25-БОЛУК
Жанагы арамдан туулуп арам өлгөн баланы үйдүн свети күйүп,жарык болуп турса эле,бизди үйдө экен деп ойлоп таштап кеттиго.Баарыбыздын төрөтканада жүргөнүбүздү билсе,таштабайт эле абышкада абдан өкүнүп жүрөт.
-Сизчи?Сиз өкүнгөн жооксузбу?
-Эмнеге өкүнөйүн кайдагы бир бирөөнүн таштанды баласына.Ал өлбөй тирүү болгондо да бактырмак эмесмин Жакинге.Балага кардар бирөөгө берет элек да.багып ал деп.Бирөөнүн баласын коюп,өзүнүн тигил эки жаман немесин багып алсынчы аман-эсен чонойтуп.Тообо ушул эле тегеректен бирөөө тууса керек,туурасынан кетип.Жайнакенин ай-күнүнө жетип турганын билген немелер,кош бешик кылып багып алат деп ойлодуда.Өлгөнүн кулактары менен угуп,көздөрү менен көрүп,тилин тиштеп өкүнүп олтургандыр, жүзү караалар.Кудай баламдын өз этегинен жалгасын.
Толкунбек кечке үйүндө болуп,саат ондон өткөндө кайра жолго чыкты.Ал Зыйнатка барып,болгонун болгондой жашырбай айтып салды. Зыйнат карындагы балага карк токтолгон жигиттен айрылгандан бетер жаман аза күттү.Эстеген сайын ыйлап көз жашы кургабай жүрдү.Өзөктү жарган өкүнүчү,түбөлүккө сакталып арманы арылбаган бойдон калды.Зыйнаттын арманга толгон жаралуу жүрөгүн алаксытуучу бир гана даары бар болучу.Ал болсо Толкунбектин жакшы сөзү,жалындуу махабаты эле.Баладан кийин анын көңүлүү суумак турсун,кайра күйүп жаткан отко бензин куйгандан бетер алоолой берди.Зыйнат мурда ички дүйнөсүн,жүрөктү жарган ууз махабатын аялдык ар-намыс менен,ичке сактап бирин айтпай турган болсо,азыр андай болбой калды.Ал бүт өмүрүн Толкунбекке арнап,жалгыз гана Толкунбек үчүн жашап жаткандай өзгөрдүү.Баласынан ажыраган кырсыктан кийин,бат эле күйөөсү менен ажырашып кетти.Эми Зыйнаттын күткөнү Толкунбектен экинчи боюна болуп,экинчи балалуу болуу.Сүйбөгөн алам менен никелешип,дүнүйөгө бөлөнүп,бир кылым жашагандан гөрө,сүйгөн жар менен бир саат өмүр сүрүү ал үчүн бакыттай сезилди.
" САГЫЗГАН САКТЫГЫНАН ӨЛБӨЙ,СУКТУГУНАН ӨЛӨТ"-дегендей бир кезде,Зыйнаттын тузагына түшүп калбоо үчүн сактанган Толкунбектин жүрөгү Зыйнатка аргасыздан байланды да калды.
Ушинтип эч нерседен капарсыз жүргөн кезде Жайнагүлдүн келип калышы күтүлбөгөн окуя болду,бирок үй-бұлөө деген үй-бүлөө да.Орто жолдо Зыйнатка боору ооруп,аны кыйбаганы менен Жайнагүлдү көргөндө алапайын таппай калды." "Жүзүм бар уялам.жүрөгүм бар корком""дегендей, Толкунбектин азыркы ойлоп жаткан оюда кайгысы да уяты да,Жайнагүл менен көптөн бери көрүшпөй жүргөн,эрди- катындын махабаттуу сагынычын тосо албагындыгында болуп турду.Ал бул күнөөсүнөн кандай жол менен актанып,кандай жол менен аялынын көнүлүн алаарын,билбей ой-басып жатып көзү илинип кетти.
Эртең менен Толкунбек турса Жайнагүл үйдөн алып келген тамак-ашын жайнатып чайын-демдеп, күйөөсүн туруп чай ичишин күтүп олтурган болчу.
