7-БОЛУК
Ал эми Аккыз эже дагы эле Эмилдин айлыгын кутуудо. Акча алып келсе Зыйнат менен биринчи класска баруучу баласына кийим алып берууну айтып, Эмилдин кулагына кумдай куят. Уйдо болсо жетишсиз, оп-чап турмуш оз окумун суруп жатты. Тушто суу кесме болсо да ысык тамак дайым болот. Аны идиштерге тегиз куюп, устуно бир чымчымдан майга куурулуп майдаланган тооктун жумурткасын себелеп коёт. Тим эле даамдуулугун сураба, ракаттанып олтуруп ичебиз.
Бир куну Зыйнат тушку тамакка кесме эмес, башка тамак даярдаптыр. Мен мындай тамакты буга чейин жеп коро элек болчумун. Азыр "думдомо" жейбиз деп балдар дасторкон жайып жатышты. Зыйнат ангыча чон табак менен бир кылып жалан жашылчалардан аралаш бышырган оокатты которуп келип ортого койду.
-Апам ооз тийсин, жутунбай коё тургула!- деп кыз колундагы тарелкага "думдомодон" салып энесинин астына дасмал салып, колуна кашык карматты.
-Эт менен болсо,во! Соонун болот эле ээ, апа,- деди балдардын бири баш бармагын корсотуп.
-Эт эмес устуно куйгандай бир кашык май жок болуп жатса, этти кеп салат.- Зыйнат бобогунун созун жактыр багандай кунк этти.
-Этсиз, майсыз деле жегиликтуу болуптур. Ушугада каниет балам. Эт менен май жеп журуп кана муйузунор чыкканы- деди Аккыз эже.
-Мен стипендия алганда думдомону эт менен жасап берем.
- Качан аласын?
- Окууга барганда.
- И, иш онолот деген ушул. Эженер тигинтип суротчунун окуусуна отту. Аганар болсо тштеп жатат. Эки уч кундо атанардын пенсиясы келет."Олбогон адам алтын аяктан суу ичет"дейт балдарым. Аман болсонор баары болот.
-Чайын барбы Зыйнат?- деди Эмил.
-Бар. Азыр байке.
-Менда чай ичем.- Балдар туш туш тан чыкты. Зыйнат баарыбызга чай куюп алдыбызга койду.
-Кант кана?- деди Аккыз эженин кенже уулу.
- Кант жок, ичпейм.
-Ичпесен ичпе,- деди кыз.
-Кант алып кел!- кашыгын стол устуно ыргытты.
-Кайдан?
-Дукондон.
-Акча жок болсо деле, бере береби?
-Эмил байкем баягыда акча алып келбеди беле.
-Аны туготподукбу. Чыдап тур бир эки кун. Тигил конфеттен тиштеп ичсен эн сонун болот. Ишенбесен ошентип ичип корчу...
Бала алдаганга болбой кант сурап ыйлай баштады. Аккыз эже муну карап туруп, думдомо жеп жаткан кашыгын тасмалдын устуно койду.
-Ай, Эмил, бери карачы
-Эмне болду?- ону очл тушту.
-Эмне болгонун корбой турусынбы. Качан аласын маянанды?
-Билбейм, берет го.
-Билбейм берет го! Ушулда соз болобу. Уйдо баары тугонду. Баш аягы торт ай болду иштегенин. Ошондон бери алып келген акчан огунку. Андан бери иштегенин канча болду деги. Мен бул жонундо директорун менен кат аркылуу болсо да сулошпосом болбой калды го балам. Алар сент баласынтып жатышабы дейм.
Эмилдин ону жанакыданда кубарып, каны качып турду.
Энесин жалдырай карады:
-Акыры беретда. Ал жерде иштеген жалгыз мен эмесмин да, апа.
-Э,кудай, ошол курулушта иштегендер баары эле тамак ичпеген, кийим кийбеген уй булосу жок жалгыз бой немелер бекен. Болбосо тируу жан болгондон кийин кантип уч торт айлап акча алюбай чыдашат. Жалгуз тоокода жем керек эмесби.
Эмилдин жаак эттери туйулуп, куроо тамыры кобо тушуп корс этип, энесин алая карап алды:
-Мен болбосом кантет эленер? Акча бербесе кассага ууруга кирейинби. Жатып алып тушунбой эле, кемирип-кесип тилдегенден башканы билбейсин.
