6- БОЛУМ**
Ошол эле учурда ушул акчаны кантип таап жатканы капарына да келбеди. Бул акча кызынын канча көз жашынан турганын эч ойлонбоду. Эне болуп туруп ойлоно албады.
Мурат үйдүн алдында отурган. Адаттан тышкары жүзү жаркып келе жаткан аялын, кудуңдап чоң баштыктарды көтөрүп келе жаткан Нуриляны көрүп таң кала түштү.
– Силерге эмне болду? Анчалык сүйүнүп...
– Жөн эле.
– Сен жөн сүйүнчү эмес элең?
– Жамиля акча салды. Кызың экөөбүз бир жакшылап базарладык. Мына, сага да бир футболка алдык. Кана, кийип көрсөң...
Жылдар бою жакындабаган аялы баштыктан футболканы алып чыгып, кир көйнөгүнүн бүчүлөрүн чечип, үстүнө кийгизгенге аракет кыла баштады. Мурат өзүн-өзү жек көрүп жипкирип ийди. Үстүнө өз терисин сыйрып алып кайра жаап жаткандай сезилди.
– Жолобо мага, жакындаба. Кереги жок кийимдин!- деп кыйкырып жиберди. Шарт тура калып футболканы аялынын жүзүнө ыргытты да, басып кетти.
– Ары жок, ай, кийбесең кийбе. Жакшыраак кийими жок, дагы кыйын болгонун айтайын,- мурдун чүйрүгөн Арзуу алып келген кийимдери менен алек. Нуриля да улам бирин кийип көрүп, таңдайын шакылдатып жатты.
– Апа, мен Асылдын үйүнө барып келейинчи, кийимдеримди көрсөтөйүн ичин күйгүзүп,- деп өзүнчө кыткылыктап күлүп калды Нуриля. Курбуларынын ичи тарып кийимдерин кармалап жатышканы кадимкидей көз алдына келди.
– Мейли, бирок кечке жүрүп алба,- өзүнө көйнөктөрүн өлчөп жаткан Арзуу кызына уруксат берди. Учуп-күйүп жөнөп бараткан Нуриляны көчөдөн Алибек көрүп калды.
– Нуриля, токтосоң!- деди ал өкүм. Элтейип тиктеп туруп калган кыздын үстү-башын бир карап алды.
– Жамиля акча салдыбы?
– Эмне кыласың?
– Айт деп жатам!- деди Алибек колдон ала. Коркуп кеткен кыз кетенчиктей берди.
– Коё бер колумду!
– Кайсы шаарда, эмнеге аны менден апаң жашырып жатат? Силерге кандай байланышка чыгып жатат?
– Апам эч кимге айтпа деген.
– Нуриля дейм!
– Макул, макулчу деги. Жамиля Стамбулда. Аябай бай адамдардын үйүнө жумушка кириптир. Бир жумада бир эс алат экен. Ошондо Зина эжеге барат, апама телефон чалып байланышабыз. Башка эч нерсе билбейм. Болдубу деги, эми коё берчи колумду.
Алибек чуркап бара жаткан Нурилянын артынан тиктеп турду. "Стамбул, демек, ошол шаарга барышым керек. Зина эжени тапсам, Жамиляны да табарыма шек жок. Аз калды, бир аз чыда, жаныңа барам, Жамилям” деп жатты.ххх– Сенин Ахмеддин акчасына тийгенге акың жок! Атасы жок болсо мен бармын? Бир тууганыңдын келечеги эмнеге сени ойлондурбайт?!- деп кыйкырып жатты Эсма ханым. Жамиля конок бөлмөгө бир нерсени унутуп кирип калган эле, аргасыз босогодо туруп калды.
– Силер мага бооруңар ачышы үчүн мен да майып болуп төрөлүшүм керек беле? Өмүр бою мени өгөй балаңардай экинчи орунга койдуңар!- деп кыйкырды Керем.
– Сени жакшы көрөбүз. Бирок сенин акчага болгон ач көздүгүң сенин түбүңө жетет. Канча болсо да сага аз. Сен эмне каалайсың жашоодо? Аялың экөөңөр эмне каалайсыңар? Айткылачы, Кудай жалгагырлар. Атүгүл ач көздүгүңөрдөн, бири-бириңди акча үчүн жеп коймокчу болгон мамилеңерден улам балалуу да боло албайсыңар. Балалуу болгула, бактылуу жашагыла, башка нерсени эмне кыласың, уулум? Ахмедге тийбе, өзүмчүлдүк кылба.
