19-БОЛУК
Байбичеге чай кайнатып, чай бердим. Тим эле зымпыйган бек киши экен, унчукпай тынып олтурду. Мен Толкунбектин жумуштан бошогонун экоон чалалектен мурун кочодон уккамын. Созду озум баштадым. Баласынын жумуштан бошогонун айтсам, кабагым-кашым деп бир кейип койсочу. Толкунбек конулуно албасын, жаман киши экен, энен. Жалгыз эле оз баласы эмес, Зыйнатты кошуп туруп каргай турган юолсо, адам жанына тура албайт. Кызматтан бошомоктон экоону кошоктоп туруп, барса келбес жакка айдап жиберер кун кайда. Мен Толкунбектин кызматтан бошогонун эмес, олгонун уксам коксом сууйт эле десе болобу. И-и-й бетим, тим эле дене боюм уркуп, эсим оогонунан оозума соз кирбей клыптыр. Толкунбек менен Зыйнатка тилеген тилегин кара башына корунсум дедим ичимден. Ал эми жанагы келинди ыймандуу, эстуу келин десем, болбогон неме экен. Декабырь айынын нечеси экен эсимде жок. Иши кылып жаны жылга жакындап калган. Балдарынын туулган куну экен. Кошуналарды чакырыптыр. Озу менен бирге иштеген врачтары болду. Жанагы областтык саламаттык сактоо болумунун башчысы дейби, ошол жигит экоо институтту бирге бутурушкон имиш. Тим эле Жайнагулдун козу андан, анын козу Жайнагулдон отот., укмушун ку-у-ур. Жакинтай, Жакинтай десе тим эле оозу эп дей тушот экен... Копчулукту козуно иле турган эмес ал жигит.
-Анын аялы келиптирби? -деди Зыйнат Кермекашты сустая тиктеп.
-Кайда кетти эле? Олтурду чогуу эле. Бир шумшуйгон ону суук кара келин экен. Ошол Султан дешен жигит мурда эле арман кылат деп уккамын, катынга жарыбадым деп.
«Жаман катындын жабуусу бала
тура. Удаа-удаасы менен алты Баланы тогуп-тогуп жиберип, орун-очок алып олтуруп калган имиш. Куйоосу суйбойт деп ушактап журушот эл.
-Мурда эмнеге алыптыр суйбосо? –
деди Зыйнат чыртылдап.
-Ой, балам ай, суйоодо жанылыштык болбойт дейсинби. Кээде жаштыктан, кээде мастыктан боло берет тура ар кандай тайгак тагдырлар. Толкунбек таштап кеткенден бери Жайнагулдун басыгы да мурдагыдай болбой бузулуп баратат. Кээде жигиттер келип терезесине суйонуп, качан чыгаар экен деп акыйып, кароолчудан бетер айнектен коз албай шыкаалап тургандарын да коруп жатам…
Толкунбек аялдын созун угуп
олтуруп жадап да кетти. Мынчалык ушакчы аял экенин мурда байкаган эмес болучу.
Ал облздравдын башчысы жонундо айткан созун угуп, ичи тарып, кызганычтан журогу каарылып турду. Бирок алиги Султан Магзимовдун жаман жигит эмес экенин, ал институтту Кызыл диплом менен бутконун, Жайнагулдон ошондо эле уккан. Толкунбек ушул жерден эмне учундур конулу бузулуп, Султандан чындап эле шек санай баштады. Бирок шек санаганда, санабаганда эмне. Азыр Жайнагул менен Толкунбектин закондуу ажырашпаганы эле болбосо, бири-бирине ээ болуп, бир уйдо эрди-катын болуп жашап жаткан жок да. Толкунбек болсо аялдуу. А Жайнагул болсо, эри жок башы ачык аял. Бирок ачык болмоктон эмне болсо да, ал акылдуу келин да.
Баятадан Кермакаштын созун угуп
олтуруп Зыйнат Толкунбектен уялганынан эмне деп айтаарын билбей, ынгайсыз абалда калды. Конулундо атайы эле кастык менен бул ушак-айынды Зыйнат озу уюштургандай болуп турду. Акыры келин Кермекаштын созуно чыдабай кетти.
-Эже, бая эле кетем деп
шашкалактап жаттыныз эле. Деги баятан бери Жайнагул жонундо коп соз суйлодунуз.