-Жакин алтыным мени кечирип койчу.Толкунбек колуктусун дароо кучагына алып,бети-башынан аймалап өпкүлөп жиберди. Ойдо жоок жерден эле тигил аял кире калып,сага шерменде болдум.Жайнагүл күйөөсүнүн оозунан оозун ала качып,башын чулгуп минтти:
-Түүү,,эмне эле мынчалык оозу-мурдун сасып,түтүн жыттанып калгансын.Болдучу эми дем ала албай тумчугуп кеттим.Көңүлүн жай,жүргөнүн аял түзүк жашап жаткан экеңсин.Биз сени жалгыз куурап жүрөтко десек.Сен....
...Келиндин көз жашы мөлт дей түштү.Жигит чөнтөгүнөн бет арчысын алып,колуктусунун көз жашын арчыды.
Аялынын сөзүн угуп,оюна дароо Зыйнат түштү.Тамеки эмес тезек жыттанып турсада,жалынып" "Жытын сонун жытыңды сагындым" -деп чарк көпөлөк ойлонуп турганын ойлоду.Антседа Зыйнаттын сааттай болуп мейменканага Толкунбек менен бакырайып чогуу келгенин Жайнагүлдүн көрүп коюшу, акталбаган айыптай болуп,айласы кууруп турду.Ал баардык күнөөсүн өзүнүн тынчы жоок жумушуна шылтап минтти:
-Ыйлабачы алтыным.Эчен күндөн бери эс албай командировкада темтеңдеп жүрүп,аябай чарчаган турбаймынбы.
Жаздыка башым тийээри менен өлгөн немедей уктаптырмын анан калса. "Алдына келсе атандын кунун кеч", дейт эмеспи. Кечирим сурайм, Жакин. Кечтим күнөөндү деп койчу. Айкөл эмес белен.
"Куноосу болбосо, эмнеге кайра-кайра кечирим сурайт. Кечеги аял менен бир балакети болсо керек", деп ойлогон Жайнагул Толкунбекти бир карап алып минтти:
-.......
-Түшүнүктүү болдуго баары?
-Койчу эми кечке эле кыжыктана бербей,айттымго чынымды.
Берки бөлмөдө келин-уулунун сүйлөшкөн,сөздөрүн тыңшап кокус шайтан болуп,ушул жерден чатак чыгып кетпесе экен деп Жаннатты кучактап жаткан Кына Жайнагүлдүн токтоолугуна ыраазы.Уулунун" "Зыйнат деген шуркуя менен байланышы бар"-деген ушактын бекер жеринен чыкпаганын ойлогон сайын от жутуп турду.Анан дагы Үсөндү тууган энеси ошол бетпак болбосун деген ой ичин ийдилеп жатты.Тообо" "бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт"-деген ушул.Мен бул экөөнүн бири-биринен ысыгы тарап,бирөөнү карап эгерим күлүшпөйтко дечү эмес белем.Көрсө шайтан экөөнүн ортосун,эчак аралап кеткен неме тура.Колуктусу тыякта ата-эне деп,балдар деп тырмаңдап,көр оокат менен алышып жүрсө,мунун бул жакта жүрүшүү бул.Дөбөткө окшоп бир канчыктын,артынан эрчип калган неме тура.Шайтандын оспасы жаман,болуучу эле.Оо кудай бул окуянын арты кандай болуп кетер экен.Мунун ушинтип жаман жолдоо жүргөнүн кайын журту укса эмне деген бет калат.Жайнагүл тил алса көчүп келип,күйөөсү менен бирге жашап,тигил дөбөттү өз колуна албаса,болбой калган турбайбы.Толкунбек дууштан чыгып кийинип жаткандай болду.Дабыш тыңшаган Кына,уул-келинине кайрадан кулак төшөйт.Жайнагүл күйөөсүн чайга чакырып жаткан үнү угулду::
-Кел олтур,жумушка ачка кетесиңби?
