5-бөлүм.
- Өнүн мага сүрөттөп айтып берсең. Жолборс. Мен
казак кыздарын билем. Кызыл жүздүү, сулуу болушат. Кыргыздар да казактарга окшош болот экенсиңер... - Сүрөттөп айтып бере албайм, Алексей.... Бирок, Назира мен үчүн сулуу... Анын коңур күлкүсү бар. Жүрөгү сулуу
кыз... Ал мен үчүн гана жаралганбы дейм да...
Чыныгы суйуу ошондой болот. Жолборс. Бирок, душманды жеңип, үйлөргө тез кетишибиз керек. Өзүң сүрөтүн
көргөн менин Лидам да күтүп жатат... Же баатырларча
өлүшүбүз керек...
Койчу, Алексей...
Эмне, өлүмдөн коркосуңбу?
Жок, коркпойм го...
Согушка жеңүү үчүн, жеңишке күчү жетпесе, кашык канын аябай, көкүрөгүн окко тосуу үчүн келет да...
Тезирээк жеңсек экен... Ошол минутада айлана дүңгүрөп, жер солкулдады. Атышуу... Биздин үстүбүздөн чучукка жеткен заар үндөр учуп өтө баштады. Окоптон жылбай биз да атып жаттык. Эч нерсе көрүнбөйт... Түтүн... Чаң...
Эртеден кечке чейин атышуу болду. Артиллерия залптары кулак тундуруп турду. Түн киргенде биз чегиндик. Жоготуу
көп болуптур.... - Вот, Жорка,- деди Алексей менин биринчи жолу атымы өзгөртүп айтып, - согушту да өз көзүн менен көрдүң... Душман күчтүү.... Бирок, биз женилишибиз керек эмес. Керек болсо танка астына жатып, өзүбүз менен кошо жарабыз. Назира менен Лиданын сүйүүсү бизди шыктандырат. Биз курман болсок бололу, ал эми ата-энелер, элибиз душманга кор болбосун... Билесинби, биз эмне үчүн өлүшүбүз керек? Родинабыз учун! Сенин Коңур-Жазың, менин Россиям үчүн! Орто Азия, Москва үчүн! Мен өзүмү Кутузов, сен өзүнү Манас сезишибиз керек.
- Койчу, Алексей, өлүмдү көп айтпачы.... Ылайым эле жеңели... Биз чегинип баратабыз. А Алексей менин катарымда
суйлөп баратат. Менин чарчаганым билинбей, өзүмү кырк мин кол баштаган Манастай сезип, караңгыда катарда калдандап баратам... Назирамы, ата-энеми, Коңур-Жазымы эстеп баратам... Траншеяга түштүк. Дагы бир топко жүрүп олтурдук. Эми тыныгуу болду. Бул жерде канча убакыт тыныгабыз, белгисиз....
Күзгү суук күч алды.
Душмандар өжөрлөнүп келатышат... Үч бурч конвертти ачып дагы бир сыйра тамгаларга көз чаптырдым. «...Алыста-алыста жоо бетинде жүргөн жигит! Кандай соо-саламатсызбы? Бул менин эң акыркы катым... Муну жазбай кое албадым. Себеби сиз менин ким экенимди али
билбейсиз. Билгиңиз да келбейт. Мына, мен ата-энемин эрки менен бирөөгө баш коштум. Ал мени жакшы көрөт, урматтайт.... Мен да... Көп убакта мен куду сиздин койнунузда жаткандай, сиз мени кучагыңызга кысып эркелеткендей сезилет... Ошентет... чочуйм. Күйөөмө кыялымда кыянат жасагандай болом... Шыбырап, андан кечирим сурайм.... Кудаадан кечирим сурайм...
Сиз Назирага шашылыш үйлөндүңүз... Тоюңузга баралбадым. Мен Назира экөөңөрдүн бактылуу болушунарды тиледим... Сиздин сапарга жөнөрүңүздү укканда ыйладым... Карааныңызды эле көрүп жүрсөм болду эле.... Ылайым эле эсен-соо кайтып келиңиз...