– Сен мени эч качан түшүнбөйсүң, эне. Тескерисинче, силер мени ач көз кылдыңар. Силер үчүн, акча үчүн сүйбөгөн аялга баш коштум. Силер тагдырымды талкаладыңар!- деди уулу. Ошону айтты да эшикке бурула берди. Дал эшиктин түбүндө өзүн тиктеп турган Жамиляны көрдү. Тиктеп турган көздөр анын өрттөнүп жаткан жан дүйнөсүнө суу сепкендей болду. Кайра минтип тиктеп турганына кыжырланып кетти.
– Сен кимсиң? Эмнеге тиктеп турасың? Тур жолумдан!- деди жөндөн-жөн эле кыйкырып. Жамиля коркуп кетти. Бурулуп чыга берерде күчтүү кол колунан капшыра кармаганын сезди. Кылчая берип, тиктеше түштү. Көзү күйүп туруптур. Айласыздыктан, жаны жанчылган бир белгисиздиктен өрттөнүп турган экен. Көз алдына Алибектин көздөрү тартыла түштү. Дал ушундай өрттөнүп тиктечү. Суроолуу тиктечү. Тобо, эки башка эркектин көздөрү, бирок көз карашы окшош эле. Акылына эч нерсе келбей телмирип тиктеп калды. Керем туруштук бере албай көзүн тартып кетти да, терс бурулуп чыга берди. "Хе, мени көргөндө эсиңди жогото тиктедиң го, сулуу. Демек, мендик болууңа аз убакыт калды”деди ичинен. Жамиля шалдырай аркасынан тиктеп туруп калды. "Бул үйдө дегеле соо киши жок” деп алды кыжырлана. Ахмед табиятынан жинди, айла жок. Агасы менен энеси соо туруп жинди. Эмне каалаарын өздөрү да билбейт. Акчанын көптүгүнөн өздөрү да келесоо болуп калышкан.
Чарбакка чыгып унутуп койгон нерсесин алганы кайра кирсе Эсма ханым дагы деле чекесин чүрүштүргөн боюнча отурган экен.
– Ахмедди жакшы кара. Бир нерсе болсо башың менен жооп бересиң. Мен бир нече күн жок болом,- деди өктөм. Жамиля аргасыз башын ийкеди. Энеси кеткенден кийин эле Ахмед менен жалгыз калуу ал үчүн тозок экенин билди. Баладай болуп колунан сүйрөп эле былдырай берет. Кээде түшүнүп, кээде түшүнбөйт. Эптеп жатып "энеме алып бар” деп жатканын билди. Кайдан алып бара алат? Эптеп жоошутканга аракет кылды.
– Ахмед, энең келет бир аздан кийин. Жүрү, бакка чыгып отуралы. Мен сага китеп окуп берем. Болду эми антпечи, колуңду оозуңа салба.
Ээгин эмшеңдетип ыйын токтотуп макул болуп калган Ахмедди көрүп боору ооруп кетти. Эмне кылсын, тагдыр ушундай жаратып койсо. Акырын башынан сылады. Ушуну эле күтүп тургансып тиги тизесине башын коюп жата кетти. Чачын сылап бир нерселерди кобурап жаткан Жамиля азыр ага энесиндей жакын эле. Ушу күндөн тарта Жамиля аны ушундай жол менен жоошутууну ойлоп тапты. Кыялы кармаганда тизесине башын коюп алып чачын салаалап тараса, тиги жоошуп калат. Чырдап мээсин эзбейт. Керем бир күнү ушул көрүнүштүн үстүнөн чыкты. Кызганычы мээсине тээп кетти. Жамиля башын көтөрүп өзүн тиктеп турган Керемди көрдү да, ооз учунан салам айтты.
– Силер эмне кылып жатасыңар?
– Эсма ханым кеткени абалы жакшы эмес. Мен жоошутуп...
– Демек, ханым үйдө жокпу?
– Ооба, үйдө жок.
– Канча күндө келет билесиңби?
– Билбейм.
– Кечинде үйдө кимдер калып жатат?
Жамиля көңүлүндө эч жамандык жок кимдер каларын айтып берди. Анын жайбаракат санап берип жатканын Керем башкага жооруп жатканын билбеди. "Хм, демек, алдыңкы кабатта жалгыз сен калат экенсиң, бийкеч. Бүгүнкү түн экөөбүз үчүн көпкө чейин эсте калат” деп ойлонуп жатты. Мыйыгынан жылмайып кетип бараткан экөөнү карап турду. Ал жөн гана пайдалангысы келди Жамиляны, ал тургай "пайдаланганга акым бар, эмнеге болбосун?" деп ойлоду. Кызык, адам оңой деп ойлогон нерсе ар дайым татаалдыкка айланат. Кайдагы бир мигрант кызды колдон келет кылып коймок болгону кудуреттүү адам өзү койгон кылтакка өзү илинип каларын, тагдыр бул кадамы үчүн оор сыноо алдына койгонун билген жок...
