12-болум
Аны Макулбек узатты. Убакыт кирген суудай адыраңдап өтүп жатты. Пенденин эси-дарты эртеңки жашоосуна кам көрүү, бала-чакасын эч нерседен кемитпей өстүрүү эмеспи. Арадан алты ай өтүп Марс кадимкидей өзүнө келип, өзүн-өзү сооротуп ишине киришкенде ага бир күнү Шамбет телефон чалып калды.
- Марс, бүгүн колуң бош болсо тоого чыгып келбейлиби? - деди Марс трубканы алаары менен.
- Бүгүн колум бош эмес, дагы бир күнү бараарбыз. - Марс көңүлсүз жооп берди.
- Ой ата, мен баарын даярдап койгом, мен да, сен да бойдоксуң, ширин кыздардан тапкам, жок дегенде эки саатка бошой калчы?
- Канчада жөнөш керек? - Марс көңүлсүз сурады.
- Сен качан бошосоң ошондо эптеп бир убакыт тап, - Шамбет телефондон бакылдады, - бошойсуңбу?
- Аракет кылайын. Баса, Шамбет кыздары жок эле чыгып келбейлиби?
- Кызыксың го сен, кыздарсыз жашоо көңүлсүз, тузу жок аштай супсак болуп калат да?
- Болуптур бир сааттан кийин жолугалы, каерде болосуң?
- Биз борбордук паркта болобуз, сол жак тарабында ашкана бар эмеспи, дал ошол жерден күтөм!
- Жарайт! - Тутканы койгон Марс ойлуу астындагы кагаздарын кармалап отуруп калды: "Ырас эле жарым жылдан бери үңкүйүп үйгө барам, кайра жумушка келем, андан көрө эс алса, эс алып келейин" деп ойлонду да жыйыштырып коюп сыртка чыгып кабинеттин үп болгон абасы жетишпеген бөлмөсүнөн чыкканына кубанды, керилип-чоюлуп алды да машинасына отурду. Шамбеттер отурган кафени бат эле тапты.
- Ассалоому аллейкум, - Шамбетке көзүндөгү кара көзайнекти ала коюп колун сунду.
- Аллеки салам, - Шамбет ордунан тура калды. Кыздар сулуу, алп мүчөлүү жигитти көрүп саал гана башын ийкеп койду. Марс орун алгандан кийин заказ берилип алдына тамак келди. Андан кийин стаканга арак куюп Шамбет:
- Досум, кыздар менен таанышып кой, бул сулуунун аты Лилия, а мунусунун аты Зайна.
- Менин атым Марс, таанышканыма кубанычтамын, - Марс саал жылмая экөөнө карап койду.
- Эмесе бүгүнкү таанышканыбыз үчүн ушуну алып ийбейлиби?
- Шамбет, мен ичпейм, сиздер капа болбоңуздар, - деп кечирим сурамак болгондо Шамбет анын ой-боюна койбой кыстап кирди:
- Марс, бүгүн кичине алып кой, андан кийин өзүң бил, биз күндө эле мындай чогула бербейбиз да ээ кыздар, биз Зайнаны жумушунан араң алып чыктык, кел досум алып кой, - Шамбеттин кыстаганынан: "Көп ичпейм, улантпасам болду да, кээде ичкенден эч нерсе болбос" деп ойлонуп алып жиберди, - оо азамат десе, бул сыйыңды унутпоого тийишмин!
- Досум, мен сени, анан бул жерде отурган оймок ооз кыздарды сыйладым, ичпей койсом таарынып каласыңар го? - деп күлүп Зайнаны карап койду. Ал уялыңкы жер карады. Лилия менен Зайна бир мекемеде чогуу иштешкен кыздар. Лилия көптөн бери Шамбет менен жүргөн. Зайнаны атайын Шамбеттин суранычы боюнча ээрчитип келген эле. Ал турмушка чыга элек абдан татынакай музоо кирпик, көздөрү көгүш, мурду кырдач, жүзү апакай кыз. Марс аны көргөндө бир аз сүрдөй түшкөн. Мындай пакиза кыз менен Салимага үйлөнгөндөн бери таанышып же сүйлөшө элек болчу, жеринен мындай шапар тебүүнү жактырчу эмес. Негедир улам Зайна менен көздөрү чагыла түшүп жатты.
