6-БОЛУК
--Бул эмнеси катыгун? -Акушеркага карады. -Оорулунун тарыхы жазылды беле? Берчи?
--Жанында коздору алайып, озунон озу коркуп, оорунун тарыхы жазылган китепчени кармап турган акушерканын колунан кагазды алып, окуй баштады. "Бул беш кыздан кийинки алтынчы баласы экен. Боюнан да тушпоптур, бала да алдырбаптыр. Ушунча болуп суук тийип ооруп да корбоптур. Толгонун башталган куну куйоосу экоо чатакташып, ичке тээп жибериптир. Ошондон тартып толгоо бирде келип, бирде жанып турп алыптыр. Анан, тороттун кечендеп баратканынан, аны тездеттуу максатында кыргызча "тартуу" колдонушуп. Ушундан кийин озу эле солгундап турган толгоо таптакыр жанып кетиптир. Ооруканага алып келгени эки кун болуптур. Акушерка жанган толгону чакыруучу "Синэстролдон" алты жолу укол бериптир. Бирок бул аракеттен эч кандай жардам болбой коюптур.."
Акушерка жанган толгону чакыруучу "Синэстролдон" алты жолу укол бериптир. Бирок бул аракеттен эч кандай жардам болбой коюптур.." --Тарткан эмнеси? -деди, китепченин бетин жапкан врач, алайып. --Э, катыгун, тартканды билбейсинби? -деди оорулуу келин онтоп. -Торой албай жаткан аялды чоголотуп олтургузуп, алабакандай бооз уйго тиреп коюп, ошону карматып, эркектер артынан, белден кучактап туруп ичин сыгат экен. Илгери торой албай аткан аялдарды ошентп торотушчу тура. Бул адам бласынын тушуно кирбей турган шумдуктуу созду угуп, Жайнагул чочуп кетти. ---Катыгун, катыгун,тартат деген эмнеси. Ошондой кантип болсун. Мунун озу жаткан жапайычылык да.... Врач толгосу эчак жанып кеткен бул аялдын баласынын ичтен олуп калганын да, олуу баланы озу торой албасын да дароо билди. Жайнагул аялды креслого алып барбай эле, туз эле операйия столуна деп буюруду. Врачтын созн уккан аял. Жайнагулго жалдырап минтти: --Мындай эле, сойбой торото албайт турбайсынбы, сен дагы? --Торото албайм эже. Толгоо болбосо кайдан? -деди Жайнагул. -Жанагы тепкен менен тарткандан бузулган да баары. --Ооба, ошондон да болдубу, билбейм. Тим эле ичти кучко салып сыгат экен го. Мурда эле ооруп турган курсагым, ошондон кийин кучоп калбадыбы. Илгери догдур жок кезде, ошентип эле торотуп алуучу экен кыпгыздар. Ажалы жогу аман эсен тороп, ажалдуусу олуп калуучу тура. Эми озум кантээр экемин?! -Аял ыйлап жиберди. -Капа болбонуз эже. Жанынызды аман сактап калууга аракет кылабыз.
--Билбейм коркуп жатам...
--Врач, аялды насылкага салышып жаткан акушеркага карады:
--Канынын группасы чыктыбы?
--Чыкты, экинчи группа экен...
Аялга наркозду Жайнагул озу берди. Эми операция убагында ооруулунун канынын басымын, журогунун согушун, козунун карегине чейин кылдаттык менен байкоо жургузуп карап туруучу эч ким болбой калды. Тигил акушерка болсо операциялык аспаптарды алып берип турууга аран улгуруп жатты. Аялдын ичи киндиктен ылдый туурасынан кесилип, кыпыгычтар менен кандар буулуп жатты. Балага жеткенде врачтын журогу атып кетти. Анткени баланын жаткан жери тонуна чейин бутундой карарып, кандар уюлуп калган. Ал эмес анда айрык бар экенин коруп, денеси дур дей тушту. Врач курсакта жатып карарып кеткен эркек баланы колуна алып, санитарка даярдап турган шейшепке салды. Жайнагул эми эненин озун аман алып калуунун гана аракетинде шашып жатты. Аялзатынын эн ыйык, эн кымбат организиминин бири баланын уй-жайы менен кошо кесилип алынды. Ошентип операция аяктап, кесилген жерлер тигилип да бтту. Колундагы мээлейди дароо чечип, оозу-мурдуна тарткан масканы алууга дарманы келбей, уйкуда жаткан аялдын баш жагына барып, коздорунун карегин ачып карап, тамырын кармап, журогун тыншап коргондон кийин эси ордуна келе тушту. Дары жтанып, Жайнагул аялды жаака акырын чапкылап ойгото баштады.
