22-БОЛУК
–Мен муну кечээ жакында эле совхоздун «директиринин» аялы кулундуу бээ берели деп сурап келгенде да саткан эмесмин. Бул тондун кадырлуу, баалуу экенин ошондо билдим.
Ага чейин бучкактан курап жасалган, тугун тескери каратып тигилген тондой
коруучумун. А мына бул чоктой Кызыл Шуру да энемден калган, бир тундук деп айтчу эле. Бул болсо иймегим, зоот эмес эле зергер жасаган. Билерик, шакектерим болсо бул. Жумурусу жарашыктуу. Тазалап туруп салынып ал балам. Кумушту бат-бат тазалап турбаса, ону очуп кетет тура. Ичик менен тебетейди жакса да жакпаса да энемдин эстелиги деп кийип ал, ондотуп. Тигил шуруну Жанатка сакта.
Буларды баягы сен Жанатты
торогондо эле берейин деп Толкунбекке айтсам, «Сенин чириген тонунду киймек беле» деп болбой койбодубу. Шагым сынып, унчукпай калдым. Чын эле кемпирдин эскисин жаш келин кайдан киймек эле деп ичимен сызып Тим болдум. Эми минтип, бир эмес эки уулдуу болуп олтурасын балам.
Кына ордунан туруп, колундагы
тонду кош бешиктин ортосунда балдарын терметип олтурган келинине жапты.
Кайненесинин айткан создору
кулагына керээздей угулуп, ал киши эми бат эле олуп калуучудай, Жайнагулдун ичи туз куйгандай ачышып, опкосу кооп, коз жашы озунон ОЗУ жамгырдай тогулуп кетти.
Алдына чогуусу менен алып койгон энесинин белектерин да, устуно жапкан тонду да эмне кылаарын билбей калды. Ушул кажырдай болгон карыянын омуру менен омурлош болуп, эчен жыл, эчен ай ардакталып, коздун карегиндек сакталып келген бул кымбат баалуу буюмдарды энчиленген оз ээсинен ажыратууга Жайнагулдун дити барбай турду.
Келиндин оюн Асан менен Усондун
биринин артынан бири чукуранышып ойгонгону бузду. Жайнагул ордунан козголбой,
балдарын термете баштады. Кына келинин оюна тушунгондой минтти:
-Тегеренип кетейин, тартынба. Сенден башка ээлер ээм, берер медерим бар беле. Малымын ээси, башымдын мээси, экоон эмесинби. Толкунбек ким, сен ким? Бирин козумдун карасы юолсон, бирин журогумдун баарысы эмесинерби. Кана, ойдо болуп эки женинди кийип, басып корчу. Бул тугонгон даакы (Кына терини даакы деп тергоочу) бышык болуучу неме тура, жаны бек,. Муну энем алып келгенде бойго жетип буралып турган гулгун кезим эле. Абышкама ошол жылы беришти мени. Эми минтип бирибиз кемпир, бирибиз чал болуп олтурабыз. А бул даакылар болсо, жалтылдап дагы деле ошол бойдон. Адамдын омуру менен жаштыгы мэзгили жеткенде, чупурокчолук корунбой тозот экенго чиркин. Ошондой бир кем дуйно тура бул.
Баятадан унчукпай, Кынанын созун кунт ойуп угуп олтурган Жайнагулдун кабагы серпиле тушту:
-Эмне учун буларды озунуз кийген эмессиз?
-Эл кийбесе эле мен кийемби, тугун тышына каратып жасалган даакы деп жерип журбойунбу. Ал кезде кыргыздар тонду да, ичикти да минтип тугун тышына каратып жасоочу эмес эледа. Биз окшогон келин-кызга кобунчо атлас, шайы, тукаба менен баркыт дегендер жагуучу. Анын устуно, бели туз, этеги тар орусча тигилген бучкакты кийиптир деп коргондор шылдын кылып кулот экен деп уялып кийбей койгон болчумун. "Катын каарыбайбы, каны койулбайбы" дегендей, катын карыган сайын акылдуу болот тура, балам. Буларды ошентип а дегенде барк албай журуп, эсиме кийин келдим. Байкуш энем, Маского эч ким бара электе барып, мага деп ошончо жерден которуп келди эле. Бирде болбосо бирде кереги тийер, тийбесе журор деп ойлодум. Бир "Марушке" (Маруся) деген тааныш жашы аял бар эле орус. Ошого корсотсом, жаны клган эмес. Бул жакшы кийим деген. Кубо тушурбой сактоону ошол уйротту. Сатпагын. Кыздуу болсон, кызын, келиндуу болсон келинин киет., деген. Оой, кыздуу болуп, кызым бойго жетип, уулду болуп, ал чонойуп аял алып, алар ушул тонду кийгендей болгончо качан деп жубойунбу. Корсо, ал деле бат турбайбы.....
Ошентип, келинине керес мурасын айтып, жанынан коркуп, кокус олуп каламбы деп чочулап жургон Кынанын ден-соолугу кийин онолуп кетти. Жыгачтай болуп каткан кары, эт алган сайн жашара баштады.
