3- БОЛУМ**
«Мен окубай калдым, Түркияга кетип жатам» деген кыздын сөзүнөн кийин үңкүйдү да калды Алибек. Уккан сөздөрүн сиңире албай жатты.
– Сен экөөбүз үйлөнүшүбүз керек. Сен эч кайда кетпейсиң, уктуңбу?!
– Мен кетишим керек. Акча таап, апамды карыздан чыгарышым керек. Мен болбосом ким жардам берет? Элестет, жакында үйүбүз жок калышы мүмкүн. Атам, апам, сиңдим... Насыяны төлөбөсөк, алар талаада калышат.
– А менчи?
Айдын жарыгында жигиттин көздөрү оттой жанып балбылдап турду. Мунун мүнөзү ушундай, акыйкатсыздыкты көргөндө өрттөнүп кетет. Жамиляга тийишкен эчен балдардын сазайын колуна берген. Кыз аргасыз башын жерге салды.
– Мына, экөөбүз канча жылдан бери чогуубуз. Сен биздин көчөдөн чачыңды экиге байлап, сумкаңды көтөрүп жөнөчүсүң. А мен ар дайым сенин артыңдан ээрчип алчумун. Билесиңби, партага отурганда сенин аркаңда отурчумун. Эгерде жок болуп калсаң, сени көздөрүм менен издээр элем. Ал эч нерсе эмес, сен сабакка келбей калган күнү мен да кетип калчумун. Уф-ф, мунун баарын айтканда эмне, баарын өзүң билесиң. Анан мени, экөөбүздү кыйып, сен башка жакка кеткени жатасыңбы?
– Башка эмне кылайын?
– Болуптур, башында окуйм дегениңе каршы чыгып жаткам, эми окуганыңа да каршы эмесмин. Болгону кетпе... Мен апаң менен сүйлөшөйүнбү?
Кыз ийинин дирилдете үшкүрүп алды. Эмне кылат? Кандай кылат? Барбай койсочу, жок, барышы керек, апасы айтпадыбы «сенден башка үмүтүм жок, сен чоңойдуң, эми мага жардам бер» деп. Апасынын сөздөрү жаңырып жатты: «Тиги Алмаштын кара баласына тийип алып жыл айланбай төрөп отуруп калганда сага мүйүз чыгабы, андан көрө иште. Эл көр, жер көр, бизге жардам бер. Кийин акча чогултуп келип каалаган окууңа өтүп аласың».
Көпкө ойлонуп отурду да, башын чечкиндүү көтөрдү.
– Алибек, мени кечир, мен барбасам болбойт. Апама убада бердим.
– Мага да бергенсиң. Мага берген убада кайда калат?
– Кечир мени...
Шарт туруп жөнөп кетти кыз. Артынан эч нерсе айтканга үлгүрбөй калды. Көңүлүндө ишенген жок. Ишенгиси келбеди.ххх– Жами, сен кетесиң да, тиги жакта көп көйнөктөрүң болот. Сен мага мобу кофтаңды таштап кет, ээ?- деди Нуриля улам бир кийимин кармалай.
– Ала бер,- деди эжеси көңүлсүз.
– Сага эмне болду, коркуп жатасыңбы?
– Жок, эмнеден коркмок элем, жанымда Зина эже да барат экен.
– Стамбул чоң шаар, ээ? Мен дагы ошондой чоң шаарга барсам...
– Менин кыялым таптакыр башка болчу. Мен чоң шаарга баргым келген эмес. Бул жакта атамдын, сенин, Алибектин жанында болсом...
– Койчу, ошол Алибекти, ал жактан, балким, сен бай адамды кезиктирип каласың. Алибек ким? Айылдык бир неме. Чынында келишимдүү, биздин класстын кыздарынын баары артынан тиктеп калышат. Көптөрү ага СМС да жазып көрүштү. Өзүнчө эле фан-клубу бар. Бирок ал эч кимге жооп бербеди. Кыязы сени чындап эле сүйөт көрүнөт. Нуриля кыткылыктап күлүп алды. Жамилянын ооруп турган жерине тийди бул сөздөр. Жүзүн жаздыкка катып буркурап ыйлап алды. Нуриля элтейип аны тиктеп калды да, кучактап башын көтөрө салды.
– Эмне болду сага?
– Эч нерсе.
Жамиля көпкө ыйлап басылды. Экөө кучакташып бир керебетке сулап жатышты. Ар ким өз кыялы, ойлору менен алек. Жамиля акырын үн катты.
– Нуриш, сен... Сен мага бир нерсе болсо жазып тур, ээ? Атамды, апамды, анан Алибекти сага тапшырдым.
– Хе-хе, койчу, ай, аның тапшыргандай буюм беле? Башка кызды карап кетсе, мен жүрөт экенмин да аркасынан «эжемди унуттуңбу?» деп...
– Карап жүр.
– Уф-ф, болуптур эми карап жүрөм. Сарсанаа болбо.
