5-БОЛУК
Беле блокнотуна. Аялдаманы болсо билесин. Кызык кызсынго озун. Анан кантип келдин.
Жайнагул колдорун кармалап куноолу адамдан бетер жер тиктеген калыбында кунк этти.
-Биздин интернатта окуп, менден бир жыл мурда буткон, бир балага кезигип, ошол жеткирип койду.
-Аа, тушунуктуу свиданияда журдум дечи. Кайда окуп, кайда жашайт экен ал жигит?
-Откон жылы конкрустан кулап калыптыр. Эч жерде иштебейт экен.
-Эч жерде иштебейи жкен? Кызык.- Сады ийнин куушурду.-Же окубаса же иштебесе, ал ким деген неме озу. Окууга отпогондордун баары эле сопсонун иштеп журушпойбу. Акыл эси ордунда эмес чалагайым неме болсо керек. Ушул турмуш ушундай сонун заманда жашвп жатып,жаш жигиттин колоктоп бош жургону эмне деген жорук.
-Сиз тушунбой жатасыз?
-Мына эмесе албетте мен тушунбой жатам. Деги ата-эне, бир тууганы бар немеби?
-Бар болуш керек. Озун жалгыз бала деп укканмын.
-Анан бул жакта эмне кылып журуптур. Бир жылдан бери уйуно кетпей.
-Билбейм сураган жокмун анысын. Бир кездери интернатта улгулуу окуган тын балдардын бири болчу. Эмне учун окууга ото албай калды экен ичим ооруп калды. Билесизби абаке, анын терс жолго тушуп кеткен шыйкы бар. Кыз мостоюп унчукпай бир оокумга чейин эрдин кесе тиштеп жашылданып турду.
Ортодо окум суро тушкон тынчтыкты Садынын аялы Гулайымдын уну бузду.
-Ай, кагылайын, бул кызды эшиктин алдына тургузуп алып,тергоочудон бетер сурайсында. Болмого кирип жай суйлошууго болбойбу, ыя? Журогой Жакин, оз болмоно отуп чечин.-Аял жерде турган кыздын дипломаттын алды. -Агандын сырын билбейсинби? Эми ал, сен айткан ошол баланын кайсы саат ,кайсы мунотто кандай абалда турганынан тартып,азыркы сени узатып келгенине чейин азып бермейинче ушинтип самындай эзе берет эмеси.
-Эмне деп тантып жатасын. Бул сурабай турган ишпи ыя? Же баскан жагына басып, турган жагына тура бердеп жайына коюш керек бекен? Мен мындай ишке жол бере албайт экенмин.
Жайнагул туфлисин чечип, бутуна женил тапочкасын илип, агасынын артынан ээрчип залга кирди.
-Да-а,ошондой дечи,-деди Сады эки жагын карабаган калыбында карындашына. -Кудай урган эчендер барго,эл ичинде. Эмгектен качып, эч жерде иштебей, борулорчо тун жамынып, уурулук менен кун откоруп жургондор жок дейсинби арабызда. Ал жигитти сенда бала кезинде жакшы эле деп мактаганын менен уядан учканда, ким болгону билинип калды. Же жалган айтып жатамбы!
Агасынын кыраакылыгына тандана тушкон Жайнагул Садыны бир демге суктана карап,коздору оттой жайнап турду. Ушул саамда эчен-эчен озунун алдырган шакеги менен сааты жонундо айтып жибере жаздап барып токтоду. Конулундо Толкунбектин айыбын ачып,ага-женесине суук корсоткусу келбей кетти. Сады анын бкл кылмыштуу ишин укту дегенче, турмого каматып салат деп ойлоду.Аны аяды. Толкунбектин "эртен кайра, алдыргандарынды алып келип берем "деген созуно ишенип турду.
Эртеси Толкунбекти кутуп, эч жакка чыкпады. Жарытып сабак да окуй албады. Ой санаасысынын баары телефон менен эшиктин звоногунда болду. Эчен ирет ордунан умуттуу учуп туруп,устокко- босток чырылдап жаткан телефондун трубкасын алды. Бирок, озу куткон адамдын унун уга албады.Бирм агасын сураса, бири женесин сурайт.Дагы бироо унчукпай тыншап туруп кайра илип койду.Бир демден кийин телефондун уну кайра шынгырады. Алсамбы албасамбы деп эки анжы ойдо болуп турган кыз,аппараттан коз албай бир оокумга чейин тиктеп,трубканы конулсуз алып,акырын ун катты:
-Алло! -Алло!Бул ким?Эмне унчукпайсын?
Баягыдай эле кимдир бироо дабышсыз тыншап ,алган деминен байкалып турду. Жайнагулдун чыдамы жетпей ачуулуу бурк этти:
-Эмне дудуксунбу? Экинчи ушинтип телефон менен ойной турган болсон,трубканы илбей туруп,коншу уйдон справочный бюрого чалып кайдан,ким экенинди билип,жазанды колуна берип койом. Уктунбу? (Жайнагул муну агасынын тажрыйбачынан билуучу. Кимдир бироо тунку саат 12ден откондон кийинтелефон чалып,тынчын алган болчу, ошондо трубканы илбей туруп,башка телефондон 08ге кабарлап, тартипсиздин кайдан экенин, ким экенин билген.)
Мындай болорун ойлобогон Толкунбек шашып калганын кийин Жайнагулго озу айткан. Ал озунун бир колдук таанышы иштеп жаткан бир мекеменин диспетчеринен телефон чалган болчу. Эгерде Жайнагул азыркы айткан созун аткара турган болсо, ал жердегилер бейтааныш бироонун тынчын алып жаткан тентектин ким экендигин дароо тиешелуу жерге билдирип, уяткарары белгилуу болчу.Чочуган Толкунбек трубканы рычагка кандай илгенин озу да билбей калды.. .
