18-БОЛУК
Ошондо Жайнагул: «Эмне кызык,
кайдагы кара мышык ортобузду араламак эле» - деп, ичинен кулуп Тим болгон. Чындыгында
эле бул эненин журоктон чыккан тилеги болучу. Толкунбек окууга отпой калып,
жаман жолго тушуп кеткенде эбепке-себеп болуп, кайра кайтарган ушул Жайнагул
экенин ата-эне жакшы билуучу. Кына менен Мансур Фрунзеге адегенде Садыныкына
барып, алгач Жайнагулду коргондо эле ичтери жылып, конулдору тушуп: «Ата-а-а,
биздин Чиркин уулубуз кишидей болсо, колдон чыгааручу бала эмес экен. Бирок биздин
аягы менен жургон селсаяк балабызды кайдан тенине алсын» - деп ойлогонун кийин
келинине кеп салып, Кына кулгон болучу.
Отпускасы аяктаган сайын
Толкунбектин тынчы кеткенсип, Жайнагулдун жанынан имерилип чыкпай калганы, келиндин
али эсинде куну бугункудой сакталуу. Кош бойлуу, ай-кунуно жетип калган
колуктусун таштап, ОЗУ кайра кеткенден кийин бир ээн болмодо жалгыз жатаарын
ойлоп, тынчы кетип, санаага чогуп, онунон азгансып кетти. Анан калса бул
жигиттин суйуусу мурдагыдан да алоолоп, мурдагыдан да махабаты ашып-ташып бараткандай. Жайнагулдун боюна болуп, ичи билине баштаган кундон тартып, бирде жанар ТОО болуп жарылып кетуучудой озунон озу опкосу кооп, алеп-желеп. Мурдаго мурда. Анда Жайнагулдун тороруно али коп бар деп ойлоп, санасы тынч болучу. Бала тогуз ай, тогуз кун, тогуз саат, тогуз мунотто торолот имиш, деген созду кулагы чалган Толкунбекке, мынчалык ай, мынчалык кундор эн эле эсеп жеткистей болгонсуган коп кундор менен сааттар бат эле арта калып, Жайнагулдун коз жарар кези алдыда сагалап турганга окшоп калды. Толкунбек кээде курсакта жаткан баласы менен ойлоп, анын дем алганын, кыймылдаганын тыншай берет. Мындай мамиледен бою жыйрылып, уялган келин куйосунон отунот.
-Койчу уят эмеспи. Антпечи, суранам сенден.
-Суранбай эле кой. Мен биронун аялын эркелетип жаткан жокмун, чынбы. Бул жерде менин тунгуч уулум жатат. Оо, бала деген кандай сонун. Ата менен эне учун баладан кымбат, баладан таттуу эмне бар. Мен сага омурум откончо милдеттуумун, -дейт адатынча деми чыкпай калганча коодонунон баштап козуно чейин опкулоп.
-Сен качан болсо эле мага милдеттуу болуп каласын. Ал эмне деген милдет,-дейт Жайнагул чыны менен эле, кайсыга милдеттуу болуп жатканына тушуно бербей.
-Койчу, кантип эле билбей калмак элен?
-Билсем сурамак белем, айтчы озун.
-Эй макоом ай, макоом. -Толкунбек шыпты тиктеген калыбында ойлуу, оор улутунуп койуп созун улайт.
-Мен сенин эмгегинди, сенин наристе махабатынды олгончо унутпаймын. Муну эсине тутуп койушун керек. Бала кезимде бир жомок уккан элем. Эки жигит кетип баратып эки айрылыш жолго туш болушат. Экоондо тен жазуу бар. Бири барса келбес, бири барса келет. Эки жигитин бири ошол барса келбес жолду коруп туруп, ошол жолго тушот. Жомокто ошол жаман жолду тандап алган каармандын образы укмуштуудай суроттолот . Азап менен тозок аны кадам сайын кутуп, кадам сайын ага жолугуп турат. Акыры бир
сулуу кыздын жардамы менен ошондой оор турмуштан кутулуп, бактылуу жашап калат. Эми ойлосом ошол барса келбес жолго тушуп кеткен жомоктун башкы карманы мэн экемин. Ал эми мени бактылуу кунго жеткирген "барса келбес" жолдон аман-эсен кайра алып чыккан сулуу сенсин да ыя, алтыным. Баягы экообуз биринчи кезикен тунду азыр эстесем да тобо чачым тик туруп, буткон боюм дуркуройт. Сен ошондо эле акылдуу болчусун. Эгер сенден башка женил ойлуу кыз болсо, интернатта бирге окумактан, эгизинин сынары болуп клса да, эмне кылат эле, ыя мени. Ошону Сады абам менен Гулайым женемдер укпаган, билбеген бойдон калышты, ээ. (Жайнагул Толкунбектин катын ага женесине окутканын куйосуно айткан эмес) . Тан кала турган эле окуя. Ушуну бироого айтса ишенбес эле. Сендей акылдуу кызды суйгон оз журогумо озум ыраазы болуп кетем ойлоп олтуруп. Эми минтип балалуу кылганы олтурасын. Сады Казиевичтей бир туугандуу, Гулайымдай женелуу, Тумардай кайненелуу болдум. Эр жигит учун мындан артык бакыт болобу. Айтчы, Жакин жашырбай, озунду кандай ойлойсун, бактылуумун деп эсептейсинби, же......
-Эмне учун бактылуу болбоско..... Бактылуумун. ....
-Бул Толкунбектин отпускасы аяктап, эртен кетем деп жаткан убактылуу ажырашуунун акыркы туну болчу. Тан атканча эки жаш камырдай жуурулушуп, алтындай ширелешип,, суйлошуп создору бутпогон, кусалуу кумарлары таркабаган бойдон тошоктон турушту. Эртеси кетээр алдында энесине Толкунбек синти:
-Эне, келининизге сак болунуз, ээ?
Бул создун маанисине кандай тушуноорун билбеген эне, уулун маныроо козу менен тандана карады. Кынанын тушунбой калганын дароо байкаган Толкунбек, созун кара улады.
Эшикке жалгыз чыккандан коркот тун ичинде. Анан дагы килейген ээн болмодо озу кантип жатат? Анын устуно кош бойлуу болсо. Ачык айтпаса тушунбойсуз, жарыктык.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2