Сизге мурдагы жазган каттарымда дасоромол кештелеп койгонуму айткан элем.... Аны ыгын таап бералбадым. Мына бүгүн жөнөтүп олтурам. Муну өз айлыңыздан келген белек катары көрүңүз... Сиздин мандай теринизди бир жолу аарчууга жараса болду... Мен өзүмдү бактылуу сезем... Кош болунуз.... Уруш басылып, айылга келсеңиз, карааныңызды көрүп турсам болду эле... Бул менин акыркы катым.
Кат жазам сизге олтуруп, Кагаздын бетин толтуруп.
Катым кетип мен калдым, Кат жазган жерде олтуруп... А. тамга».
Төрт кырын түрдүү жибек менен кештелеген ак шайы дасоромолду колума алып көпкө тиктеп олтурдум. Чебер кыз көрүнөт. «Кымбаттуум, сизге!» деген сайманы окудум. Айылда
калган кыздарды көз алдыман өткөрдүм. Кимиси болду экен?
- О, белекке келген бет аарчы го, - деди Алексей жаныма келип. Саал ынгайсыздана түштүм. Эмне дээримди билбей туруп калдым.
- Назира жибериптирби? Сонун кештелептир..... Жок.
И, башка да сүйгөн кызың барбы?
Жок. Анан? Кызык, Алексей досум...
А. тамга жөнүндө айтып бердим. Алексей анын каттарына көз жүгүртүп чыкты. Дасоромолдун саймаларына суктанды. Көрдүңбү, - деди Алексей, - эстүү кыз экен... Сенин карааныны көрүп жүрсө ага медер... А бизчи? Бизге ошондой кыздардын ар бир сөзү күч-кубат... Ушундай кыздарыбыздын тагдырын таш каптырып, согуш баштаган наадандарга эмне менен жооп беришибиз керек, Жорка? Өзүң ойлочу.
Көп ойлондум... Чын эле жөн өлө албайм... Мен күрөшүп, кармашып өлөм... Душмандын белин майыштырып, анан өлөм... Жок, өлүмгө туулган эмесмин... Мен жакында ата болом... Баламын бактысы үчүн күрөшөм...
О. Назира, Назира! Катынды алдым. Мына, азыркы менен он жолу кайталап
окуп олтурам. «...Жанымдан артык көргөн курбум... Кечээ катын келди. Атам менен энеме окуп бердим... Сүйүнүштү, энем адатындай ыйлады. Атам аны жемеледи.
-- Жакында барып каларбыз дептир, садага болоюнум.... Мээнетинди алайыным, - деп апам сүйүнүп жатты, көз жашын тыялбай жатты. Катыңды алып өпкүлөдү, көкүрөгүнө басып, мага бербей олтурду...
Жолборс, тез эле келсен экен. Кыйла күн болду, кандайдыр бүдөмүк нерсени эңсеп, жүрөгүм эзилет.... Билбейт экенмин... Көрсө талгак болуп калыптырмын... Өзүмчө эле уялып жүрөм... Бирок, бир жакшылык жүрөгүмө түнөдү. Өзүн тезирээк келсен экен. Сага минтип талгак болгонуму жазуудан тартынып, көпкө кыйналдым... Жолборс, сенден суранарым, жолдошторуна окута көрбө... Тез-тез жазып тур... Сенин Назиран!» О, менин алтын Назирам! Махабатым! Бу эмне деген
сонун сөз! Кантип айтпай кое алам? Алексейге дароо айттым. Ал да аябай кубанды. - Уул болсо атын Жеңишбек, кыз болсо Жеңишгүл коелу. Анан уруш басылса... Тоюңарга бизди чакыргыла... Лида экөөбүз сөзсүз барабыз...- деди.
Капитандан барып спирт сурап келдим. Алексей өзүмдү да кыстады. Ал адатындай: -Мазасин билбейсиң да... Сенин Жеңишбегин же Жеңишгүлүң үчүн ичейин! Душманды жеңишибиз үчүн! -
деп жутту.
Тигинде командир келе жатат...
Туруктуу адресибиз болбой, улам ар кайсы жерге оошуп жүрөбүз. Айылдан кат албаганыма кыйла ай өттү. Бая күнү окопто жатып эки ооз сөз жазып жибердим... Кыш кычырап турат. Күнү-түнү тыным жок... Душман басып келатат...
Кат алганыма үч күн болду. Февралдын суугун айтпа... Назираман кат алдым.
