3-БОЛУК
-Болуптур акшы калыныз. Балдарынызга мындан ары сак болунуз.
--Рахмат силерге, бул жакшылыгынарды унутпасмын.
--Жайнагул тигилер чыгып кеткенден кийин, балдарынан кайта сурады.
---Айткылачы кайда баратынар эле?
--Эже бизди чакырган?
--Кайсы эже?
--Эже.
--Ай, окшошкон макоолор, тааныбаган эже чакырса эле бара бересинерби?
--Конфет берем деди.
--Конфети менен куруп калсын, жегинер келсе уйдо толуп жатпайбы. Мени ьируулой, ажалдан мурда олтуросунор го, эмитен минтип журсонор. Ал кайдагы неме экен, силерди коруп ичи эзилип кеткен.
Тыштан кирген кошунанын кыздары жарыша суйлоду:
---Жайнагул эже, ал аял биздикине келип жургон Зыйнат эже экен. Асан менен Усонду аябай жакшы корот да.
Кечээ биздикине келгенде сураган болучу.
--Эмне деп сурады эле? --Жайнагул мотое ушту.
---Мени айтпай, ойнотобуз деп эрчитип келгилечи, коргум келип жатат деген. Анан апам такыр болбй койгон. Жайнагул укса жаман корот бизди деп.
---Азыр Зыйнат кайда?
---Кетип калды. Ал шофер куноолуу деп айтты милицияга. Билесизби, эже, кокустан Зыйнат эже ошол жерде болбосо, машина экоону тен тебелеп кетет болчу.
---А жарадар шофер эмне болду?
---"Тез жардам" келип, догдурга алып кетти.
Жайнагулдун санаасы санга болунуп турду . Эмнеге эки балага имерчиктеп, бул жакта журот деп ойлоп турду. Журогун басып, бир ааз олтургандан кийин тышка чыгып, эки баласын колуна жетелеп алып,кошунасыныкына кирди. Кермекаш да, эми эле болгон окуяны угуп, булардыкына кирейин деп камынып жаткан.
---И-и-й, катыгун, Кудай чон сактаган экен ээ балдарды.
Угуп алып тобо чачым тик турду, журогум титиреп. Балдарын аз эле жерден калган тура катыгун.
Жайнагул ыйлап жиберди.
---Жанагы Толкунбектин катыны чакырып, конфет корсотконго бул макоолорго. Анан конфет жейбиз деп, ошого баратып, капысынан туура тушунан машина чыгып, олуп кала жаздаган тура экоо бирдей.
---Ий олугунду коройун., шерменде десе, Толкунбекти ээлеп алгандан кийин болбодубу. Балдардын балакет-мээнетин алабы, канчык. Андай эле бала керек болсо тууп албайбы. Кечинде келиптир тайгандай болуп. Асан менен Усонду ооп кетейин дедим эле деп. Айтасын, тайбастын тайбасы экен, уяты жок. Журогундо жалы бар эмеби дейм.
Болбосо кандай аял даай алат, ыя.
--Бул жакка эмнеге келиптир, айткан жокпу? Же атайн эле Асан менен Усонду коруш учун келген бекен?
--Бир жук тартуучу машина менен журот. Айтымына караганда уйундо калган суроторун алып кеткени келген имиш.
Баса, менден Толкунбектин бул жакка келип жургонун коргон жоксузбу деп сурады. Деги куйоон экоон кандай турасынар деп сурамыш болдум сыр билгизбей. Балдарын эстеп, сагынат бекен десем ичинен улутунуп койду.
-Кандай турмак элек турабыз. Уй-булосун сагынса сагынып, ойлосо ойлоп жургондур, . Фрунзеге барып бир жумадан ашык журуп келгенинен балдарына келди бекен деп ойлодум эле ичимде, -дейт.
-Мен анын ичин куйгузуп койдум. Жайнагул партияга отту дедим. Ал эмес областтык Советке депутат болуп шайланды. Эми аспирантурага барып, сыртан окууга отом деп камынып жатканынды айттым. Кунт коюп укту.
Бирок лам деп ооз ачкан жок.
-Ой эжеке, анын эмнесин суйунчулой койдунуз ага. Деги ичинизге эчтеке жатпайт экен. Отомунбу, отпоймунбу, аны бир Кудайдын озу билет да. Ким билет кандай болоорун.
-Эчтеке болбойт. Жети жылдык окуусун буткон сен "аспирантка" отпой калмак белен. Ал деле тарткан суроту менен сулкулдоп мактанып журбойбу. Ий, ботом, суротко караганда догдурлук кесип, бардык кесиптен жогору да. Олум менен кармашып, ажал менен арбашып, олгон жанды тиргизип, очкон отту тамызган догдур да. Калп айткан менен болобу, силердикиндей асыл кесип жок го дуйнодо!
--Кермекаш эже,-деди Жайнагул кулумсуроп, -адам баласына таандык канча кесип болсо, ошонун баары ардактуу. Чынымды айтсам, Эсенова чон таланттуу аял экен.
Билесизби, баягыда мен алардыкына барганымды эстесем эмдигиче окуном. Мен куйоомду Зыйнаттын уйунон кармап алсам да, аларга бир ооз соз айтпай чыгып кете бердим. Эмне учун кете бердим , билесизби? Мен алардан коркконумдан, же сурдогонумдон унчукпай чыгып кеткеним жок. Мен ошондо Зыйнаттын озун эмес анын эмгегин, талантын бааласам керек. Мындай таланттуу адамдар дуйного дайым эле келе бербейт эмеспи.
-Ой койчу, сурот-пуротунун
олук-тиригин коройун ошонун. Мен болсом ошол жерден бетин чырактай тытып, абийирин айрандай тогуп келет болучумун. Анын таланты деп куйондун таштап баса
бергенин кантип жакшылык болсун. Койчу айланайын, кендиктин да кендиги, кечиримдин да чеги бар да.
Жайнагул улутунуп алды. Кабагы
тушуп, ону Суз тартып турду.
-Айтасыз да ошентип. Ыр эмес,
жомок эмес, кундо угуп, кундо куйуп жургончо, бир куйуп, бир очтум. Мендеги Толкунбек учун болгон тилеген тилегим, ойлогон оюм, ага болгон бардык махабатым астым-устум тушуп, бардыгы бир заматта кыйрап бутту. Эми жашай беришсин экоо.
Оз куйоомо алым жетип, созум отпогондон кийин, ал аял менен уруштум эмне, урушпадым эмне.
Кермекаш Жайнагулдун оозун тиктеп
туруп, бир оокумда минтип тамшана суйлоду:
-Тобо, Кудай, мен бир нерсеге тан
калып Журом да Жайнагул. Эми ушинтип эле, жалгыз баласы менен эне-атасы биротоло кол узушуп, силер деп калабы.
-Ой эжеке ай, мен аларды
баланарга барбагыла, алар менен катышпагыла деп бузуп жатат дейсизби. Энеме да айтсам, атама да айтам. «Толкунбекти жакшы эле куноолодунор. Соттолгон кишинин деле акталуучу куну болот тура. Жалгыз баланардын куноосун кечирип эле койбойсунарбы», - деп. Болушпайт. Биз олсок топурак салбай эле койсун. Элим бар, журтум бар, Кудай ошол элден ажыратпасын, элден топурак буюрсун дешет.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6