Жайнагулдун торкун-тосун билгендер: Каазынын байбичеси, азыркынын Каныкейи. Маркум Казы да ченде жок, ак конул даалдаган жигит эле. Аккан арыктан суу агат деген ушул. Балдары жакшы чыгып, атасынын арбайын которуп, минтип данкын чыгарып жатат. Кыз баланын тарбиячысы да , устаты да эне болот тура. Бечара Мансур менен Кынанын багы бар экен. Уй-булоого мээримдуу, карыга кайрымдуу келинге жолугушту. Мансурдун уулу окуймун деп Фурунзеге барып "кулган" болуп кетиптир, киши тоногуч болуп кетиптир деген соз чгып, дурулдоп барып эле дым болп, Толкунбек, Толкунбек болуп, ок жыландай атылып чыга келди. Азыр тигил туштук жакта уй салгандын инженери имиш.
Эл ичинде Мансурдун уй-булоосу жонундо ушундай создор жамгырдай жаап жатты.....
Жайнагулдун декреттик отпускасы али буто элек. А Асан менен Усон болсо талпынып, адам болойун деп калышты. Балдар осуп, улам козго корунгон сайн Жайнагулдун ички дуйносуно булук тушо баштады. Анткени кун откон сайын эки баланын окшоштугу бирдей калыптан чыккан кирпичтей болуп баратты. Тообо, кайдан журуп бул экоо бирине.бири окшоп калган? Эгиз эмес десе ким ишенет экооно? Таштанды, бакма деп айтуу кандай ададын оозуна кирет? -Жайнагул ушинтип, эки баланы алмай-термей тиктей берет. Анан калса он ай которуп, омурткасы сыздап тапкан озунун уулу Асандын Жайнагулго окшош бир жери жок. Экоо бирдей Толкунбектин оозу-мурдунан тушо калгансып, кашын-кашына, козун-козуно, мурдун-мурдуна, оозун-оозуна алып барып чаптап койгон суп, мандайлары жаазы келип, чачтары да Толкунбектикиндей тип тик болуп кайраттуу.
Бул кандай?
Жаратылыштын тамашасыбы же?
Толкунбектин тамашасыбы?
Билгизбей менин озумо оп салып жургонбу?
Анан клса эки баланын бир сутканын ичинде торолушун кара. Бул жерде Толкунбектин торуна тушуро турган ким бар? -Жайнагул ары ойлонуп, бери ойлонуп, ага ылайыктуу, куосуно тен келуучу келин-кыздарды коз алдынан откоруп, бир башынан санап чгат. Бирок андай шектуу эч кимди таппай, убара боло берет. Откон май майрамда келгенде Толкунбек менен Жайнагул экоо торкунуно барып,, майрамды ошол жаккта откоруп келишкен. Андан келген куну кечинде озунун врач курбусу Айганыш чакырып ошонн уйудо болушкан. Алар андан башка эч жакка барганда, Толкунбек уйдон чыкканда эмес. Ушундан улам, болду-болбоду, бул иш иштеген жагында болуш керек деген божомолдоо пайда боло баштады. Бирок андай болгондо жаны торолгон кызыл эт баланын эшик алдына ташталышы, ойлогон оюна айкшпай онулу уйгу-туйгу болуп, куйундай сапырылат.
Жан дуйносун туш-тштан талап, митедей кемирип жаткан сары убайым, сансыз санаасы Жайнагул жан кишиге айтпай ичинен сызып журо берди. Ал кийинки убакта кош бешикте эки жагынан койуп алып Асан менен Усонду амай-термей карап, тээ бир окумга чейин удобой телмирип олтура берген адат таап алды. Кээде экоону юир тошоко жанаша жаткырып коуп, алардын бири-бирине кошулуп ар обонго салып ун салышып, колдорун серендетип, Жайнагулду край, оздорунон оздору талпынып, кубангандарын карап туруп, оз баласы кимиси, огойу кимиси экенин ажырата албай калат. Анан бир кезде энесинин ун-соз жок мостойуп олтурганынан тажашып, экоо бирдей ороо-чылгоосун тээп, буттарын тыбыратып, ыйлап киришет. Жайнагул жаш толгон коздорун сртп, экоону эки колуна алып
ооп, жыттап алып , балада эмне жазык, эмне куноо деп ойлойт.
Баягы жаныдан эт алып, кичине толо баштаган Кына, кийинки кундордо озунон озу арыктап, озунон озу чунчуп кетти. Энем эмнеге озунон озу тотугуп, кайра баштан жудоп баратат. Же мен байкаганды бул кишида байкап, мен тарткан кайгы-капаны бул киши да тартп журобу, -деп ойлоп, Жайнагулдун журогу сыйрылат. Экообуз тен бирдей санаа, бирдей ойдун кучагында калкып жургон жокпузбу. Турмушта кайнаса каны кошулбаган, улуту башка адамдардын сейрек болсо да, бири-бирине ошош жаралып калышы илим жузундр эчак аныкталгандыгын угуп, билсе да буга Жайнагул озун ынандыра лбады.
А Кыначы? Ал киши "кумурсканын кускнын, жоргомуштун жотолгонун" билген сезимтаал кыракы аял. Келинине ачылып эч теке айтпаганы менен, тээ журогунун тпкурундо теминип жаткан бир кучтуу толкун бар экенин Жайнагул байкабай койгон жок. Кундон кнго суз тартып, эки баланы оргон сайн ичинен улутуна дем тартып турганы билинип туруучу. Жанаттай коруп буларга эбедейи эзилип, эт журогу созула да бербеди. Усондун ботондугун билсе да, бир жолу да, Асан эоо бир тууган эгздей болуп бараткандыгы жонундо, эгерим ооз ачып да кободу. Кынанын мунозу ошентип озгорлду блдарына.
Бир куну Жайнагул тшта кир жуп жаткан. Уйго кирген кошуна аял менен кайненесинин созу кулагына шак дей тушту.