«...Сүйүнчү! Сүйүнчү! Кыздуу болдуң, жанымдай көргөнүм... Өзүң катка жазгандай Жеңишгүл койдум. Ылайым эле душманды жеңип, кызына эсен кел. Өзгөрүлгөн адресини күтүп, көпкө кат жаза албай сабылып жүрдүм. Бир айга жакын болуп калды... Ана, чүргөктө көзүн жылтыратып наристең жатат.
- Жеңишгүл! О, Жеңишгүл, Жеңиштай! - десем ымыркайың былк этпейт. Сага кат жазып жатам.
- Жеңишжан! Атана сүйүнчүлөп кат жазып жатам... Атан аябай сүйүнөт... Же сени уул болбоду деп сүйүнбөй коебу? Ээ, Жеңиштай тезирээк чоноюп кетсең... Атан келип калса экен... Ээ. Жеңиштай! - дейм. Сага кат жазып жатып чүргөктөгү ымыркай кызым менен сүйлөшөм... Мага эрмек болуп жанымда жатат... Батыраак эле келсең экен.... Жанымдай көргөнүм, биз эми үчөө болуп калдык. Атам менен энемин сүйүнгөнүн айтпа... Энем бардык ишин
өзү кылып, мага кыл карматпай койду. Айланайын келиним, өзүм эле кылайын... Жеңишжанынын жанынан чыкпачы, - дейт. Кат жазып жатканымы көрүп:
Садага болоюн, сени сагындым... Тез эле келчи деп Жазгын. - Апаңан сагынып-сагынып салам де, - деди. Ошентип жаздым. - Жеңишжан, оо Жеништай, айтсан! Атана эмне дейин?
Айтсан?
Жеңишжанымын атасы, ошентип биз сени күтөбүз, Назира».
О. Назира, Назира! Бүгүн жооп кат жибердим. Сени куттуктадым... Жеңишгүлүмү өөп кой, деп жаздым... Уул болбоптур деп кантип капа болом? Кыз берген кудай уул да берер... Биз эртең Сталинград тарапка барат экенбиз... Катты кечигип жазсам кабатыр болбогула дедим...
БЕШИНЧИ ДЕПТЕР
...Эх, жылдар, жылдар!..
Бири-бирине окшошпогон тагдырлар. Менин өксүк тагдырым... Мен ким элем? Бу согуш мени ким кылды? Өткөн үч жыл Жеңишгүлүм төрөлгөнгө чейинкини кошпогондо мен үчүн азаптын, өксүүнүн жылы болду го... Ушинтип тирүүлөй Назираман ажыраймбы? Махабатым менен коштошомбу? Жок, жок... Анда мен ага эмне деп барам? О, мээримдүү апа, не деген тилекте жүрдүң эле? Атам байкуш
кантип калды экен? Ээ, керемети көп турмуш, мени уу чеңгелине салып алып дагы кайсы жакка алып баратасың? Колума калем кармабай койдум эле.... Мына, бүгүн жазууга аргасыз болдум. Өзүмдүн көөдөнүмдү өрттөгөн эң улуу кайгымды кимге айта алам? Жок, эч кимге... Ушул калем, ушул дептер гана билсин.... Эгер жакын кишиңе айтып, аябай өпкөлөп ыйлап, же оор-оор үшкүрүп алсаң го, көңүлүң кичине ачылат эле. А мен анте албайм. Назирама кантип айтам? Анын жүзүн кантип карайм? Дагы ушул калемиме, дептериме асылдым... Сырымды, кайгымды, өкүнүчүмдү, каргышымды ушул экөөнө айтам... Ушуларга даттанам... О, Назира, Назира!
Сенин кийинки каттарындын баарын алгамын. Мына алар азыр да жанымда... Бирок, сага жооп жаза албадым. Эмне деп жазмакмын. Мен өлүмгө баш ийдим эле... Ажалды чындап чакырдым... Ал келбеди. Жашоом бүттү деп эсептегенмин. Эчен жолу поезддин келишин күттүм.... Бирок, боюму рельсага таштай албадым... Күркүрөп шар аккан сууга бардым... Анда да ажал күчсүздүк кылды. Мен эч качан өлүмдөн коркконум жок. Дүйнөдө өзүн-өзү өлтүрүүдөн акылсыз иш болобу? дечу атам... Акыры о дүйнөдө да сурак берүү керек дечу эле атам... Аларына ишенчу эмесмин. Бирок, мен өзүм жөнүндө сүйгөнүм Назирага билдирүүм керек.....