Мага Караганда кудайы кошунасынар. «Кошуна ыраазы болбой, Кудай ыраазы болбойт»
деген соз бекер жеринен айтылып калбаса керек. Алыш-чалыш, катышабыз болбосо да Жайнагулдун жакшы аял экенин тушуномун. Анын сиз айткандай ыплас ишке барарына козум жетпей турат. Ишенбейм. Башкага жендирсе да шайкелендике жендирбес, бек аял болуш керек деп ойлоймун. Анын ордуна, мына мени соз кылсаныз, мени ушактасаныз туура болмок. Мен анын эри менен конулум жакын болуп журуп, акыры тийип алдым. Уч баласы менен тируулой жесир калды. Чындыгында Толкубек аны чанып ажырашкан жок. Тескерисинче, Жайнагул Толкунбекти чанып кетти. Анын Толкунбек экообуздун устубуздон атайы эле душмандык кылып бироо ээрчитип келип чыгарып койду. Ошондо эмне деди мага. Эч нерсе. Ал мени куноолоштун ордуна, менин тарткан суротторумо суктанып кулумсуроп, кубанычттуу толкундоо менен жайнап карап турганын оз козум менен кордум. Ооба, ал менин озумду сыйлабаса да, талантымды, эмгегимди сыйлады. Мен Жайнагулго ушундай деп тушундум. Бул эмне деген айкоол аял. Эгерде ошол Жайнагулдун ордунда мен же сиз болсонуз эмне болор элек. Орт коет болчубуз. Уйду устубузго, айлананы асманга котормокпуз. Анан сиз ушундай айыбы жок асылзатты бизге уялбай жамандап олтурасыз. Балким, мындан баргандан кийин анда кирерсиз? Бизди жамандаарсыз. Биз жонундо айтпаганды айтып, дебегенди дээрсиз. Жайнагулдун жаралуу журогун уу создуу ушактарыныз менен дагы оорутарсыз. А балким, мен Толкунбек менен жон гана убактылуу жашап жаткандырмын. Бугун юолбосо эртен, эртен болбосо дагы бир куну Жайнагул менен Толкунбек кайра табышаар, кайра жашаар чогуу. Анткени ортодо балдары бар да. Мага туболук эр болот деп мен буга али ишене элекмин.
Зыйнат башын кош колдоп басып унчукпай калып, тээ бир оеумдан кийин, созун минтип улады:
-Мен Толкунбекти суйгондугум учун куноолумун. Адам озунун суйууго толгон журогун озу башкара албай калат экен.
Кермекаш Зыйнаттын созун угуп, ысык сут ууртап алгансып, оозуна соз кирбей туттукту да калды. Соз ушуну менен буткондой бардыгы тымтырс боло тушту.
Зыйнат Кермекаштын алдындагы колун узатты.
-Калп эле, эрте бата кылган экенбиз шашылып. Олтурунуз, дагы бир чыны чай ичиниз.
-Жок, рахмат, ичтим. Убара болбой эле кой.
-Баса, эе, Толкунбектин энеси оорусунан сакайып, абдан жакшы болуп кеттиби?
-Ал кишинин уйуно кеткенине качан. Жайнагулдун энеси экоону, бир депутат болгон, Сады деген Социалисттик Эмгектин Баатыры бар экен го, кайра-кайра депутат болуп шайланып келаткан, ошол келип алып кеткен самолет менен. Эненердин ден соолугун дарылап жатып оноду го келини.
-Балдары басып журобу деди Зыйнат.
-Ии, басмак тугул чуркап журушот.
Зыйнат аялга койнок кийгизсемби, жоолук салсамбы деп келгенден бери кайсынысын ылайыкташтырарын билбей ойлоп турган. А дедирбей эле бирде Кынаны, бирде Жайнагулду, алмак-салмак дайыны жок создорду айтып жамандап киргенде, эч нерсе бергиси келбей тырыша тушту. Мындай немелер берген белегинден да соз чыгарып, тулку тиштемей ойнотчу неме деп ойлоп, айнып калды. Буга бергенди, багар-корору жок мусапырга берсе, ошонун сообу тийет, -деп саоандык жагына оой тушту.
Ар жактан бир топ конфет , печенилерди алып келип, сумкасына салганы оозун ачып алып, ичиндеги арагы менен, салафан баштыка салынган конфетти коруп чочуп кетти. Ошол саамда Кермекаш булардыкына деп алып келгендерин бербей айнып калганын эстеп, сумкасын алганга улгурбой калды. Ал жеткенче Зыйнат таттууларды сумкага салып койгон. Ошентип экоонуку "сеники сенге,' меники менге" болдуда калды. Зыйнат аялды дарбазага чейин узатып чыкты. Короонун ортосунда турган "Волганы" сурайм деп сурабай калганын эстеп, кулумсурогон болду.
-Машинаны жаны алгансынарбы?
-Ооба, Москвага кетердин алдында алганбыз.
-Ии, кымбат болсо керек.
-Арзан оокат барбы эже,-деди дарбазанын туткасын кармап турган калыбында чыгып бараткан аялды узата карап....
Кермекаштын баягы айткан созунон кийин Толкунбек Жайнагулду алдыртан андый баштады. Эмне учун андып жургонун озу да билбейт. Зыйнат экоо кар эрий баштагандан бери тоого барып лыжа теппей да кплышты. Зыйнат оз ишин уланта берди. А Толкунбек болсо али иштей элек.
"Кардын ачса карындаш изде" дегендей бая куну Алма-Атада бир чон курулуш уюмунда жетекчи болуп иштеген жолдошунукуна Зыйнатты эрчитип барып келген. Ал Толкунбекке убада беоип, орун кандай болсо, ошондой телеграмма беребиз деп узаткан.
