14-БОЛУК
Мансур менен Кына элчилеп ага-тууганына салык сплып, кошумча чогулткан да жок. Элчилеп кудаларынын ачуусун басып, тартуусун да тарткан жок. Алар Жайнагул келгенден бир жума отуп-отпой эки баласын оздору оздору менен бирге алып кудагыйыныкына барып, жолдорун ачып алышкан. Баарынанда эки кудагый каймакка куймак куйгандай болуп, бири-бирине жакты да калды. Пейилери, ниеттери топ келишип, сенин таманына кирген тикен, менин чечекейиме кирсин дегендерден болушту. Тоокунбекке барып ушул эшикти аттап киргенден баштап Жайнагулдун коргон камы-кайнене менен кайнатасы. Ал кынанын да Мансурдун да ден-соолуктары жаешы эмес экенин билди. Экоонун тен журоктогу куйутко куйуп,куйуттон жараланган адамдап экенин ойлогондо уктап жатса ойгонот. Анын устуно Мансур улуу ата мекендик согуштун биринчи группадагы инвалиди болчу. Кына келинине сырын айтып олтуруп минткен:
- Акылын болсо соз туйунун тушунуп, эсине аларсын балам, акылын болбосо бул кемпир кайдагы мага тиешеси жок, откон-кеткенин айтып кулагымдын кужурун алып жатат дээрсин. Он биодин энеси болдум, мандай соогум тайкы экен ону жер астына кетти. Толкунбектен улуусу онунчу классты бутуп жатып томпоюп калбадыбы кагылайын. Олгондун артынан адам олбойт тура. Тундо тушумдо бир ботон эл, ботон жерде балдарымды жоготуп ошолорду издеп таппай жургон экенмин. Бала бакча экен дейм оюмда бир жайга келип топураган эо менен балдарга туш болом. Ангыча ары жактан бобокторун жожуротуп ээрчитип Токтомушум чыгат. Ал кимдер бироодон " Биз энебизди издеп журобуз, сищ ал кишини коргон жоксузбу?"-деп сурап жатканын угуп, кубанганымдан тилим буулуп, унум чыкпай аягым шилтоого келбей, турган ордумда катып калсам болобу. Тигил адам Токтомуштан: " эненерди тааныйсынапбы?- деп сурайт. Анда балдардын баары чур дей тушот:"энебиздин журогу бизди эстеп, ыйлап журуп куйутко куйуп калган. Ошол журогу куйгон эне биздин энебиз-деп ыйлап жиберишет. Мен балдарыма канчалык далбас уруп, энелер миеминдеп айтайын деп талпынганып менен аларга жете албай, адашып каллым.
-Кынанын коз жашы тогулуп жатты.-кагылып кетейин Жакинтай,-деди эне жашын суртуп,-мен эртен менен орлумдан туруп эле, думуртка чегип сут менен майга кичине камыр жууруп койгонмун. Эмдигиче ачып калса керек, сен кагаздай жука жайып,тенин кыйыкча, тенин жумуру эшип, бармакча кес. Мындай жасалган таттуу нанды балдар жакшы корот эмеспи кагылайын.Эки-уч турум сансаны озум эшейин.анан самоор коюп,кошуналарды чакырып,балдарыма багыштап,дубаа кылып чай ичели.Оо козу ачык кеткен чолпондорум, энем менен жаны келген женем жасаган экен дешип,талашып жешсин...
кайненесинин созун угуп,Жайнагулдун ыйлагысы келип,жашып кетти.Боору ооруп,конулу уйгу-туйгу болду.Балдарын унутпай минтип кайгыра берсе,туболугу кандай болор экен деген аео сезими журогун тилип турду.Олбой тируу журуп,олгондон калган жалгыз баласынын ракатын корор бекен,байкуш киши.Чын эле балдары айткандай ,жедеп олумдон журогу куйуп буткон байкуш тура.Ошон учун оорукчал,ошон учун арык да.Ошентсе да жаны тынбаган ,тынчы жок киши экен,оюна койсо мага чырпык башын сындырткысы жок.Кайненелуу келиндер кандай бактылуу.Эне байкушженилди жерден,оорду колдон алган жук которгуч нар болот тура...
Жайнагул оозго кирген келин болду.Кайнененин камырынан,тамырынан дегендей,тигил Мансурдун келининин сарамжалы,жасаган- неткеникадим эле Кына.Кызды тууса ушундай тууп,кызды тарбияласа ушундай тарбияласын. Ту-ту-ту,коз тийбесин бечараларга. Олуп-олуп,олгондон калган жалгыз баласы суналган жакшы жигит болуптур.Мына, бала деп ушуну айтыш керек.Минтип чон жерден колукту алып,ата менен энесин келинге да,кудага да тундуруп салды.Кээ бир окмот чалыш жерден келин алгандардын абалын коруп эле журбойбузбу. Кудай бетин корсотпо:тим эле падышанын кызынан бетер,кайнене, кайната дегенди топурактан жууруп алгансып,киши ордуна корушпойт.Кабактарын ачпай,ийсинген бээге окшоп мисирейип турушса бир укмуш.Тобаа, кудурет,баласы жакшы,аны тапкан,бакканата- энеси жаман ээ.Коруп туруп куйбогон жерин кул болот.Айла жок.Кудай бала берсе Толкунбектей бала берип,келин берсе Жайнагулдой келин берсе экен,-деген сыяктуу создор дунгуройт.
Бир кезде Жайнагул кайнене,кайнаталуу жерге барсам экен деп тилоочу.Жаштын тилегиысык тийген кундой дегендей,минтип анын ойлогон ою,тилеген тилеги келип,кубанычы койнуна батпай турган кез.Ата десе ата бар,эне десе эне бар.
Мансур менен Кына келин-уулум Садыныкында эле болушат го деп ойлошкон.Бирок андай болгон жок.Кыз-куйоонун кайнагасыныкында туругуна башкалары макул болгону менен Сады менен Тумар болбой коюшту.Чыккан кыз чийден тышкары,-дейт, кудагый-куда. Эки бала оздорунчо эле турушсун.Колдон келген жардамды ансыз деле берип турабыз дешип...
Ошентип,эки жаш шаардан бир болмо там таап,ошого кочуп келип,оздорунчо тутун булатып калышты.Жайнагул кундуз окуса,Толкунбек жумуштан кийин,кечкисин окуйт.Экоо тамак-аштан, акча-тыйындан каржалбай тын жашашты.Бир жаман жери Толкунбек эртен менен эрте жумушка кеткен бойдон,тундун жарымында бир келет.Куйоосу экоо дем алышты эсептебегенде суткасына коп болсо жети-сегиз саат гана бирге болушат.Жаш колукту институттан келгенден кийин тамак-ашын жасап алып,Толкунбек келгенче сабакка даярданып,газета, журналдарды же адабий китептерди окуп,жубайын кутуп уктабай отура берет.Тыштан дабыш чыкса селт эте,элее тыншап туруп,тим болот.Жайнагул учун куйоосу экоо корушпогон сааттар,тим эле бир жерге токтоп калгансып,узарып кетет.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2