О. менин Назирам! Менин махабатым! Азыр кандай күндө?. кандай абалда жашап жатат экенсиң? Менин кабарсыз жоголгонуму өлгөнгө жорудун бекен? Же «атаң эртен келет» деп дагы эле сыздап жүрөт бекенсин? Менин алтыным, менин эң тунук сүйүүм элен. Назира! Эми мен сенден тирүүлөй айрылганы олтурам... Ооба, Назира, минткенимдин себеби, бактынды байлагым келбейт... Сен дагы жашооң керек.... Сен дагы балалуу болушуң керек... Сен сүйүүгө, жаштык кумарына али кана элексиң... Мен сени аяйм... Сенин ойноок кезин... А менчи? Мен эч качан сенин бактынды байлай албайм.... Сен меники элен. Сен мен үчүн жаралган элең, Назира! Бирок, душман... Фашисттер мени ушул абалга дуушар кылды. О. Назира, Назира! Менин кейпимди кийгендер бар бекен? Ылайым эле эч качан, эч ким мендей болбосун! Эч ким!... Эч качан!
Мына, алтыным! Ак сүйүүмү, ууз махабатымы арнаган, Назира. Мен сени менен түбөлүккө коштошкону олтурам... Жок, акыры жүз көрүшөрбүз... Бирок, бирге боло албайбыз... Кызымы көрбөй, ага көрүнө албай олтурам... Качандыр бир убакта, жылдар өткөн бир убакта силердин жүзүңөрдү көрөрмүн... Мүмкүн көрбөсмүн... Бу жагы алдыдагы тагдырдын колунда... Назира, эми мен сенден жат кишимин... Ох, муну айтуу мага канчалык оор! Ооба, түбөлүккө жатмын... Ушинтем да, анан кантем?.. Уруштун кесепетинен мен апама топурак сала албадым... Мүмкүн атама да салалбасмын... Сен мени туура түшүнөр бекенсиң, Назира!
Мына, алтыным! Мен сага үч жыл бою дарексиз жоголуп, эми кат жазып олтурам. Ооба, аргасыздан сени биротоло түңүлтүп жазып олтурам. Сен бул катты менин айрак-буйрак жазган тамгаларыман тааныйсың... Муну кандай зор куба- нычта тосуп аларына ишенем... Окубай туруп көкүрөгүңө басып ыйлайсың.... Ичин ачууга, атама, апаңа сүйүнчүлөөгө шашыласың... Анан окуй баштайсың... «Алтыным, махабатым Назира» деген сөздөргө көзүң түшөт.... Жылмаясың... Мени кыялында сүйүп эркелетесин... Анан... Анан бул сөздөрдү окуйсун... Ишенбейсин... Дагы окуйсун...
«Назира, өзүн билген баягы Алексей досумун душман колунан узап бараткандагы тапшырмасын аткарбай кое ал- бадым... Ал биз үчүн, элибиз үчүн жанын аябады... Аны менен түбөлүк дос болгон элем... Өлүп баратып мага керээзин айтты... Мен андай достун керээзин аткарбай кое албадым, Назира!
Назира, сенден жана кызым Жеңишгүлдөн, атаман жана сенин апанан, Ашыр акеден жана бут айылдаштардан кечирим сурайм... Мен өлгөнүм жок... Мен жаңылганым да жок.... сүйүүгө, турмушка жеңил да караганым жок... Баарын ойлон- дум... Акыры ушуга мажбур болдум... Мен азыр эки балалуу болуп калдым. Мындан үч жыл мурда Лидага үйлөнгөнмүн...
Алексей досумун керээзин орундаттым.... Анын Россиядан Алма-Атага алып барган Лидасын качандыр Коңур-Жазга алып барамын... Азырынча Карагандыдамын... Шахтада иштеп жатам.
