30-БОЛУК
Келин куйоосунун созуно кубанып
Эриген да, жериген да жок. Мурункудай чечилип эркелеген да, эркелеткен да жок.
Оозунан «кечирдим» деген соз да чыккан жок. Конулундо дагы эле баягы балекеттуу бала жонундо ойлоп турду. Зыйнат эмес ит тууса да, мен ага эне сутум эмиздим.
«Эшиктин алдына алып келип таштаган бала Зыйнаттыкы болучу деп чындыктын бетин бул ачпаса, менин эгиз торогонум жалган болучу деп, мен оз айыбымды озум ачамынбы. Жоок, мен андай оозу ачыктыкка дегеле баралбаймын, Толкунбек. Балким,
сен башка аялдарды да мени суйгондой суйуп, мага жалынгандан аларга да жалынаарсын. Ишенбей калдым сага», - Жайнагул конулундо ушинтип ойлоп, ушинтип суйлоп жатты. «Бул бекеринен куноосун мойнуна алып, кайра-кайра богулуп, кечирим сурап жатпаса керек. Коптон бери конулундо «кимдин баласы, Ким тууду болду экен» деп кудуктонуп жургон Усондун адреси, эч Ким айтпаса да дайын болгондой, эненин эт журогу барча-барча тилинип, туз куйгандай куйкаланып баратты. Бул эч качан айыкпачудай, эч качан озоктон очпочудой болгон кучтуу жалын омуру менен бирге жашап, бирге жатчудай болуп туюлду.
Аялынын ийсинген бээдей болуп
мисирейип, жазылбай турушу жигиттин шагын сындырып, капалантып койду.
Кайра-кайра кечирим
сурап, могодой салбырап турган куйоосунун созу Жайнагулдун кулагына кирбей турганын жигит тушунду.
Аялы менен чечишип суйлошо албаган
бойдон эртен менен эрте туруп дароо эле жумушка кийуучу кийимдерин кийип, бети-колун жууду. Демейдегисиндей тамак да ичпеди. «Жакин мен жумушка кеттим.
Эгерде чарбаларда салынып жаткан курулуштарды кыдырып кетип калсам, кечинде кечирээк келем» деген кат жазып, столдун устуно койду.
Толкунбек Буга чейин мынчалык
беймазага тушуп коро элек болучу. ОЗУ кош миздуу устаранын учунда тургансып, Зыйнат менен Жайнагулду эстесе, жанын коёрго жер таппай калды. Журогунун ушун алган кобунчо Зыйнат болду. Ошон учун, бул журогу жаралуу аялдын оозун басып, Жайнагулго билгизбей кармап туруштун бир Гана жолу бар экенин ойлоду. Бул жол болсо, андан кол узбой, ууру жолду улантып туруу. Бирок андай ыплас жолдо жургонун кокус Жайнагул билип калса, эмне болоорун эстегенде, оз оюнан ОЗУ коркуп кетет. Эгерде, ОЗУ колдуу болуп олгон балекеттуу баягы бала болбогондо, Толкунбек Зыйнатты: «Кайдан кордум кара эшек, жолдон кордум жоор эшек» - деп басып кетип калса, чаап алат беле. Жолуна жолтоо болуп, коркок билиш кылып турган бул кара жолтой темир тосмону кантип бузуп отуштун айласын таппай, карайлап турганын озунон башка Жан киши билбеди. Толкунбек озуно ОЗУ нааразы болуп, жерге бир кату тукуруп алып, кочого атып чыкты. Эки жагын карабай желдей учуп олтуруп, гаражга барып бир тийди. Машинасын от алдырып жатып, бензиндин аз калганын коруп, май куюга бармак болуп машинага олтурду. Бирок кочого чыкканда заправкага барбай, туз эле Зыйнаттын уйун коздой бурулду. Дарбазанын тубуно чукул токтоп, рулду кармаган бойдон машинадан тушпой, олтуруп калды. Ал бул уйго келээрин келип алып, Зыйнатты кандай абалда коруп, кандай учурашарын ойлоп, кежигеси кер тартып туруп кабинадан тушту.
Зыйнаттын таякеси, жээнинин кечээ
кечинде конокко кеткен бойдон уйго келбегенин айтты. Бирок Толкунбек Зыйнаттын жоктугун угуп, эмне учундур женилдене тушту. Анын тундо тигил жерден чыкканда
туз эле озунун онорканасына барып, ошол жерде туноп калганын билди…
Жумушчулар Мансуровду бой
которбогон жонокойлугу, оюбаган айколдугу менен жогору баалашчу Жана кадырлашчу. Ал чындыгында эле «сен жумушчу, сен кызматчы» деп ажат ажыратууну билуучу эмес. Боорукер да, адамга кайрымдуу да болучу. Адамдын конулун калтырып, шагын сындырбаган, ак конул, кабагы жарык, кичи пейил жигит боло турган. Керек убакта жумушчу менен жумушчу болуп аралашып иштеп да кетуучу.
Дегинкисин айтканда, оз ишин мыкты билген жондомдуу курулучу болучу. Баягы ОЗУ бульдозёрдо ичтоочу турак уйдун курулушун моонотунон эки ай мурда пайдаланууга берууго милдеттенме алышкан. Азыр Толкунбек туз эле ошол объектиге барып токтоду.
