппай келгенде жемелешет.
Ит турмуш башына кайрадан түштү. Ошентип биздин каарман кайыр сурап жан багууга өттү. Кыштын кычыраган күндөрүнүн бири, колдору жумулбай тоңуп, эрди көгөргөн Калбүбү улам колун алмаштыра койнуна ката коюп бир колун суна суранып жүргөн. Күн чак түш, Макулбек менен Кызгалдак базардан тамак аш алып чыгып бараткан.
- Мендей бечарага жардам берип койгула, мусапырмын! - деп турган аялды көрүп Кызгалдак боор ооруй, Макулбекти карады:
- Мусаапыр экен, тыйын берип коелучу, майда акчаң бар беле?
- Бар. Азыр берем! - деген Макулбек чөнтөгүнөн беш сом алып Кызгалдакка берип атканда Калбүбү агасын көрүп ары бурула берди. Ал байкап калып аны көздөй басып келип:
- Карындаш, ал ала гой, бул күндөр да өтөт, эч кейибе! - деди эле көздөрүнө жаш толгон Калбүбү: "тааныса таны-ыр, тааныбаса мейли, кокус тааныса эмне дээр экен, чын эле биздин тукум мерезби, таш боорбу?" деген ойдо, Кызгалдак берген беш сомду алып туурулган колдорун өйдө көтөрө бата кылып койду:
- Алла ыраазы болсун!
- Калбүбү?! - Макулбек чоочуп кетти, "Калбүбү" деп алып кайра башкабы деп да ойлоп ийди, - Калбүбүсүңбү? Калбүбү калтыраган бойдон үнсүз көз жашын төгүп тура берди, - Курган кыз эмне болуп калгансың, кандайча бул абалга келдиң? - Макулбек анын жанына жетип бооруна кыса тегеренип кетти.
Бир топко ошол абалда туруп калды эле, Кызгалдак ар кайсыны ойлоп жиберди: "Бул эмнеси, эмнеге кайырчы аялды миң сан элдин көзүнчө уялбай кучактап калды? Балким баягы алган аялы болсо керек" деп делдейе туруп калганда Макулбек Калбүбүнү карыдан алып жетелеп машинаны көздөй жөнөп баратып:
- Кеттик, отур машинага! Кызгалдак, айда машинаны! - деди артында дел болуп турган аялын карап.
Кызгалдак үндөбөй айдап жөнөдү, эч кимиси сүйлөгөн жок. Үйгө жетип жылуу бөлмөгө киргизип ысык чай ичилгенден кийин гана:
- Мен сени Астра кубалап жибергенин уккамын, Токтобек менен Гүлсананы тилдеп сени тапкыла дегем, бирок алардын издеген же издебегенин билбейм.. - Макулбек үшкүрүп алды. Калбүбү жаш баладай соолуктап басылып калган, бир ооз сөз сүйлөгөн жок. Кызгалдак баарын түшүнүп ойлогон оюнан уялып аны аяп да, боору ооруп да:
- Кичине жылып калсаң ваннага түшүп чык, мен аңгыча кийим даярдап коем, - деди өзүнөн бир топ улуу болсо да кичүүдөй сүйлөп, - жеңилдеп ал!
- Ошент, жуунуп алсаң өзүң да, оюң да тазалана түшөт, - Макулбек аны сүйкүм жүз менен узата карады, - Эми менин үйүмдө болосуң. Добулбек акем менен Коймал жеңемди кантип унутам, өз бир тууганыбызды мусаапыр кылып басып жүргөнгө намысыбыз жол бербейт, - Кызгалдакка карады, - Менден он жаш кичүү, онунчуну бүтүп жатканымда бул биринчи класста окуп коңгуроо каккан эле… - Ошол кез эсине түшүп жылмайып койду, - Такылдаган татына кыз болчу, аттиң тагдырың түшкүр! - Ойлуу отуруп калды.
Кызгалдак Калбүбүгө бир сыйра кийим даярдап ваннага киргизип берди. Бир аздан кийин таптаза болуп, жаңы кийинип чыкканда салабаттуу эле жакшына аял болуп калды. Аны көргөн Кызгалдак:
- "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" деген ушу да, карындашың койкойгон сулуу аял тура! - деп койду.
- Кызга бергис карындашым бар. Эч ойлонбо садага, мен тирүү турганда эми сен мусаапыр эмессиң! - деп Макулбек жанынан орун көрсөттү.
Алар эки күндөн кийин өкүл кызын чакырышмак, ошого камынып жүрүшкөн эле. Калбүбү үн дебеди, аны ага жеңеси да түшүндү. Эки күнгө чейин эч нерсе дей албай уялып, тагдырынын татаал жаралганына нааразы болуп, эмки жолу азбы-көппү калган өмүрү дагы деле табышмак болуп ойлуу. Марс ата-энеси Зайна болуп келгенде Шамбет да келди. Ал таежесин таанып учурашып койду. Бул күнү Макулбек абдан бактылуу болуп алдына кичинекей Азизбегин отургузуп алган. Азизбек бир жаш болоюн деп жөрмөлөп калган. Бакылдашып Акмат менен Макулбек узун сөзгө кирип эт бышкыча отурушту. Зайна Кызгалдакка жардам берип сыртта жүрдү. Аны: "үйгө кир, бүгүн коноксуң" десе да болбоду. Кайната, кайненесинин жанында отургандан уялып каралашып жүргөн ал:
- Өкүл апа, үйдөгү аял эмнеңиздер болот? - деди капысынан.
- Ал өкүл атаңдын карындашы.
- Аа-аа, - деп койду ал, - Мен бир жерден көргөндөй болгом, бирок эстей албай жатам.
- Көрсө көргөндүрсүң да, - Кызгалдак кайдыгер унчукту. Зайна бул кезде кош бойлуу болчу, аны аяды. - Кир, балдар отурган бөлмөгө кирчи, суук өтүп калбасын, - деп үйгө ээрчитип кирди.
Алдыга тамак келип, суудай таза көңүлдөр бир бирине төп келишип, арак-винолор ичилип көңүлдүү отурушту.
- Мен уулума абдан ыраазымын жана ишенем, адамды тандай билет, силердей жакшы адамдарды өкүл аталыкка тапканына кубанычтамын! - Акмат жетине албай бажактайт.
- Марс уулум өзү да жакшы жигит, сиздей жакшы адамдын уулу экен да көрсө, - Макулбек ага карап күлүп койду.
Сөздөр уланды, черлер жазылды. Марс менен Зайнанын атына не деген гана каалоолор айтылбады!
Акыры тамак да желип бүтүп, эки жаштын келечегине бата тиленип, колго суу куюлуп, анан кийиттер кийгизилип, үй ээлери чексиз ыраазы болгон конокторун узатышып, ушул турмуштун жыргалына топук кылып, бири-биринин кучагында кубанычка бөлөнүштү.. .
АЯГЫ....
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Автору жазылбаптыр интернеттен алынды...
Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 34