22-БОЛУК
Жигит катты жазып, конивертке салып бекитти да, кийип турган костюмунун чонтогуно салып, сыртка чыкты. Толкунбек баягы уйуно барып келгенде ата-энесинин кандай кабыл алганын Зыйнатка ачык айткан эмес.
-Мен почтага барып, уйго кат салып келейин, -деди тышта, куйоосунун кийимдерин тазалап жаткан аялына.
-Барып кел, -деди кандайдыр бир нерседен шектенгендей болгон Зыйнат.
Жигит чыгып кетти. А Зыйнат болсо, жасап жаткан жумушун токтотуп, Толкунбектин кайда барарын билгиси келди. Ошол замат уйго кирип, шашып-бушуп койнок которуп, бутуна жапыс така сандалетин салып, колуна тамак-аш салуучу сумкасын алды.
Зыйнаттын Толкунбектин артынан издеп чыгышынын да себеби бар болучу. Анткени баягыда Жайнагулго жазгандай болгон тоголок каттар, азыр Зыйнатка тоголонуп келе баштаган. Анда, Толкунбектин ар дайым оз уйуно барып жургону укмуштай суротоо менен жазылат. Кат жазгандар, анын бакчага балдарына баргандыгын да унутпайт. Бирок Толкунбек тоголок катта жазылгандай уйунон анчалык деле шамшарткы чыгып кеткен учуру, конуп-туноп калган мезгили болбоду.
Толкунбек эч жакка бурулбай туз эле журуп олтуруп Асан менен Усон тарбияланып жаткан бакчага келип бир тийди да, эки жагын абайлап бир демге карап туруп, дарбазадан шыр кирип кетти. Зыйнат болсо тактайдан жасалган тосмонун тубундогу жол менен, бироо байкап калбасын деген ойдо басар-басмаксан болуп баратты. Бирок жигиттин киргенинен чыкканы бат болду. Ал чонтогунон бетерчысын алып, мандай терин суртту. Зыйнат Асан менен Усондун бакчада жок экенин дароо билди. Бактыга жараша Жайнагул бугун балдарын бакчага алып келген эмес болучу. Толкунбек анан туз эле жогору карай басты, Зыйнат куйоосу узаары менен артынан арышын керди. А Толкунбек болсо озунун мурдагы уйунун дарбазасынын алдына келип, чонтогунон конверти алып, эшигинин алдында, дарбазада илинип турган почта яшигине колдору титиреп жатып аран тушурду. Жигиттин кулагына кандайдыр Сады Казиевичтин унуно окшогон ун угулуп кетти. Асан менен Усондун чурулдаган добуштары, балдрап бири бири менен суйлошкон создору кулагына даана угулду.
-Папа, папа, -деген биринин созуно Жайнагул ачуулуу бурк этти.
-Кайдагы папа!? Ой байкуштар ай, пападан умут узулбогон.
-Кимиси ал, папасын эстеп жаткан, -деген Гулайымдын уну шанк этти.
-Асанбы, Усонбу, кимиси экенин байкабай калдым.
Экоо тен Толкунбекти унутушпайт жарыбагырлар. Алмак-салмак эле папалай беришет. Ыйласа да папалап ыйлашчу болду булар.
Короодон жанга жагымдуу, сагынычтуу создорду угуп, аярлай калган Толкунбек машинанын сигналынан селт этти. Ал кайра артына бурулганын озу да билбей калды.
Зыйнат Толкунбектин Жайнагулдун уйуно кирип кеткенин, же кирбей эле кайра кеткенин билбей эле адашып калды. Эмне кылсам экен деп ойлоду. Озу да Асан менен Усонду коргусу келип, ичи эншерилип турганын билди. Кермекаш аяш женесин да бая оздорукуно барып кеткен бойдон коро элек. Эмнеси болсо да ушулардыкына кирип, чала кетейин деп ойлоду. Балким, Толкунбекти билип берер.
Зыйнат эшикти ачып-ачпай эле босогодон Кермекаш менен беттеше тушуп, кулуп жиберди. А Кермекаш болсо маймыл коргон немедей чочуп кетти.
-Апей кагылайын, шайтандай болуп кайдан чыга калдын? -деди уй ээси Зыйнатты чочулай карап.
-Мен дагы баягы озунузго окшогон эле, отуп баратып кире калдым.
-Кире калсан кир эми. Мен бул кошунаныкы чакырганынан ошондо бараттым эле. Фурунзеден кечээ Жайнагулдун баягы депутат баатыр агасы аялы менен келиптир. Жайнагул да отпуска алып, Ысык-Колго кетип жатат. Балдарын кайынатасыныкына таштап, озу "АБРОРА" деген пансионатка барып дем алат имиш.
-М-м, ошондой дениз.
-Ошондой. Чай койсом болот эле, бирок.....
-Жок, жок, жч нерсенин кереги жок. Чакырган жеринизге кире бериниз, мен да кетем, -деди тикесинен трган Зыйнат Толкунбектин анда кибегенин дароо юилип.
-Эч нерсе ичпей, куру ооз кеттин, капа болбо.
-Капачылык жок эже, жакшы калыныз.
Зыйнат чыгып кетти. Бая озу барганда, ошончо шаар кыдырып жол басып келип жатып, бир чарчы чупурокту илуу кылып койбогонуна, Кермекаштын Зыйнатка жини келип, таарынып калган. Ошондо, Толкунбек экоону Жайнагулго олгондой жамандап келген. "Баарынан да мен барсам Толкунбек пол жууп жатыптыр. Уялганымдан, колундагы тряпканы алып, уйун жууп чыкпадымбы" , -деп толгон-токой созду чыгарып, калпты чындай кылып айтып келген болучу.
Аялы келгенде Толкунбек жаны эле уйуно келип олтурган. Зыйнаттын ичи туз куйгандай ачшып турса да, куйоосуно ооз да ачпады, сыр да билгизбеди. Балдарын коргону барганын ойлоп, озунон озу бук болуп турду. Бир туруп ичи куйуп, озогу орттонсо, бир туруп аркы беркини ойлоп, Толкунбекти аяп боору ооруп турду....
АЯГЫ....
Урматтуу окурмандар Чоочун Киши чыгармасынын 2 китебинин аягына чыкты,чыгарма жагып жатабы? кийинки китепти уланталыбы? комментарий күтөбүз.класс басып башка адамдаргада себепчи болуңуздар!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21