Түн ортосу эле. Ысыкта кыйналып жатып араң көзү илинген Жамиля кимдир бирөө бөлмөсүнө киргенин байкаган жок. Мурунку окуядан кийин бөлмөсүн ичинен бекитип алчу, бирок ал ачкычтар Керемдин да колунда бар эле. Мышыктай жыла басып кирген Керем уйкудагы сулууну бир топко тиктеп турду. Ысуулаган окшобойбу, үстүндө бир жука ич көйнөктөн башка эч нерсе жок жатыптыр. Бой мүчөсү кол менен жасап койгондой, жамбашы бөрсөйүп, кош алмасы тикчийип, узун буттары керилип өзүнчө бир керемет. Акырын келип чачынан жыттады. Таноосунан акырын дем келип жатты. Мурун өзү да билбеген, жолуктурбаган наристенин жытындай жыт аңкыды. Мунун баары кызуу кандуу эркектин акылын адаштырып жиберди. Маңдайынан, жүзүнөн сылап, ичинен жалынып жибергенин өзү да билбей калды. Жамиля түшүндө бир кара аюу өзүн жулмалап жатканын көрдү. Тырбалаңдап качып, энтигип жатып ойгонуп кетти. Үстүнөн кимдир бирөө басып алганын туйду. Ахмед деп ойлоп кетти, катуу коркуп кетип бетинен апчып алды.– А-аа!- жаны ачыган эркек катуу кыйкырып жиберди, колдору бошой түшкөндөн улам секирип туруп жарыкты күйгүзүп жиберген Жамиля алдында турган эркек Керем экенин көрдү.
– Сизби? Сиз... Кантип?- көздөрү чоң ачылып, титиреп турган кыздын абалы боор ооругудай болчу. Бирок ышкысы ашынып калган тиги эч нерсени ойлоно албады. Акылына эч нерсе сыйбады.
– Мен сага келдим. Сен бүгүн мендик болосуң!- деди өкүм.
– Жок, эч качан, менин сүйгөнүм бар! Кетиңиз, болбосо кыйкырам!
– Кыйкыр, кана кыйкыр, үнүң канчага жетерин билели,- мыскылдуу жылмайган Керем бул кылыгы үчүн өзүн жаман сезип турса да баш тарта албады. Кыздан көзүн албай жакындай берди.
– Кел мага.
– Жок, жардамга! Жардам бергиле мага!- күчүнүн барынча кыйкырган кыздын үнү түнгө сиңип кетти. Эч ким укпады, же укпай коюуну ылайык көрүштү. Килтейген эркек үчүн кенедей кыздын күчү эмне болмок эле. Оозун колу менен басып керебетке басып жыгылды. Ыйлап, боздоп, чырылдап жаткан кыз акыры эсин жоготту. Тиги Жамиляны каалаганча уйпалады, жулмалады, көксөөсү кангандан кийин гана акырын өйдө болду. Таң агарып келе жаткан экен. Кыздын жүзүнө тик багып карай албады. Болгону анын жанталашып өз тилинде бир нерселерди айтып жатканы кулагында калды. Өз кылыгынан өзү жийиркенип теңселип турду. Мурун таптакыр байкабаган көкүрөгүндө бир оордук сезилди. Бул күнөөнүн оордугу эле.
"Наристе экен да, билбептирмин мен. Кечир мени, мен билген эмес элем" деди күбүрөй. Туш келди чачылган кийимдерин кийип эшикке чыгып бара жатып кайра кайрылып кызды тиктемекчи болду, бирок коркту. Ошол учурда эмне себептен экени белгисиз, өзүнөн-өзү буркурап ыйлап жиберди.хххМурат уйкусу качып жылдыздуу асманды тиктеп жатты. Кайдандыр кулагына Жамилянын "аталап" ыйлаганы, чырылдап жардам сураганы угулуп кетти. Ордунан тура калып карбаластап көчөгө бой урду. Жүрөгү туйлап, кайда барарын билбей темселеп кетти. Аргасыздан башын кучактап отура калды. Эсине бир нерсе түшкөндөй Алибектикине жөнөдү. Короосун каккылап жиберди.
– Ай, бул ким, жети түндө?
– Каке, мен Муратмын. Алибекке келдим эле.
– Эмне болуп кетти?- эшикти ачкан Алибектин атасы ага суроолуу карады.
– Сөзүм бар эле уулуңузда, чакырсаңыз.
– Сен менин уулумду эмне иштерге аралаштырганы жатасың? Мурат, бизди жайыбызга кой. Менин да көзгө басар, карыганда зар болуп жүрүп көргөн уулум, көзүмдүн кареги. Сен да кыздын атасысың, кыз өзү кетиптир. Алибекти ээликтирбе, биз аны башка кызга кудалашып койдук.