- Кана эмесе, эрте жарыкта тоо жакка чыгып келели, силер экөөң жакшылап таанышуу үчүн бир машинага түшүп кенен-кесир сүйлөшүп баргыла, биз Лилия экөөбүз өзүбүзчө! - Шамбет каткыра Лилияны кучактап койду.
- Кеч болуп калат го, азыр саат үчтөн өттү, башка күнү барбайлыбы тоого? - Зайна көздөрүн жалжылдата экөөнү карады, ал ушу тапта бир нерседен корккондой болуп турду.
- Зайна, кеч болсо эмне экен, отту улуу жагып жаратылыштын кооздугуна суктанып түнөп калабыз, эртең мененки жумушубузга жетсек болду да? - Лилия аны карап көзүн кысып койду.
- Жок болбойт, мен барбасам жеңем менен байкем издешет, - Зайна чындап коркуп ордунан турду эле:
- Зайна, сени Лилия эмне дээр экен деп тамашалап жатат, бир-эки саатта кайра келип калабыз, кам санаба! - деп Шамбет аны тынчтандырып ордуларынан тура машинаны көздөй басышты. Зайна тарткынчыктай машинага отурду. Кубалашкан эки машина Чоң-Арык жакка бет алды. Суунун боюндагы бакка жеткенче Марс үндөгөн жок, улам көз кырын салып коет. Бир кезде:
- Зайна, кай жерден болосуң? - деди жолдон көзүн албай.
- Кеминден.
- Ата-энең барбы?
- Бар, ата-энемдин эң улуусумун.
- Жакшы, канча бир туугансың?
- Үчөөбүз, эки иним бар.
- Жакшы экен, кайсыны бүттүң эле?
- Университеттин экономикалык факультетин.
- Молодец. Турмушка чыга элексиңби?
- Жок. Азыр эрте деп ойлойм, - Зайна саал жылмая кирпигин төмөн түшүрдү.
- Беш жыл окусаң, иштеп атсаң, жыйырма беш жаштагы кыздарды кара далы деп коет да, кыргыз кызы он алтысынан күйөөгө тийиш керек! - Марс тамашалай күлдү.
- Ата-энем азырынча ашыкпа деп көп айтышат, иштеп алайын.. . - Зайна кымырына Марсты карап коюп, кайра жолду тиктеди.
- Иштегенче убакыт өтүп кетет да, жигитиң барбы?
- Жок сүйлөшпөйм.
- Сүйүү келе элек го анда?
- Билбейм, бирөөлөр сүйдүм деп калышат, мен азырынча сүйүп көрө элекмин.
- Азамат Зайна, тартиптүү анык кыргыз кызы экенсиң, негизи эле өңү сары, көзү көк болгон экен анык кыргыз, кийин аралашып кеткен тура.
- Кызык сүйлөйт экенсиз, мен эмне ошондой бекемин? - Зайна Марсты күлө карады.
- Мына карасаң өзүңдү, ак жуумал, көзүң жок, мурдуң кырдач.. .
- Коюңузчу.. . - Зайна ары карап кетти.
- Тамаша, абдан сулуу кыз экенсиң.
- Кандай тиешеси бар, мен сулуумун деп ойлобойм.
- Мейли, баары тамаша, Шамбеттер токтоп калышыптыр, келген окшойбуз келчү жерге, - Марс Шамбеттин машинасынын артына келип жакын токтотту да жерге түштү.
- Оо келип калдыңарбы, кана кандай кылалы, бир аз сууга түшүп сергип алалы да анан эс алалы, бул дүйнөдө аянбай жашаш керек, ойноп күлүш керек, тирүүлүккө адам баласын жаратып жашоо берген соң көңүлдү көтөрүп жыргап, өмүрдү гүлдөтүп өтүш керек! - Шамбет сүйлөп атып кийимин чечти да агып жаткан сууга бир түшүп ичиркенип кайра чыкты, - Карачы суунун тунуктугун, жаныбар таштары көрүнүп турат!
- Ошону айтсаң, ушул ысыкта сууга түшүп эргий турган убак да? - Лилия каткыра Шамбетке суу чачып ойноп кирди. Зайна менен Марс четте аларды карап күлүп тура беришти эле Лилия Зайнага жетип сүйрөп жөнөдү, - Бас азыр, кийимчен сууга сала электе чечин!