Экөөнүн сөзү ушуну менен токтоду. Кучакташа уйкуга кетишти. Жамилянын түшүнө кара чаар жылан кирди. Дегеле чоңун айт, бир «оп» этип жутуп койчудай тилин соймоңдотот. Чабалактап кутула албай жатканда ары жактан Алибек көрүндү. Ал жардам берейин дейт, бирок бүткөн боюн өрт каптап жаткан экен. «Ай, өрттөнүп жатасың» деп ага жардамга чуркаганча кара жылан жанына келип калды. «Ата» деп кыйкырып жиберип, ойгонуп кетти. Бүткөн бою тердеп, колу-буту калтырап калган экен. Андан соң уктай албай койду. Ордунан туруп атасы жаткан бөлмөгө жөнөдү. Бул түнү да келбептир. Ушинтип жоголуп кетмейи бар атасынын. Терезеде турган атасынын жаман калпагын колуна алды. Көзүнөн жаштар агып жатты. «Ата, коштошо албадым. Сен келерсиң, анан мени издейсиң. "Жами-и, сарым, дарым" деп ыйлайсың. Билем, ата, сен билдирбегенге аракет кылганың менен, кыздарыңды аябай жакшы көрөрүңдү билем. Мен сага келем, ата. Мейли, адамзаттын баары сенден жүзүн бурсун, мен сенин жаныңда болом. Сени айыктырам, ишенесиңби, ата, сен мурунку Мурат болосуң...»- деди Жамиля.ххх– Өзү да жоош, жакшы карап жүр, ээ, Зина? Акылыңды айтып, иш тапканга да жардам бер. Тиги-бул болуп калса да...- Арзуу кызын тапшырып жатты.
– Ой, анте бербечи, такыр эле чоочун адамга кошуп берип жаткансып, кызыңды көзүмдүн агындай карайм.
– Ошент, барар замат кабар бергиле, ээ? Жамиля, кызым, өзүңө сак бол, алган акчаңды дароо бизге сал. Кантип салышты Зина үйрөтөт. Эми башка эмне дейм? Убакыт бат эле өтүп кетет.
Ичинен сызып жатса да Арзуу кайраттуу сүйлөгөнгө аракет кылды. Бир аз жашып же кучактаса эле Жамиля токтоно албай ыйлачудай. Эрбейип, көзүн бакырайтып турган кызынын көзүнө тиктебегенге аракет кылды. Тез эле такси көрүндү.
– Мына, машина да келди.
Кызынын жүзүнөн муздак өпкөн Арзуу машинага отургузду. Жамилянын жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Биринчи жолу алыс жолго чыгышы. Аңдап түшүнө албаган коркунуч курчап алды.
– Апа!- деди аптыга. Бирок апасынын жүзү катаал эле. Үн чыгара албады. Ошол боюнча Бишкек шаарына келишти да, 2 сааттын ичинде Стамбул шаарына учуп кетишти. Калдайган калың элдүү, нечен тагдырларды ичине батырган шаар кыргыздын бир кымындай кызын да кучагына алды.
Жамиля аэропорттон түшүп эле эки жагын элеңдеп карап калды. Зина эжеси алдыда шыпылдай басып кетип бара жатат. Жүктөрүн алып, сыртка карай бет алышты. Негедир күтүп алат деп айткан адамдары келбеди көрүнөт. Зина эжесинин кабагы чытыла түштү.
– Зина эже, бизди тосуп алат деп айттыңыз эле го?
– Тосот болчу бөлөм, демек, иштери чыгып калса керек.
– Эми эмне кылабыз?
– Дагы бир аз күтүп туралы, келип калар.
Алар канчалык үмүттөнүп күткөнү менен, эч ким келбеди. 4-5 саат күткөндөн кийин Зина ордунан оор козголду.
– Кой, жаныбызды багалы эми. Минтип тура бергенибиз болбойт.
– Кайда барабыз?- кыздын көзү ого бетер чоңоюп кетти. Өмүрүндө үйдөн чыкпаган, чоң шаарды көрбөгөн неме чындап коркуп жатты. Зина эжеси бир билген нерсеси бардай алдыга арымдай берди...
Аларды тосуп алганга эч ким келген эмес. Зина эжеси мурун барып иштеп келгенге бир аз түрк тилин билет экен. Таксиге да акчалары жок болчу, сураштырып отуруп автобус менен аэропорттон келип Стамбулдун азия бөлүгүнө келишти. Курсактары ачты, түн болсо кирип келе жатат. Ары-бери өткөн адамдар алар менен эч иши жоктой карап да койбой өтүп жатышты.
– Өх, эмне кылмак элек, эми ушу жерге бүгүн түнөп чыгалы. Эртең да бир нерсе ойлоп табарбыз. Өлүгүңдү көрөйүн десе, жанагы неме тосуп алам деп убада берип коюп ушинтпедиби? Жами, сен эми анчалык алайба, чоң көзүң ого бетер чоңоюп кетиптир, хе-хе... Ушинтип эми көнөсүң бул жакка да. Кооз экенби Стамбул?
– Кооз, абдан кооз экен. Бирок...
– Сен коркпо, бир буюрган ишти табабыз.
Антип муну жоошутканы менен, өзү да коркуп турганы билинип турду. Жамиля эки жагын каранып алды. Жакын жерден мурдуна тамактын жыты келип, шилекейин жутуп алды.
– Ачка болдуңбу? Кел, тетиги жерден симит алалы, суу алалы. Мурунку келгенимде 5 лир сумкамда калыптыр,- деди Зина эжеси.
Бир аз өзөк жалгап алып, ошол жерден отургуч табышып, бири-бирине жөлөнгөн боюнча уйкуга кетишти. Эртең менен турса күн чыгып калган экен, жанындагы Зина эжеси жок. Аптыгып коркуп кетти, мындай мегаполисте жалгыз калат деген эмне?..
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1