– Эмне-е?- ары жактан келе жаткан Алибек атасынын акыркы сөздөрүн угуп калды.
– Уулум, апаң экөөбүз кызга сөз айттырып койдук.
– Ата, экөөбүз аны эртең сүйлөшөбүз. Азыр Мурат байке менен сүйлөшүп алайын, сиз кирип уктай бериңиз,- деди Алибек. Нааразылана күңкүлдөп кирип бараткан атасын артынан узата караган Алибек эми Муратка суроолуу тигилди.
– Эмне болуп кетти?
– Сен качан Стамбулга кеткени жатасың? Менин жүрөгүм сезип жатат, Жамиля оң болгой эле. Бир нерсе болду бул кызга.
– Күздө деп сүйлөшпөдүк беле? Мал-жанды түшүрүп, жумуштарды бүтүрүп коюп жөнөйм дедим эле го.
– Ага чейин кызым эмне болот? Сенин мал-жаның, жумушуң бүткүчө менин кызым эмне болот, ыя?- деп күйүп-бышып кетти.
Алибек оозунан сөзү түшүп туруп калды. Адамдын мынчалык айласыз болгон абалын көргөн эмес. Боору ооруп кетти. Бир нерсе дегенче колун шилтеген Мурат артка кайтты. Өзүнчө сүйлөнүп кетип бара жатты. Адам кандай абалда болсо да, канча жашта болсо да коркуп кеткенде биринчи Кудайлап жиберет эмеспи. "Жараткан, мен күнөөлүүмүн. Мени жазала, кызымды жаман ишке кириптер кыла көрбө. Мен алкаш болбогондо кызым кетпейт эле. Мен куруюн, кызымды сактай көр" деп атанын жүрөгү канап, жалынып, сыйынып бара жатты.хххКерем кыздын абалынан санааркап жаткан. Сааттар өтүп көпкө бөлмөсүнөн чыкпагандан улам кыздын бөлмөсүнө баш бакты. Жамиля дале эсине келе элек, нес абалда экен. Бетине чапкылап көрүп, кыз реакция кылбагандан улам эмне кыларын билбей калды. Шалактата көтөрүп барып душтун алдына тургузду. Суу тамчыларынан улам эсине келген Жамиля көзүн араң ачты. Эсине болуп өткөн окуя келди. Ушу абалдан көрө ага өлүп калган жакшыраак сезилди. "Эптеп ашканага жетсем, анан бычакты алып... Бирок кантип жетишим керек? Буттарымда күч калбады, бир шилтесем бүтөм. Алибек ыйлайт, жиндеп, жаны чыгып ыйлайт. Атам байкуш кантет? Апам, Нуриля..." Чалды-куйду ойлору менен алпурушуп жатты. Өзүн карылуу кол кармап турганын сезди. Башын көтөрүп Керемдин турганын көрдү. Кыз аны көзүндө огу болсо атып салчудай тиктеп турду. "Өлдүң, Керем. Сенин ишиң бүттү" деди ал кыздын көздөрүнө туруштук бере албай. Тамчылар бүт денесинде шорголоп, бутунда араң турган кызда ушунчалык күчтүү көз караш болорун ойлобоптур. Жөнөкөй эле бир кыз гигант компаниянын башында турган амбициялуу эркекти бир көз караш менен жыгат деген түшүнө да кирген эмес. Өзүнөн-өзү чегине берди. Эч сөз айта албады. Оюна келген пландар, айтайын деген сөздөр бул көз караштын алдында сынып, талкаланып түштү. Ал эмне дегиси келген? "Бул окуяны эч кимге айтпа. Өзгөчө энеме жана үй кызматчыларына. Айтканың менен сен эч нерсени утпайсың. Баары бир мага ишенишет, мен каалагандай болот. Сен үн катпай чыдап тур, анан убакыт өткөрүп башка үйгө алып кетем. Калганын кийин сүйлөшөбүз" дейин деп келген. Үн ката албады. Анткени кыздан күйүп турган кекти, ызаны, эч качан келише албаган душмандыкты, колунан келсе чайнап жибере турган жапайы кашкөйлүктү көрдү. Бул жалын бүрккөн намыстуу көз карашты өмүрү унутпас.
Кетенчиктей берип сыртка чыгып кетти. Ошол күнү, андан кийинки күндөрү да ушул көз караш эсинен кетпей жатты. Ичине бир дарт жабышып алгандай ошол жанды көргүсү келет. Бирок жанына жакын бара албады, алыстан бир карап коюп ошого ыраазы. Жамиля эси жок кыздардан эмес эле. Болгон окуяны айтса ага эч ким ишенбесин билди...
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7