- Лилия койчу, мен түшпөйм, - Зайна тартынып артка карай кетенчиктеп атканда болбой эле сууга сүйрөп түштү, - Ой-ий ай Лилия, муздак экен, түшпөйм дейм!
- Марс, түшпөйсүңбү, сергип каласың. Ичкендерибиз да ылдыйлап, ич жалаңдаганда анан кайрадан тамактанабыз.
- Азыр, - Марс көйнөгүн чечип, өзү сууга кечип барып ичиркенип кетти, - Муздак экен, ооруп калбайбызбы?
- Эчтеке болбойт, бир аз эле түшөбүз, мен да үшүп кеттим, - деп Шамбет сыртка чыкты, - Ичикий.
- Сооп болот, титиреп калыпсың, болду эми. Мен Зайнанын киймин чечтирип күнгө жайып келейин, эртең грипп болуп калса мени каргап жүрбөсүн! - Лилия менен Зайна экөө ары жактагы топ бадал артына ээрчишип басып кетишти. Марска көзүн кыскан Шамбет:
- Кандай кыз экен?
- Жаман эмес.
- Кокус жылдызыңар келишип калса эч тартынба, кызда айып жок, шайкелеңи жок, Лилия болсо өтө шайкелең, жалгыз кыз, эрке-талтаң болуп өсүптүр.
- Ошондой, бирок шайыр кыз экен, ачык айрым.
- Зайнаны атайы сага тааныштыралы дегенбиз, бирок ал сенин аялың жөнүндө эчтеке билбейт, өзүң түшүндүрөсүң да?
- Анын эмне кереги бар, мен азырынча үйлөнүүгө көңүлүм жок!
- Ой ата, үйлөнбөсөң дагы имерип, кыз кылыгын көрбөйсүңбү, эгер үйлөнүп алсаң деле болот, жакшы аял болчу кыз экен.
- Көрөбүз го, азырынча эч нерсенин кереги жок, чоочутпай эле коеюн.. . - Марс ойлуу отуруп анан, - Чынында жакшы кыз экен, - деди.
- Ошон үчүн айтып атам да, убакыт деген учкул куш, ойлонуп өзүңдү кыйнабай үйлөнүп алганың оң. Салима жакшы келин эле, анын тагдыры ошондой экен, эмне кыласың, айла канча?
- Ошо Салиманы унутуш кыйын болуп атпайбы, андан көрө көп жылдап бойдок болуп жүрө бербей өзүң үйлөнчү, сенден кийин көрөйүн.
- Ата-аңдын гөрү десе, эми мага тийишип калдыңбы, ишенсең бойдок жүрө берсең көнүп алат экенсиң, бири жакса бири жакпай, бирок күндө болбосо да каалаганың менен көңүл ачып жашоонун ыраxаты ошондо деп коюп өзүңдү алаксытасың, - Шамбет да ойлонуп калды.
- Лилия өзүңө жагабы?
- Ой кокуй, ал мындай эле, кээде кымбат баалуу белектерди берип коем, өзүнүн көңүлү бардай, мага үйлөнөт дегендей ою да бар.
- Эмне, өңү-түсү нормально, иши бар экен, акыл-эси да ордунда, үйлөнсөң болчудай го?
Жо-ок дос, мен Лилияга үйлөнбөйм, дагы бирөө бар, ошого быйыл үйлөнсөмбү деп турам, апам дагы колоктоп бой жүрө бербей аял алып жаша деп тилдеп атат.
- Туура айтат, үйлөнүш керек!
- Сенчи, Салиманы кайра келет деп күтүп жүрө бересиңби?
- Келиши кыйын, аны келет деп ойлонбой да калдым, бирок ансыз мага кыйын болду, ушунчалык сүйчү элем, Шаке!
- Ой ошо сүйүүңдү койчу, сүйүү деп жакшы аял жаныңда болсо, бапырап балдарың ойноп турса, киймиң бүтүн, кардың ток, жашоодо кем-карчың болбосо ошол сүйүү да, сүйүү илгертен китепте гана жашайт, акындар ыр кылып жазат, жазуучулар дастан, жомок кылып айтышат, жөнөкөй жашоодо андай болбойт!
Аңгыча Лилия менен Зайна келип калды.
- Шамбет, бирдемең барбы, Зайна калтырап тоңуп калды, бирдеме шам-шум этели, - Лилия Зайнаны карады.
