Жангак.✅
Дарылык учун кок жалбырагы, момосу, анын жашыл кабыгы жыйналат.
Жангак мейизинде 154 процент белок заты, 63 процент май заты, 10 процент комуртек суу бирикмеси жана кальций, фосфор, темир ушундай эле коп турдогу витаминдер бар. Демек белок менен май заттары башка кургак жемиштерге караганда жангакта басымдуу болуп, ал адамды семиртип булчун эттерин жумшартат, чачты оз калыбында болушуна жардам берет, адамдын тамактануусун жана дааратын жакшыртат. Бойроктун иштешине жардам берип, опкого пайда болгон кээ бир зыяндуу ашык заттардв озуно синирип, дем алуусун жакшыртат. Орто жаштагы жана карыган адамдардын бойрогунун иштеши начарлап, мындан кулагы чурулдап, бел жана бут ооруга чалдыгып,ошондой эле эркектердин жыныстыгынын иштеши начарлайт. Мына ушул жаштагы адамдардын опкосунун иштеши начарлап, андан жотолуп, адамдын деми кысылып, кокуроктон какырык чыгып турат. Бул корсотулгон дарттарга жангак ото эле пайдалуу болот. Булардын пайда болушун алдын-ала сактаныш учун ар бир адам эртели-кеч 14,5 г.дан жеп туруш керек. Ал эми кургатылбаган жангакта кытайдын дарыгерлери узакка чейин жазылбай кучоп кеткен темиреткини айыктырышат.
Жангак, мейиз, быштакты кунуго жесе, атеросклероз оорусуна, нерв тармагына жардам берет, чарчагандан, баш оорудан арылтат,журок булчундарын бекемдейт. Бул аралашма боор ооруну сакайтууга он таасирин тийгизет. Бир жолкусуна: 30г. жангак, 20г мейиз жана 20г.быштак сарпталат.
Ошондой эле жангакта йод ото коп болгондуктан жаш момолорунон варенье даярдалат, бул варенье адамды кыйнаган богок оорусун болтурбоого чон оболго тузот.
Жангактын курамында В (тиамин) витамини коп болот. Жангак ак кууптудон арылтат. Жангактын кабыктарын сууга кайнатып, чачты жуугандан кийин,ушул кайнатмага чайкап койсо болот.
Жангактын жаш момосунон жасалган вареньеси богокко ото дары. Ошондой эле богокту дарылоодо жаш момосун майдалап туурап туруп тенме-тен бал кошуп аралаштырып,кундо эртен менен ачкарын бир аш кашыктан жеп, жарым саттан кийин тамак жеш керек, бул дарылоо бир айга созулат.
Элдик медицинада жангактан жасалган дарылар кенири. Жалбырактарын кайнатып ванна турундо (ал учун 250г. жалбыракка 1 литр суу туура келет) муундардын сезгенишинде, итийде, тери ооруларында (диатез, безетки, экзема, тери туберкулезу) пайдаланылат. Тамак сезгенгенде (ангинада) ооз кондойунун сезгенуу ооруларында (гингивит,стоматит) оозду чайкоого, ич откондо ичууго колдонот.
Жаны узулгон жангактын жалбырактарын майдалап, эзип, ириндеген жарага жабыштырса жакшы, кургак жалбырактарын осумдук майына кайнатып жарага сыйпап койсо пайда берет. Жангактын жашыл кабыгы менен тишинизди тазаласаныз, тишиниз аппак болуп калат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1