*3*
- Аа-а, биякка деле алып келсең болмок, мен үчөө менен кыйналып калдым, кыз бала кол арага жарап калса мага жардам берет эле…
- Эми кары кишилерге бирдеме деп болобу, анын үстүнө бизде кыз жок, үч эркекпиз, баарыбыздыкы тең эркек балдар. Кыз баланы жакшы көрүшөт, мен аны алып кетем деп айта албайм го?
- Мейли эми, чын эле сен алып кетем десең таарынышат, карыган кишилер тарынчаак болот, - деп Чачыкей эс ала түштү, сыр билгизбей ичинен кубанып алды: "Дегеле жакшы болду, анысы биерге келсе дагы уруш-талаш болмок" - деп ойлоп алды.
Ошентип бактылуу жашоонун балын татып, өмүрдүн кызыгы эми башталгандай, Өмүрбектин көңүлү жайлана түштү. Тойчу анча-мынча кол аякка жарап калгандан бери ителеп жумшай коет, бирок ал өтө тың. Кээде өзүнүн галстугу менен көйнөктөрүн, байпагын өзү жууп алат. Чачыкей эки баласынан чыгалбай калганда Тойчуну жумшап суу ташытат, жалаяк жуудурат. Түшкө жакын жеңин түрүп алып жалаяк жууп жатса Өмүрбек келип калды.
- Уулум, эмне кылып атасың? - деди ал таңгала.
- Жалаяк жууп атам, бөбөгүм ыйлап аны апам карап жатпайбы, мен жардам берем да.
- Сен жалаяк жууй аласыңбы? - деп Өмүрбек уулун карап күлө үйгө кирсе баласына эмчек салып жаткан бойдон Чачыкей уктап жаткан экен. Жөтөлө кирди да, - Бу сенин кылганың кантип болсун, ушуга кир жуудурбай эле койбойсуңбу?
- Эмне кылайын анан, келээриң менен арызданып калдыңбы?
- Өзүм көрүп турбайынбы, баланы ага каратып туруп, өзүң жуу мындан кийин.
- Ооба, өзүм эле жууйм, - деп Чачыкей унчукпай калды: "Балээ болду, өз балама деле жумуш жасатмакмын да, эмнеге ушинте берет? Обу жок эле болуша берчү болду" - деп кыймылдап жүрүп ойлонуп жатты.
Өмүрбек абдан боорукер жан, Тойчуну өзү жакшы көрөт, анын ата-энеси өлүп көз алдында томолой жетим калганы жүрөгүн оорутчу: "Ата-энеси болсо бул деле эркелеп чоңоймок, багып алганга жараша адам катарына кошушум керек, жалтаң, коркок, тартынчаак кылбай өстүрөйүн" , - деп ойлой турган. Аны Чачыкей кайдан билсин, көпчүлүк эле пенде катары өзүн гана ойлоп өзгө менен кээде иши да болчу эмес. Кызганып, ичи күйүп, ызалангандан башка эч кандай жакшы ойго келчү эмес. Өмүрбектин гана кысымы менен жашоого моюн сунуп тынч жашаганга аракет кылбаса, бир көр пенде эле… Чачыкей өзүнчө бир күнү ойлонду: "Кенжегүл төрөгөн кызынын кандай экенин көрүп келейин, балдар менен барып келейин деп айтайын", -деп жумуштан келгенде ага минтти:
- Өмүке, макул болсоң Ажарды барып көрүп келбейлиби?
- Азыр кол бошобойт, кийинчерээк барабыз, азыр жазгы жумуш башталат деп жан калбай жатат, өзүм алып барам бир күнү.
- Өзүң бил, эгер мен барып көрбөсөм апамдар өгөй деген ушу да деп капа болушат го?
- Кое тур, азыр шашпа, бир күнү барып келебиз, - деп койду да: "Кандай эле аны көргүсү келип калды? Ага күйүп кетери кыйын, атайын сурап алган Тойчуну унчукпай койсом көз көрүнөө кордогону турат, Ажарды жакшы көрмөк беле, Кенжегүлдүн менден төрөгөнүнө ишенбей көргүсү келип жатса керек", -деп ойлонуп алды. Канткен менен бирге жатып уулдарды төрөп берген аялы эмеспи, ошондуктан көп созбой суроосун аткармак болду. Алар барабыз деп турганда Айша өзү Ажарды ээрчитип келип калды. Аны көргөн Чачыкей нез болгонсуп саамга үнсүз туруп калды да, анан кайненесинен уялгандай кызды кучактап өөп:
- Биз өзүбүз баралы деп турдук эле Ажарга учурашканы, озунуп кетипсиңер апа, - деди өзүн зордоп күлгөн болуп.