-Тобо, тууса эле, айла келсе эгиз тууй трган экен, бирине-бирин окшоштуруп. Кадим эле экоо бирдей Толкунбектин озу. Карасаныз, жене? Уулунуз да кичинесинде так эле ушулардай болчу коздору алайып.
Аялдын созу Кынанын талуу жерине тийгендей бурк этти:
Карасаныз! Карасаныз! Эмнесин карайн? Дегеле бала корбогонсуп суйлойт экенсинер. Эгиз туугун келсе тууй бербейсинби, сайрабай. Мынчалык тан калып, тарс жыгылгандай, окшош балдарды оро элек белен. "Айгыры ала болсо, кулану кула болорн" билбейсинби. Атасы Толкунбек болсо, окшошпойбу Толкунбекке.
Асан менен Усонду жашы коргонунон, ошоштугун айта ойом деп кагуу жеп, шагы сна тушкон ал, уялып калды. Бироонун конулн калтырып , кайненесинин каттуу созун угуп, Жайнагул ичинен кейип, кап , деп окунуп калды....
Кундордун биринде кайненеси менен Жайнагул чай ичип олтуршуп, кайненеси минтип калды:
-Э Жакин, -деди Кына суйлоп,- мен билбей баратам да, озубуздун уулубуз кайсынысы?
-Кайсынысы дейсизби? -Келин кулуп. -Мындайынан караганда мен озум да адашчуу болдум экоону ажырата албай. Сиздин оз уулунуздун он далысынын устундо клы бар да. Аны сиз мага озунуз айтпадыныз беле.
Ии, -деди Кына, -аны унутуп калган турбаймынбы.
Келин дароо алдындагы баласынын далысын ачп крады.
Мына бл экен эне, биздин оз балабыз. Коногун кайра тушуруп мандайынан сылап, чачнан жыттап койду. Баланын жытындай жыты болду бекен! Вах, када сонун.
Кына лдндагы Уондун бытыйган кичинекей колдорун кайра-кайра кармалап минтти.
Акжолтой бала болон экен эми. Бул уулунду озн лып, алдагы аланы мага бери,. Усонду Жайнгулго берип, Кына Асанды лды. Оо, алдна гана кетейин жаманым эй. Иин ачп курсагн опту, жытады, эркелетти.
Кайненесинин конулу жай болп турганынан пайдаланган Жайнагул, ичине батпай, эчактан бери дем болуп жргон сырдын четин чыгарып минтип сурады:
-Эне, сиз кадай ойлойсуз?
-Эмнени балам?
Асан менен Усондун окшоштугун?
-Эненин кабагы туйуло тшту. Аял тээ бир убака чейин унчукпай турп, деми кыстыга тушконсуп, ууну булуп акырын чыккты;
-Ким билет, каралдым. Кийин эле ондору озгоруп кетпесе, азыркы корунуштору бирдей.
-Балким, Усон Толкунбектин баласы болуп клсачы?
-Ким билет, шумпады, актай албайм.
-Кызык, ээ эне.
-Кызыгы кызык, каралдым.
-Кынанын ону бузулуп тушонун байкган келин, созунун агын минтип ондоп кетти:
-Билесизби, эне, окшош адамдар жер жуздо оп. Кээ бир адамдар бири-бири менен эч кандай жакындыгы жок туруп эле окшош болуп туулушат. Менин эгиз тородум дегениме жараша, экоону Кудай жалгап, Толкунбекке окшоп калганын карасаныз.
-Ооба, окшош адамдардн торолшу жонундо айтпадын беле. Дале болсо Кына келининин созуно ишенер-ишенбесин билбей,тнданы очуп, озуно келе албай трду.
-Бул баланын тштанды экенин, Толкунбекке айтылбай калган бойунча калды ээ. Мейли, айтлбаса айтылбасын.
Кына балдарынын келечегин ойлоп, Усон жонндогу срды Толкунбектин билбегени ырас болду деп жргонун Жанагул жакшы билуучу. Кокус ушул ошоштуктан эи жаштын ортосундагы нтымгы ыдырап,тчыр- чатак чыгып кетеби деп, коркуп жрот бакуш энем, -деп ичинен сызып тим болуучу.
Жайнагул арманы арылбаган немеден бтер оор улутунуп алды.
Деги андан чындыкты бекер жашырган экенбиз. Мна Асан менен Усондун торолгонуно жети айдан отуп, сегиз айдн жзу болуп баратат. Ошондон бери айтпаган сырды, эми айтмак белем. Мейли, эми укпаган бойдон кала
берсин. Кокус сыр айтабыз деп сыйрашып алып журбойлу..... ..
Жайнагулдун мурда тим эле айткысы келбесе, азыр башкача ойдо айткысы келбеди. Кокус жаман айтпай жакшы жок, ортодон от чгып кетип, имдир бироолор менин балам, Усонду мен тууганмын, атасы Толкунбек болчу, деп ээ чыгып туруп алсачы? Жок,жок, андай болбойт. Мен эч кимге эч качан колтук ачпайм. Усон меники. Ал менин балам. Эч кимдин талашууга акысы жок. Оо, Кудай, чын эле Толкунбек, менин башыды аттап, ак суйуубузго акрат келтирип, Усон анын ойошунан туулган баласы экени чын боло, Кудай жеткирер, -деп санасы сапырылып кетти.