- Эмне, өзүң калтыраган жоксуңбу, өзүңө керек болсо эле элди ортого сала бересиңби? - Зайна Лилияга күлө сүйлөдү, - Мен күндүн эле табына жылып алам.
- Маакул эми, сени айтпасам жигиттер мага өздөрү бере турган эмес.
- Кой-кой, сулуулар, келгиле, эми силерге деп арнаган тамак-аш күндө туруп ачып кетпесин, отургула! - Шамбет машинанын багажын ачып, андан толгон тамак ашты түшүрүп жатканда Марс жетип жардамдашты:
- Ой Шаке, эки-үч күндүк кылып алгансың го? - Тамашалай күлүп калды.
- Калса калат, канаттуусу, курт-кумурскабы, тоюнуп алсын.
- Шаке ушундай март, колунан келсе бүт Кыргызстанды тойлоткусу келет, бирок шарты келбей жүрөт, - Лилия аны кучактап отуруп алып күлө сүйлөдү, - Ыраспы, Шаке?
- Туптуура, Лилия менин мүнөзүмдү жакшы билет, - Шамбет да каткырып калды, - Кокус экөөбүз үйлөнүп алсак экөөлөп чача тургандай кыялыбыз бар.
- Чын эле ай, өткөндө базарда жүрсөм эки буту жок адам коляскада отурат, ага беш сом берип: "байкуш буту болсо иштемек, аргасыз кайырчы" деп андан ары баратсам жапжаш келин колундагы жаш баласын алып отурат, ага он сом берип андан ары баратып эки көзү сокур адам ырдап атат.. . Ошентип бир күндө канча кишиге бергенимди билбейм, үйгө келсем үч эле сомум калыптыр.
- Сообу тиет, мусапырларга жардам берген жакшы, - Зайна аны карап отуруп сүйлөдү эле аны Марс ырастап койду:
- Туура айтат Зайна, бейбечарага жардам берсең сообу тиет.
- Ой, ар кайсыны сүйлөбөй, эс алууга келсеңер бүгүнкү эс алууну нормально отургулачы, бир күн болсо да бейбечара, мусапыр дегенди унуталы, ансыз да кыргызбайың бечарага айланып баратат?
- Келгиле кыздар, ырас эле эс алууга келгенден кийин эс алалы, көңүл ачалы ээ? - Марс Зайнаны, анан Лилияны карап коюп көз кысты.
Төртөө отуруп тамактанышты, Шамбет колбасасын да, грилин да, суусундукту, арак-пивону толтуруп алыптыр. Грилди жегенден кийин винодон шыңгытышты. Зайна напитоктон ичип отурду. Арактан да ичпеди. Канчалык кыстаса да болгон жок. Марс аны сынай карап гана тим болду: "күйөөгө чыга элек болсо, агасы ичкенин билсе урушат да, ошондон коркуп жаткан го, же өзү ичкиликти каалабайт" деп ойлоп койду. Лилия шакылдап сүйлөп атып аз-аздап стаканды көтөрүп коюп атты. Шамбетке ал жагат, ичип койгонунан гана кээде ойлоп калчу. Чынында өзүнө Лилия жагаарын Марстан жашырып койду. Кеч кире баштаганда жыйналып машинага отурушту эле Шамбет:
- Эмесе ушул бойдон бөлүнөбүз, мен Лилияны жеткирем, Марс, сен Зайнаны жеткиресиң!
- Куп болот! - Марс күлүп калды.
- Анда кеттик! - Зуу эттирип алдыга айдап жөнөдү. Марс Зайна отураары менен Шамбеттин артына түштү. Зайна зымпыйып эч нерсе болбогондой келе жатканы менен Марсты ичинен жактырып калды: "Өтө көп сүйлөбөгөн, орундуу жигит экен, маданияттуу дагы, аялы болду бекен, болсо кандай бактылуу аял, ушундай күйөөгө тийген" деп ойлоп алды. Марс: "Жакшы аял болчудай экен, бирок менин үйлөнгөнүмдү укса макул болбойт го?" деген ойдо келатты. Шаарга кирип келгенде Шамбет машинасын четке токтотуп:
- Кана эмесе, түнүңөр бейпил болсун, жакшы жатып жай тургула! - деп колун көтөрдү эле Лилия:
- Пока, до встречи! - деди. Шамбет дароо Марс күлүп колун көтөрөөрү менен айдап кетти. Зайна Марска корккондой түр менен карады:
- Эмне деп атат досуңуз?
