4-бөлүк
Ошентип арадан кундөр өтүп жатты.Эмир,Айша,Сейит күндө сабактан чыгып эле ооруканага эдекесине барышат.Күндө нөөмөттөшүп эжекесине жаратылыш сабагын өтүп беришет суу боюна алып барып,чогуу сырдашып кадимки эне баладай болуп калышат.Баспайт деген Жаркынай эжеке күндөн күнгө абалы жакшыланып буттарына жан кире баштайт.Бир күнү суу жээгине Сейит менен Эмир эки колунан кармап алып бармакчы болушат,ээми бираз жандана баштаган Жаркынай эжеке көнбөй коет.Экөө болбой эки колунан кармап эжекесин араң сыртка алып чыгышат.Аны көргөн медайым көзүнө жаш алып,суктанып отурат: "Ээхх туугандан көрө жат жакшы дегениң ушулбу Кудайым?! Менин өз балдарым ооруп төшөктө жатып калсамда иши жокго,бул балдар эжекесин бастыра коеюн деп жатышат! Демек балдарды материалдык жактан камсыз кылып жүрөберет экенбизда анан аларда бизге акча карматып коюп,өздөрү кыжаалат болушпайт экенда,а менда үйдө балдарыма көбүрөөк мээрим берип убакыт бөлгөнүмдө аларда мага мээрим бермек беле?!" -деп сууз үшкүрүнүп койду.Сейит менен Эмир терлеп бышып эки жагынан жөлөп суу жээгине алып барышты.Ал жерде Айша гүл,жоолук,торт алып күтүп алды.Бир убакта Айша туулган күнүңүз менен,менин жаркылдаган Жаркынай эжекем!!-деп куттуктап баштады.Аңгыча Жаркынайдын ата-энесида ооруканага келип,кызын окуучулары колунан жөлөп алып кетишкенин угуп дароо калясканы алып аларда суу жээгине жөнөштү.Жаркынайды суу жээгиндеги олтургучка отургузуп Сейит гүл берди: Эжеке менин ата энем бай бардыкты кылып даяр кылып берет бирок ата-энемда сиздей мээримдүү эмес,суранам жакшы болуп тезирээк мектепке кайтыңыз,мага окшогон сиздин мээримиңизге зар ошончо балдарыңыз бар,менин экинчи энем,апам,эжем сизди жакшы көрөм,туулган күнүңүз менен!!!-деди көзундө жашын көлдөтүп.Эжекеси бооруна кысып: Ананып кетеин балам менин ушундай бир соонун баласың сен,кантип эле ата энең жакшы көрбөсүн жакшы көрүшөт аларда сени!- деди.Жаркынайдын ата энеси аларды көрүп четте туруп карап калышты.Аңгыча Эмир: Эжеке эсиңиздеби апам ооруп бутунан айрылганы калганда,сиз менин жанымда болдуңуз бир ай тынбай мени колдоп,мага мотивация берип акыл айттыңыз,сиздин жардамыңыз,түгөнбөгөн мээримиңизден менда өздүгүмдү таптым,апамда айыгып кетти,араба түртөм деп уялчуу элем,бирок сиз мени менен сыймыктандыңыз,чыныгы эркек болуп апаңды эч нерседен кем кылбай карап жатасың деп.Керек болсо араба түртсөңда ошол жумушту чын дилиң менен жаса дегениңиз үчүн кадимки жакшынакай таза кийимим менен арабамдыда таптаза кармап жумушумду суйуп аткарам.Сиз берген костюм шымды мектепке кийип,өзүмдүн эски костюм шымымды кийип араба түртүп жүрөм.Адамдарда таң калышат,жада калса бир бай байке да аялы экөө мени карап " балам сенден көп нерсе үйрөндүм,турган турпатыңдан эле,жумушту кандай жумуш болсода чын дилиң менен аткарсаң чыныгы бакыт ошол экенин үйрөндүм азаматсың!- дешти.Мообул ак жоолукту бергим келди сизге.Мектепке биринчи келгениңиздеги жоолугуңуздай жоолук араң таптым жибек жоолук экен.Ошондо мектептин дарбазасынан кулуп жайнап биз сизди тааныбасак да акырын басып: Саламатсыңарбы балдар!?- деп кирип келгениңизде эле жаккансыз бизге.Ошондон улам сизден мурда салам бергенге шашабыз уялганыбыздан.Сиздин ар бир кылган жумушуңуз сөзүңүз өзүнчө бир философия эжекеоооу.Сизди жакшы көрөм деп башына алган жоолугун салды.Жаркынай өзүн кармай албай: Эмирди кучактап: Садага болоюн акылдуум десе деп токтоно албай ыйлады! Аны көргөн ата энесининда көздөрүнөн кубаныч көз жаштары акты.Анда Айша: Ээ жаман балдар турбайсыңарбы! Эжекемди ыйлаттыңар кач деп Эмирди түртүп: Эжеке туулган күнүңүз менен жашооңуз ушул шириндиктей таттуу болсун! - деп эжекесинин бетинен өөп ырдап берди.Ошентип бактылуу көз ирмемдер болуп жатты.Жаркынайдын ата энеси келип кызын куттуктап соонун майрамдашып Жаркынайды каляскасына салып,окуучуларга ыраазычылык билдирип ооруканага кайтышты....Кайтып келе жатып Жаркынай ата- энесине: Ата,апа караңыздарчы менин өмүрүм текке кетпей жатыптыр,балам жок деп наалып жүргөм көрсө бир мектеп балам бар турбайбы?!-Балким Жараткан ушуну түшүндүрүү үчүн эскерткендир,аябай бактылуумун,бул арада ден соолуктун баалуулугун,сиздердин кымбат табылгыс бакыт экениңиздерди баарын баарын түшүндүм!- деди.....
Уландысы бар.....
Автор Маматова Рапия
Чыгарма жакса класс басып, комментарий жазып калтырыңыздар арыбаңыздар урматтуу окурмандар 🕊️🕊️🕊️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15