Ушул кезде Толкунбектин жүрөгүнө чыны менен эле уятынан тамак баспай турган.Ал аялына чын сырын айтып минтти:
-Эртең менен эчтеке ичпей,ачка кетип жүрүп көнүптүрмүн. Кудай урсун грамм тамак ичким келсе. Жаман көзүн карабачы деги,түштө келип канча ич десен ичип берейин. Жайнагүл кекерлүү күлдү;
-Баш жазгын келип турган жоокпу?Тигине арак десе арагын,коньяк десе конягын,бальзам десе бальзамын бар экен.Тим эле камкор жашап жатыптырсың. Ичесиңби куюп берейин.
-Алардын турганы качан.Ичип жүргөн экен деп коркпой эле кой.Баягы жаңы келгенде эле,куру кол келе алышпай жолдоштор алып келишиптир. турат ошол бойдон ичилбей.Ансыз деле бул жакта,ичкенди жаш-кары дебей жаман көрүшөт экен.
-Ал жагы жакшы экен.Эми эртең мененки насиптен ооз тийбейсинби? Таң атпай саат жетиде башталабы сенин жумушун?
-Билбейсиңда ишим чачымдан көп экенин.эрте барбасам болбойт Жакинтай.
Толкунбек столдун чекесине олтуруп,бир стакан сүт бир тилим нан жеп алып ордунан турду.
-Эми санааң тындыбы?
-Мен үчүн ичип жаткансып сүйлөйсүңда.
Толкунбек аялынын мурдунан чымчып коюп чыгып кетти.Жайнагүл балконго келип,Толкунбекти айнектен узата карап,ичи туз куйгандай ачышып мостоюп турду" "Башка аял менен жүрөт деген ушундай болобу", -деп ойлодуу ызага ууланып.Уулу чыгып кетери менен Кына ордунан туруп келининин жанына келди.Бөлмөнүн ичиндеги тынчтыкты көрүп,тамагын жаңсап койду демиккен эне.
-Турдунузбу?
-Көз жашын кайненесине көрсөтпөй,кол жоолугу менен акырын сүрттү.чай ичели.
-Ичели алдына кетейин.
Кына Толкунбек жөнүндө ооз ачып эч нерсе сурабады.Кокус келинимдин оозунан жагымсыз сөз чыгып кетеби деп сактанып,баласы эмес эле өзү күнөөлүү болгонсуп,кайпактап турду.Эненин көзүнө жайылып турган дасторкондун үстү биринчи урунду.Жайнагүл кече жер-жемишти кеңири алып келип койгон." "ОЙ БЕРЕКЕЛҮҮ БАЙКУШУМ АЙ,ЭМИ МУНУН БААРЫН КИМ ЖЕП БҮТҮРӨТ "-деп ойлоду ичинен.
-Эне алсаныз, кайсынысына табитиниз тартат жей бериниз коркпой. Жер-жемиштин пайдадан башка зыяны жоок.Бул жакта баары бышат. Тоо токоюнун баары эле жапайы алма,өрүк мисте жаңгак жийде.Мен жеңемдин төркүнүнө абамдар менен келген сайын,аларды эрчип жүрүп көрбөгөн жерим калган жоок.Сары-Челек, Кара-Алма,Арсланбап сыяктуу жерлерди көрсөнүз тим эле укмушта.
-Гүлайымдын төркүнү кайсыл жакта? Бул жерге жакынбы?
-Жок бир топ алыс. Жанагы мен айткан Сары-Челек деген көлгө жакын райондон.
- Ооба ооба Сары-Челек дешип,катуу даңазалашатко. Жарыктуу касиеттүү жер тура бул Ош дегениң.
-Мына бул кенедей болгон байкуштар менен чыйылдашып ысыкта,автобус менен алыска жол жүрүү кыйын. Болбосо ошол жердин баарын көрсөтүп келет элем.
Кайнене менен келин ушинтип сүйлөшүп олтурушуп,чайды кандай ичкендерин дагы билбей калышты.Бир убакта аркы бөлмөдөн Жаннаттын "ЭН- Е-Е"-деген үнү чар дей түштү.Ушул эле эжесинин турушун күтүп турушкансып Асан менен Үсөн дагы ойгонушту.Үйдүн ичи өзүнчө эле базардай жайнап,өзүнчө эле бир айылдуу адамдар болуп бака-шака түштү да калды.Кына менен Жайнагүлдүн бири-бирине сыр билгизбей,ичтеринен сызып,жүрөктөрүн таштай оюп турган ой-санааларын үч баланын зери учуруп кеткендей болду.