- Жакшы жатып жай тургула дейт.
- Ал эмнеси, мени үйгө жеткириңиз, ансыз да кечигип калдым, - Марс азыр бир сөз айтса ыйлап жиберчүдөй абалда турду Зайна.
- Сизди жеткирем, сиз үйдө уктайсыз, а мен өз үй, өлөң төшөгүмдө уктайм, анан "жакшы жатып жай тургула" дейт да? - Марс аны карап жылмая күлүп койду, - башкача ойлобоңуз, чоң кыз.
- Жок-жок, . . . - Зайна уялып, жүзү кызарып кетти, - үйдөгүлөр издеп калат да.
Андан кийин Марс үндөгөн жок. Тек зымыратып түз жолдон көзүн албай айдап келе берди.
- Эртең жумушта болосузбу?
- Ооба, ушул жерге токтотуңуз, менин машина менен келгенимди көрсө уят, мындан ары өзүм жетип алам.
- Болуптур, алыс эмеспи?
- Жок, жакын эле, - Зайна түшүп жатып жылмайып, - жакшы барыңыз, чоң раxмат, - деди да жөнөй берди.
- Жакшы жатып, жай тур! - Марс артынан үн салганда ал бырс күлүп жиберди да жүгүрүп кетти.
Бир аз туруп анан Марс машинасын жылдырып үйүн көздөй зымыратты: "Эx жашоо, табышмаксың ээ, эгер Салима болгондо ушу кызды көрөөр белем, өзүмдүн жарым эле жакшы эмес беле?" деп улутуна машинаны эшигинин алдына киргизип коюп үйүнө кирди. Үйү тунжурап көзүнө комсоо көрүндү, не деген менен аял кишинин үйдө болушу өзүнчө эле бакты тура, эшиктен кирээри менен кийимин чечиндирип, "ваннага кир" деп буйруп коюп, өзү ашканадан жытын буруксутуп тамагын жасап күтүп алат: "Эмнеге кетип калдың Салима, мен сенден түк ажырагым келген эмес, сен жок мен бук болуп кеттим, сагындым" Марс улутунуп ушуну ойлоду да диванга көмкөрөсүнөн жыгылды: "Неге ал төрөбөс аял болуп калды. Энеси жашында жакшы караган эмеспи, балким бул биздин тагдырыбыз болсо керек" деп ойлонуп жатып уктап кетти.
Салима ошол күнү кечке ойлонуп Кызгалдакка сырын айтмак болгон, бирок ал оюнан кайтып ага деле айтпай коеюн деп ойлоп кат жазып xалатына салып коюп анан курбусуна барып аны менен акыркы жолу бирге отурду да шаарда иштеген курсташы Сонунга телефон чалды. Ал Салиманын үнүн угуп кубанып кетип келип калуусун өтүндү. Токтолуп турбастан Кара-Балтага жөнөп кетти. Курбусу аны кучак жая тосуп алды. Анткени бир-эки жылдан бери жолугуша элек болчу.
- Кел Салима, келгениң жакшы болбодубу, эки балам менен жалгыз абдан зеригип жаттым эле, - деп үйгө киргизип, болгонун алдына коюп сыйлап отурду.
- Ии-ий ананайындар десе, чоң жигит болуп калышкан тура, мунусун кызыл этинде көрдүм эле ээ, Сонун? - деп эки уулун алмак-салмак өөп эркелетип жатты.
- Ооба, ошол бойдон каттабай да кеттиң, кандай деги жашоо, аяш жакшы жүрөбү?
- Баары жакшы, ойдогудай, - Салима жайдары мүнөздө айткан менен өз жүрөгү түпөйүл болуп Сонун менен сүйлөшүп жатып да ичтен сызып ойлонуп: "Ай кудай ай, Марс мени издеп убара болот го, байкушум десе, мени менен өмүр бою бирге жашамак ою бар, аны как баш, куу баш дедирип кантип жүрө бермек элем, көнөт акыры, үмүтүн үзөт. Жашоо баарына көндүрөт эмеспи" деп көңүлү жайлана түштү.
- Эмне болду Салима, неге мынча ойлонуп калдың?
- Ойлонгон деле жокмун, менин аяшым кайда кетти эле?
- Анын командировкасы эле бүтпөйт, эки балам менен күтүп отура беребиз.