Жайнагулдун мурда тим эле айткысы келбесе, азыр башкача ойдо айткысы келбеди. Кокус жаман айтпай жакшы жок, ортодон от чыгып кетип, кимдир бирөөлор менин балам, Усөнду мен тууганмын, атасы Толкунбек болчу, деп ээ чыгып туруп алсачы? Жок,жок, андай болбойт. Мен эч кимге эч качан колтук ачпайм. Усөн меники. Ал менин балам. Эч кимдин талашууга акысы жок. Оо, Кудай, чын эле Толкунбек, менин башымды аттап, ак сүйүүбүзгө акрат келтирип, Усөн анын ойношунан туулган баласы экени чын болсо, Кудай жеткирер, -деп санасы сапырылып кетти.
Бул балада бир сыр бар экенин Жайнагул менен Кына бири-бирине ачык айтпагандары менен билип журушту. Оуянын аягы эмне менен бүтөөрүн эч кимиси болжой да албады.
Толкунбек отпускага келем деп жатып келбей калды. Анткени, ага жогору жактан руксат бербей коюшуптур. Анын бир жакшы жери үйүнө кун алыс телефон чалып турушу болчу. Бир жакка алыска комондировкага кетсе да айтат, келсе да айтат. Колуктусун баягыдай эле сагынып жургөнүн, балдарын көргусу келгенин, эне-атасы есинен кетпегенин, жалгыздык жанынан өтүп жатканын айтып, суйлөшкөн сайын даттанып айта берет. Жаратылышынан токтоо, кечиримдуу, жайдары мүнөз Жайнагул күйөөсүнүн бул сөздөрүн укканда, баягы оюнда ойлоп жүргөн арам санаасы эсине келбей, жарпы жазыла түшөт.
Толкунбектин отпускага келбей калганын угуп, капа тартып олтурган Мансур келинине минтип айтты.
--Ал келбесе, сен өзүн бир барып келсен боло, ыя балам. Жумуштан болсо бошсун. Балдар менен жалгыз баралбасан, жанына кемпирди кошуп ал. Үй-жайга мен деле ээлик болуп турам силер келгенче. Уйду кошуна деле саап берер. Бул баланын эмне иштеп жатканын,кандай иштеп жатканын, кайда жашап, кандай жургонун бир билсенер боло. Уй-булөөлү киши да жалгыз кара жанын багып жүрө береби. Жарым жыл болсо макул, бир жыл болсо макул. Анын кеткенине эки жылдан ашып кетпедиби.Келин кайнатасын сөзүн угуп, делооруй баштады. Айтса-айтпаса төгүнбу деп ойлоду. Атамчалык акылым жок деп ичинен жымындап койду.
Жайнагулдун ойу ушул жерге келгенде Усөндун ыйы анын ойун бузуп жиберди. Столдун үстүндө куйуп турган кичинекей лампочка айланага көк жашыл нурун алсыз чачат. Усөнду колуна алып, астын кургактап кайра жаткырып, эмчегин оозуна салып кырынан кыйшайды. Айлана жымжырт. Аркы бөлмөдө кроваттын кайра-кайра кычыраган дабышына кошулуп, адамдын тынчы кетип онтологон үнү, чаалыкан ушкүругу угулат. Ай байкуш энем, санаасы санга болунуп, уктай албай жаткан екен. Оорукчан немени күйгөн ысыкта бекер алып келген екенмин, деп ойлоду
Толкунбек өлгөн немедей дым тартпайт, аны уктап жатат деп ойлоп: "Уяты жок уйкучу, ары жок кулкучу" -деди ичинен. Бирок Жайнагул ойлогондой Толкунбек уктап жаткан эмес. Уят-өлүмдөн каттуу дегендей, ушул тапта өз канын өзү ичип, өз жүрөгүн өзү эзип, өзөгү өрттөй жанып, кирпик какпай, санасы сандап, богуп жаткан болучу. Жайнагулдой жаркын аялдын конулун калтыруу , же андан ажыроо Толкунбек учун өлұмдөн жаман иш болчу. Эми мага таарынып, экинчи мурдагыдай болбойт го. Кечтим сенден деп кетип калса кантем. Кара басып байкоостон алдырып койдум, тигини менен чогу келип. Шайтан баскырдын катынын, кайдан да мейманканага эрчитип келдим эле-, дегенден башка оюна эч нерсе кирбей турду. Кокус балдарды алып кетип калса энем менен атам кантет? Энем Жайнагулдөн ажыраган куну, балалыктан кечип, ажалдан мурун эле баягы Аккыз эжеге окшоп өлүп кетуусу ыктымал. Ушул ойду ойлогондо жүрөгү от болуп күйүп жатты,. Ал Жайнагулдун көнүлүнө доо кетирип, жүрөгүн муздатып алганына өкүндү. Мен анын ак сүйүүсүнө, асыл эмгегине татыктуу жар боло алган жокмун, -деп өзүн өзү соттоп, өзүн өзү кунөөлөй берди. Бирок Зийнаттын абалын эстегенде, андан бетер көнүлү ооруп, эмне кыларын билбей, эси еки болуп турду.
Ушул тапта Эмилди ойлоп кетти. Киши экен деп Жайнагулду алганда, куйөө жолдош кылып эритип алып жүрбөймүнбу. Көрсө, ичи толгон арам неме туура. Толкунбек эмне болгонун бир башынан эсине түшүрө баштады. Анда жаш жубайлар Фрунзеден квартира алып, жаны көчүп келген кездери болчу. Толкунбек жумуштан келсе, Жайнагулдун эки көзү эки муштумдай болуп, ыйлап олтуруптур. Жигит колуктусунун көз жашын көрүп чочуп кетти. Чачтары уйпаланган. Кимдир бирөөлөр менен кармашып жатып, алы куруган кебетеси бар. Кофтасынын бир жак колтугу айрылып кеткен.
