3-бөлүк
Жашоого кайткан мугалим
Ошентип Эмир эжеин судуроп жоноду кайра ооруканага.Экоо эне баладай кобурашып келе жатышты,аңгыча терезеден коргон медайым шашып чыгып: Эй эмне кылганың бул?- деп кайра Жаркынай эженин жузундогу жылмаюуну коруп кайра: Сен кимиси болосуң,баласы болосуңбу же?- деди.Анда Жаркынай : Ооба балам дегенде,медайымдын ачуусу келип: Эй сен кандай баласың? Апаң он кундон бери өзүн өлтүргөнгө аракет кылып эч кимим жок деп шок абалдан чыгалбай жүрөтго,кандай баласың сен? -деди бакыра. Анда Эмир таң калычтуу көздөр мн карап: Эжеке ушул чынбы? Мени,Сеитти,Айшаны ойлободуңузбу? Биз сиздин жакшы көргөн окуучуларыңыз эмес белек? - деп ыйламсырады..Жаркынай жөн гана жылмайып койду.Медайым : Иии сен окуучусу болосуңбу? Азаматсың анда он күн дегенде бүгүн жылмайды эжекең!- дейтда Келе бер мага!- деп ичкериге алып кирип кетет.Эмнегедир ошол түнү Жаркынай эжеке тынч уктады.Эртең менен эрте туруп; Карачы балам жок болсо эмне болуптур,жашоомду ушул окуучуларыма арнайын,мени өз апасындай көрүп ооруканага таап келиптир,демек Кудайым мага ким жакын,ким кандай экенин көрсөтүү үчүн,өзүмдү унтуп ден соолугумду жакшы карабаганым үчүнда эскертип жаткандыр,мен аракет кылып басамын,басалбасамда эмне менден да оор абалдагы адамдар деле Кудайга шүгүр кылып эле жашоодон оордун таап жүрүшпөйбү?! Ээхх Жаратылыштын кооздугун карачы,табигаткада көңүл бурбай калган турбаймынбы?! Кой Эмир дагы көрсө эжекем алсыз турбайбы дебейби,кой андан көрө өзүмдү кармап дагыда болсо үлгү боло турган инсан болоюн!- деп сүйлөнүп коюп анан эки жагын түздөнө баштады.Аңгыча апасы келди: Ой ырааң башың жакшына боло баштаптырго !- деп кубанды..Медайым тамактарын берип укол сайып,даарысын ичирип чыгып кетти.Жаркынай эжеке апасына ичиндеги сөздөрдүн баарын төктү.Апасы экөө бир саамга сырдашып отуруп апасы Жаркынайды сыртка алып чыкты каляска мн.Эмир сабакка катышып анан акыркы эки сабактан класс жетекчисинен жооп сурап сумкасын көтөрүп жөнөдү.Артынан Айша чуркап чыгып: Эмир кайда сен?
Эмир: Айша жүрү бир деме көрсөтөм сумканды алып чык!- деди кубана.Экөө жөнөдү,ооруканага жетишти.Эмир Айшаны: Сен артымдан баскын мен ооруканадан чыкканымда артымдан жүргүн суу боюна барганда сүйлөшөсүн!- деди.Оюнда Жаркынай эжеке Айшаны көрсө даагы намыстанып ыңгайсыз болбосун дейт.Ошентип медайымдан уруксат сурап Жаркынай эжекени каляскада сыртка алып чыкты.Айша көрүп эмне дээрин билбей көздөрунөн жашы токтобой же эжекесинин жанына баралбай арттан гана күзөттү.Жаркынай Эмир экөө мектептеги жаңылыктарды кобурашып баратты.Суу жээгине барып эжеке: Мообу кайсы куш? Билесизби? - деп суроо узатты.Анда Жаркынай карап отуруп : Ии балам мен математикага эле басым жасап, куштарга эч маани бербептирмин,Тоңкулдак эмеспи? Тумшугу узунго ?!-деди.Анда бул -кызыл канаттуу куш,бул куш да жылуу жактарда жүрөт көбүнчө дөңсөөлөрдө,чынында тоңкулдакка окшоп кетет! - деп сабак өтүп баштады.Аңгыча Айша ааырын басып келип эжеинин тизесине башын койду.Жаркынай эжеке муздай түштүда: Ай Айша кызым эмне болду?- деседа көзүнүн жашын токтото албай койду Жаркынай эжеке экөө кучакташып алып көпкө ыйлашты...Эмир араң сооротту аларды.Айша Жаркынай эжекесинин бутун ары бери кыймылдатып физарядка жасатып жатты,а Эмир болсо жашоого мотивация болчуу ойлорду айтып берип жүрүп сабактарданда мыкты деген бааларга жетишет......
Уландысы бар
Автор Маматова Рапия
Чыгарманы окуп өз пикириңиздерди калтырыңыздар 🕊️🕊️🕊️🕊️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
Модер кыздар бошоп киргизишет,сабыр кылып окусаныздар болот.