Бир жолу бир бай малчысын сынайын деп топусун алып, башын сылаптыр. Ошентсе, малчысы аны карап тилин чыгарып койуптур. Байдын башын сылаганы: "Башка балээ кайдан келет?" — деп сураганы экен. Ага малчы тилин көрсөткөнү: «Башка келген балээ тилден» чыгат дегени экен.
Бай:
«Таппадың малчым, башка балээ туугандар менен тааныштардан келет» дейт. Малчы өз оюн далилдемекчи болуп:
– Жок байаке, антип былжырабаңыз, - деп жиберет.
Мурда мындай сөздү өмүрү укпаган бай ачууланып, керегенин башында илинип турган сегиз өрмө, музоо тиштүү камчысын көздөй умтула бергенде, малчы:
- Сабыр, сабыр, байаке айтпадым беле «башка келген балээ тилден» деп, эми түшүнгөн чыгарсыз, - дейт.
Сөздөн жеңилген бай белге чапкан жыландай шылк деп отуруп калыптыр.
Анын сыңарындай кечээ күнү Бороондуу күнү кычап төрөлгөн Бороончу агабыз тилден жаңылып "генерал майорун" кестирген адамдай болуп отуруп калыптыр. Негизи эл адамы болгондон кийин, ар бир сөздү байкап сүйлөш керек, "балп" дедире оозуна келгенди сүйлөгөн "Базар аялына тийешелүү" Ооздон чыккан сөз отуз уруу элге таралат... Сөз ооздон чыкканга чейин, ал сенин кулуң. Ооздон чыккандан кийин, сен анын кулусуң. Ойлонбой сүйлөгөн адам, алган жообуна да капа болбоого тийиш... Эмнеси болсо да аман болуңуз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1