-Сага эмне болду? Толкунбек көргөн көзүнө ишенбей, дал болуп турду.
Жайнагул күйөөсун коруп, эреркеп мурдагыдан да күчөп ыйлады.
-Сенин Эмил досун келип, мени аз жерден шерменде кылып, маскаралап кете жаздады.
-Эмил ,?! Кандайча?!
Жайнагул жаны эле болгон окуяны күйөөсүнө түшүндүрө баштаганда, колуна чапталуу конверт кармаган коншу аял кирди.
-Ой-ба-а-й, келдинби карагам, . Бул жерде алиги сенин жолдошунмун деген жигит келип, Жайнагул бечераны чымчыктай чырылдатып, аз жерден олтуруп кое жаздады гой.
"Жардам" ,-деп айгайлаган унду эшитип, эмне шумдук болуп кетти деп, алактап чуркап кирсем сол жигит. Тим эле кирген буурадай буркулдап, Жайнагул менен кармашып жатыптыр. Коркконумдан унумдун бардыгынча айгайлап жиберипмин. Шашканымдан эшик алдында жаткан шыпыргыны алып баштан ары согуп-согуп жибердим. Ошондой чатак болду. Бул бечера Жайнагулдун журөгү козголуп калдыбы деп, эсим чыгып турат, каралдым..... .
Ушул кезде кошуна аялдын колунда кармап турган конверттин сыртындагы жазуусу Толкунбектин көзүнө чагыла түшту. Кимдин колу экенин даро таныды "Акмак" деди ичинен.
-Апа колнуздагы катпы?
-Ие, кат балам. -Аял тайсалдай тушту. Байкабай ачык кармап турганына окунуп кетти. Кокус эки жаштын ортосуна от коюучу балакеттуу катпы деп ойлоп, ката албай калды.
Жайнагулгө жазылган катко ыя, апа? Бери, мага беринизчи. Толкунбек аялдын колунан шып илип алды. Бул кайдан журуп сиздин колунузга тийип журот? Коздору алайып кетти.
Азыркы Жайнагулду жылатып кеткен жубаримбек, озуно берип койунуз деп кече берип кеткен. Унутуп калыптырмын. Азыр эстеп не жазганын окуп королу деп алып кирген болчумун. Мындай тартипсиздигин билгенде алмак турсун жаныма жакын жолотпойт элем да. Мени кечирип кой, карагым,-деди Толкунбектин как кошунасы, өз тилин чала-чарпы аралаштыра суйлөп.
Катын бир жери ыр менен жазылса, бир жери сөз менен жазылыптыр. Эмилдин айтуусуна караганда Жайнагулду бир көргөндө эле ашык болуп калган имиш. Баягы күйөө жолдош болуп барган күндөн бери туну түшүнөн, күндүзү оюнан кетпей , ашыктык отуна куйуп, акыл эсин жыя албай жүрүптүр. Катынын аягында Толкунбектин туруксуз, аягы суюк жигит экенин жазыптыр. Ага мисал кылып өзүнун карындашы Зыйнатты келтириптир, . Аламын деп жаш кыздын башын айлантып жүрүп, акыры албай таштап, сага ооп кеткенин айтпай коюуга акым жок дептир.
Катты окуп чыгып Толкунбектин төбө чачы тик турду. Анын артынан барып, өч алгысы келип, ачууга буулду. Катты тытып туруп меште балбылдап күйүп турган отту көздөй ыргытты. Кокус Зыйнат жөнүндө жазылган сөздү окуса, мага ишенбей, оюна алып калар деген кыял жүрөгүн опколжутту.
-Чындыгында Зыйнат жаман кыз эмес болчу, -деп ойлоду Толкунбек. Ал мени мурда эле суйуучу. Сүйгөндө да таза, тунук, наристе махабаты менен сүйүүчү. Бирок мен ал сүйгөндөй сүйөө албадым. Ошол кезде жакшы көрүп жүргөнүм менен, бары бир бардык ой-максатым, тилеген тилегимди баары Жайнагул болчу. Ого бетер Жайнагулду көргөндөн баштап, ага жүрөгүмдөн байландым да калдым.
Ооба чындыгында эле ошондой болгон. Толкунбекке турмушка чыгамын деген үмүттө жүргөн Зыйнат Жайнагулдун каварын угуп күнү-түнү ыйлап, бардык күчүн көз жашына чыгарган. Көркөм сүрөтчүлүк окуу жайында окуп жүргөн кзинде Толкунбектин бою менен бой, өзү менен өз болгон чыгармачылык эргүү менен тартылган чен бир сонун сүрөттөрүнөн бирди калтырбай агасынын көзүнчө талкалап, арып, отко жагып салганын Толкунбекке эмил өзү айтып берген.
Кийин Толкунбек Зыйнаттын түштүктүк бир аскер кызматында иштеген офисерге турмушка чыгып, ошол жакта иштеп атканын уккан. Бирок өзү Ошко келгенден бери кез-кезек эстеп койгону болбосо , көрсөм деп дегдоочу эмес.
Күндөрдүн биринде курулуштан келип кабинетине кире элек жатып, телефондун тынымсыз чырылдап жатканын угуп, эшикти шашып ачып, аттап-буттап барып турупканы көтөрду.
-Алло, СМУнун инженери угуп жатат.