- Ээ, мейли, кызым экөөбүз өзүбүз келе бердик, - деп Айша келининин абалын сезе билмексен боло сүйлөдү. - Силер балдар менен чыга албасыңар, белгилүү эмеспи.
- Ооба-ооба…
- Өмүрбек жумуштабы?
- Ооба, жумушта эле…
- Мейли, биз эки-үч күн болобуз.
- Ажар, канчада окуп жатасың? - деп Чачыкей кызды карай суроо берди.
- Алтынчы класска көчтүм.
- Оо, чоңоюп калган турбайсыңбы?
- Садагаң кетейиним чоңоюп калыптыр, чоң энесин кубантып колумду узартып койду.
- Ананчы, кызыңыз бойго жетейин деп калган турбайбы? - деп Чачыкей дасторконун жайнатып, чайын коюп, тамагын жасап алдастап жатты: "Тим эле Кенжегүлдүн өзү тура, анан кантип Өмүрбек аны унутсун? өзү өлсө да мага азапты таштап кеткен тура. Оо кудай, бул эмне деген шылдыңың, өзүм сүйүп тийген адамым өмүр бою башка адамды ойлоп, башка бирөө үчүн күйүп жашаганы мен үчүн тозок эле эмеспи", -деп ашканасында жүрүп ыйлап алды.
Аргасыз эле ал, азыр басып да кете алмак эмес. Эки баласы томпоңдоп ойноп жүрөт, өз денесинен чыкпаса да апалап жанынан чыкпай отурган Тойчусу экинчи класс. Кантип, кайда барат?
Алар чогуу тамактанып отурганда Өмүрбек келип калды:
- Оо, апам келип калган го?
- Келип калдык балам, Ажарым каникулга чыкты, айылчылатайын дедим.
- Туура кыласыз, апа, - деп Өмүрбек Ажарга карады. - Кызым, окууларың жакшыбы?
- Жакшы, - деп Ажар жер карап жооп берди.
- Кызым, сен антип бизден тартынбай жүр, мен атаң болом, Чачыкей апаң болот, инилериңди карачы, сени карап жатат.
- Туура айтат Ажар, Өмүрбек сенин атаң болот, булардан тартынба кызым, биз чоң-ата, чоң-энеңбиз, бизге эрмек болуп жүрө бер кызым, өзүңдү оолактатпа, макулбу?
- Ооба… - деп Ажар Чачыкейди жал-жал караганда анын жүрөгү зырп эте, өзүн жаман сезип кетти:
- Ооба-ооба, кызым, өз үйүңдөй жүр, биз ата-энең болобуз, - деп зорго айтты.
Бала болсо да Ажар анын негедир башкача болуп турганын сезди, анын өзүн жакшы көрбөшүн сезип башын ийкей кайрадан жер карады. Өмүрбек Ажардын тартынчаактыгына зээни кейип турду, бирок анын өз карамагына өткөнүнө жаны жай ала тынчып калды: "Эми өзүмө каттатып алсам болду, тез-тез барып өзүмө жакшылап тартпасам өтө эле окчун болуп калчудай" , -деген ойдо эки-үч күн Тойчу менен Эдилге кошуп машинасына салып көчөгө алып чыгып каалаганын алып берип ойнотуп жүрдү. Ан сайын туталанган Чачыкей кайненесинен тартынып сыр бербегенге аракеттенгенин кыраа кары сезип эле турду. Кетээринде бир сыйра кийим-кече, мектепке керектүүлөрүнүн баарын алып берип өзү жеткирди. Ал кайра келгенден кийин Чачыкей Өмүрбекти карап:
- Ажар Кенжегүлдүн эле өзү экен, ушунун сеники экени аныкпы же башкадан болуп калса сага жаба салган болуп жүрбөсүн? - деди аны кекеткендей үн менен.
- Эмне деп жатасың? - деп Өмүрбек Чачыкейди көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй карап туруп, жетип барып карыдан ала булкулдатып жиберди. - Дени кардың сообу деги, сен эмне деп жатасың?!
- Сен Ажарды Кенжегүлгө окшотуп эле алып алдыңбы деп ойлойм. Кандай башында билинбей эле, ал өлгөндөн кийин чыга калат?
- Эн-неңди! - деп Өмүрбек жаакка чаап-чаап жиберди аны. - Ушундай акылы жок аял белең? Он эки жылдан бери жашап жүрүп, сенин акылсыз экениңди билбептирмин. Эми сенин эчтекең кызыктырбайт, менин жүрөгүмдү сыздатпай жолуңа түш! - деп ары карап кетти.
- Билем ансыз дагы, сүйбөгөн тирүү жандан, өлүү Кенжегүлдүн элеси артык экенин. Жаныңда ысык-суугуңа чыдап, азап-тозогуңду көтөрүп күндөп-түндөп жаш кезимде өзүм сүйүп калганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип жүргөнүм азбы?!