Кун узарып, карлар эрий баштады. Баягыдай машинасын куугум талаш бир жерге токтотуп коюп., Жайнагулдун терезесинен карай албай да калды. Анткени саат алтыда эмес жетиде да кун батпай калган. Иштеген иши жок туруп уйго жондон жон эле кечигип баруу да Толкунбек учун ылайыксыз болду. Кайда журдун тунго чейин десе, Ыйнатка эмне деп жооп берет. "Тигил тоонун, бул тоонун башын самаган кийик ачка олуптур" дегендей Жайнагулдон ажырап, кайып каскагынан Зыйнаттка келип ойдо жок жерден озунон озу кирип кплды. Эми мындан ажыраса кайда баоат. Эки ортодо озун аразат калтыргысы келбеди. Ошентип, канчалык уйуно барууга ыктытып, конулу коксогону менен баралбады. "Эки жол айры болсо, ит башы кангы болот" болуп жургондо, жаркырап жаз да кирип келди.
Баягы жыгылып-туруп жаны эле там-тун басайын деп, эки шилтеп, бир шилтеп калган Асан менен Усон азыр эч кимге залакасы тийбей тынып алышкан. Жайнагул аларды эми кээде эле шашылышта коляскага олтургузуп бакчага алып барбаса копчулук убакта экоону тепендетип, эки колуна жетелеп барып, кайра кечинде жетелеп келет. Толкунбек балдарын сагынганда кобунчо бакчага келип коруп кетуучу болгон. Экоону эки тизесине олтургузуп алып, алмай-термей ооп, алмай-термей жыттап, сагынычын басып журду. Бул сырды бир озу, бир бакчада иштеген нянялар менен тарбиячылар гана билуучу. Балдарына адеп келгенде ал жерде иштегендер карышылык корсотушуп жуз уйурбой, Асан менен Усонду бермек турсун корсотпой коюшкан. Кокус экоонун бирин уурдатып жиберишсе, эмине болорду алар жакшы билишет да. Бирок Толкунбек андай жамандыкка барбасын айтып, баарынын конулун таап, санааларын тынчытып койду.
Бирок бала деп жургондо эстеп, конулундо сагынганы менен Зыйнатты коргондо бардыгы эсинен чыгып кетуучу болду. Аялынын ажары, аялынын озу учун коргон камкордугу, коодонундо корунбой комуско жаткан кирдин баарын жууп турду. Зыйнат Толкунбекке мурункудан да жакын, мурункудан да суйуусу артып, ашып-ташып кеткен. Конулун калтырып, журогун ооруткусу келуучу эмес. Колунан келсе, канатына канат байлап, асманга учургусу келучу. Ошон учун озн Толкунбектин алдында куноолуу да, милдеттуу да адам катарында сезчу. Ал эмес, куйоосунун оз уйун акмалап, балдарын чойролоп айланчыктап жургонун билсе да билмексен, укса да укмаксан болуп, ичинен сызып тим болуучу. Зыйнаттын дагы бир артыкчылыгы Толкунбекке он сом береби, жуз сом береби, же мин сом береби, аны кайта эмне кылдын, кайда жумшадын деп сурабагандыгы болучу. Деги, куйоо алдында озун ыйбалуу, ары адептуу кармачу. Толкунбектин айтканын дегеле эки кылуучу эмес.
Анткен менен оз чыгармачылык ишинде Зыйнат мурункуга караганда жигердуу иштеди. Не бир сонун портреттерди, пейзаждарды тартууга жетишти. Коптогон эмгектери мурункуларына караганда айырмаланып, озгочо бир чебердик менен полотного тушкону айтпаса да билинип турду. Бул да болсо Толкунбектин мага берген деми болсо керек деп, оз эмгектерин озу карап туруп, озуно озу ыраазы болуп чалкып кетуучу. Чындыгында эле, анын чыгармага болгон ажайып, тубаса таланты Толкунбекке байланышып, аны менен бекем туташып тургандай болгон бир кереметтуу куч бар болучу.
Толкунбек бош журуудон тажап, канчалык бул жерден коздон далдаа болууну чыдамсыздык менен куткону менен, казак досунун убадасы создугуп баратты. Иштеп конгон киши учун эмгексиз журуудон жаман эч нерсе жок болду. Озу да шаарга батпай калды. Баягы мурда корсом, балдарыма барсам деп энсоочу конулу кундон-кунго сууп, кундон кун го алытай баштады. Анткени аларга корунуудон тартып, озун корсоткусу келбей калды. Эсептеп олтурса, жумуштан бошогондон бери зымырык куштай учуп жарым жыл жарым муноттой отуп кетиптир. Бул жерде калып иштоону каалабаган Толкунбек, чакырган курулуш уюмдарынын эч бирине барбай койду. Деги эмнеси болсо да уй-булосунун козуно коп козукпой тез эле, бул жерден жоголгусу келди.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4