-А Толкунбек Мансурович, саламатсызбы? -деди телефондон чыккан бейтаныш үн.
-Кечиресиз, сизди коноктой албай уялып жатабыз,-деп келетканда,
-Толкунбек жигиттин сөзүн бөлдү:
--Эчтеке эмес, көнүл бурганынарга рахмат. Орлуктөө уй-бүлөм көчүп келгенден кийин болот да. Мен ким менен суйлошуп жатам?
Жигит кулуп жооп берди.
-Куйоо баланыз менен суйлөшүп жатасыз. Келгенде таанышабыз, Толкунбек Мансурович. Кайда болосуз бугун кечинде. Жумуштан кийин мен өзүм барып алып кетейин сизди.
Толкунбек жатаканада болорун айтып турупканы илди. Барам же барбайм деп да айталбады. "Бул кайсы куйөө бала болуп кетти"? -деп өзүнүн айылдаш карындаштарын эстеп, эч кимисин таппады. Тааныгандары Толкунбекти эчак эле чакырып алышкан. Бир окумга чейин жаны курулуучу маданият үйүнүн архитектурасы учун жарыяланган конкурска катышуу учун, ой толготуп олтуруп, алиги телефон чалган бейтаныш куйөө баланы эстеп, дароо саатын карады. Алты жарымга келмек эмес беле мага. Убакытты карабай олтура берген турбаймынбы. Саат алты жарым эмес, сегиз болуп кеткен тура. Эки кундон бери үй менен да суйлөшө элекмин. Болуптур, Жакин дагы бир кунгө күтө турган болду. Мурда көрүп, билбеген бейтаныш адамга убада берип коюп, унутуп калганымды карачы. Толкунбек жатаканага жакындай бергенде орто бойлуу, арыкчырайынан келген, өзбек туспөлдөш, каш-кирпиги боелгондой кап кара болгон, зынкыйган келишимдуу жигит алдынан утурлай басты. Өзун кутуп турган, алиги телефон чалган менен суйлошкон жигит экенин ал дароо бамдады.
-Салом алейкум Толкунбек Мансурович!
-Алейкум салам. Сиз мени кутуп турган жоксузбу?
-Ооба, кутуп турам. Ишкананызга телефон чалсамбы деп ойлоп, бул убакка чейин олтурбайт го деп, кылчактап турдум эле.
Азыр эле өзумдон чыктым. Аны курула турган курулуштардын проектисин карап олтруп, убактыны билбей калыптырмын демиш болуп койду. Руксат этсениз,өзүмө кирип, үстүмү которуп чыгайын, тууган? -Толкунбек кийинип чыкты. Бирок жигиттен кайсы, ким деген карындашынын куйөөсу болорун да сураган жок. Бара көрөрмун деп гана ойлоду. Анан машинада катар олтуруп, Ак-Буураны бойлой бир аз жүргөндөн кийин, дарбазасын көк сары менен сырдаган, башка үйлөрдөн анча канчалык өзгөчөлүгү жок, эски типте салынган бир үйдүн алдына келип токтошту. Короого киргенде үйгө кируучу жолдун эки жагында, бажырайп ачылган туркун түстөгү ар кандай сорттогу гүлдөр атыр жытын анкытып, мурунду жарат. Бээ эмчектей болгон шынгыл жузумдөр жалбырактын арасынан мени көрдүнбү дегенсип, атайын эле топ-топ болуп, кынабы менен жипке тизип койгонсуп, сабагынан үзүлуп түшчүүдөй мөлтүрөйт. "Бул уйдо эмгекчил адамдар жашайт экен",-деп койду Толкунбек ичинен,. Бирок аны шаштырып, көрүүгө ынтызар кылып турган бейтааныш карындашы болуп турду.
Толкунбекти машинадан тушуруп, үйгө баштап бараткан жигит токтой калып, артына кылчайып кимдир бирөөгө минти:
Аканиз келди деп Зыйнатканга айтып койунуз.Толкунбек Зыйнаттын атын угуп, өзүнчө эле бир кызык болуп, эки бетти дуулдай тушту. Кайсы карындашым болуп кетти десем, Зыйнат беле. Балаке-е-е-т, бул ушундай кылмак. Анткен менен тузук күйөөгө чыккан экен. Бактылуу болсун бечера кыз. Анын оюна Эмил тушүп жүрөгү бир силкинип алды. Кокус бул жерде болуп калса, эмне болорун болжой албай калды. Ушинтип ден-дароо болуп турган кезде ар жактан мандайы жаркып Зыйнат да келип калды.
-Саламатсызбы, агатай, -деди көздөрүнө жаш айлана кулундөп.
-Саламатчылык, . Кандай, жакшыбы? Сен ушул жердесинби?
-Экөө тиктеше тушуп , кол алышты.
-Көруп турбайсызбы, ушул жерде екенимди. Өзунуз кандай? Бул жакта иштеп жатканынызды, мен жакында эле уктум.
-Ооба, иштеп жатам.
-Жумушулардын жатаканасында турбайсызбы?
-Ооба, үй тийгенче ошондо туруп жатам.
Бул мейман чакырык, Зыйнаттын командир күйөөсүнүн эки жылдык мөөнөт менен аскердик кызматка, алыскы демократиялык республиканын бирине кетип жаткандыгына байланыштуу экен.
Толкунбек чуркап жүргон татынакай кыз баланы коруп, өз кызын эстеп, жүрөгү кусалуу сыгыла тушту. Зыйнат да балалуу болгон турбайбы деп ойлоп, чөнтөгүнөн жыйырма беш сомдук кагаз акчаны сунуп, кызды коздой басты.