Эженин ону баштагыдан да агарып, бир башкача болуп кетти. Эриндери озунон озу озу эмшендеп, коздорунун чарасына жаш толо баштады.
-Кундай сага уштип кунубузду тушуруп койбодубу. Атанар олгончо мен олуп калсам эмне. Оо, акылсыз балам, ара жолдо жаткан апан менен кантип уяалбай айтышып олтурасын. Мен сенин иштеп жургонуно кумонмун. Дагы жатып алып деп коёт. Алты саным аман, дени-кардым соо болсо сенин козунду ушинтип карайт белем.
-Кумон болсон эмне кылайн.
-Бай-ке-е!- деди Зыйнат ордунан учуп туруп, агасына соомойун кезеп.
- Апамы капа кылууга эч кимибиздин акыбыз жок.
Кыздын жашы молт дей тушту. Анан эненин жытын сагынган эликтин чаарчыгынан бетер, Аккыз эженин жанына барып апасынын мойнунан кучактап, бетин бетине тийгизди.
-Койчу апа, ыйлабачы. Сизге капа болууга жарбайт да. Жакшы болуп келатып эле, кайра озунузду озунун бир заматта бузуп аласыз... Сиз болбосонуз биздин коргон кунубуз кун эмес эле тун болбойбу. Козунуз жылтырап, ушинтип тируу жатканыныз биз учун доолот эмеспи, апа.
Аккыз эже коз жашын суртуп, кулумсороп койду.
-Мен олсом кайра силерге жакшы болот, балам. Окмот бар, ырысынар бар. Кор болбойсунар. Илгеркидей жетимдик барбы азыр.
-Койчу апа, сен бардагыдай бакыт бизге кайдан болсун. Тил алчы, капа болбочу.
Эмил энесинин жанына туруп барып, каргылданып мынтти:
- Кечирип койчу, апаке мени. Экинчи мындай болбойт. Мен капачылыктан эле...
-Ооба, ооба, Эмил байкем туура айтат, апа. Баардыгы жетишсиздиктен болуп жатат да. Озун айткандай, олбой тируу болсок болот да баары. Кантип эле ушул бойлон жетишпей отуп кетели. О-о-й, апаке уулдарын эр жеткенин, кыздарындын бой жеткенин корсон экен. Биз сени ошондо жер менен учам десен жер менен, асман менен учам десен асман менен учуруп ушул кундун эсесин чыгарабыз. Балдарындын алдына койнон максаттары чон экенин билесин апа. Бири учкуч болом десе бири врач болом дейт, бири педагог болом десе бири инжинер болууну каалайт. А мен болсо художник болмок болдум. Кагылайын апа, ойлоп корчу озун, тим эле туш тушун кыбыла. Биздин убайыбызды коруш учун озунду озун кармашын керек. Айтпады беле врач деле, акырындык менен жакшы болуп кетесиз деп. Конулду чогот кылып, капа болууга жарабайт деп келген сайын какшайт. А сен болсон врачтын айтканын аткаргын келбейт.
Зыйнат бул создорду энесине, тим эле жан дили менен берилип, ишениндуу суйлоп жатты. Аккыз эже кызынын созуно эрэркедиби же ошол балдарынын коруучу келечектеги бактылуу кунду корбой эрте олуп кетээрин ойлоп кейишке туштубу, айтор опко опкосуно батпай ыйлап жатты. Ал уул кызына атайын деген созунда айталбады.
Зыйнат чынында эстуу кыз болчудай. Баралына келип, багы ачылса экен дейм ичинден. Аны бир кундо канча корсом, ошончо жолу сен эсиме тушосун да турасын. Сени коргум келип, сени сагынам.
Булардын жокчулук жонундо айткан создорунун мага тиешеси болбосо да, бардыгын озумо ала берем. Ушундай кундо, аз тамагына алкымды агытып, ортоктош болуп отурганыма окуно баштадым. Же Эмилге берген акчамды айта албайм. Келген кундон баштап жанымда жарты тыйын чыгарып бербегениме уялып, уйно батпай калдым. Эмнеси болсо да уйго барып келейин деп ойлодум. Эсен агадан келуучу пенсиясын алгандан кийин, Зыйнаттан он сом алып колго жоноп кеттим.
