19-БОЛУК
Эки уулунун козу жашылданып турганын байкай коюуп, дароо Жайнагулдун кабагына жалт карады: «Аа, бетим, мунусу да ыйлаганы турган неме го!» - деп ойлоп, кайпактай тушуп минтти:
- Ой, балакетинди алайын, кулунум, энен олбой турса Жакинди кутуп алганга жарар. Айтпасан да билем, коркпогун. Ок эле, ысарга кетип жаткансыган, арам десе…
Толкунбек кеткендин экинчи куну
почточу Мансурга кат алып келип берип кетиптир. Караса уулунун аялына жазган каты. Мансур коргон козуно ишенбегендей, ары салып да, бери салып да карайт. Бир
жерде басырылып калган, мурунку каттарынанбы деп да ойлоду. Акыры, бирдемеси уйдо унут калып, ошол жонундо жолдо жазган кат болсо керек деген жыйынтыкка
келип токтоду.
Кайнатасы Берген каты алып, конвертти
ачып, Жайнагул ичинен купуя окуп, кулумсурой берди. Башка бир ооз соз жок, бардыгы
суйуу. Жолдо баратып эстегенин, тез эле сагынып кеткенин, уйдон узай бергенде
аз эле жерден машинадан тушуп кала жаздаганын, ага дуйно, баардык кооздук
Жайнагулсуз бир тутам корунуп, конулсуз болуп жатканын жазыптыр.
Жайнагул катты окуп буткондон кийин
жанында Толкунбектин эмне деп жазганын уккусу келип, санаасы санга болунуп
турган эне-атасына эмне деп айтаарын билбей уялып турду.
-Капырай кат жазганга улгуруп
кетиптирби? Эмне деп жазыптыр? Уйдо бирдемеси унут калбаптырбы? Деги Аман-эсен
жетиптирби ОЗУ? – деди Мансур.
Жайнугул, эки жагына жалдырап,
келинин оозун тиктеп соз кутуп турган абышка-кемпирден онойлук менен кутула
албасын билди.
-Рыбачьеден жазыптыр, - деди унун
айыптуу немеден бетер акырын чыгарып. Машинанын ичинде савхоздун дирокторун
кутуп олтуруп, эриккенде, силер эсиме тушуп жазып жатам дептир.
Мансур башын
чайкады.
-Согушка кетип бараткансыган
акмактын катын жазганын кор. Болуптур балам, тушунуктуу. – Мансур эшикти коздой
басты.
Кына абышкасы чыгып кеткенден
кийин, артынан эликтеп минтти.
-Ой, кайран тушунугу кучтуу немее.
Тим эле жаш болбой койгонсуп, «тушунктуу» деп койгонун кара. Мен атана келгенде
согуш чыкты. Тез эле Мансурду аскерге алып кетти. Ал душманды женип, кайра
келгенсе жазган катары озунчо бир капка чымчып буума болду го. Кунуго кат. Кээде
бир кундо экиден алган кундорум да болду. Баланча Жака кетип баратабыз, тукунчо
жерге токтодук, согушка киргени жатабыз, эс алып олтурабыз, окопто жатабыз,
чалгынга жиберип жатат, сени сагынып олмок болдум, кокус бироого тийип кетпе,
деген сыяктуу каттардан башым адашчу. «Кырк жыл кыргын болсо, бейажал чымын
олбойт» дегендей атан канча жолу согушка кирип, бир жерин ок чийбей Аман чыкты.
Ал Берлинди алганда ошол жерден кантузия болду. Бул жаман тура.
-А ордендерди согуштан алды беле?
-Согуштан алган, балам. Атан жарадар
болбогону менен эчен эрдик корсоткон да. Жанагы Толкунбектин катын угуп, «тушунуктуу»
деп жаткан себеби, андай каттар оз башынан да октон эчен.
Жайнагул Кынаны кучактап, оз
энесине эркелегенсип минтти:
-Мен, сизди жакшы кором энеке.
-О, жакшы коргонундон секет
кетейин.
-Энеке дейм?
-И.
-Мен интернаны ушул шаардан
откозом. Оз уй, олон тошок, силер менен чогуу. Жыргал да ээ, энеке…
Толкунбек кеткен кундон баштап,
Кына келининин устуно келип жатуучу болгон. Жайнагул эшикке чыкса
эшикке, уйго кирсе
уйго кирет. Кокус жаш немее уялып айтпай алда кандай болот деп чочуйбу,
тыншаганы да, андыганы да Жайнагул. Кынанын уйкусун бироо уурдап кеткенсип, тун
баласы уктабай чыга турган дартка жолукту. Кайненесинин уйкусу канна уктабай,
тынчы кетип жургонун билген келин, аптекадан уйкунун дарысын алып келип катып
койду. Жайнагул бугун эмнегедир учун озун кундогудон оор сезип, ичи башы
ооругансып, ону талмоорсунку.
Тамакты кундогудон эрте жасап,
ата-эненин тошогун эрте салды. Толкунбекте жанаарак келген катты окуганга шайы
келбей чонтогундо журду. Кайненеси да шакыйым кармап калыптыр деп жарытып тамак
ичпей койду. Чындыгында бул шакый эмес эле уйкунун оорусу болчу.
-Эне, баш оорунун дарасын
ичиниз, - деди келини чай чыныга суу куюп жанына келип. Бул уктатуучу даары экенин
эне тушунгон жок. Кына дарыны ичээр-ичпестен эле, эч алууга даяр турган алсыз
организим бошой баштады. Анан ошол замат башы жаздыкка тиер менен уйкуга кетти.