- Күткөнү бар жакшы эмей, анан калса жаныңда мындай күчүктөр турганда зерикпей эле кубанып отура бер да? - Салима улутунуп алды, чын пейли менен кубанып отурган: "Менин мындай балдарым болсо, Марс жылдап командировкада болсо тажамак эмесмин".
- Салима, сенин бир жериң ооруп турган жокпу, сүйлөп атсам укпай эле мелтирейсиң?
- Оорусаң айыгасың курбум, үшүсөң жылыйсың, ысысаң сергийсиң бир кезде, бирок айыкпаган ооруга чалдыккан жаман экен.. .
- Эмне болду анчалык, эмнең ооруйт? - Сонун боор ооругудай карады, - деги эмне деген оору экен.
- Айыкпас оору, - Салима күлгөнгө аракет кылып муңдуу жылмайып, - Айтсам узак сөз, балдарыңды жаткырчы, анан сүйлөшөбүз, - деди.
- Мейли, - Сонун балдарын бөлмөсүнө уктатып, экөөнө жанаша орун салды. Андан кийин экөө мейман чыгыш кылып сыртка барып келди да, Сонун: - Кел эми жатып алып сүйлөшөлү, - деди. Салима ордуна жатты, Сонун аны карап жатып кулак төшөдү, - ооруйм дейсиң, айыкпас дейсиң, деле түшүнсөм өлөйүн, айтчы жакшылап.
- Сонун, айыкпас дарт десе эле рак экен деп түшүнөбүз, бирок ал адамды алып тынат го, менин айыкпас дартым такыр башка! - деди да болгонун болгондой айтып берип, - ушундай курбум, мен ошондой айыкпас дартка чалдыгып күйөөмдү таштап качып чыктым. Пенде эмеспи, бир аз кабатыр болуп, издейт, азап чегет, акыры көнөт, аялды да алат, ал эми менчи, мен өмүр бою жалгыз калдым, мотурайган баланын үнүн укпайм, жүзүн көрбөйм! - Салима буулугуп ыйлап жатты. Өкүнүч, арман ызасынын баарын ушул бүгүн чыгарып алгысы келди бейм.
- Салима, кой ыйлабачы, сен эле бекен төрөбөгөн, толуп атпайбы, андан көрө бала багып ал, баккан бала өз балаңдан да жакшы болот.
- Марс кетирбейм деп болбойт, анын баласыз болуп жүрө берүүсүн каалабайм, аны да, өзүм да кыйналгыча көздөн кайым болуп кетейин деп баса бердим.
- Туура эмес кылыпсың курбум, күйөөң сен деп турса айтпай кеткениң болбоптур, андан көрө ачык айтып кетсең болмок же бала багып алып жашай берсең болбойт беле?
- Өз канымдан жаралып жанымда жүргөн болсо бир жөн, мен ага бериле алмак эмесмин, аны көргөн сайын төрөбөстүгүмө кыжаалат болуп азап чекмекмин.
- Мейли эми Салима, эч капа болбо, бул жашоодо тагдырына таарынбаган ким бар дейсиң. Эс ал эми, ойлонбо, ойлонуп жаныңды кыйнаба.
- Жакшы жатып эс ал эми өзүң дагы, тентектер менен кечке чарчагандырсың.
- Чарчабай анан, чоңу өлө тентек, кичүү уулум азыр жаш, анча чатагы жок.
Экөө тең унчукпай калышты, бири-бирин уктады го деп ойлоп жата беришти. Сонундун күйөөсү өкмөттүн жумушунда. Өтө жоош, кудайы момун жигит. Аялына, балдарына үйрүлүп түшүп турат, кайда барса да ар дайым бир нерсе албай келбейт. Сонун өз билгенин жасап жатса да үн дебейт. Жашоолору жакшы. Үйү сегиз бөлмөлүү, баары ичи толгон дүнүйө. Салима көпкө ойгоо жатты: "Марс эмне болду экен, балким кеткени жакшы болду деп көңүлү жай отургандыр, же издеп мени тааныгандардын баарына чалды бекен?" деген ойлор. Ошентип ойлонуп жатып уктап кетти. Эртеси күн чыга ойгонуп ажаткана жакка барып келип бетин жууп үйгө кирсе Сонун эбак эле туруптур.
- Ой сен качан турдуң эле, сени уктап жаткандыр деп ойлогом.
- Мен күндө эрте турам, балдарым тургуча баарын жасап коюп, анан күтүп отурам.