***
Биринин артынан бири жетпей калчудай,зымырык куштай кош канатын сабап,кундун артыеан кундор отуп жатты. Жайнагул Толкунбекти куто берип кудору биротоло узулду. Ал кат да жазбады. Телефон да чалбады. Умуттуу Жайнагул ушундан улам Толкунбекти киши болуудан биротоло чыгып калган бузулган авм катары конулунон сызып салды.
Жайнагул максатына жетти. Ал медициналык институтуна кирип окуй баштаганына бир жылга жакын убакыт болду. Эми баягыдай саат менен шакектерин эстеген сайын ичи анчалык оорубай калган. Ал алдырган шакек,сааты менен кошо Толкунбекти биротоло жоготкондой болду да калды. Кыздын журогундо жургон бир гаеа окунуч, баягы Толкунбекке кещиккенде жакшы кенеш-кебин айтып, эмгекке тартууга далалвт кылып корбогондугу болду.
Кундордун биринде Жайнагул институттан келип, болмого кирери менен эле столдун устундо додо болуп уйулуп турган газета, журналдардын жаны сандары козуно чалдыкты. Ошол замат озунун фамилиясы бадырайта жазылган калын конвертти коруп, катты колуна алды. "Абам менен женемдин кимиси уйго келди экен?"- деп ойлоду кыз. Конвертти айландырып карады. Аягына кайдан, кимден экени жазылбаган бейтааныш колду бир демге тиктеп туруп, анан ковертти ачты. Беш -алты баракка шыгырата жыш жазылган бул каттын кимден экендигин кыз дароо билди. Болду болбоду Толкунбек болсо керек деп журогу удургуй тушту. Жайнагул тикесинен тургпн калыбында окуй баштады.
"Жакин" - деп баштаптыр катты. -Кандай сак саламат турасыңбы? Окууң жакшыбы? Мени өлгөн экен деп жатсаң керек, түңүлүп. Шарт ошондой болуп калды. Алың жетсе айыбымды кечирип кой. Өткөн күндөрдү эстейм. Орто мектепти бүтүрүп жаткандагы максатымдынбийиктигинде чек жок экен эми ойлосом. Ошондогу биринчи эле алдыга койгон максатым окууга өтүү эле. Өзүм менен өзүм кеңешип жүрдүм кийин. Жайнагүлгө окууга өткөндөн кийин кат жазып, кабарымды билдиремин деп. Бирок максатыма жетпей, акыркы экзаменден кулап калсам болобу. Бул менин келечегиме чабылган балта болду. Сага мындай шартта эмне деп кат жазпт элем. Окууга өтпөй калганымды сүйүнчүлөйт белем. Кийин ойлосом, мен жалгыз гана сага көрүнүш үчүн, окууга өтүүнү максат кылып койгон экенмин. Экзаменден кулаган күнү, менин жашоомдогу негизги багытым болгон Жайнагүл деген бийик сепилден учуп түштүм. Көрсө, алгачкы балалык тунгуч сүйүүм сен деп ачылып, сенде калган тура Жайнагүл.
Ошентип, кайта айланып ата-энеме да, элге да барбадым. "Баягы Мансурдун уулу Толкунбек окууга өтпөй, кайра келиптир" деген сөздү угууну каалабадым. Жумуш таап ушул жерде иштеп калууну чечтим. Бир жаман жери, эч жерге учетко тура албай койсом болобу. Сен менен болгон баякы бактысыз жолугушуудан кийин, өзүң менен экинчи жүздөшпөй да койсом туура болмок эле. Бирок мен анте албадым. Жүрөгүмдүн буйругун орундатпай коюга кубатым жетпеди. Колум менен жасаган күнөөмдү мойнум менен тартышым керек болду. Бирок алдырган алтындарыңды алаканыңа салалбагандан мен, кыйноонун ичиндемин. "Эр жигиттин уялганы өлгөнү" экенин мен кантип түшүнбөйүн.
Мындай жаман жолго кантип түшүп кеити деерсиң. "Адам болуу аста, аста, айбан болуу бир паста" дегендей, бул чуңкурду кандайча жазып басып алдым өзүм да билбей калдым. Кудайдан жашырбаган сырды, эми сенден жашырамбы. "Кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет"дегендей, айтпасам да эртедир-кечтир баары бир угушуң ыктымал. Андан көрө өз күнөөмдү өзүм айтып бергеним оң болоор.
Ошол кун, ошол мунотту азыр эстесемда журогум окунуч менен кайгыдан оттой жанат да турат. Бардыгын жакшы откоруп келатып эле, акыркы экзаменден учуп тушот деген кантип жакшылык болсун. Жер менен асман биригип, астым-устум тушуп, бырын-чырын чыгып калгансып,институттан козум карангылап, башым айланып, эки бутумдан жан кетип чалыштай басып зорго чыктым. Кайда барарымы билбей бет алды басып кете бериптирмин. Бир кезде мен бараткан бейтааныш кочонун аркы ойузунон :"Толкунб- е-е-к,салам! "- деген унду угуп, элее карап токтодум. Карап турсам биздин райондо бир кезде иштеп, биздин уй менен алыш-чалышы бар Эсен деген кишинин уулу Эмил экен. Ал менден аяк алып суу ичеер уул болчу. Бирок жашыбызда анча мынча айырма болгону менен жаныбыз бирге курбу элек. Аны коруп суйунуп кеттим. Ал да кубанды. Кучакташып коруштук.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1