Тээ бир окумда оорулу эс-мас козун ачып, мандайнда турган врачты караган болуп туруп, козун кайра жумду.
--Козунузду ачыныз, кана! -деп кайра кыймылдатты.
Аял врачты эми эле жаны коруп жаткансып, кайра баштан бушуркой карап, тиктеп калды. Анан тээ бир оокумдан кийин минтип сурады:
---Сиз врвчсызбы?
---Ооба, мен врачмын. Мына эми, баардыгы жакшы болду. Мындан ары ооп жашаймыз, эже.
-Жайнагул жанында турган аялдарга кайрылды. -Кана ордуна алпарып жаткырып, ичине муздак грелка койгула. Аялдын уй булоосу бул жердеби?
-Баардыгы тышта кутуп турушат.
-Анда аркы болмого киришсин. Азыр мен чыгам.
Жайнагул чыкканда баягы уройлору учуп турган адамдардын туру озгоруп, жуздорундо кубанычтын учкуну ойноп турган. Сыягы, аялдын олбой аман калганына кубанышса керек.
-Кагылып кетейин, баласына ыраазы, келинимдин алтын жанынын аман калганына, эмне деген алкыш айтарымды билбей турам сага. Рахмат балам, ылайым кем болбо. Зоболон мындан да которулуп, канат-бутагын осуп, этек-женин жайылсын.
-Баланар эненин ичинде эле олуп калыптыр. Аялыныз эми экинчи бала болуудан калды, жигит. Анткени толгоонун башталышында жолдошунузду ичке тепкенинизди, мен операция убагында билдим. Андан калганын "тартып торотобуз" деп жатып, ичти тап такыр иштен чыгарып салыпсынар. Баланын жаткан жери, уйуно чейин айрылып, бала да, башкасы да бутундой карарып кетиптир.
-Акушерка менен санитаркага карады: -Баланы мында алып келгиле.
Ары-бери караганча баланын соогун, уй-пуйу, тон-пону менен чогуу алып чыгышып, тургандардын алдына койду.
Муну коргон чон эне ыйлап жиберди.
--Атин ай, ушундай болорун билгемин.
--А тартууну ким чыгарды эле? Сенби же менби? -деди энесине алая караган жигит.
--Мен жерге кирбей койбодумбу. Мындай болот деп ким ойлоптур. Келинге айтсам, конулдонуп койбодубу шордуу арам. Тигил-бул дебей мына
бул акушер келинди чакырсак эмне!..
Булар ушинтип оздору менен оздору
болуп жатканда Жайнагул экинчи оорулуунун абалын коруп, жанын оозуна тиштеп турду:
-Мен сизди, кун ушул бойдон ачылып
кетсе, вертолёт чакыртып, озум менен кошо шаарга ала кетейин, карыя. Ал жерде атайын адистер, мыкты хирургдар бар. Мен аялдардын догдурумун да ата, сиз ушуга
тушунуп жатасызбы?
Карылык каршы келип, оорудан алы
тайып, козунун курчу, билегинин кучу кетип турган карыя башын чайкай берип
минтти:
-Олда балам айе, союучу иш болсо,
озун эле сойчу ушул жерден. Ажалым жетсе анны коройун, жок, корор кун, ичээр суум болсо анны коройун. Ылайым бала-чаканы убара кылбай олуп кетээр кунум кайда. Карыганда калжандатып, ары-бери суйробочу кызым. Олсом доом жок деп оозумдан соз, колумдан кат берейин. Ушуга макул деп койчу, алтын кызым.
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу эле болуп жатабы?
Уланта берелиби?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10