Атам менен энем Аккыз эжелердин абалын угуп аяба кайгырышты. " Эсен маркумдун жакшылыгын коп кордук эле. Бир белден ашырып коёлу, байкуш жетимдерди" дешип, эки уюнун бипмн сатып, бир тыйынын коротпой, мага аманат беришти. Бир чон сумкага тамак-аш салышты. Озум жаны окуу жылына чейин ошол жактан иштемек болуп, учеттон чыгып жоноп кеттим.
Мен Фрунзеге келип, автобуздан тушрум менен Эмилге кезигип калсам болобу. Ал бул жерге эмне жумуштап келгенин чаргытып айтпай койду. Баягыдай, акча сурай алнан жок. Экообуз уйго келдик. Мен Аккыз эжеге атам менен энем берген " аманат" деп берген акчанын бир тыйынына тийбей, туйунчокко туйулгон бойдон колуна бердим.
Ошондогу ал кишинин суйунгону менин эсимден али кете элек. Адам ото кубанганда да ыйлай турганын, буга чейин эч билбептирмин. Эже ыйлап да, ата- энеми алкап да жатты. Сыягы, мындай болот деп уч уктаса тушуно кирбесе керек. А балдарычы. Тим эле соз айтпай коздору кубанычтуу жайнайт. Ар биринин балбылдаган оттуу каректеринде, тугонбос кенчке жолуккандай болгон, соз менен айтып туготкус кереметтуу жазуу бажырайып тургансыды. Бардыгы кулумсуройт. Алардын кичинекей журоктору коодондорундо кубанычтуу тыбырап жатканын мен билип турдум.
Ушул бакыбат сонун корунуштун кайталангыс картинасын коруп туруп, конулумдо алкап жаттым: "Оо,менин алтын атам, асыл энем, силер кимдерди кубантып, кимдерге жакшылык кылаарды билген жоомарт адам турбайсынарбы" ,- дейм.
Энем бир индюк, эки тоок союп, сузмо, кебектин арасына салып жумуртка, дагы моонго куйган сары май берген. Бул куну булардын уйуно береке кирип, бардар адамдай болуп тим эле казан аягы батырап калды.
Менин жанымда уйдон алып келген анча мынча акча бар болчу. Бир куну Эмил мага мындай деди:
- Толкунбек,эгер мен сага бир соз айтсам макул болоор белен?
-Айтып кор.
- Билесинби, баягы кумарчы балдар мени таш жалак калтырып утуп алгандарын. Ошол акчаны эстесем эмдигиче ичим оттой жанат. Туну бою ошолорду ойлоп, кирпик козун какпай чыгуучу болдум. Эгер макул болсон сенин акчан менен бир кирип корбойбузбу. Утуп алсак ажеп эмес. Анан дагы сен келгенден бери тунку жортуулга чыкпай калдык. болбосо карталык акчаны кочодонле таап алчуубуз.
Тандана туштум. Мен картага эмес, тунку жортуул деген созуно тушунбой турдум.
- Карта ойносон дагы эле утуласын. Ал эми тунку жортуул дегенин эмне?
- А балким, утуп калаармын. Эгер бул сапар дагы уттурсам, тунку жортуулду сага, ээрчитип барып корсотом.
А кумарчылар, мурунку бересенди сурашсачы?
- Суйлошконмун аны албас болушкан менден. Билесинби, бугунку тун, балдардын кумар ойноочу куну. Мени чакырып кетишти.
Эмилдин сощун угуп менинда делебем козголо баштады. Булар кантип карта менен акча утушат болду экен деп, кумарчылардын ойнун коргум келди. Эмил экообуз кечки тамакты чала була ичип алып, уйдон чыктык. Биз жаны эле дарбазага жеткенде, Зыйнат артыбыздан ээрчий чыгып, агасын токтотту.
-Кайда баратасынар?
-Консертке, апам сураса жумушка кетти деп кой.
- Консерт деп коёт калп эле. Кайда бараарыны мени билбейт деп турасынго, ээ. Коргом сенин кумарчы досторунду. Тил алчы байке, ошолор менен байланышыны узуп койчу. Толкунбектин да убалына калганы турасы.
Уландысы бар...
урматтуу окурмандар чыгарма жагып жатабы? комментарий калтырып класс басып колдоп кетиңиздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3