31-БОЛУК
Эргешбаевби деп шекшип калдым, - деди мастер тынчсызданып.
Учоо тен унчугушпай тымтырс боло
калышты. Эки колун артына салган Толкунбектин кабагы чытыла тушуп, улутун минтти:
- «Ким иштесе тиштейт». Иштебей
ичип жургон адамдар учун болунгон каражат жок да бизде. Он учунчу зарплаты албай калдым деп окунуп, ичтери куйуп журсо, иштешсин ичкиликтерин кыскартып, прогул жасабай так журушсун. Эгерде, Эргешбаевдин ошондой адамдар учун
мамлекеттен болдуруп алган фондучу болсо, Бере берсин. Андай адамдардын
арызынан коркпой эле кой. Жаза берсин жазчу жерине.
-Демек, ичкен адамдардын уяты жок
болсо керек. Ынсап деген да болбой экен. Курулушка алып келген да Камал, кармап келаткан да Камал. Баягыда начальникке айтсам, «бир кишинин арычы-бериси кайсы, Тим койгулачы. Бир кезде мен мунун кол алдында иштегенмин. Озуно ОЗУ кор казат деген ушул. Кантебиз, журо берсин», - деп колун шилтеп койду.
-Муну начальник да билет тура
анда. А-а ошондой де.
… Мастер курулушчуларга
репродуктор аркылуу минтип кулактандырды:
-Жолдоштор, Толкунбек Мансурович
сиздер менен иш боюнча суйлошом дейт. Озунорду озунор кармабай, алдыга тушо калгыла. Бирин да калбагыла. Жумуш куну толук башталганча кенешип алалы.
-Бул кабарлы угаары менен
Толкунбектин жанына курулушчулар тез эле чогулуп калышты.
-Саламатсыздарбы, туугандар.
Кандай, ден-соолугунар жакшыбы?..
– Али жумуш коп иштеле турган, - деп баштады созун инженер.
– Айнектери толук салынганы менен, полго тошолуучу паркеттер, сырдалуучу иштер толук буто элек да. Материалдар жетиштуу. Прораб озунун ооруп жатып каларын билгенсип, бул жагынан мыктылык кылыптыр.
Негизинен курулушка керектуу материалдардын баары толук даяр. Бир-эки саат чымырканып койсок, эки смен менен иштей турган ишти бир смен менен эле, ташын талкан кылып салабыз.
-Бизден куткон талабынар эмне,
жолдош Мансуров? Созду созбой, ток этээр жерин айтынызчы, лекция окугансыбай, -деди кимдир бироо.
-Ток этээр жерин айтайынбы? Анда
ток этээр жерин айтсам, жумуш кунун бир-эки саатка узартсак дейм. Антпесек, убадабыз орундалбай, эл алдында уят болуп, жер карап калган турабыз.
-Мооноттундо бутпойбуз деп
ойлойсузбу?
-Мен алган милдеттенмени айтып
жатам.
-Ким билет, милдеттенме боюнча деле
уят болбойбуз го.
-Ким билет деген арсар создун
кереги жок. Бутобузбу, жокпу, ачыгынарды айткыла. Бутуро албайбыз десенер узартылган кунго отолу. Бул жонундо бригадир, прораб, мастерлер болуп суйлошулгон. Силерге айтып жеткиргенче, ал ОЗУ ооруп жатып калды. Азыр анын ордуна убактылуу озунордун мастеринер бекитилди.
Жумушчулар кубур-шыбыр боло тушту.
Бир кезде аялдардын ичинен кимдир бироо алдыга кадам таштай берип минтти:
-Жолдош Мансуров, биз ансыз деле
эрте келип, кеч кетип жаткандыгыбызды коруп турбайсызбы. Узартылган кун менен
дегеле иштей албайбыз. Ар кимдин уй-булосу бар. Курулушка конуп-туноп журсок балдарды Ким багып, Ким карайт. Бироону окууга, дагы бироону бакчага жонотуш керек. Курсак тойгузуш учун казан кайнатыш керекпи, керек. Иштесе эркектер иштесин, биз аялдар мындай шартка макул эмеспиз. Анан дагы магазин кыдырып азык-тулукту кайсы убакта алса деп турасынар. Колубузга акчабызды уучтап журуп каалаган кийим-кечени, уй ичине керектуу буюм-тайымды да алалбайбыз. Эл кийгенди биз деле кийгибиз келет, эл ичкенди биз деле ичип, эл катары
жашагыбыз келет.
Адам болгондон кийин адамча жашоо, адамча эс алуу да керек го дейм. Же
жумушчуларга алардын кереги жокпу?
Толкунбек бул созду угуп,
«айтса-айтпаса тогунбу» дегендей, мойнуна алып, ойлоно тушуп, жумушчулардан минтип сурады:
-Эмне, автомагазиндер келбей
калдыбы, дагы?
-Келбей калганы качан. Эки-уч ай
жыргап калдык эле, эки жакка чуркабай.