- Эк сенин сүйүүңдү! Сүйүүнү сүйбөй туруп сүйөм дегениң болбогон кеп, сен сүйбөйсүң, сүйсөң баарына акырына чейин чыдап, түшүнмөксүң!
- Ооба, сен үчүн менин сүйүүмдүн кадыры жок экенин да билем… - деп Чачыкей ого бетер кыйгачтап өчөшкөндөй албууттанып, ыйлап да жатты. - Качанкыга чейин жалдырап жашайм, качанкыга сенин алдыңда бүгүлүп жашайм? "Эми унутаар, мага аял катары эмес жүрөгүндө жылуулугу мага деген кымындай сүйүүсү бар адам катары карайт экен" десе, өзүңдү менден алыс кармап жокту ойлоп жанымды кейитесиң, мен темир эмес, адаммын го?!
- Чачыкей, сен мени такыр түшүнбөй койдуң, өзүң билчи деги, мейли балдарды да ал, деги мени тынч кой, мени да, өзүңдү да кыйнабачы! - деп Өмүрбек чыгып кетти.
Турган ордунда ыйлап турган Чачыкей бозоруп көпкө турду. Көзүндө жаш: "Неге өзүмдүн сүйүүмдү буга колко кылышым керек, мени да сүйгөн адам бар чыгаар" деген ойдо мелтиреп турганда Тойчу келип:
- Апа, ыйлабачы, - деп жалдырап ыйламсырады. - Апа дейм, ыйлабачы!
- Турчу нары! - Чачыкей аны түртүп ийди. - Ушу сенин да азабың өттү!
- Апа, апа дейм! - деп Тойчу ага ого бетер жармашты.
Аңгыча Эдил менен Эмил келди:
- Апа, эмнеге ыйлап атасың?
- Апа!! - деген уулдарын Чачыкей отура калып кучактап буркурап ийди. Тойчуну ары түртүп:
- Каралдыларым десе, силер үчүн баарына даярмын, өлсөм да силер үчүн жашайм! - деди.
Тойчу аларды томсоро карап туруп калды, ошол кезде Өмүрбек кирип келип аны байкады да, аны ары карай жетелеп кирип кетти:
- Уулум, капа болдуңбу?
- Жо-ок.
- Азамат, капа болбогун, ээ?
- Апаңдын ачуусу тарасын, ал сени деле жакшы көрөт, сен ага капаланбагын, макулбу?
- Макул, - деп Тойчу болбурай атасынын алдында отуруп калды.
Өмүрбек өзүнөн-өзү кыжаалат болуп, Чачыкейге катуу айтып алып кайра жүрөгү ооруп: "Өзүнө чала, болбогонду сүйлөй берет, кызганчудан кызганса боло, өлгөн неме ага эмне зыян кылды" деп тынч алалбай отура берди. Үй ичи эч ким жоктой тыптынч, муздак, көзгө комсоо көрүнүп заматта куту кача түштү.
Чачыкей сырттан киргиси келбей оо бир топко чейин отуруп, анан балдарынын уйкусу келип, үргүлөгөндө үйгө баш бакты. Өмүрбек Тойчуну алдына алып алганын көрүп, бир эсе дагы кызганып алды. Бирок эч нерсе дебеди. Карап коюп залга кирип жатып алды. Анын кыялын билген Өмүрбек дагы өчөшкөндөй Тойчуну жанына алып балдардын бөлмөсүнө жатып алды: "Не деген аял, өлгөн адамдан кызганган ушуну көрдүм. Сүйөм деп коет, эгер сүйсө сыйлайт эле го, мында жүрөк жок, жашаса жашасын, жашабаса жок, башка келгенин көрөөрмүн" деп ойлонуп жатып уктап калды.
Эртеси эрте туруп жумушуна кетип калды. Ал кеткенден кийин Чачыкей турду да балдарын тургузуп кардын тойгузуп коюп, эмне кылаарын билбей көпкө мелтиреп отура берди. Тойчу менен Эдил, Эмилдер ойноп кетти. Ойлонуп отуруп эч жыйынтык чыгаралбай үй ичин жыйнап жатканда курбусу Акынай кирип келди, жанында ээрчиткен эки жигит бар экен.
- Кел Акынай, сен адашып кайдан? - деп Чачыкей аны менен өбүшө учурашып калды.
- Жүрөм да, сендей досторду издеп, - деп Акынай күлө жооп берди.
- Келгениң жакшы, - Чачыкей тигинин жанындагыларына карай, - Келиңиздер! - деп койду.
- Саламатсызбы?
- Жакшы, киргиле үйгө!