Кечиргиле айылдаштар, кечир мени, Назира! Шарият сөздө шарим жок дептир... Мени күтпө.... Үмүтүңү үз... Сага үч талак айтып коёюн... Эми башың бош... Жолборс>> Ох, Назира, Назира! Бул сөздөрдү кантип чыдап, кантип
такаат кылып олтуруп окуур экенсиң? Булардын баары калп... Калп! Мындан башка шылтоо таба албадым... Мына, катты жөнөтүп алып өксүп жаш баладай болуктап ыйлап, оозуман көк түтүн чыгып олтурам... Бүткүл денем от, жалын болуп күйүп олтурам... Каргыш сага, согуш! Мени майып кылдын... Мени дүйнөдөгү эң кымбат касиетимден эркектигимден - түбөлүккө ажыраттың... Махабат менен коштоштум... Тунук сүйүүм менен коштоштум... Мага эми жашоонун кереги барбы? Бирөө мени өлтүрсө экен.... Өзүмдү-өзүм өлтүрө албайм... Андан чоң күнөө, андан акылсыз иш жок го. Менде эми элди, жерди сүйүү гана калды. Ажайып табийгаттын кооздугуна суктанам. Коңур-Жаздын өрүк гүлдөгөн мезгилин
сагынам... Бирок, ал жакка кантип барам? Баралбайм... Алексейдин өлгөнү ырас. Ал Сталинграддын алдында белине граната байланып душман танкын жарып өлдү... Өлүмгө бет алып баратып, мага эки ооз сөз айтууга үлгүрдү. - Жорка, согуш басылгандан кийин Алма-Атага бар...
Бул сүрөттү Лидага өз колун менен тапшыр... Кош, Жорка! Мен андан үч айдан кийин жарадар болдум... Өзүмдүн кантип калганымды билдим. Врачтар көп аракет кылышты... Мени алдап-соолашты. Бирок эч нерсе чыкпады... Эркектигимден ажырадым.... Өзүн-өзү өлтүрүп койбосун деп андып да жүрүштү. А мен өлүү менен тирүүнүн ортосунда калдым. Качан өлүмгө бел байлап жөнөгөнүмдө Назирамы, Жеңиштайымы, Коңур-Жазымы, Алексейдин Лида менен кыналыша түшкөн сүрөтүн көпкө тиктеп турам... Киндик каным тамган Конур-Жазымды бир көрүп, анан өлөйүн, өз жеримин топурагын жазданып жатайын дейм... Бир күнү Алма-Атага жөнөдүм. Лиданын адресин таптым... Бирок, өзүн таппадым... Коңшуларынын айтууна караганда Алексейден кара кагаз келгенден кийин бир жакка көчүп кетиптир...
Жеңиш күнүн Карагандыда жүрүп тостум. Эмне кылышымды билбейм. Иши кылып Назира күйөөгө тийип, менден түңүлгөнчө алыс жүрсөм экен. Эки написимдин бирөө тыйылды. Эми тамак жеп уктоо гана калды... Уктадым, андан да жададым... Бирок ачкалыкка чыдай албадым. Көр оокаттын айынан иштөөгө туура келди... Нан таап жеш керек болду... Паровозго көмүр жактым... Станцияда аянт шыпырдым... Ооба, менин жылдызым жерге түштү... Тынчтык күндө уланып жаткан тиричилик, адамдар, өз өңүн улам өзгөртүп турган табийгат менин эрмегим... Баарына сарасап салам. Эч качан согуш болбосо экен дейм.
Түндө Назира экөөбүздүн жылдыздарыбызды издейм... Алар жок... Кайда жоголушкан? Таба албайм... Коңур-Жазымы эстеймин.... Өрүк гүлдөрүн сагындым.... Жүрөгүм элжирейт... Айлам жок. Мен азырынча ал жакка бара албайм... Мен батыш жакты каарданып карайм... Бир күнү вокзалда аянт шыпырып жүрүп, кандайдыр Гитлердин сүрөтү тартылган тепсендидеги материалды көрүп калдым... Жинди немедей болдум.... Рельсага коюп алып таш менен ун кылып майдалан жанчтым... Алаканыма салып күн батышты көздөй чачып ыргыттым... Мени көрүп тургандар жинди неме го дешти... Ошентишти...
О. Назира, Назира! Катымдын аягын окуп ишенбей, көпкө көкүрөгүңдү уу аралап, мусапыр болуп, дал болуп олтургандырсын... Ушул учурда Жеңишгүл жанына келди бекен? Ага эмне дедиң экен? Ишен, Назира! Мени күтпө, Назира! Кош, Назира! Кош, менин махабатым!