«О-хо-о-о, азаматта-а-а- р! Мына
ушундай болмок!» - деди инженер коргон козуно ишенбей, кубанычтан толкундап.
Тим эле курулуш журуп жаткан жер шанга болонот. Бир жактан радиоприёмниктен ыр-куулор конулду которуп, делебени козгойт. Музыканын ыргагына Эриген эр Журок азаматтардын бироо ар жакта аралашма жасап жатса, экинчи жакта дагы бироолор тангак-тангак айнек кебездерди кранга илуу менен убара. Болмолодо уйлордун ички дубалдарын актап, полдорду жууп жургон аялдар корунот. Толкунбек мен эрте келдим деп ойлосо, курушчулар андан эрте келишиптир. Оз кабинасында
жадырап-жайнап дыкаттык менен иштеп жаткан крановщик Толкунбектин келгенин коруп, он колун которо саламдашты.
-Охо-о-о, сиз белениз. Келишиниз
менен! Кандай эс алыш, жакшы болдубу? – деп кыйкыра суйлоду инженер.
–Рахмат, Толкунбек Мансурович. Момундай дем алып, момундай дарыланып келдим. – Жигит баш бармагын корсотту. – Иш илгерилеп, бутууго чукулдап кылышыптыр го. Бир айдын ичинде коп жумуш буткоруп
жиберипсиздер.
Толкунбек куло суйлоду:
-Сиз келгенче, бутуруп кирип
алалы десек, чаркыбыз келбей калды. Сизсиз жакшы журбойт экен иш.
-Аа, ошондой дениз.
-Ошондой.
Эмелеки уйунон конулу чогот
болуп келген инженер, иштин жагдайын, жумушчулардын темпин коруп, коодондогу койгойу эсинен чыгып, алаксып кетти. «Оо, азаматтар десе», - деди жанында
турган курулуштун мастерине:
-Ушундай болорун билгем. Кечээ
аванс алдынар да.
-Ооба алдык, бирок эч Ким оозуна
алган жок десем жанылышпайм.
-А тигил экоо кантип чыдады?
-Мен дагы ошол эрди-катындан
чочуладым эле, Толкунбек Мансурович. Бирок, Кудай жалгады аларды.
-Ичкени болбосо, тигил киши
иштерман эле Адам. Иштин козун тааныйт. Атайын билими да бар. Сен уктун беле бул киши жонундо, - деди Толкунбек.
– Диплому менен эмгек книжкасын, масс болуп жаткан жеринен кимдир бироолор алып кетиптир. Ичкилигин койдура албай жадап буткондо, балдарын алып аялы кетип калыптыр. Ал аялы азыр бир жерде мектепте мугалим дейт. «Обого шыйпан уйур» дегендей, кийин ушул селсаяк аял менен таанышып, жармакташып, кун откоруп калган дешет. Дипломунун дупликатын алууга да, эмгек книжкасына кайрадан иштеген жерлеринен документ топтоого да кудурети жетпей, ушинтип калыптыр. Деги кызык киши ОЗУ. Карыбайм, пенсияга да чыкпайм, омур бою ушинтип журо берем дейби, Ким билсин.
- Толкунбектин созун угуп турган биргадир созго минтип аралашты:
-Ооба, мен да уккамын буларды.
Кезинде тузук эле жооптуу кызматтарда иштеп, жакшы жургон, жакшы жашаган Адам имиш. Бул кишинин тубуно мансап менен байлык, анан дагы озунун моралдык журуш-турушунун жамандыгы жеткен дешет. Кээ бир жел опко адамдардын колуна бийлик тийди дегенче, коздогону кокто, коксогону конул ачуу болуп калат тура.
Оо, бул киши копкондо да жаман копкон экен. Партиянын ишенимине жамынып алып, биздин коомго коп иштерди иштептир. Ыргыткан ташы жогору кулап турган кезинде дунуйо дегенди бул жакка кой, ичкилик менен сулуу аялдардын армансыз эле «Тишин чагыптыр». Акыры башынан долот кетип, кара башы кангып, жанында кыйбас досу жалгыз арак калыптыр.
-Бул киши жонундо менден сен
кобуроок билет турбайсынбы, - деди Толкунбек ынгайсызданып. Бригадир жигит тигил кишини айтымый болуп, бардык созду озуно тийгизип, какшыктап жаткандай болуп туюлса да сыр билгизбей минтти:
- Деги мурдагыга Караганда онолгонсуп калды го дейм. Кокустан ичкенин токтотбой турган болсо жетекчилер менен суйлошуп, дарыланууга жибериш керек. Сен кандай дейсин?
-Туура айтасыз, жибериш керек. Иш
билгилиги иш билги. Анысында талаш жок. Бирок адамдыгынан акмакчылыгы коп. Эми каранызчы буларды эмне кылып жатканын. Откон жылы кандай иштегенин баарыбыз билебиз. Масс болуп тийди-качты болуп, айлап сандалып журушту го. Ошол иштебей калган кундорун, сиз болуп кенешип олтуруп эле табелге киргизбей койгонубуз эсиниздеби.
Анан дагы он учунчу зарплаты албай калышпады беле. Булар эми ошол эчаккы откон ишти козгоп, арызданып жургон имиш. Ал экоону колтукка туртуп жаткан.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2