Аларды залга киргизип болгон тамак ашын жайната коюп сыйлаганга өттү. Алар да бош келбептир, алып келгендерин столго коюп жатып Акынай:
- Аяш кайда, жакшылап бир таанышайын дедим эле, - деп Чачыкейди шакылдай карады.
- Ал жумушта, жолугам десең кечинде келбейт белең, - деп Чачыкей да күлүп калды. Ортодо койкойгон арак-шараптар көз жоосун алып, шыңгыраган хрусталь стакандарга куюлду, рюмкаларга суусундуктар толуп ар биринин алдында. Чачыкей курбусу менен стакан кагыштырып ичип отурду. Акынай күйөөгө тийе элек. Жанындагылар курсташтары экен, капысынан жолугуп калып ээрчитип келе берген. Бири Самат, экинчиси Адылжан. Төртөө бакылдашып көпкө отурушту. Чачыкейдин тамагы бышканча кеч болуп калды. Аңгыча Өмүрбек келип эшиктен келатып балдарын бир карап койду, үчөө божурашып ойноп отуруптур, ичи жылып кетти. Анан залдан бакылдаган үндөрдү угуп акырын баш бакты.
- Оо келгиле, меймандар! - деди анан босогону аттай кирип, Самат менен Адылжан тура калып ызаат кыла кол берип учурашышты. Акынай болсо:
- Кандайсыз аяш, сиз менен таанышайын деп эле курсташтарым менен келип калдык, - деп шакылдай кетти.
- Келгениңер жакшы, бу Чачыкей дагы зеригип жүрдү эле, жакшы болгон тура, - деп Өмүрбек отуруп атып күлүп койду.
- Ооба десең, зериккенди айта көрбө, үч бала менен… - деп Чачыкей оолжуй бир аз ичкенге кызый түшкөнү билинип турду. - Классташым келип жакшы болду да!
- Акылай, кандай анан, иштер жакшыбы?
- Баары жакшы, бир гана күйөө табылбай жатат, же менден коркуп жатышабы билбейм.
Күлүп калышты.
- Өзүң жактырбай жаткансың го! - деп Өмүрбек да ага тамашалай карады. - Сендей кызга күйөө табылбаса…
- Ошону айтсаң, Акынайды сүйбөгөн, көрбөгөн жигиттин көзү сокур, көөдөнү көңдөй да, - деп Чачыкей сөзгө аралашты. Ал бир топ кызуу эле. - Күйөөгө тийчи ай, тоюңа баралы!
- Алам деген болсо дароо кетет элем, ушу өзүм да кара далы болуп баратам!
Шатыра-шатман болуп көпкө отурушту. Чачыкей зорго бөлмөсүнө кирип жатып калды. Акынай анын жанына жатып, коноктор бөлмөсүнө жатышты. Өмүрбек үч баласын алып өзүнүн бөлмөсүндө эс алып түндү өткөрдү. Акылайдын мүнөзү ага жагып турду, кантсе да билим алып, эки жакты көргөнгө маданияттуу эле, көргөн жерде жаркылдап кабагы ачык жүргөнү, адамга жасаган мамилеси мурунтан жакчу: "Эмнеге Чачыкей ушулардай эмес, үйгө келсең кайдагыны эсиңе салып, чөккөн көңүлдү ого бетер чөгөрүп турат, аялдардын баары ушундай болобу же…" деп санаасы санга бөлүнүп аялынан көңүлү калып турду. Акынай кыргыз тили адабиятынан мугалим болуп иштөөчү. Кез-кез Өмүрбекке жолугуп калчу: "Балким Кенжегүлгө баш кошконумда башкача болмок беле" деп да ойлоп ийди.
Эртеси ал жумушуна кетип калды. Самат негедир Чачыкейге улам сөз ыргытып отурду. Ал туруп аларга чай берип кайра баш жазышты. Андан кийин Акынай Чачыкейди сыртка алып чыгып:
- Чачыкей, Саматтын сага көзү түшүп калыптыр, өзү бойдок, - деди эле, Чачыкей адегенде чоочуп кетти.
- Койчу, ал эмне дегениң, күйөөм турса мага анын эмне кереги бар?
- Сени эле Өмүрбек кайтарып туруптурбу, же ушул бойдон так өтмөк белең, такыр жазгырбай өткөн кимди уктуң эле?
- Болбойт досум, зорго таап алган балдарым бар, кудайдан коркоюн, - деп, бирок Чачыкей кайра саал ойлоно түштү: "Ырас эле эмне таптым, кадырыма жетээр эркек болсо ушундан келгенди көрсөмбү" деп ойлоно калды. Анын ойлоно калганын Акынай дароо сезди да, аны колтуктап алды:
- Досум, эркек деген эркек, эриң бербегенди ал берет, андан капаланып алып үйдө жинденип отурсаң сени ким аяйт? - деп жан-алы калбай жатты.