АКЫРКЫ ДЕПТЕР
Арадан он жылдан ашык убакыт өттү. Мен Ошко келдим...
Ушул келишим үчүнчү жолкусу. Мен махабат менен коштоштум. Денемде элимди, жеримди сүйүү сезими калды. Мындан мурда Коңур-Жазымы эңсеп, улам түшүмө кирип тынчымы алганда эки жолу келип кайра кеттим... Коңур-Жа- зымын адырында көмкөрөмөн түшүп жатып, жер жытына магдырап черим тарагандай болду... Айылга бара албадым. Тааныш бирөөгө жолуга да албадым. Назирамы аядым. Кызымы аядым... Туулуп-өскөн жерим мени эң алыстан чакырып, магнит өңдүү тартып алды... Мына, үчүнчү жолу келип олтурам.... Тааныш эч кимди көрбөсөм экен деп тиледим... Кыр-Арыктан өтүп, ээн адырга чыктым... Коңур-Жаздын үстүнө бардым.... Мүрзөлөргө жеттим. Кайсынысы апамдын жайы экен? Домпойгон топурактардын үстүн чым басып кеткен... Жаңылары да бар... Болжолдоп бир жерге олтуруп куран окудум...
Байкуш апам, мени канча зарыгып күттүң? Мөгдөп жүрүп көз жумупсуң... Жаткан жайың жайлуу болсун, апа! билбейм бирок, ушул тушта эле... Өзүм атка сөөгүн өңөрүп Тигиндейрээкте Касым аке жатат... Кайсынысы экенин
келбедим беле... Менин ушундай абалда каларымды ал кайдан билсин?.. О дүйнөдө жолугушабыз да... Арыраак бастым... Ана, Коңур-Жазым! Биздин уйлөр
көрүнбөйт... Адырда көпкө турдум.... Ылдыйлап түшө албадым... Бирөө мени көрүп калбасын дедим... Эгер көрсө эле Назирага угулат. Ал анда мага эмне дейт? Жок, ал өзү каалаган дагы бирөөгө турмушка чыгуу керек. Ал жаш. Сүйүү кумарына кана элек... Садагасы кетейин, тууган жерим! Мына топурагынды жыттап турам. Мен сени коргодум... Ооба, сени, тууган жерим! Душманды талкалаган селдин кичине бир тамчысы боло алдым... Бирок, өзүм минтип өксүп келип олтурам... Атама, кыз алган жарыма, Жеңишугүлүмө баралбай, алардын жүздөрүн көрүүгө зар болуп олтурам... Алар азыр кандай абалда экен? Кантип барам? Эмне деп барам? Назирамын жүзүнө кантип тиктейм? Аны менен бир төшөктө кантип жатам? Жок, жок, бара албайм... Мен ушинтип журуп өлөм... Өлүгүм өз жеримде калсын... Мен өлгөндө ак кепиндеп көмүп жатып, анан менин эмне үчүн көрүнбөй жүргөнүмдү билишсин... Согуштун эмне экенин дагы терең түшүнүшсүн... Согуш чыгаргандарды каргашсын... Адырда кечке олтурдум... Мурда эки жолу келип, ушуларды ойлоп кайра тааныш жылдыздарды издедим... Аларды таппадым... Көп жылдыздардын ичинде менин жылдыздарым жок... Эртең каерге барам? Билбейм...
...О. Назира, Назира! Көрчү мени, кандай кара мүртөздүк, кандай таш боордук кылдым? Мен муну тишимди тишиме коюп, көзүмдүн кылгырып турган жашын сыртка чыгарбай, калтырап кеткен боюмду токтотуп туруп айласыздан, араңдан зорго иштедим... Антүү мага оңой болду дейсиңби? Антпесем болбойт эле. Сени өзүмдөн түнүлтөйүн дедим. Биротоло үмүтүң үзүлсүн дедим...
Көп күн бою вокзалда, Кыр-Арыкта боюмду оолак алып жүрдүм... Тууган жеримди сагынып келдим эле. Мына, өз жеримде өксүк болуп, кенен-кесир басалбай жүрдүм... Назираны аябай сагынганмын... Куса болгомун. Эч болбосо экөөбүз баскан жолду көргүм келчү. Ошол күнү бакка келип, баягы Назира экөөбүз олтурган жерди таптым. Ал жерде тунжурап көпкө олтурдум. Атлас көйнөкчөн Назиранын жароокер өңүн көрдүм. «Биздин келечегибиз кандай болор экен?>>> деген анын жагымдуу үнү угулду. «Эн сонун болот» деп шыбырадым... Кайра чочуп кеттим... Эки жагымы карадым. Эч ким көрүнбөйт. Ордуман туруп бактан тез чыгып кетүүгө шашылдым... Фуфайкамды колтуктап шашып бараттым... Жолборс!