-Аны эсибизге алабыз. Магазин
болот. Келбей калганын айтпасанар биз кайдан билебиз. Азыр эле начальнике
айтып, шаардык сода уюумунун башчысы менен суйлошобуз. Магазинден кам санабагыла, ал болот жолдоштор. Бирок бул курулуштун тагдырын кандай кылабыз, узартылган кун менен бир-эки жума иштеп койсонор жаман болбос эле. Ойлоп коргулочу.
Эркектер жандана тушту.
-Иштейбиз, Толкунбек Мансурович!
Катындардын сырын билбейсиздерби, бирдеме болсо эле бодондон куйрук чыгарып, чыйылдай беришет. Мына ансыз деле бугун баарыбыз саат жетиде келдик. Кечкисин бир-эки саат ашык иштеп койсок, болду да. Эмгегибизди алабыз иштеген. Тим эле бекер, бироо учун иштоочудой болуп, манчыркап эмне кереги бар жолдоштор.
Адегенде кыжы-кужу болуп
дуулдап барып, анан бардыгы унчукпай калышты. Толкунбек жумушчулардын отунучторун блакнотуна жазып алды.
-Ракмат силерге, жолдоштор.
Алган милдеттенмени убагында орундатсак, эл алдында жузубуз жарык, созубуз да чон болот.
-Чон болсо силердин созунор чон
болуп, жарык болсо силердин жузунор жарык болоор. Бизге эмне тушунуктуу да баары.
-Эмне жалккан жайынар барбы?
Кызык суйлойсунор.
– Бригадир Толкунбекке карады.
– Сиз кете бериниз, кабатыр болбой.
Иштейбиз, иштебегенде кайда бармак элебиз. Эгерде бир сапат жагына конул
болбой, журнарылыкка салган болсок, алда-небак эле бутуруп коёт болучубуз бул уйду.
-Туура, - деген дагы бироо, -
биздин негизги максатыбыз, башынан эле сапаттуулук эмеспи. Бул уйдун проектисин баягы борбордон келген архитекторлор аябай мактап, жактырып кетишкенин билебиз, жолдош инженер. Анда бар болгону курулуштун алгачкы кирпичтери куюлуп жатканын корушкон болсо, ошондо укмуш болмок. Карагылачы, эмне деген ажайып конуш, эмне
деген асман мелжиген жай…
Мансуров бул курулуштун проектисин
ОЗУ ойлоп таап, чиймесин ОЗУ чийген. Курулушчулардын созун уккан жигиттин журогу толуп, конулу кубанычтан которулуп турду. Анын оюнда бир имаратта озунун улушу болор-болбос нерседей Гана сезилуучу. Ошентип, озуно ОЗУ толбой, бардык ийгилик да, жениш да ушул турган алтын колдуу адамдарга таандык деп ойлоочу. Ал эми жумушчулар болсо, такыр башка ой, башка пикир болучу. Мансуровдун эмгеги бул уйдо айтып буткус дешчу баары. Курулуштун проестичин чийуудон баштап, жумушдун башында такай ОЗУ туруп, ОЗУ кошо иштешти. Эмгек тартибин катуу сактады. Мастыкка, прогул жасоого, Жур-нарылыкка жол бербеди. Жумушчулардын турмуш-абалына да конул буруну да бул жигит унуткан жок. Тим эле озгочо эмес, озуно алтын сарай салдырып жаткансып, Жан-дили менен иштеди, - деп Толкунбети мактап, бардык жерде даназалап журушту.
Бирок Мансуровдун иши ийгиликтуу
болгону менен, анын керт башынан отуп жаткан трагедияны эч кимиси билишкен жок.
Мурда Зыйнат курулушка Толкунбекти издеп келип жургонунон улам, алар адегенде аялы бекен деп ойлошкон. Бирок кийин жигиттин уй-булосу башка экенин, Зыйнаттын куйоосу менен ажырашып кеткенин угушуп, келинди бузуку катарында жек коруп калышкан.
Азыр да чогулуп турган жумушчулар тигил аялдын тайманбай басып туз эле Толкунбекти коздо келатканын корушуп, ичтеринен жек коруп, коздору бузулуп турду. Эсеновадан бул жигитти, эмне учундур кызгануу сезими менен жийиркеничтуу жагымсыз ойлор, ар биринин
журогуно тикендей сайылып турду.
Толкунбек, жумушчулар жапырт
суздана карап калган жакка, эмне болуп кетти дегенсип, бурула карады. Ошол замат Зыйнаттын келатканын коруп, ону озгоруп, бир башкача боло тушту.
- Болуптур жолдоштор бошсунар, - деди шашкалактаган уну менен, мостойгон жигит.
Ал четке келип туруп калган
Зыйнатты бир карап алып, шыр басып кете албай жанына келип токтоду.
-Эмне, тан атпай, тынчылыкпы?
-Ортту очуро албаганымды билесин
да.
-Кандай орт? – Эч нерсени ойлонбой,
апкаарыган жигит Зыйнатка карады.
-Башка орту очурсо болот экен.
