1-болум
Жарылган бомбадай болуп жаман кабар кечке жуук жатаканага дүңк дей
түштү: кокустук болгонбу, ким бирөө түртүп ийгенби, айтор, жогорку
курстагы бир жигит үстүңкү кабаттан кулап кетиптир. Таштак жерге
төбөсү менен тийген экен, мээси чачырап, ошо жерде мүрт кетиптир
дешти бирөөлөр. Жо-ок, антпей эле аман калыптыр, болгону омурткасы
сыныптыр, байкуш эми алты-жети айсыз адам боло албайт ко дешти
башкалары.
Бу жаңылыкты биздин жигит эң акырында укту. Китепканадан келсе
бөлмөлөш балдар ушул окуяны узун сабак кеп кылып отурушса керек,
адатынча баарынан озунуп муну Алтыбай кабарлап калды.
– Уктуңбу, Битике, – биздин жигитти ал ушинтип атайт, мунусу битикчи,
окумал дегени. – Бир баатыр үчүнчү кабаттан секирип, мерт болуп кала
жаздаптыр.
– Койсоңчу, ким экен ал? – Биздин жигит кызыга түштү.
– Билесиңби, былтыр биз менен ушу бөлмөдө турбады беле. Ошол эргул.
– Жинди болгон го?! – Биздин жигит чындап эле таң калды.
– Кайдагы жин дейсиң, – деди Алтыбай иштин баарын иликтеп-
жиликтеп келген билермандан бетер. – Бу эрен бир кызды жактырып
калбайбы, ага дагы бирөө сөз айтып жүргөн экен, ишти чечип алалы,
кыз кимди тандаса, ал ошонуку болсун деп макулдашыптыр. Тиги кудай
аткыр азыткы болсо беркини тандап атпайбы, ошо, сенсиз мага жашоо
жок деп алиги баатыр терезеден ары боюн таштап жибериптир.– Ырас болуптур, – деди керебетте китеп тиктеп жаткан Сарпбек ачуусу
келгендей. – Акылы болбосо ошо да. Ага эмне, кыз кырылып калыппы
бу кыргызда. Эми аны кыз эмес, кемпир да карабайт. Жарым жан
неменин кимге кереги бар дейсиң.
– Ээ, балдар, сүйүүдө акыл болмок беле, – үстөлдүн төрүндө конспект
жазып отурган Абдылда аксакал дептеринен башын көтөрбөй,
күңгүрөнүп койду. – Акыл болсо ал сүйүү болбой калат.
Бу бөлмөдө жаткандар – төртөө. Баары тең бир кырдуу, армияда болуп,
заводдо иштеп, кагылып-согулуп дегендей, “картайып” баратканда
университетке өтүшкөн. Улуусу – Абдылда, беркилерден үч-төрт көйнөк
мурда жырткан,баары “аксакал” дешет.
Кийин Алтыбайдын айтканы чын чыкты. Баары ошондой болгон экен.
Эртеси бүт факультет дүрбөп, деканат жыйын куруп, партиялык
чогулуш чакыртылып, обо-добо кеп болду. Ары кетип, бери келип
жатышып, акыры комсомол уюмуна студенттер арасында тарбия-
түшүндүрүү иштерин жүргүзүү табышталды.
* * *
Ошондон көп өтпөй эмки жумада сүйүү темасында талкуу болот экен
деп жатакана дүрбөп калды. Кире беришке бакыйта жазылган жарыя да
илинди. Анан жума күнү кечинде жатаканада жан калтырбай баарын
ылдыйдагы чакан залга айдап түшүштү. Ага биздин жигит да барды,
адатынча арткы орундуктардын бирине көчүк басып, кармай келген
китебин барактап коюп отурду. Аңгыча студкеңештин мүчөлөрүн
баштап Сарпбек кирип келди. Сарпбек университетте комсомол
комитетинин мүчөсү эле, бул ишти ага жүктөшкөн окшойт, өгүнү өзү да
кулак кагыш кылгандай болгон ушундай диспут өткөрө турган болуп
жатабыз деп.
Талкууну ачып, Сарпбек жатаканада болгон ишти оозанбады, тек гана
сүйүү деген эмне, аны азыркы жаштар кандай түшүнөт, ушулардын
тегерегинде талашып-таңашып көрөлү деп сунуш кылды. Бирок кептиноролу дароо эле ошол окуяга бурулуп кетти.
– Азыркы кыздарга бир жигит жетпейт экен, буларың жүрсө эле эки-
үчөө менен жүрөт турбайбы, – терезе тарапта олтурган, чачын
желкесине чейин койо берген жигит кызуулана кетти. – Баланы ушуга
жеткирген жаңкы кыздын да жоопкерчилигин караш керек!
– Туура, – деди бери жактан дагы бирөө. – Ойлоп көрсөңөр: адабиятта
да, кинодо да, турмушта да сүйүү үчүн жалаң жигиттер өлөт экен. Эмне
үчүн кыздар өлбөйт?
– Кыздар деле өлүп атпайбы! – Орто ченден бир кыз чебелектеп кетти. –
Анна Каренинаны эмне кыласыңар?!
– Аннаңызды айтпаңызчы, – ар жактан жапалдаш бойлуу бир бала
чепеңдеп чыкты. – Аныңыз ойношу таштап кетип, абийири ачылып
каларда пойузга боюн таштап өлүп атпайбы.
– Ошондо жигиттер терезеден секирсе кыздар кошо секирсин дегени
турасыңарбы силер? – Ортодон дагы бир кыз тура калды чыйпылыктап.
Капталдан чыккан бир жигит аны жарга такамакчы болуп, каяша суроо
коюп тапанданды:
– Аял-эркек тең болсун деп өзүңөр айтып жатпайсыңарбы. Туурабы?
– Туура, – деди жаңкы кыз.
– Анда баары тең болсун да!
Зал дуулдап күлүп калды. Ага болбой орун жетпей сол ыптада
котолошуп турган балдардан бирөө окумалдыгын көрсөтөйүн дедиби,
колундагы “Литературная газетаны” ары-бери булгалап, бак-бак
сүйлөдү:
– Мына мобу жерде “Берегите мужчин” деп жазып атат. Жолон акын да:
“Эй, достор, аяштардын койнуна жатпагыла” деп атпайбы…
– Ай, бала, сен бакылдабай койо турчу, – деди көз айнекчен шыңга
Уландысы бар
Автор Эсенбай НУРУШЕВ
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер уланталыбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11