- Жакшы экен, эрте турган жакшы да, мен жумушка араң туруп жөнөчүмүн, менден мурун Марс туруп чай коюп койчу, анткени өзү да эрте кетмек да?
Экөө кобурашып көпкө отурду. Студент кездеги кылык-жоруктарын эстеп күлүп калышат. Сонундун эки уулу ызылдап оюнчук талашып экөөнү сүйлөштүрө койбой ары-бери жүгүрүп атат. Салима ушул саам Кызгалдактын үч баласынын үнү чыкпай жакшынакай болуп ойногонун эстеп, ар бирин көз алдына келтирди: "Кызгалдак укса таарынды ээ. Курбу эмес экен деди го, байкуш багы бар экен" деп ойлонуп койду.
- Салима, - деди Сонун, - мынча болду биерде жүрө тур, жумушуңдан чыгып алдың беле?
- Ооба, Марска айтпай жумуштан чыгып, отпуска алып койгом, аны билсе Марс, атайын мурунтан даярданган экен дейт го?
- Марс эмне эркек да, эмеле аял алып алат, балалуу болот, андан кийин сени унутуп калат.
- Унутса унутсун курбум, иши кылып балалуу болуп калса эле болду.
- Сенчи, ушуну менен эле баары бүтөт деп ойлойсуңбу, төрөбөсөң деле өз буюмдарыңды алып кетишиң керек.
- Эмне кылам, бир башыма жетээр бир сыйра кийим, анын мага деген таптаза сүйүүсү үчүн баарынан кечтим, курбум.
- Өзүң бил, пока анын жаны жай алгыча биерде эле бол, андан кийин Өмүрбөк келсе жумуш табылат, иштеп аласың, көңүлүң да өсөт.
- Ыраазымын, курбум, - Ушул саат дагы Кызгалдакты ойлоп кетти. Бир жолу Салима жумуштан келсе үй ичин мизилдете жууп, сүрүп коюп, идиш-аяк жууп отурган экен: "Ой эмне кылып атасың, жөн эле эс ала берсең болбойт беле", - десе:
- Койсоңчу досум, эки колум, бутум иштеп турса, мен сен жасаганды жеп коюп кандын кызындай жата бермек белем, - деп күлгөн. Салима саал жылмайып алды өзүнчө: "кызык, эми мен бирөөнүкүнө көз каранды болуп отурам, атамдарга баргандыр, барса эмне дээр экен, алар дагы ызы-чуу болушат го, кой аларга чалып коеюн" деп ойлоп ордунан турду.
- Шаардагы сиңдиме чалып коеюн, алар да издеп жүрбөсүн, Марс аларга сөзсүз барат.
- Туура, дайныңды билгизбей кетсең сөзсүз издешет да.
- Ошону азыр ойлоп атпайынбы, ата-энем эмне дешип, эмнени ойлоп жатты экен, кокус үч күн билгизбей жүрүп алсам мени моргдон издеп жүрбөсүн, - күлүп чыгып кетти.
- Салима, үйдөгү телефончу?
- Аа-аа ошону унутканымды карачы! - Кайра кирип телефонго барып кулагын бурады.
- Алоо, - деди арттагы үн, - бул ким?
- Аймира, бул мен Салима, Марс атамдарга бардыбы?
- Салима эже, сиз кайда жүрөсүз, баарыбыздын жүрөгүбүз түшүп калды, кеңешип койсоңуз боло жок дегенде, - Аймира жебиреп кирди.
- Болду, Марс издесе да силер издебегиле! - Салима кайра эле турбканы коюп койду.
Ой ойлоп, ойдун түбүнө жеткен ким бар, Салима дагы жан дүйнөсү сыздап турса да өзүн-өзү алдап, сооронуп, күндөр өтө берди. Арадан он күндөй өткөндө Өмүрбек келип Салиманы райондун акимчилигине катчылыкка иштетип койду. Анткени ошол убакта катчылык жумуш орду бош эле. Өңдүү-түстүү, иш билги, таза тыкан келин бат эле өз ишин алып кетти. Аңгыча арадан жарым жыл өттү. Аким орто жашаган, курсактуу киши. Кез-кезде иш боюнча гана кайрыла калбаса жумушун так аткарган келинди көз кырын салып коюп жүрдү.