А Толкунбек болсо Жайнагүлдүн жанынан чыгары менен,эки жагын карабай түз эле, Зыйнаттын үйүн көздөй сызды.Кечетен бери жалгыздыктан жанын коёрго жер таппай таңды аттырган Зыйнат звонокту угуп төшөгүнөн томолонуп турду.Ал Толкунбектин звонок бергенине чейин билүүчү. Ал эмес машинасынын моторунун үнүн,анын токтогонун башка машиналардын арасынан ажыратып таанычуу.Аял түнкү ич көйнөкчөн,чачы саксайган бойдон,бойдон барып эшик ачты.Экөө босогодо бирин-бири тааныбаган адамча тиктешип токтоду. Бирок бул үнсүз тиктешүүлөрдүн түпкұрүндөгү мааниси;" " Сен экөөбүз канткен менен бири-бирибизди кыйбайт экенбиз"-деген ойтолгоолор болчу.Зыйнат Жайнагүлдүн балдарын,Толкунбектин энесин көрүп келгенден бери,ичи өрттөй жанып,күйүттөн өзүн жоготуп,өз бактысына нараазы болуп,ой-боорунча ыйлап,ой-боорунча тамекини таң атканча тартып,ачуусун ачуу менен бастырып,уйкусу канбай,оору менен соонун ортосунда башы каңгып,көздөрү кызарып,кабактары шишип,кебетеси кетип калган.Толкунбек Зыйнаттын ичи таарлыктан капа болоорун мурун эле түшүнгөн.Бирок анын бир эле түндө мынчалык болуп кетерин билген эмес.Азырда көргөн көзүнө ишенбей турду.Башка да бирдеме болдубу деп ойлоду.Экөө үндөшпөй басып залга киришти.
-Мен сени келбей экен дедим эле -деди Зыйнат.
-Эмне үчүн?- деди Толкунбек.
-Үй-бүлөөң келди да. Баса кече мени Жайнагүлүн бул кайдагы неме дедиби? Же байкабай калыптырбы? Бир жакшы жери мен аларды көрөрүм менен эле дароо бурулуп чыгып кеттим. Тааныбасын деп ойлодум. Аяш энем билген жоок.Катынын чала була байкап калгандай болду эле.Эмне деди? Урушкан жоокпу?
-Чала була эле көрдү да.анан калса мейманкананы төбөбүзгө көтөрүп,каткырыгыбыз таш жаарып,эн таалада жүргөнсүп,капкайдагыны сүйлөп аңырайып келатпадык беле.
Зыйнаттын сунгаң сигаретин Толкунбек" "тартпайм" деп башын чайкап албай койду.А келин болсо өзүнүн оозуна салып,тиштеп турган тамекисинин күйгүзүп,ширенкенин талын күл түшүргүчкө ыргытып,түтүн буркурата үйлөп минтти:
-Сен эмне тамекида тарткын келбей калганбы?
-Ооба тарткым келбей калды.
-Жайнагүл тамекида тартпа,аракта ичпе деп,ульти-матимдуу катуу коюп жатканго дейм
-Арак ичпесимди ансызда билет. Тамеки жөнүндө сөз да болгон жоок. Бирок бул итиң көкүрөктү ыштап жаман кылат экен.Бир кудай урган кургак жөтөл пайда болду мага. Тамекиники дейт.
-Көп ичкендин көөнү,аз ичкендин пейили билет. Тамеки тартасынбы? Тартпайсынбы? арак ичесиңби ичпейсиңби ал өз ишиң.Мен сенин эмнене ыразу болуп турганымды билесиңби?
-Эмнеме ыраазы болуп кеттиң?
-Зыйнат байкушту эсиңе алып келгенине.Оңой менен чыга албай калды го деп жаттым эле.Сен Жайнагүлдүү токтоо кечиримдүү, акылдуу деп көп ишене бербе.Тышы жалтырактын ичи калтырак болоорун билесинби?