Назиранын үнүн тааныдым... Эмне кылышымды билбей калтырап кеттим. Үн чыккан жакты кароого даай албадым... Ага кудуретим жетпеди. Кыймылсыз токтоп калдым. Басып кете албай бутум тушалды... Турган жеримде статуядай каттым. «О, менин алтыным... О, менин жылдызым, махабатым, мени эмне абалга салганы турасын? Кой, Назира мени тааныба, менин азап чеккен жүзүмдү көрбө...» Бирок, ага болбоду. Анын кадамынын дабышы жакындап келатты... Тык... Тык... Менин жүрөгүм оозума капталып, көкүрөгүмдү жара койчудай лакылдап жатты. Назиранын дабышы жакындаган сайын ошентип жатты... Мына, мына, жетти...
-Жолборс, бул сенсинби? Мен унчуга албадым. Назиранын өңүнө тике да карай албадым... Ага кудуретим жок эле. Бүт боюмду тер басып турду. Согушту эстедим. Жарадар болуп палатада жатканымды эстедим... Өлүү үчүн поездди күткөнүмү, агыны күчтүү шар сууга барганымы эстедим... «Аттиң, ошондо эле өлүп калсамчы... Мен бул жерге темселеп эмнеге келдим экен?» дедим. Назирага жазган каттарымы эстедим. Анын баары калп эле... Мен күнөөлүмүн... Мына, аны тиктей албай тескери карап турам. Ал менин бет мандайыма өттү. Тиктей албадым. Жакын келди. Менин мойнума асылды... Кирдеген мойнуму жыттагылады... Өскөн чачымы салаалары менен тарады. Ыйлап жатты... Буркурап жатты... Чыдай албадым. Ичим жыпжык толгон кайгы менен муң. кусалык менен сагыныч ташкындап сыртка чыгалбай көөдөнүмү тепкилеп турду. Чыдадым. Мойнуман Назиранын колдорун түрттүм. Ал асылып кое бербеди. Беттеримен, мойнуман жыттагылады. Буулуктум. «Баа!» деген үнүм куду алкымыма келип кысталып турду... Аны тишимди тишиме коюп чыгарбай турдум. Көздөрүмүн чөйчөгүнө жаш толду... Аны Назирага көрсөтпөөгө аракеттендим. Мойнуман Назиранын колдорун күч менен түрттүм. Макоолук кылдым...
ушул беле? Бул эмне деген жоругун? Сенин сүйүүң Жолборс, бери карачы! Бул эмнең? Сенден умутум ушунчалык беле? Эмне унчукпайсың? - деп Назира буркурап ыйлап жатты. Аны кучактап, өпкүлөп соороткум келди.
Саамай чачынан сылап, көз жашын аарчып эркелетким келди. Анте албадым. Чыдап тура бердим, О, мен макоолук кылдым. Назира унчукпай калды. Көз жашын арчып арт жактан кимдидир издеди. Мен болсо басып кете албай тура бердим. Эгер былк этсем эле жыгылып кетчүдөймүн.
-Жолборс -деди Назира карачы, Жеңишканың - чоноюп калды... Тигине, ойноп жатат Айтпа! -дедим бакырып не жаздап, унумду калтыратып - айта кербө, Назира
Мен Жеңишгүлду көрдум. Узун бойлуу, кара костюмчан галстук тагынган киши ары жактан жай басып келип, Жеңишгүлдү колунан жетелеп бак ичине аралады. Таныдым Назиранын күйөөсү.... Кызым аны «ата» дейт. Ооба, ооба, ошентсин...
Жолборс, болор иш болуптур - деди Назира өзүн да күнөөлүү сезгендей, бул эмнен? Деги кандай абалда калгансын? Өнүндөгү жылдызын кана? Сен баягы Жолборс болбой калыпсың го... Сен турмушунан адашкансын го.. Алдангансын го... Же түрмөдөн чыктынбы? Айтчы. Жолборс? Кантип бизди таштадың? Бизди мустар кылууга кантип батындын? Биздин махабатыбыз кана? Сүйүүбүз. тилегибиз кана?