Чачыкей унчукпай койду. Самат анын жанына келип аркы-беркини сүйлөдү, чындап жактыраарын үч эмес, беш баласы болсо да багып алаарын айтканда Чачыкей муюуй түштү. Аңгыча түш болуп кетти, бир аз ала гүү болуп калышкан. Акынай үчөөнө карап кетүү керектигин айтты. Чачыкей менен коштошуп чыкмак болду, Чачыкей алар менен чогуу жөнөөчүдөй короонун эшигине чейин узатып барды. Самат кетээрде да анын жанына келип шыбырай:
- Чачыкей, эгер макул болсоң мен сага үйлөнөм, сени чын дилимден жактырып калдым, - деди.
- Болбогон кеп, эми үйбүлөмдөн азып-тозуп кайда бармак элем, андан көрө күйөөм бары жакшы, келип тургула!
- Чачыкей, мени бир азаптан сен гана куткара аласың, үйбүлөм жок, сен мага жагып калдың, колумда бар, ишим ойдогудай, - деп Самат ага шыбырап, - эч ким билбесин, эмки жума күнү сени райондук акимдин имаратынын артынан күтөм! - деди да басып кетти.
Акынай анысын билдиби же билбедиби, коштошуп жатып курбусунун бетинен өөп:
- Көрүшкөнчө! - деп жөнөп баратып колун көтөрүп койду.
Чачыкейдин санаасы санга бөлүнүп үйүнө кирди. Кечээги, бүгүнкү ичип койгонуна башы зыңгырай ооруп, дасторконду жыйнаштырмак болуп залга кирди. Эмелеги Саматтын сөзү кулагына жаңырып: "Эмне экен, мени сүйчү адам да чыгат экен, бул менин тагдырымдыр, жок дегенде төрөбөй жүргөндө болсо эмне. Мейли, көрө жатаармын, мени кордогон Өмүрбек да эсине келсин, жиним келсе атайын жүрүп алып, көзүнө көрүнбөсөм элеби" деп ойлонуп жатты.
Бул Акынайдын амалы эле, бирок ал Саматты Чачыкейге биротоло жармашат деп ойлогон эмес.
Дайыма бир калыпта жүргөн Өмүрбек Акынайга жакчу, өзү шайыр, ачык айрым болгон менен көп жигиттерге көңүлү келбей, өз курагынан өтүп бараткан Чачыкейдин жашоосуна абдан суктанчу. Баягыда өзүнө жолугуп алып:
- Күйөөнүн машакатынан көрө өз түйшүгүңдү тарткан сеники жакшы, күйөөгө тийип ким эле жыргап кетиптир, - деп калды Чачыкей.
- Кызык экенсиң, күйөөгө тийгенге шашканым жок дечи, бирок сенин күйөөң анча-мынчадан дурус эле го?
- Койсоңчу, качанкы Кенжегүл үчүн жинди боло тургансып тим эле үйбүлө менен иши жок, - деп Чачыкей жини келе сырын айтып келип, - мен ага жабышып тийсем экен, жүрөгүмдү оорутуп бүттү! - дегенин эстеп: "Демек экөөнүн ортосу абдан эле салкын экен, балдары турган менен бири-бирине сезим болбосо кантип жашамак эле" деп ойлоп калып, кийин Өмүрбекке жолдон жолугуп калганда ал өзүнө үзүлүп түшө мамиле кылып столовойго киргизип сыйлап, жал-жал караганда анын ошол турушу Акынайга жагып калган: "Эгер Чачыкейдин ордунда мен болгонумда муну жаркылдатып эр кылып алып жүрмөкмүн" деген ойго келген эле.
Чачыкей болжолдуу күнгө чейин өзүнө каранып, чачын оңдотуп, тырмактарын тегиздетип абдан даярданды. Болжолдуу күнү үйүндөгү балдарына чай берип отуруп, Тойчуга карап:
- Балдарды карап отур. Эмилди этиет кыл, көчөгө чыгып кетпесин, мен келгиче жолго чыкпай эшиктин алдына отургула! - деди.
- Макул апа, карап турам, - деп Тойчу башын ийкей жооп кылды.
- Эгерде атаң келип калса, "сиңдиси менен кетти" дегин, уктуңбу?
- Ооба, уктум.
- Анда тынч үйдүн алдында отуруп тургула, - деп Чачыкей көңүлү жайлана чыгып кетти.
Аны Самат чыдамсыздык менен күтүп жаткан экен. Өзүнчө толкундана калчылдаган Чачыкей аны менен учурашып бир аз турушту.
- Самат, мен сенин айтканыңа макулдугумду билдирип келгеним жок, сени тыйып коюш үчүн келдим, үйбүлөм, мончоктой балдарым турганда, мени кудай урбайбы?