Бирок журоктун ортун очуруу кыйын тура. Баягы сен мени отпускага кетээр алдында кордоп кеткенден кийин ооруп, ооруканага жатып калдым. Уккандырсын. Жок дегенде
абалымды сурап койгонго да жарабадын. Москвага кетсем кеттим, келсем келдин дебедин. Деги сага менин эмне кылган жамандыгым бар? Эртен менен биздикине эмне жумуштап бардын эле? Таякем айтты, сени келип кетти деп. Тобо, суйуудон адамдын соттолуп, жазаланаарын уккан жок элем.
-Койчу эми, качанга чейин эле
суйуу, суйуу дей бересин. Менин абалымды тушунсон боло. Эртен менен келатып барсам, уйундо жок экенсин, айткан тура.
Жаны эле Зыйнат экоо ээрчише басып,
курулуштан чыгып баратышкан. Ушул маалда тээ тортунчу кабаттын ачык терезесинен мойнун созгон аялдын уну ажылдап коё берди:
-Ай, инженер, откон жылдын он
учунчу зарплатынан куру калтырганын аз келгенсип, эми эмнеге мурунку айдын беш кунун табелге киргизген эмессин? Билем, элдин эсебинен ооноп жеп, байып жатканынарды.
Шашпа, сени.
Толкунбек кылчайып тура калды.
-Ашык создун кереги эмне? Ай, ай,
ай, эмне деп жатканынызды билесизби? Жеген-ичкеним болсо, мага айтпай тиешелуу жерге барып айткыла. Ал эми зарплат, табель деп жатасыз. Мунун бардыгына озунуздор куноолуусуздор. Жумушка чыкпасанар, эмгек минимунун толтурбасанар, прогул жасасанар, табелген кайдан кирмек эленер. Муну менден эмес, табель толтурган кишиден сурагыла. Тигинекей мастер ОЗУ келатат.
– Толкунбек басып кетти.
-Мен башкадан эмес мендер сурап
жатам. Мастер менин созумду угабы, же Сенин созунду угабы, айтчы? Байын башын байкун аяйт? – деген ушул да. Эмнеге оз чонтогунордон толоп берип жаткансып, окмоттун акчасын аяйсынар» деген акыркы созу болду. Аялдын адамдын соогуно баткан суук, орой создору Толкунбектен алыстап кала берди.
-Бул бир балекет жумуш экен. «Таз
катындан таяк жеп, таза катындан тил угуп» деген созго мурун тушунчу эмес элем.
Корсо, ушул мага окшогон байкушту айткан тура.
-Ал сени менен урушкан кайсы аял?
-Эргешбаевдин тууганынын аялы. Эри
экоо тен ушул жерде иштешет. Бир балекет баскан абийирсиз немелер экен. Кааласа иштейт, каалабаса иштебейт. Акчана келгенде ушинтип какылдайт да турат. Анын устуно буларды кокутуп, колтуктарына суу буркуп жаткан ошол Эргешбаев деген тууганы имиш. Калкалап кармап келаткан да ошол Камал.
-Койчу, кантип эле? Эргешбаев жаман
жигит эмес го. Иш билги, тын жетекчиби деп ойлодум эле.
–Болуптур, анны койчу. Биздин жумуш ошондой ойку-кайкысы коп, татаал, - ддеи жигит Зыйнаттын тулкунуна коз чаптырып.
Толкунбектин козуно Зыйнат
мурункудан да сымбаттуу, сулуу болуп, бир башкача татынакай болуп корунуп
кетти. Коздорунун сурмасы чыгып, эки бети нурданып, наристе чагына окшоп турган бул периште, жигиттин эмелеки салкын тартып турган канын дургутуп, конулун колкулдотуп жиберди. Ушул саамда мунун оз чыгармачылык ишине, байсалдуу жол басып келгенин, кыраакы жигит дароо билди. Ооба, ал Толкунбектин откон куноосун кечип, ага Журок толгон кубанычын айтып, болушкусу келип, атайы келген.
-Откон-кеткенди кечирилишели,
Толкунбек. Менден сен кечирим сурашын керек эле, бирок антпедин. Баары бир мен сени коркута албайт экенмин. Эртелеп объектилерге чыгып кетмей адаты бар экен деп, артындан издеп келип калганым ошол. Уйго келип кеткенинди угуп, суйунуп кеттим. Кечинде балдарынды коруп, конулум бузулуп, олтура албай кетип калдым.
Билесинби, менин айрым эмгектерим Буткул союздук Ленин комсомолунун сыйлыгына татыктуу болду. Окусан керек газетадан, кайсы суротторум учун берилгенин.
-Кут болсун. Сонун иш болгон
тура.
– Келиндин колун кысты.
-Кечинде келип, бир аз олтуруп
кет. Ишимдин ийгилиги учун деле бир ооз жакшы санаалаштык каалоонду айтып, конулумду которуп коюуга милдеттуусун да. Же мен андай созго татыктуу эмесминби. Коркпой эле кой, копко кармабайм.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1