-Өз көрүндүгүндү өзүнө берейин. Мегой, буга эртен мамана куурчак сатырып ал. Бери келчи. Менин да сага окшош кызым бар. Аты Жанат. Сенин атын ким? Айтчы?
Кыз колун оозуна салып, чоочуркаган көз караш менен, аны жатыркай тиктеп мурчуйуп турду.
-Биз балалуу боло элекпиз байке. Бул кайнагамдын кызы.
-Аа, ошондой де. Мен дагы силердики экен деп ойлогон турбаймынбы. Мейли, бир туугандын баласы болгондон кийин айырмасы кайсы. -Жуйурто басып олтура калып, кызга эки колун сунуп жарк этти. Жакшы кыз кенсин.
Келчи, мага дагы бир жыттатып койчу.
Толкунбек кыздын каршылык көрсөткөнүнө болбой жерден которуп алып, алкымынан жыттады.
-Балалуу болуу жакшы болсо керек ,-деди Зыйнат.
-Ой-о-ой, жакшы болгондо да кандай жакшы дейсин. Баладай ысык, баладай таттуу дуйнөдө эч нерсе болбосо керек. Мен кызым менен суйлошуп сөзұн уга албасам да, күндө телефон чалам. Жок дегенде ыйлап жатса ыйын, кулуп жатса кулкусун уккум келет. Жайнагул Жанатты атайы мени уксун деп, эч болбогондо кулдуруго аракет кылат.Баласы менен аялы жөнүндө берилип суйлөп жаткан Толкунбекти Зыйнат жактырбагансып, алар жөнүндө уккусу келбей, киртийе карап турган болчу. Жигит келиндин көрүнүшүн байкай коюп, шашып кетти. Ал созду даро башкага буруп.
--Куйөө бала тузук жигит көрүнөт?
---Эмне, мени эр албайт дединиз беле.?
---Жо-о, ошентип кантип ойлоюн. Кептин баары буйрукта тура. "Нике кайып, насип кайып" деген ушул. Минтип ойдо жок жерден силердикине келип олтурам. Буюрса, көчүп келгенибизде Жакин экөөнду тааныштырып коем. Ал эбактан бери эле Зыйнат экөөбузду тааныштырбай койдун деп, мага таарынып жүрөт.
-Койчу, чын элеби? Эгер менин аны менен таанышкым келбесечи. Жайнагулун мени көргүсү келип, сагынып жүргөндүр. -Зыйнат Толкунбекти бирде "сиз" бирде конгон адатынча "сен" деп суйлоп жатты.
-Жок, чын айтам. Жакин эстуу эмеспи, көрөсүнго.
-"Жери жаман жерин мактайт, теги жаман катынын мактайт" дегендей, үйгө бир бутун кирип, бир бутун кире элек жатып эле мактап кирдин го, ыя катынынызды, .
-Кечирип кой. Тигил баладан улам чыгып кетти. "Балам балалуу болгондо билээрсин" дегендей, кийин балалуу болгондо тушуноорсун Зыйнат. Чолпондой болгон кызды төрөп берип олтурган Жакинимдин жамандыгы болбосо.....
Кызык. -Ызага буулду.
-Мен учун сен жонундо сенден ысык, сенден таттуу, сенден жакын, менин эч кимим жок болчу. Өзун айткандай буйрук экен. Бирок дагы эле сени жаман көрбөйм. Айла жок.
Толкунбек "биздин сөзду бирөө угуп жаткан жок бекен" дегенсип, эки жагын элендеп, сактана карады.
-Зыйнатжан , койчу эми, бул сөз ушуну менен бутсунчу.
Сага эмитеден эскертип коеюн, бир сааттан кийин кетемин. Эки-уч жерге заказ берип койгом. Үй менен да суйлөшушум керек.
-Эч жакка кетпейсин. Кайсы убакта кетируу уй ээсинин иши. Аялын менен бугун сүйлөшпөсөн, эртен суйлөшөрсүн, ал шылтоо эмес. Жайнагул жөнүндө көнүлүнө жакпай турган сөз айтсам кечирип кой. Тамашага таарынбассын. Болуптур эми, кабак-кашты бүркөшпөй, ага-карындаш болуп, мэймандардын үстүнө кире берели. Биздин үйдөгүлөр: "Агайы менен тууганча ал-жай сурашып алсын" -деп экөөбүздү кутуп турушат.
Конокто опур-топур болгон анчалык деле арбын адам жок экен. Бар болгону Зыйнаттын куйөөсүнүн үч жолдошу аялдары менен келишиптир. Толкунбек кирери менен орундарынан дүр турушуп, төрдөн орун беришип, өздөрүнөн жогору чыгарышты.
Толкунбек Зыйнаттын бактысына кубанып, жетине албай олтурду. Бирок анын "мен учун жер жузундө сенден артык эч нерсе жок" деген сөзұн эсине кайра-кайра түшүп туруп алды. Башкаларга байкатпай Зыйнатты кез-кез жазгыра карап коюп олтурду. Бул, кыз кезинде адамгерчиликтуу, боорукер, адамга жугумдуу, ачык айрым бала эле, . Келин болгондо кандай келин болду экен деген ой. Карап олтуруп, анын мүнөзұнүн тапканы, мурдагыга караганда токтоло тушкон, ойчул мүнөзү болду.