Ошентип Салима жашоонун кызык кырдаалында бирде бактысынын тайкы экенине ызаланып ыйласа, кээде коллективдеги жумушчулардын шары менен алаксып күлүп коюп күндөр өтүп жатты.
Марстын апасы келип үйүнө жүрүп ичпей калганына ичтен кубанып атты. Эрте кетип кеч келет, апасы Созулдун жасаган тамагын ичип алып жатып калат. Ачылып сүйлөшпөйт. Сөз башталса эле үйлөн деп айтайын деген Созул ыгын таба албай жүрдү. Ошол күнү Марс эртерээк келди. Чай куюп отурган Созул кеп баштоого озунду.
- Балам, сенин бул жүрүшүң жакпайт, карт бойдок болбой үйлөн, менин өлөөрүм калды, өсөөрүм калган жок, балаңды көрөйүн, көөнүм тынсын.
- Билбейм апа, Салима келип калчудай болуп эле андан үмүт үзө албай жатам.
- Салима эстүү жан болчу, сени менен жаман-жакшы айтпай кете берейин деген тура, туура кылыптыр, экөөң сүзүшүп жүрө бермек белең, балалуу болсун деген да?
- Ошондо деле, анын бул үйдө үлүшү бар да, келсе нааразы кылбай каалаганын бериш керек.
- Келсе бер балам, бул айтканың акылмандык.
Ары айтып, бери айтып жатып акыры Созул уулун көндүрдү. Марс айласы кете:
- Апа дагы бир аз кое турсам болот эле, анын аман-эсенин билип анан үйлөнөйүн.
- Мейли, анда бир айга чейин өзүң изде, болбосо мен өзүм алып берем, сүйөм-күйөм дегениңди токтот, үйбүлөгө ылайык болсун балам, алдыңдагы жашооңду ойлон, мына отуз бешке чыктың, - эне жумшарып, Марстын акылга келгенине ыраазы боло сүйлөдү, - Мен сое турган мал-салды, кийим-кечени даярдай берейин.
- Өзүңүз билиңиз, - Марс жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Эртеси Созул айылга кетти. Марс Зайнага кээде жолугуп кафе, ресторанга чакырып сүйлөшүп калат, бирок анын ою кандай экенин биле элек. Негизи Зайнага Марстын кичи пейил, аша чаап мактанбаганы, көп эркектерче ашыкча тийишпегени жагып өзү да имериле баштаган: "бүгүн ачык сүйлөшөм, аял алганымдын баарын айтам, анан өзү чечсин" деп ойлоп баратты Марс. Анда-мында телефондон чакырып сыйлап коюп ашыкча сөз айтпаган Марстын бүгүнкү чакырыгына да моюн толгобой макул болду Зайна. Бул күнү кафе же ресторанга эмес, үйүнө алып келгенде Зайна бир аз жүрөксүдү: "бул эмнеси үйүнө алып келип тийишип же.. . андай болушу мүмкүн эмес, андай адам көрүнбөйт, мейли бара көрөөрмүн" деген ойдо машинадан түшүп зыңгыраган үйгө аста басып кирди:
- Коркпой эле кире бер Зайна, сүйлөшчү сөздөр бар, - Марс ага сырдуу жылмайып койду.
- Эмнеден корком, кишиден киши коркмок беле, бирок эмнеге үйүңүзгө алып келгениңизге таң калып жатам?
- Таң калгыдай эч нерсе деле жок, ушул үй кожейкеси жок жетимсиреп турат, - Марс сынай карады, - Балким кожейке болуп калып жүрбө?
- Муну менен эмне айткыңыз келип жатат? - Зайна түшүнүп, билип турса да сурап койду.
- Ал узак сөз, кир эми үйгө, чай ичели, анан деле убакыт бар, жүрү эми, - Марс Зайнаны колтуктай ички бөлмөгө кирди. Зал абдан кооз жасалгаланган, терезе пардалар ого бетер кооз көрсөтүп, ичи салкын. Ортодо он чакты орундук менен чоң стол, үстүндө жер-жемиштердин түрү, импорт вино, тарелкада рюмкалар. Эки жагын карап стулга отурган Зайна: "Жакшы турат экен, аялы болсо керек, кайда болду экен болсо, балким келип калсачы?" деп ойлоп өзүнчө чоочуп кетти. Аңгыча Марс чай көтөрүп келип чыныларга чай куюп, бирин Зайнага сунду:
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12