- Чачыкей, мен сени менен түлкү куумай ойногум келбейт, бир сүйлөйм. Эгер макул болсоң кор болбойсуң, чын дилимден сүйүп калдым! - деп Самат аны бекем кучактап талдын далдоосуна көпкө турду.
- Эмне кыл дейсиң? - деп Чачыкей аргасы кете жигиттин көзүнө тигилди. - Мени жылуу ордумдан козгоп жатасың. Шакаба болуп жүргүдөй алым жок, ушундайда оюнду токтотолу, мени тынч жайыма кой! - дегенде Самат аны колтугунан ала көздөрүнө тике карап туруп:
- Эгерде тынч жашайм десең жаңылышасың, мен сени эми тынч койбойм, сен мени менен кетесиң! - деди да бак ичине тартып кетти.Экөө ары кетип, бери кетип көпкө тартышты. Бир чечимге келише албай турганда Самат, - макул болбой турган болсоң үйүңдөн кетпей туруп алам, ошондо көрөсүң! - деп басып кетти.
Чачыкей селдейе: "Ырас эле бул мени сүйүп калган экен, кандай кылсам? Өмүрбек менен өмүр бою кыжылдашып сүйүүмдү колко кылбай, мунун айтканына көнөйүн" деген чечимге келди.
Өмүрбек жумушуна келип алып да Чачыкейдин сөздөрүн эстеп, андан чындап көңүлү калганын билди. Андан ажырашууну ойлоп кандай кылып ажырашуунун амалын таппай убакыт өтүп жатты.
Арадан бир ай өтүп кеткен. Бир күнү үйүнө кеч келсе Тойчу Эмилди көтөрүп сооротуп жүрүптүр. Эмил бешке чыгып калган, абдан чыр эле. Эдил болсо экинчи класска көчүп, эсине кирип калган.
- Апаң кайда? - деди Өмүрбек келип эле.
- Билбейм, азыр келем деп кеткен.
- Качан кетти эле?
- Кө-өп болду, - деп Эдил жооп берди.
- Ким менен кетти эле?
- Өзү эле…
- Мейли, кетсе келет, үйгө киргиле балдарым, кардыңар ачтыбы?
- Ооба, - деп Эдил алдыга кирип баратып атасын карады. - Эрте менен апам тамак берген да…
- Ошол бойдон жүрөсүңөрбү?
- Мен газ күйгүзө албайм да, - деп Тойчу күнөөлүүдөй үн катты.
Чачыкей ал күнү келбеди. Эртеси да, анын эртеси да келген жок. Өмүрбек абдан таңгалды: "Кайда кетиши мүмкүн, балдарды таштап төркүнүнө бармак эмес" деп ойлогон Өмүрбек кайнатасыныкына балдарын салып барып калды. Алар беймаал балдары менен келген күйөө баласын көрүп чоочуп кетишти.
- Чачыкей келген жокпу? - деп апасы Алтын андан сурай неберелерин бирден алып өөп жатты.
- Апа, - деп Өмүрбек сөздү эмнеден баштаарын билбей туруп калды. - Сиз билбейсизби Чачыкейдин кайда кеткенин?
- Эмне дейсиң, балам? - деп Камбар сурап ийди. - Биз кайдан билмек элек?
- Чачыкей жокпу? - деп Алтын Өмүрбекке таңгала карады.
- Ооба, үч күндөн бери балдарды таштап коюп жок, кайда кеткени белгисиз…
- Кудай сакта-а, урушкан жок белеңер?
- Эмнеге урушабыз, мен кечке жумуштамын. Дагы жакшы, мен келбесем чиедей үч бала кантет эле?
- Кантип эле өзү кетип калсын, уруш-талаш болгондур. Жөн эмнеге чиедей балдарды таштап кетсин, бей себеп кетиши мүмкүн эмес эле… - деп Камбар мурутун сылай отуруп анан балдарды карады. - Апаң менен атаң урушкан жок беле? - деди күйөө баласына ишенбей сурап, - кеткенин силер көрдүңөр беле?
- Ооба-а, апам азыр келем деп кеткен, - деп Эдил жооп берди.
- Бизди ойноп тургула деген болчу, - деп Тойчу кошумчалады.
Алтын менен Камбар унчукпай калды. Өмүрбек алардын ишенбегенине ызалана жинденип, балдарын алды да жолго чыкты.
