акыркы бөлүм
20-БӨЛҮМҮ...
А мен ишендим.
Анткени ошол убакта ушунчалык бактылуу болгонумдан көзүмө эч нерсе көрүнгөн жок. Кийин кайра сен тууралуу кокусунан Москвадагы даарыгерибиз менен сүйлөшүп жатканда угуп калдым. Кайра Москвага келдим, сени издедим. Бирок таба алган жокмун.
Айпери үнсүз гана угуп олтурду баарын. Андан кийин өзүнүн башынан кечиргендерин айтып берди. Баарын айтты. Ыйлады.
—Билесиңби эми мен үчүн Шоола менен Арленден өткөн кымбат адамым жок. Тагдырымдын татаалдагыбы билбейм эми кайра башыма караң түн түшүп олтурат. Мен Арленден баш тарта албайм. Ал менин бул жашоодогу эң кымбат адамымды кайтарып берди.
—Мен сага жардам берем, - деди Лиза Айперинин колдорун бекем кармап.
—Кандайча?
—Атам прокуратурада иштейт. Ал жагы маселе эмес.
—Чын элеби? Жолу барбы? Жакшы болмок. Канча болсо да төлөп бермекпиз - деген кыз шашып кетти.
—Жок Айка мага сен төлөп бердиң. Сен менин кызымды чоңойтуп жатасың. Мейли ал мени билбей өтсүн. Бирок менин кызым да!
Лиза менен Шооланын көздөрү ушунчалык окшош болчу. Асмандай көкмөк бакырайган көздөр!
Лиза өз сөзүндө турду. Атасынын мансабынан пайдаланып жатып Арленди түрмөдөн чыгарып берди. Москва - Бишкек багыты боюнча учкан учакта Арлен, Арлендин апасы, Айпери жана кызы бара жатышты. Арлен терең дем алып көздөрүн жумуп уйкуга кирди. Көз алдына мекенинин заңкайган бийик тоолору тартылып бактылуу жылмайып баратты.
*********
Айжаннаттын жаздырып чыккан аудиосунун жардамы менен милиция кызматкерлери чоң кылмыштын бетин ачууга мүмкүнчүлүк алышты. Сабыр, анын уулдары жана ага шериктеш дагы көп динди жамынып адам соодасы менен алектенгендер колго түшүрүлдү. Албетте булардын тамырын таап, өзөгүн жок кылууга али биздин бийликтин күчү жетпейт. Бирок бир айга болсо да мындай кылмыштарды азайтуу ишке ашырылды. Айжаннат кайра артына кайтып бара жатты. Анын атына коюлган бүт айыптоолор алынды. Арабия өлкөсүнүн жараны болгон үчүн бир айдан соң кайра учуп кетти. Бирок жыл сайын бул жака келип турууга сөз берди. Жанына болсо өз мекенинин бир ууч топурагын салып кетти. " мен сөзсүз кайтамын!" - деди шыбырап.
Аягы...
Автордон:
Бул тагдырлар азыркы күндөгү миллион мигранттын бир бөлүгүнүн гана үнү. Ал эми мындай окуяларга туш болуп жаткан мекендештерибиз миңдеп саналат. Мындай жүрөк ооруткан, өкүнүчтүү абалга ким күнөөлүү? Ар бир пенде өзүбү? Же жумуш оруну менен камсыз кыла албай өз жарандарын чет жакта иштөөгө мажбур кылган бийликпи? Бул балким чыгарма сиздер үчүн. Бирок арабыздагы азыркы күндө да болуп жаткан окуялар. Чыгармам аркылуу кичине болсо да сиздерге туулган жердин, жакындарыбыздын кадырын сездире алган болсом кубанычтамын. Жакындарыбызды өз мезгилинде баалап, сактап алалы. Бул аманат дүйнөдө бизден калчу нерсе жалгыз гана жакшылык менен жакшы сөз. Азиза менен Болоттун жашоосу бүтүндөй жакшы болбосо да өз изине акырындан түшүп баратты. Ал эми Арлен менен Айпери айылда кулцм Арлен түрмөдө жатып кыялдангандай жайлоого чыгып жашап калышты. Айжаннат болсо жыл сайын Кыргызстанга келип кетет. Арабияда Кыргызстан менен биргеликте биздин мекендештерди, кыз келиндерди колдоо уюмун түзүп алган. Ооба чыгарманы башкача бүтүр, деген сөздөр да айтылаар, бирок бул деген жашоо, ар бир каармандын жашоосу мен жазгандай бүтүп калса кана? Анда эң эле оңой, эң эле тегиз кылып жазып албайт белек жашообузду?! Көрсө ар бир сыноо, жашообузда пайда болгон адамдар бизге сабак, кээ бири белек, дагы бири болсо жазмыш болуп жиберилет экен...
Чыгармамдын соңунда жакшы тилек менен ар бир мекендешибиз өз журтуна, жакындарынын маңдайына алты саны аман келүүсүн тилеп каламын. Мындан кийин алдыда дагы жаңы чыгармалар аркылуу көрүшкөнчө сак саламат болуңуздар. Үйүңүздөргө тынчтык жана бакыт ыроолосун! Сиздерди терең урматтап Жалгызым (Назик) ...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 24
Негизи эле Россияга олконун ар бир жеринен келген мигранттар аман бололу . Ар бирибиз оз мекенибизге алты саныбыз аман кетели . Аллахым озу колдоп журсун . Дагы коптогон чыгармаларды кутобуз
ТАРБИЯСЫ ЗОР.