Оолда байкуш энем ай, мен деп,
менин ичимдеги бала деп журуп, уйкудан караптап кеткени аз калган тура», - дейт
мемиреп эч нерседен бейкапар, жыргап уктап жаткан аялдын кыйма-чийме бырыш
баскан чурушунку арык жузуно ичи жылый карап.
Бара-бара Жайнагулдун ичинин
ооруганы кучогондон кучоп, озун колго алалбай баратты. Кайненесин ойготуп
айтайын дейт, уйкусу бузулат деп аяйт. Айтпайын дейт жанын коёрго жер таппай,
эрдин кесе тиштеп, бирде туруп ары-бери баса, бирде жерде ой боюнча оонап,
топтой томолонуп жатты.
Ардайым тун ортосунда эшикке
чыгып конгон Мансур адатынча короого чыгып, келини менен кемпири жаткан уйдун
жарыгы очпой, чакыйып куйуп турганын коруп журогу опкоолжуй тушту. Ошол замат
дабыш чыгарбай акырын басып, терезенин тушуна келип, парданын ачылып калган жылчыгынан
шыкаалады. Кына оз тошогундо уктап жатканын коруп бир демге токтоп калды. А Жайнагулду
болсо кошогодо уктап жатса керек деп ойлоду. Ангыча, Мансур кетейин деп
терезеден боюн алганча болбой чачтары жайылып, саксайып кеткен келини,
кошогодон эмгектеп чыгып, ичин кош колдон басып, бир демге тиштенип туруп,
турган ордуна суналып жатып калды. Анан кайра томолонуп барып, бурушо тушту.
Келининин толготуп калганын тушунгон
Мансур, не аялын ойгото албай, не уйго кирип баралбай, карбаластап калды. Демейде уктай албай кыйналып Журом деп даттанып калуучу аялынын эч нерсени сезбей уктап жатканына жини келип, кыжыры кайнады. Бул жаман, Кудай алгыр, уктаганын да билбейт, - деп ойлоду. Анын оюуна капысынан врачтар, торот уйу тушту. Ошол замат койнок-ыштанчан, устуно чапанын, бутуна эшик алдында жаткан эчки галошту салып, сарайда байланып турган тору атты жетелеп чыгып, жайдак атты секирип минип, короодон орт чыккансып чаап чыкты.
… Врачтар келгенде Жайнагул
озунон ОЗУ урунуп-беринип, жанын коёрго жер таппай, ички уй менен тышкы уйдун ортосунда Жан далбастап жаткан. Кайнатасынын унун, адамдар суйлошкон создорун угуп, Жайнагул эсине келе тушту. Ошол замат кошогого кирип тошогунун устуно устомунон кайра жыгылды. Врач менен медсестра экоо эки жагынан жолоп-таяп Жайнагулду кийинтип, тез жардам машинасын коздой, замбилге салып которуп чыгыпбаратканын коргон ата, тыштан уйго кандай атып киргенин ОЗУ дагы билбей калды. Ал Кынага ачуулуу ун менен кыйкыра суйлоду:
-Ой, олгон олук, тируусунбу же
олуусунбу? – деди демитип.
-Ата-а-а, э-нем ооруп калыптыр,
уктасын, ойготпонузчу, - деди уну дирилдеген Жайнагул, замбилде баратып.
–Уктабаса козуно ак
тушсун. – Аялын жулкулдатты. – Эй, тигил Жакинтайды догдурлар келип, алып кетип баратат. А сен болсо жыргап уктап жатасын. Толкунбек сага бекеринен айтпаган экен баягы созду.
Кына олуп, кайра тирилген немеден
бетер, уйкулуу козу менен ордунан томолонуп турду. Анын баардык укканы да, тушунгону да «Жайнагулду догдурлар алып кетип баратат» деген соз болду. Бирок алар эмне учун алып кетип баратканын тушунбой, башы тумандап турду. Бул кезде келинди машинага салып жатышкан. Ич койнокчон, жыланаяк, жыланбаш, уйдон чынырып чыккан эненин уну Жайнагулго угулуп барып, бир паста алыстап кала берди. Кына канчалык далбас урганы менен келинине жетпей калды…
Жайнагулдун толгоосу аябай каттуу
болду. Торот уйуно жеткирилгенден эки кундон кийин Аман-эсен кыз тороду. Кынанын калган чачы ушул эки кундун ичинде агарды. Мансур экоо уйго уйчулук, жайга жайчылык кылбай, уройлору учуп, боздоп-какшап басып жургон кун менен тун жакшылык менен аяктады. Мансур ата уулуна: «Бешик боон бек болсун, кыздуу болдун», - деп кутуктап телеграмма уруп жибергенин Жайнагул Толкунбек келгенде укту.
* *
Жайнагул окуудан келип,
эшиктин алдында озун кутуп олтурган айылдан келген кошуна аялды коруп, суйунуп кетти.
-Саламатсызбы, апа! – Аял менен
кол алышышты. – Коп болдубу келгениниз?
-Жо, балам, анчалык деле коп
болгон жок, чай кайнамга не жетти, не жеткен жок. Мансур менен Кына барып
балдардын турмуш-абалын коруп, дендери сак, Аман-эсен жатканын биле келсен деп какшап калышты эле. Кокус, бери жиберген тамак-ашы бузулуп кетеби ысыкта деп
туз эле силердикине келдим.
Урматтуу окурмандар чыгарма жагып жатабы?
Уланта берелиби?
Класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5