Кылча кылмышы жоок аялына карай айтылган мындай жагымсыз сөз жүрөгүн силкип алды.Кабагы бүркөлө түштү.Мурда аялы жөнүндө бул сыяктуу жагымсыз сөздү укпаган Толкунбек кабарчыктап минтти:
-Жок, Зыйнат кечиресин, менин Жайнагулум сен ойлогондой, ичи клтырак, кем акылдардан эмес. Суранам сенден, бири-бирибиздин уй-булообузго соз тийгизишпей журолучу. Ансызда уятымдан эмне кылаарымды юилбей турам. Жрогу ооруп, капа олуп калдыбы деп тан атканча кирпик какпай, санаага батып чыктым.
-А мен жонундо ойлогон жоксунбу, байкуш Зыйнат эмне юолп жатат экен деп. Анан дагы жападан жалгыз бир кйдо, -Зыйнат Толкунбекке таарынып, тутундай юаштады.
Тушунсон боло, ал менин ак никелуу алым да, Чолпондо болгон уч баланын энеси. ЖЕ менин уй буломдун бар экендигин билген жок белен. Ууру жумш уурудай болуш керек. Экообуздун сылык сыпаа соз менен аткнда тим эле "конулдош" деп койот. Орой соз менен атканда ойношпуз. Анан дагы экинчи жолу тундогудой телефон члганды токтоткун.
-Сен ушуну атканы келдин беле?
-Ооба ушуну айтканы келгемин. Жайнагул менен энем кетмейинче экобуз кезигишпейбиз да, суйлошпойбуз да,.
Балдарды коройун деген элем. Балким ал экоонн бири менин балам болп калсачы.?
Бала жонндо айтылган бул созду гуп, жигиттин тобо чачы тик трду. Зынаттын кээ бирде уят-сыйытты билбей ойлогон оюн орундатпай жаны тынбаган жайылдык жайн Толкунбек тушунуп клган. "Кыздын баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат" дешендей, Зыйнаттын кыз кезинеги кыялы бутундой озгорп кеткен. Кокустан мага оошуп оз балады озумо бер, мунун бироо меники болот деп талашса эмне болот? Бул менден олп ажырабаса, туруу ажырабачу неме окшобойбу, -деп олоду кейишке тушкон Толкунбек.
-Ошон учун муну ооштуруп, жинине тийбей, алдап -соолап гана турш керек. Ансыз Зыйнатты корбосо, бир кымбат нерсесин унут кылгандай оз конулун толбосун да билди. Андан дагы бир эле тундун ичинде ушунчалык абалга келгенин коруп, боору оруп турду.
-Койчу Зыйнатка ашык сөздүн кереги эмне?Эгиз деген эгиз.Өз баламды өзүм алып олтуруп,кантип калп айтып сени кансыктайын. Бул жөнүндө касам ич десен касам ичип карганып бер десен карганып берейин. Асан менен Үсөндү билгин келсе,биринин кебин бирине кийгизип койгондой окшош.Жайнагүл алардын кийимдерине" "АСАН" ЖАНА "ҮСӨН" " деп жазып коёт экен.Антпесе кимиси Асан кимиси Үсөн экенин адам таанып биле турган эмес экен.Мындай окшоштуктар эгиздерде гана болоорун билесинда.Мен тигил тоңуп өлгөн бала жөнүндө айттым элего сага.Ал эмес мүрзөсүнө чейин барып,топурак салганымды уккан жоок белең.Төлгөгө деле киши ишенип турбайбы.Ташка караганда мен адаммынго.Ошол кезде үйдөгүлөөрдүн баары Жайнагүлдөн коркуп төрөт үйүндө жүрүшкөн тура.