Менин жылдызым жерге түшкөн... Өчкөн... Талкалан- ган... Жоголгон... Назира, эми сенден өтүнүчүм, менден эч нерсе сураба... Жеңишгүл мени тааныбай эле койсун... Ошол атасы болсун... Сенден суранарым ушул.... Эми кош, Назира! Айтса, атам барбы?
- Эки жыл болду.... Өзүңөн топурак буюрбады. Апам болсо энемен бир жылдан кийин каза болгон. Баарынын азабын мен жалгыз тарттым... А сеникичи, Жолборс?.. Сеники баарынан оор, баарынан кайгылуу болду... А сен болсо - Мени каргаба, Назира... Согушту карга... Кош эми...
Мен сенделип ошерден аран жылдым. Буттарымы судурөп басып бараттым... Көөдөнүм өрттөнүп баратты..... Көз жашымы токтото албадым. Ал көкүрөгүм ылдый чууруп баратты... Бет мандайымы тиктеп болуктап бараттым. «Кош, менин алтыным!.. Кош менин махабатым, сүйүүм... Кош, менин Назирам!» Артыма кылчая албадым. Жеңишгүлүмдү дагы бир тиктегим келди. Боорума кыскым келди... Анте албадым. О, кудай, бул эмне деген кордугун! Пенденди азапка жараттың беле? Өксүү. кайгыруу, эң жакындарынан ажыроо үчүн жарады беле адам? Атам да көз жуумптур.
О, жерге кирген согуш...
Жылдар өтүп жатат...
Мен да бул өксүк турмушка көнүп баратам... Шаардын тегерегинде көп жүрдүм... Акыры Коңур-Жазыма келдим. Өлгөндөн калгандар менен учураштым. Сырымы эч ким билбейт. Ашыр аке да жумушчу батальонуна барып келиптир. Оорулуу болуп калыптыр. Мени көрүп ыйлады. Сыдык дайынсыз жок экен. Сатар бир бутунан ажырап кайтып келиптир... Назиранын күйөөсү мен чала тааныган Рыскул деген киши экен... Мен бакта учурашкандан кийин Назираны көрбөдүм. Алар бат эле Баткен тарапка көчүп кетип калышты. Билбейм, Назира менден алыс жүргүсү келдиби... Арадан беш жыл өтүп, алар кайра Конур-Жазга келишти. Бир жолу менин кароолканамын жанынан өтүп баратып, мени көрө коюп, тескери бурулуп кетти. Анда бир өксүп алдым... Кичине унутайын дегендерим кайрадан эсиме түштү. Жеңишгүлүм бойго жетип калды. Аны мен тааныйм... Ал мени бир карып катары көрөт дечү элем. Бирок, акылдуу жетилиптир... Адамдарга көз карашы башка экен...
О. Назира, Назира!
Мен сага ыраазымын... Түбөлүк ыраазымын! Менин айткандарымды аткарыпсың. Сен Жеништайга эч нерсе айтпаптырсын... Ырахмат, сага Назира! Назира эки уул төрөп, экөө тен турбаганын уктум. Кейидим... Күйөөсү дурус неме экен. Жеңишгүлүмү жакшы асырады... Өгүнү Назира менен бир аялдын сүйлөшүп жатканын кокустан угуп калдым.
Жеңишгүлүм жакында күйөөгө чыкканы жатат... Окуусу жабылып каникул болсо эле той баштайбыз - деди Назира. Мен бурчтан бурулуп кеттим. - Ылайым бактылуу болушсун... Алардын тагдыры эч качан Назира экөөбүздүн тагдырыбызга окшобосун! - дедим
өзүмчө.
Аны көрүп, боюмду оолак алайын дедим. Жанында Бая ушул кароолкананын алдынан Жеңишгүлүм өтүп бир жигит баратат. Шыңкылдап күлөт, садага болоюн кызым! атам десин,- деп ойлоп канырыгым түтөп турдум эле. Алар Менин кароолканамы ал кайдан тиктесин, мени кайдан жүрүп таанысын, алар кароолкананы көздөй басып келишти.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2