1-бөлүк
Мектепте баардык окуучулардын,мугалимдердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Жаркынай эжеке күндөгүдөй жаркылдап мектепке кирип келди,адаттагыдай сабагын өтүп сабакта жакшы катышкан окуучуларга белектерди берип кубантат.Аны мектептеги мугалимдер "экиге окуйт"- деген балдарда Жаркынай эжекесин жакшы көрүшөт,жада калса эң шок мугалимдерди какшаткан Эмирда ал мугалимди өтө сыйлап жакшы көрөт.Ал эми коллективдеда сыйга татыган мугалимдерден,мугалимдерге дайыма мотивация берип ойготкон,өтө энергиялууда,акылдууда,чыгармачыл,билимдүү мугалим! Аны баары мугалимдиктен башка жумушу жок деп ойлошот,бирок ал мектепке баратып жолдо тасбих тартып,зикир чалып кетсе,мектепте сабагын өтөт,тыныгуу убактында мугалимдерге мотивация берип кимдин кандай көйгөйү болсо эринбей угат,жардам керек болсо жардам берет,өзүнчө бөлүнүп жүрбөйт,ал баарына сырдаш,акыл дос. Ал эми мектептен соң үйүнө келип да тынбайт үй иштерин жасаганча ар кандай жаңыча методдорду үйрөнөт,долбоорлор менен иштейт,эч бир мүнөтүн текке кетирбейт. Жада калса директорда дайыма колдоп жүрөт,аны сыйлайт.Бир күнү Жаркынай эжеке адаттагыдай сабагын өтүп үйүнө жөнөдү жолдо баратып жолдун аркы бетинен берки бетине өткөнчө шашты жолдун ортосуна келгенде колундагы пакети колунан тушуп жемиштерин топтогончо катуу келе жаткан машина сузуп барып токтоп калды.Тез жардам чакырышты айланадагылар,а уруп жиберген шофёр өзү шок абалга тушуп эмне кылаарын билбейт,жарым сааттан соң тез жардам машинасы келип мугалимди салып кетишти.Жаркынай эжекенин күйөөсү Айдар байке жетип келди.Айдар байке менен Жаркынай эжеке 10жыл жашапда балалуу боло алышпаган,кайненесида жетип келип врачка кирип кетишти.Жаркынай эжекеге операция жасалып врачтар аны мындан соң баса албайт деп айтышты.Муну уккан Жаркынайды атасы менен апасы тирүү калганына кубанышты,уруп жиберген айдоочу улам ыйлактап кечирим сурайт.Аңгыча мугалимдин кайненеси Айдар байкени: "жүр кеттик ! Баарибир балалуу боло албадын,эми жетпегендей инвалид кылып өзүң багасыңбы? Кеттик болду жашабайсын!"- деп алып кетип калат Жаркынайдын күйөөсүн.Арадан он күн өтөт Жаркынайды атасы менен апасы алмак-салмак нөөмөттөшүп карашат,жумуштарына барып келип.Он күн дегенде каляскага салып палатасына алып чыгып өткөрүшөт.Жаркынай жаркылдап жашап жаткан жалыны өчүп,жашоодон түңүлүп тирүү өлүктөй күндөрү өтөт,апасы сыртка чыгып кеткенде өзүн өзү өлтүргүсү келип жашоодон үмүтү үзүлөт.Кудайым ай мени кандай бир сыноого салдың кантип бул сынооңдү женип өтөм ай!-деп кайгыргандан башка колунан келбейт.
Мектепте окуучулар Жаркынай эжекесин сурай башташат.мугалимдер эжекенер ооруп даарыланганы кетти деп айтышат.Бир күнү Эмир эжекеси жок абдан капалуу чыгып баратып усулканада эки мугалимдин Жаркынай эжеке жөнүндө сүйлөшүп жатканын угуп калат.Анда Асел эжеке: Аиии Жаркынай эжеке жаман болуптур ээ,авария болгону мейли эми буту баспайт дешиптир!- десе Нурай: "Алда мейли күйөөсү да таштап кетиптир,кайсы ооруканада экен?"-деди
Эмир эшике жакыныраак келди кулак төшөп
Анда Асел: "Шаардык ооруканада" деди
Эмир уккандан соң шаша-буша чуркаган бойдон чыгып кетти.Шаардык ооруканага жетип эжекесин сурады.Врач палатасын көрсөттү.Эмир колу буту титиреп алсырай түштү да сыртка чыгып ошол палатанын терезесин карады,Жаркынай эжеке ойлуу көздөн жашы токтобой терезеге карап отурат.Аны көргөн Эмир токтоно албай ыйлап жатты: " Эжеке жаркылдаган эжекем мен сизди жашоого кайтарам эжекем,сиз мага жашоодо кандай жашаш керек экенин үйрөттүңүз,а мен сизге жашоого кантип кайтууну үйрөтөм!- деп күңгүрөнө ыйлап жатты.......
Уландысы бар...
Автор Маматова Рапия
Чыгарма жакса класс басып комментарий калтырууну унутпаңыз мусулман бир тууганым.....
Уланталыбы??
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11