19- бөлүк
Күндөн күнгө көңүлүм артып,Таалай байке ге көнүп баштадым,анын жакшы мамилеси,мага болгон камкордугу,ыйманы,такыбалыгы аябай эле арбап алды.Аны жактырып баратканымдан өзүм уялып жүрдүм.Буга чейин эркектин баары окшош зөөкүр,напсинин кулу,азыркы эркектер алсыз ,аялга окшой башташкан,майдаланып кетишкен,жашоодо эркекке үй бүлөөсүн камсыздап,коргоо болсо милдети,ошол жалгыз милдеттеринда аткара алышпайт деп ойлочуу элем.Бул байке менин оюмду такыр башка нукка өзгөрттү,бул байкеден чыныгы кыргыздын баатыр мырзасындагы сыпаттарды көрдүм , ууга чыгат экен,тоо болобу шаардабы,айылдабы,кайда жашаса да өзүнө шарт түзө билген,бою узун, келбеттүү, чечкиндүү, сүрдүү көз караштагы,намазы ордунда,аялды да ызаттап өз ордуна коё билген мен эңсеген эркек болчу Алина дегенде ,Алина : " сиз чынында сүйүп калгансызго эжеке,ал жөнүндө айтканда көздөрүңүздө кубаныч көрүнүп турду,эмне болуптур сизда бактылуу болууга татыктуусуз,эгерде Таалай байке ажырашкан болгондо бул жөн жерден ажырашкан эмес дейт элек, үйлөнө элек болсо бекеринен ушул жашка чейин үйлөнбөй жүрөт беле? -дейбиз,эгерде эки аялын тең камкордукка алып карап,коргой алам десе тийгениниз да жакшы, анткени аял киши никесиз жүрсө болбойт делет динде деле ?!- деди.Аңгыча жер жарып, таң атып кетти,Нура медайым м-н сырдашканча.Алина: " Нура эжеке сиздин эмнеге эл арасында жылмайып,баарын күлдүрүп,бирок өзүңүз калганыңызда жалгыз,ойлуу,муңдуу жүргөнүңүздүн себебин эми түшүндүм. Көрсө,сиз өтө токтоо, чыдамдуу,сырдуу турбайсызбы,сиздин күлүп жүргөнүңүзгө карап башыңыздан мынчалык көп азап көргөн аялдай көрүнбөйсүз,уялбай,чочулабай чындап жакшы көрсөңүз турмушка чыга бериңиз, анткени сиз экинчи болуп тийген тагдырда деле,сиз бир Таалай байкени эле эмес,анын айланасындагы адамдарды да бактылуу кыла аласыз!"- деп Нуранын бетинен сылап чыгып кетти.Нура күндөгүдөн бираз жеңилдеп,чукур дем алып,оор үшкүрүнүп керебетине барып жатып калды.
Уландысы бар......
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10