Бир ай дегенде үйгө кат келиптир. Аны алган Өмүрбек адегенде жаман абалда калды. Кат мындайча жазылыптыр. "Салам кат, эми, мен силерди аябай сагындым" деп келип анан, "Өмүрбек, ушунча жыл жалынып жашаганым жетээр, мени сүйчү адам бар экен. Мен эми гана бактылуу болгонумду сездим. Эми мени тынч кой, өзүмдү сүйгөн адамга жолуктум. Балдарды өзүң тарбияла, ылайыгы келсе үйлөнүп ал. Мен өз тагдырымды өзүм тандадым, "өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө тий" деген сөздүн аныгын эми түшүндүм. Атамдарга өзүм кат жаздым, балдарың менен амандыгыңарды тилеп, Чачыкей" деп шашылыш жаза салган кыскача катты окуп, Өмүрбек шалдая отуруп калды. Бир чети кутулганына кубанса, бир чети балдарын аяп турду: "Эмне кылыш керек, кандай аял мага келе коймок эле, үч балалуу эркекке?" деп ойлонуп таң атырды. Эртеси эрте туруп айылга балдарын алып жөнөдү. Тойчу абдан зирек эле, ал атасына карап:
- Ата, апам келбейт бекен? - деп сурады.
- Кайдан билдиң, уулум?
- Сиз бизди айылга алып баратпайсызбы, эгер апам келсе барбайт элек да.
- Мурдуңду урайын десе, апаң бир күнү келет да, андан көрө инилериңди өзүң кара, макулбу? - деп күлүп койду Өмүрбек рулду ары-бери бурап, жолдон көзүн албай.
- Ооба, өзүм эле карайм.
- Азамат, сен чоңоюп калбадыңбы, мен өзүм келип алып кетем, жарайбы?
- Жарайт, - деп Тойчу компое карап койду.
- Окууң башталганча чоң энең, Ажар эжеңдер менен болгула, анан кайрадан чогулабыз балдарым, - деп Өмүрбек балдары үчүн ичтен эзилип турду: "Балдар болбогондо cенин керегиң да жок эле, ушулар үчүн гана ойлонууга туура келет" деп улутуна жаш баладай умсуна арт жагында келаткан эки уулун карап алды. Тойчу жанында. Айылга келгенден кийин шашылып балдарын түшүрүп эле, кайра кайтты. Ал ата-энесинин сурамжылап өзүн кыжаалат кылышын жактырбады: "Андан көрө сыр ачпай кете бергеним жакшы" деп жолдо зымырата кетип жатты.
Ал абдан ойлонуп өзүн таштап жиберди, аялынын таштап кеткенине намыстанды, кечкисин күндө столовойдон отуруп жалгыз ичип отурат да, үйүнө жөнөйт: "Мейли кетсең кете бер, балдар чоңоет, жүрөктөгү дарт кетет. Сен өзүң жалынып келесиң бир кезде, бирок кеч болуп калат анда. Туура кылдың, мен сени сүйгөн эмесмин, кайгымды унутуу үчүн, андан кийин жашоонун агымы менен жүрө бермек болгомун. Анткени Кенжегүлдүн кайрылып келбесин билгемин, анын жок дегенде жарыкчылыкта бактылуу болушун каалаганмын…" Өмүрбектин көзүнө жаш толуп, көз алдына Кенжегүлдүн бакырайган көздөрү жайнай түштү: "Ооба, мен Кенжегүлдүн гана элеси менен жашачумун, а сен үйүмдүн куту, балдарымдын энеси элең, аялдык бакытты көтөрө албадың" деп стаканды коюп, эсептешип чыга берди. Теңселе түштү, кызуу болуп калган эле…
Арадан билинбей эле бир жарым ай өтүп кетти. Бара-бара баарын унутуп, Өмүрбек өзүн жөнгө салып калган. Жумушуна барат, кайра келет, кыз-келиндер көп болгон менен көпчүлүк эркектер сымал жүргөндү каалачу эмес. Ошол арада кече болуп калды, өздөрү менен чогуу иштеген Мунира аттуу кыз күйөөгө тийип кеңсеге чакырыптыр. Көңүлдүү отуруштан чыгып машинасына отуруп жаткан.
- Кандай, Өмүрбек? - деген тааныш үндөн карай берип, ал Акынайды көрдү.
- Жакшы, өзүң кандай, Акынай?
- Баары жакшы. Аяш, иштериң жакшыбы?
- Жакшы эле. Акынай, жүрү үйгө, мен азыр тойдон келатам, бир аз үйгө барып отуралы.
- Ма-акул, - деп Акынай ойлонбостон анын жанына отурду.
Өмүрбек үйүнө киргизип машинасын токтотту да, эшигин бекитип, үйүнүн кулпусун ачканда Акынай билмексенге салып эле сурап койду:
- Аяш үйдө эч ким жок беле, Чачыкей балдар менен бир жакка кетти беле?
- Ооба, бир жакка кетишкен, кир чоочулабай эле, Акынай, - деп Өмүрбек күлүп койду.
- Кызык, ал жок болсо келмек эмесмин, - деп Акынай арсар ойдо калгандай босогону аттады.