Зыйнат мойнуна алгандай шылкыя түштү.Анан өзүнөн өзү булугуп ыйлай баштады.Чындыгында эле анын арманы арылбай калган шордуу болуучу.Күйөөсү менен ажыраша турган болгондон кийин,баласын ачык эле төрөп албаганына өкүүнүчү.Бирок мынтип баласынан кол жууп каларын,күйөөсү менен ажырашарын билген жоок да.Бала жөнүндөгү баардык ишеничи Толкунбек болбодубу.Ошол он ай көтөрүп,омурткасы сыздап төрөгөн баласын тоңуп өлдү деген суук сөздү,уккан минутадан баштап көргөн күнү тар болду.Басса- турса ойлогонуда эмтегени да ошол бала.Анын бир алаксыганы Толкунбек,бир алаксыганы өзүнүн өнөр канаасы.Зыйнат полотнолорго кыл калем менен өз өмүрүнөн алып,эмне деген гана сүрөттөрдү, ажайып пейжаздарды, портреттерди тартпады.Баласы өлүп кара кийип кан жуткан эненин сүрөтү,Зыйнаттын жүрөгүнүн тереңинен сүзүлүп чыгып,полотного түшкөн өзүнчө эле бир,эч бир адам байкоос албаган,романтикалуу жандуу чыгарма болду. Дагы бир картинасында: көгүлтүр нурун бөлмөгө алсыз чачкан,лампочканын жарыны көнүлсүз бүлбүлдөйт. Айлана тымтырс.Түн бир окумунда жаш аялдын койнунан туруп,кийинип чыгып бараткан жигит менен жалооруп жалгыз калган аялдын кейпинен,бул эки адамдын тагдырынын келишпес,эки ачалыгы дароо көз алдына тартылат.
Кийинки учурда мына ошол өз максатына жетпей,сүйүүдөн бактысыз калган аялдар темасына,байланыштуу май боёктор менен тирүү адамдай образды жараткан сүрөттөр Зыйнаттын негизги темасы болуп калды.Анын мындан башка экинчи темасы бала." "БАЛАЛУУ АЯЛ БАКТЫЛУУ" "-деген девиздин алдында жапыкка чыгарган" "БААТЫР ЭНЕ "-деген сүрөтү республикалык сүрөтчүлөр союзу тарабынан жарыяланган конкурста байгелүү сыйлыкка татыктуу болду.
Зыйнаттын азыркы бирден бир
максаты, кандай Гана болбосун, Толкунбектен балалуу болуп, откондун отолгосун болучу. Бирок мындай бакыт анын башына конобу, конбойбу, Ким билет…
Толкунбек жолдо карата бирде
Зыйнатты, бирде Жайныгулду ойлоп баратып, озунон ОЗУ журогу ооруп чыкты. Ишине барып, машинасын гараждан айдап чыгып, кабинетине жоноп кетти. Бул жерге эки кундон бери келе элек болучу. Инженерди коргон курулушчулар жандана тушту.
Мастер Толкунбектин жанына басып келди.
-Салом алейкум.
-Алеки салам. Кандай иштер?
-Жаман эмес, журуп жатат.
– Экоо ээрчише басып, фундамент куюп жаткан жумушчулардын жанына барып токтоду.
-Иш илгери болсун, жигиттер!
-Илгерилетмек сизден болсун.
Келиниз!
-Минтип фундаментти куя
баштадык, - деди бригадир, Толкунбекке конул бура карап.
– Буюрса, бул жуманын ичинде
маналитти бутуп, анан башмак коё баштайбыз. Уйдун фундаменти бутуп, кирпичтер куюла баштады дегенче, адата иштин темпи алдамдап, курулуп козго коруно баштайт эмеспи. Азырынча комсунбай коё турунуз.
Чындыгында Толкунбеке козуно бул
курулуш дегеле устубуздо беш жылдыкта бутпоочудой болуп корунду. «Коз коркок, кол батыр» - деп ойлоду ичинен. Ушинтип бутпоочудой болуп жатып, мунун да калкка кызмат кылуучу мезгили келет. Ары-бери басып, жумушчулар менен суйлошуп, курулушка зарыл керек болуп жаткан шагыл менен мыйда кумдун, цементтин запасы азайып баратканын коруп блакнотуна жазып алды.
-Прораб келдиби бугун? – деп
сурады, жумушчулардан.
-Келди, Толкунбек Мансурович, ал
материалды эртен менен эрте жиберем деп кетти.