Зыйнаттын өз турмушуна сыймыктанганы да, сыймыктанбаганы да, куйөөсүн сүйөрү да, сүйбөсү да, Толкунбекке байкалган жок. Ал тек гана, меймандарга меймандай мамиле жасап, өзүнүн аялдык асыл сапатын көргөзгүсү келип тургандай, столдун үстүндөгү тамак-аштарды биринин артынан бирин алмаштырып чуркап жүрдү....
Тамак ичилип бутуп, тээ тундун бир окумунда, келген меймандар кайттуучу мезгил да келди. Зыйнаттын куйөөсү машинасын от алдырып, жолдошторун үйлөрүнө чейин узатууга камданып жатты.
-Байке , сиз конуп эле калбайсызбы? -деди Зыйнат Толкунбектин жанына келип. -Баары бир батпайсыз машинага. Эртен дем алыш, кетерсиз да шашпай.
-Рахмат Зыйнат, басып эле кетем.
-Анда сизди биринчи жеткирейин, жатакананыз алыс да, жөө чарчап каласыз.
Толкунбек машинага олтурду. Коштошууга улгурбой калуучудан бетер шаша баскан Зыйнат., жаныдан эле эшикти жабайн деп аткан колду кармап калды.
-Байке, жоолук да болсо жолго ийги, -дейт. Мына бул костюмду кийип кетиниз.
-Толкунбек чочуп кетти.
-Эмне, костюм! Жок, жок, Зыйнат айланайын, рахмат. Тим эле кой. Мындай алыш-чалыш уй-бүлө көчүп келгенде болсун. Кереги жок, алып кет. -Колун ары туртту.-Болбойт, мен таарынбайм. Мага туура тушун.
Толкунбек Зыйнатты караса, көздөрү жашылдангансып, шилекейин жутуп, сунган колун тарта албай, салафан конвертке салынган костюмду кармаган бойдон катып калган сөлөкөткө окшоп турганы аянычтуу корунуп кетти. Бир жактан куйөө бала чыкты таарынып.
-Эмне учун анчалык коркуп жатасыз. Алыныз, Толкунбек Мансурович! Бул костюм учун Зыйнат экөөбуз көп жерге барганбыз... ..
Мейманканага келип, колундагы белекти шифонерге салбай, столдун үстүнө ыргытып койуп жатып калды. Бир топко чейин Зыйнаттын кыз кезиндеги жакшы кыял-жооругун, өзүнө жасаган адамгерчиликтуу мамилесин, андан кийин үйүнө барган да айткан сөздөрүн биринин артынан бирин ойлоп жатып көзү илинип кетти.
Эртен менен эрте телефондун чырылдаган үнүнөн чочуп ойгонду. Көнүлүндө Жайна бекен деген ойдо, ордунан учуп туруп, турупканы рычагдан жулуп алды.
-Алло, мен угуп жатам. -Толкунбектин көздөрү чанагынан чыга бакырая тушту. -Ким бул?
-- Зыйнат?!
Эмне тан атпай тынчылыкпы деги? А, ошондой де. Мен дагы Жайнагул экен деп. Ооба, ойлобогондо анан. Уй-булөөсүн эстебеген, сагынбаган да адам болчу беле? Кунболот качан кеткени жаттат.? Жок, жок, эмнеге бармак элем, жөн гана сурап жатам. Жок, рахмат, баш жазуу деген менде болбойт. Баса менин номеримди кайдан алдын? Ноль тогуздан! М-м, болуптур. Эмне? Костюмдун чөнтөгүндө конверт бар дейсинби? И, ал анда не кылып журот? -Ийнин кушуруп, Зыйнаттын акыркы сөзүнө тушунбөгөн калыбында турупканы илди. Мынчалык эмне менин артымдан түшөт? Кызык? Же мурдагыдай бойдок кезим болбосо.
Толкунбек столдун устундо жаткан костюмдун чөнтөгүндөгү конвертти чыгарып, ичиндеги кагазды алып буктөөсун жазды. "Кудай тообо кызык кыз бул тообо. Мага кат аркылуу суйлошкондой эмне деген сөзү бар болду экен?" Жигит төшөгүнө кайра жатканы баратып токтоп калды.
"Толкунбек! Сенин бул жакка келип иштеп атканынды угуп, унчукпай койо албадым. Ачыгын айтсам, сени унуттумго десем, унута албаптырмын. Бир кезде "суйөм" деген бир ооз сөзүнду угамбы деп чыдамсыздык менен кутуп журдум. Бирок андай сөз сенден чыкпады. Эми ойлосом, мага кылган жылуу мамилелериндин баарын, мен жинди суйүү деп тушунуп жүргон турбаймынбы. Мен буну сен качан Жайнагулгө үйлөнгөндөн кийин гана билдим. Тоюна чакырдын, барбадым. Биздикине Эмил менен келгенинде аялдуу болгонун менен куттуктоого да кудуретим жетпеди. Ошондо байкабадынбы, жокпу, өзумду-өзум токтото албай, калчылдап кеттим. Ыйлагым келди. Ал эмес саламына жооп айтпай тышка чыгып кеткен бойдон, үстүнө кайрылып кирбедим. Чынбы? Анткени мени таштап, башка кызга уйлөнүп, башка кызды сүйүп кеткенине ичи таардык кылып, күнөөлөдүм. Чынымды айтсам азыр да күнөөлөйм, ич тарлык кылам. Жайнагул деген атты уккум да, аны көргумда жок. Куйөөгө чыгып алып, уялбай дагы эле көнүлү менде экен дерсин, жаман көрөсүн.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4