Ал баарын уккан, ал тургай Самат экөөнө тилегин айтып барып да келген эле.
- Ушунда-ай аяш, классташың мени чанып күйөөгө тийип кеткен, анын айтымында сүйгөнүн тапкан имиш. Бактылуу болсун дегенден башка эмне демек элем, туурабы?
- Ошондой де, - деп Акынай залга кирип коомайлана отуруп калды.
- Жай эле отур, Акынай, экөөбүз сырдашып, кеңешип дегендей отуралы, - деп Өмүрбек аны жылмая карап муздаткычын ачса эчтеке жок.
Ал өзүнчө күлүп алды, көптөн бери үйгө эчтеке алып келбей калган. Өзү тоюп келип жатып алчу. Анан сыртка чыгып саатын карады: али эрте, дүкөндүн жабаар убактысы боло элек экен. Короодон чыгып анча алыс эмес дүкөнгө жетип тамак-алып келе калды.
Акынай жалгыз отура берип тажап кетип чыга калса Өмүрбек өзү эт туурап жатыптыр.
- Сен эмне убара болдуң аяш, эчтекенин кереги жок, бир аз эле сүйлөшүп отуруп анан кетишим керек, - деп Акынай ага ушинткенде, Өмүрбек:
- Койчу эми аяш, отура тур, эркектин иши ушул тура, мурда жасап жүрбөгөнгө… - деп кайсактап калганда Акынай шымалана отура калып өзү жасап кирди.
Өмүрбек ары боло берди. Колу колуна тийбей шыпылдаган Акынай тамакты арыдан бери жасап жиберип, чай кайнатып стол үстүнө койду. Өмүрбек анын ар бир кыймылын карап туруп өзүнчө ойго батты:"Кандай жакшы кыз, аялың мындай болсо арман болбос" деп ойлонуп калганда Акынай шакылдап аны сөзгө тартты:
- Өмүрбек, анан эмне кылайын деп жатасың?
- Азырынча эч нерсе…
- Балдарың айылдабы?
- Ооба, атамдарда.
- Үйбүлөнүн бузулушу дубал урагандай, кайра тургузуу кыйын, жаңы үй курсаң жаңысы жакшы да, жарык да болушу мүмкүн.
- Туура айтасың Акынай, - деп Өмүрбек аны ойлуу карап коюп стол үстүндөгү винодон эки бокалга куюп, бирин Акынайдын алдына койду, - эски тамды кайра курам деген жаңылышат, мурунку дубалга кийинкиси дал келбей оркоюп калат го, ээ?
- Эскинин курулушу эски да, андан көрө жаңысын куруу оңойго турат.
- Кел эмесе Акынай, ушу жакшы сөзүң үчүн алып коелу!
- Өмүрбек, ичпей эле коелучу? - деп Акынай аны сурана карады, - бүгүн үйдө коноктор болушу керек, алар эмне деп ойлошот, кара далы кыз болсом, келгендерге жакпай калбайын…
Акынай аны сырдуу жылмая карады.
- Эмне, жуучу келмек беле?
- Ошондой го, ата-энем "күйөөгө тий" деп эле кыйнап жатат, "жашың өтүп кете электе орун алып ал" дешет.
- Туура айтат, кыз күйөөгө чыгышы керек!
- Күйөөнүн машакаты көп, мен эркин болуп калгамын, Өмүрбек. Анан да эч ким жакпайт, көздү жумуп, ата-энемдин үмүтүн актап, иштеп жүрө берейин десем болушпайт.
- Акынай, ата-эне баласын бактылуу болсун дейт да, - деп Өмүрбек ойлуу бокалды кармай алдын тиктеп бир саамга унчукпай калып, анан сөзүн улады. - Деги өзүңө жаккан адам болду беле?
- Болгон, аны өзүм кылдым, окуумду бүтүп, анан бир-эки жыл иштеймин, күйөөгө чыкпайм десем болбойт, анан ага жиним келип "мен сени сүйбөйм!" деп урушуп койгом. Ошондон бир жума өтпөй ал үйлөнүп алды. Атайын мага келип: "Акынай, сен мени сүйбөсөң мен сени сүйдүм эле, жаңылыпмын. өзүмдү сүйгөн адамга үйлөндүм, кош бол, бир күнү өкүнөөрүңдү билем" деп басып кеткен… - деп Акынай ойлуу колундагы бокалды өйдө көтөрүп Өмүрбекке жылмая карап күлүп койду. - Мына ошентип арадан канча жыл өтсө да теңимди таба албай кара далы кыз болуп жүрөм.
- Балким тагдыр сени дагы бирөөгө жолуктураар. Шашпай тур, Акынай, тагдыр деген ошончолук сырдуу…
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8