Бетон куюлуучу фундаментке эки-уч
тонна аралашма бир баткан темир челекти кранга котортуп, анны керектуу жерге
тууралап коё албай жаткан жигит озунчо согунуп жаты. Ушул саамда Толкунбектин коздору коркунучтуу алайып, ката тушту. Азыр ага, тигил калчылдап, карыша кармап турган жигитти жуктуу темир челек жыга коюучудай болуп корунуп кетти. Ал кандай учуп жеткенин ОЗУ да билбей калды. Толкунбек менен биргадир алиги жигит учоолоп темир челекти туш-туштан кармаганда Гана жуктун чайпалганы аран токтоду. Ушул маалда инженер крановшикке ачуулуу кыйкырды:
-Эмне карап турасын,
тушурбойсунбу жукту!
Ошол замат кранды бироо катуу
силкип жибергенсип, чайпала тушуп, оор бетон аралашма, тигилерди ары-бери сурдуктуруп барып, жук акырындык менен жерге коюлду.
Иш менен алаксып жүрүп Толкунбек түшкү тамак болуп калганын экинчи обьекке барып калганда билди.Ал саатын бир карап алып,ошол замат башка чапкандай кайра тартты.Тұшкү тамактан кечигүү Толкунбек Жайнагүлдүн ишениминен биротоло чыгып калчуудай сезилди. Толкунбек Зыйнат менен көнүлү жакын болуп,бузукулук жолго түшкөнү менен Жайнагүл үчүн ойлогон ою,тилеген тилеги чексиз болчу.Ал машинанын ичинде кечееки күнөөсүн кантип жуурун билбей,эсте сайын эки жүзүү чоктой жанып келатты." "Түү-ү- ү, ит эле болдум.Ушунча күнү көрүшпөй,Сагынычтан дегдеп келген жарыма жакшы ооз сөзүм жоок.сокодон чыккан аттай болуп,өлгөн немедей аяк серппей,жаткан кантип сүйгөн жардын иши болсун. Жайнагүлдөн уялганымдан балдарымды да атага окшоп,кумардан чыга жыттап,моокумум канып өбө албадым.мени энем эмне деп ойлоду болду экен? Экөө мен жөнүндө сөзсүз сүйлөшүштү. Бирок эмне деп сүйлөшүштү? Энем келинини кызындвй көрөт. Сырын менден жашырса жашырат,бирок андан жашырбай.Эмне кылсам же кечирим сурап чынымды айтып,жаңылдым жаздым десемби?"
-Ою ушул жерге келгенде Толкунбектин бүткөн бою дүркүрөп,өз оюнан өзү чоочуп кетти:--Жок жок кантип өз айыбын ачкан жакшылык болсун.
Ушинтип чалдуу-куйду ойдон башы айланган Толкунбек,машинаны кандай ылдамдыкта айдап келетканында байкабады.Ал мейманканын алдына келип катуу тормузду басты.Машина сүрдүгүп барып токтогондо гана эсине келди.
Машинадан тушуп, эшикке жакындаганда туура тушунан
чыкка «Аба-а-а!» деген ундон жалт этти. Ошол замат Кынанын колунан колун бошотуп, озун коздой кополоктой учуп келаткан Жанатты коруп, кабагы жарк эти.
Кош канатын жайып, Толкунбек да кызын коздой далбас урду. Козду ачып-жумганча кучагына жабыша тушкон баласын кош колдоп жерден таптак которуп алып, опкулоп жиберди. Кирпиктери саландап, коздору Жаны туулган ботонун козундой жайнап, ак кагаздай болгон жузуно жарашып, сексейген кыска чачына бир тутам гулдой байланган бант наристенин коркуно корк, сулулуугуна сулуулук кошконсуп,
атасынын ичин элжиретип жиберди. Толкунбек тээ бир оокумга чейин кайра-кайра опкулоп, кайра-кайра жалына берди.
-Секет кетейин сексейген сексегим,
Кызыл гулум, кунум, тунум, тукумум, туурум…
Кына уулунун кызына жалынган созун
угуп, коздоруно жаш айланып, мууну бошой тушту: «Байкуш балам, - деди ичинен, - тунун экени да, туурун экени да чын. Кудай сага аялды да, Баланы да жараштырып берди эле. Бузулбаса экен уян. Корком балам сенден. Журушун шойкумдуу корунуп калды».
Ушул кезде Зыйнат кинотеатырдын
афишасы чапталган досканын алдында ары карап, Толкунбекти акмалап турганын эч
Ким билген жок. Жигит кызына жалынган сайын, анын озогу орттонуп, журогу куйуп,
ичи туз куйгандай ачышып, озунчо эле куйкаланып жатты. Келиндин кулагына
Жанатка жалынган Толкунбектин ар бир созу кызына эмес эле, Жайнагулго
жалынгандай болуп туюлду. «Кызы кудум эле энесине окшош экен» - деп озунон ОЗУ кунулоодон кул болуп турду.
Толкунбек кызынын коздорунон
алмак-салмак ооп-ооп алып минтти:
-Жакин уйдобу? Бобокторун ыйлаган
жокпу? Эмне, энен экоон абам качан келет деп мени кутуп турдунарбы?
-Жайна женем сага тамак жасады,
аба.
– Кыз экинчи кабатты карап соомойун корсотту, - тигине Жайна женем, аба, тигине. Асан менен Усонду которуп бизди карап турат. Жанат бобокторуно
кыйкырды:
- Ээ-й, Аса-а-ан! Усо-о-он! Мени карагылачы, абамдан чон болуп
калдым.
– Алакандарын чапкылады кыз.
– Эй, сен Усонсунбу де Асансынбы? А сенчи,
Асансынбы же Усонсунбу? –Кыткылыктап кулот.
Толкунбек оздору жашап турган
болмонун балконуна эки уулун эки колу менен имере кучактап, алдындагы кичинекей столго таканчыктатып, озун карап, томсоруп турган аялын коруп,
журогу сызыла тушту. Колдорун которуп, аларга карата сунуп, анан оз манжасын ОЗУ ооп, балдарына ышкырып койду. Алар ансайын Тим эле атасын тааныган немеден
бетер, талпынгандан талпынып, тынымсыз ун салып, экоо бирдей буттары менен соку
жанчып, колдору серендеп жатты. Толкунбек балдарынын кылык-жоругун коруп, кубанычтан толуп, эт жжурогу элжиреп турду.
-Э, эне балдарыныз торолуп,
Адам болоюн деп калышыптыр ээ.
-И, каралдым, Адам болоюн дебей
анан. Карыбадыбы. Байкуш Жайнагул энелигинен чыдады го экооно. Баланын
азап-тозогуна эне Гана чыдайт тура. Бул экоонун ыйлагын айтпа. Эми, эми Гана жоошуюн деп калышты.
Ушинтип кожурашып суйлошуп,
ээрчише басып, учоо кирип кетишти. Зыйнат ушул саамда афишаны да карабай, откон-кеткенге да назар салбай, тээ экинчи кабатта, эки Баланы эки колу менен имере кучактап, экоону алмак-салмак жыттап коюп, дуйносу тугол тартып, бул ааламда озунон бактылуу аял жоктой, жузундо кубаныч ойноп, жадырап-жайнап турган Жайнагулдон коз албай жалдырай тиктеп туруп: «Бактылуу немее экен», - деп ойлоду ичинен. Ал ушул суротту оз чыгармасына пайдаланууну конулуно туйуп койду. «Эгерде менин балам болгондо, ушуларга окшоп торолуп калмак турбайбы. А балким экоонун бири менин балам болуп калсачы».
– Зыйнат коптон бери конулундо жургон эски оюн дагы кайталады: «Бирок бул экоонун бири менин балам экенин Ким далилдеп, Ким айтып берет. Эч Ким! Ал байкуш баламдын эмне болгонун бир карангы тун, бир аяздуу шамал, бир ак кар, кок муз жамынган кара жер, анан Толкунбектин уй-булосу Гана билет. Ой арманым ай. Ушул эгиздин тугойун мен тороп, Кызыл эт кезинде ушулардын эшигинин алдына алып барып таштап кеткен болучумун деп кимге арызданып, кимден жардам сурайм. Мен Сенин эринден тууп, анан батыра албай Сенин эшигиндин алдына алып барып таштадым эле деп Жайнагулдун
озуно айтып, бутуна жыгылып, кечирим сурайынбы.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий калтырып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7