- Ооба, сен эле периштесиң!- деди күйөөсү какшыктай.
- Периштемин деген жокмун.
- Сен башыңдагы таажыны түшүр, анан сүйлөшөм сени менен...
- Кайдагы таажы, мына карачы, кандай жашап жатабыз. Жетип-жетпеген жашоо, батирден батирге көчүп, маянадан маянага жашап жатабыз. Эртеден кечке жумуштамын, үй тиричилик, балдар, кайсы арыма мен таажы кийип жатам, ия? Же бир рахмат деген киши жок.
Аял мууна сүйлөп, ыйлай баштады.
- Мен жыргап жатыптырмын. Эртеден кечке силерди багам деп тамтаңдап чуркап жүрөм, кечинде келип сенин ызы-чууңду угам, эртең менен уйку канбай кайра кетем. Эмнеге мен баарына күнөөлүүмүн? Менин акча чыгарган заводум бардай болуп эле акча эле акча дейсиң.
- Сен тапкан акчаны мен да таап жатам!
- Ээ, энеңди...
Күйөөсү төшөгүн силкип салды да, туруп кийине баштады. Аялдын “кетпе” дегиси келди, кучактап кетирбей алып калгысы келди. Бирок намыстанып, жаздыктын учун тиштеп жата берди. Мунун баарын 7 жаштагы кызы Айпери угуп жатты. Бул эмнеге бүтпөгөн чыр-чатак экенин эч түшүнө албай турду. Ата-энеси экөө тең акылдуу, экөө тең мээримдүү, бирок уруша беришет. Атасы эшикти тарс жаап чыгып кетти, апасы эч кире ыйлап жатты. Экөөсүн тең аяп жүрөгү сыйрылды кыздын. “Оо, Кудай, менин атам менен апам урушпасынчы. Элмирдин ата-апасындай ажырашып кетишпесинчи, суранам” деп жалынып жатып уктап калды.
ххх
Көздөрү шишип, уйкусуздуктан кыйналган Сабира эртеси араң турду. Жумушка барып иштей алгыдай эмес, кызын мектепке алып барып коюп, үйүн жыйнаштырып, бир күн эс алайын деп чечти. Жетекчисинен уруксат сурады. Бир маалда эшик тыкылдап калды, ачса кайненеси турат. Келининин кебетесинен эле уулу менен урушуп кеткенин билди. Унчукпай чай ичип отурушту экөө.
- Эмне болду силерге?
- Билбейм, апа,- деди келиндин көздөрү жашылданып.
- Ыйкы-тыйкыңар бүтпөй эле келе жатат. Маселеңер эмне өзү? Киришпей эле коёюн дейсиң, ушинтип отурсаңар кантип четте карап турам?- кайын энеси кейип сүйлөдү. Аябай катаал, суз, бир чийинден чыкпаган, башкага мээрим төгө албаган адам эле. Канча жылдан бери кайын энесинин ачылып сөзгө келгени ушул. Чымырканып туруп көптөн бери оюнда жүргөн нерсени балп эттире айтып салды.
- Сиз күнөөлүүсүз, ачыгын айтсам, апа!
Тиги мындай нерсени күтпөсө керек, таң кала келинин карап туруп калды.
- Эмне деп жатасың?
- Балаңызды сүйгөн эмессиз!
- Менби?
- Ооба, сиз. Бала сүйүүнү, бирөөгө жылуу сөз айтканды энесинен үйрөнөт. Энеси мээримге сараң болсо, ал кайдан алмак эле. Сиз башка бардык балдарыңызды айланып-кагылып жакшы көрөсүз, Муратка келгенде эле суз болуп каласыз. Бир туугандар чогулганда да четте, бир бурчта калат. Сиз өгөйлөгөн үчүн бул ушундай түнт болуп калган. Мурат жакшы адам, бирок мээрим төккөндү билбейт. Жумуштан келет, телефонун чукулайт, бир жакшы сөзү жок. Алдында койгон тамакты ичет, кайра жумушуна кетет. Робот! Кадимки эле робот, мен чарчап кеттим. Канча жылдан бери оңдойм деп алышканым алышкан, бирок бир кадам да алдыга кеткен жокпуз. Мен анын ушул мүнөзүнө көнө албай койдум. Канча тренингдерге бардым, эч бир жыйынтык болгон жок. Аябай чарчадым.
Кайненеси ойлуу отуруп калды. Акылдуу аял болчу, бир оокумда ордунан турду да, чыгып кетти. Сабира кыжалат абалында калды. “Аттиң, ушул сөздү айтпай койсом эмне? Көңүлүндө калды го” деп ойлоп жатты.
Эртеси таптакыр күтүлбөгөн окуя болду. Түшкү тамак маалында сыртка чыкса колуна гүл кармап алып кайын энеси турат. Көргөн көзүнө ишене албай селдейип туруп калды.
- Ой, кел, колум ооруп кетти, оор да неме экен. Гүлдөрдү албайсыңбы?- деди кайын энеси жылмайып.
- Апа, бул магабы?
- Сага!
Сабира жаш баладай алаканын чапкылап сүйүнүп кетти. Бир кучак гүлдү суктана карап жатты. Канча жылдар өттү, ага бирөөнүн көңүл буруп гүл сунганы ушул. Кайын энесинен колунан гүлдү алды да, тегерене берди.
- Сен буларды коюп чык, экөөбүз кафеге барабыз. Сени түштөндүргөнү чыктым атайын.
- Коюңузчу, апа, чынбы?
- Бол эми.
Сабира гүлдү вазага салды. “Элдин аялдарына күйөөсү тургай, кайын энеси да гүл берет экен” деп комплимент айткан кесиптешине жылмайып бактылуу карады. Бир аздан кийин кайын эне менен келин тамактанып отурушту.
- Сабира, сен туура айттың. Эне эң биринчи баланы сүйүүгө тойгузушу керек. Энеден сүйүү албаса, ал адамды дүнүйө тойгуза албайт. Жүрөгү мээримге толбойт. Мен Мураттын баккан энесимин!
Сабира оозу ачылып карап калды. Куюп койгондой окшош болуп турат го энесине.
- Эмне деп жатасыз, апа?
- Сен акылдуу кызсың, жашап кетебиз деген аракетиңди да көрүп жатам. Сага чындыкты айткым келди. Мурат менин эжемдин уулу. Апасы туура эмес жолго түшүп кеткен, атасынан да кабар жок. Мага кичинесинде келди, колумдан келишинче тарбияладым. Колумдан келбегени да болду. Пенде экенбиз, өз балдарымды биринчи орунга койгонум чын. Аны эми Кудай кечирсин. Мурат жаралуу бир адам. Түнт, өз ойлору менен гана алек. Анткени көп нерсени көрдү. Коркуулары бар. Азыр заман башка, кызым. Психологияны окуп, анализдеп жатыпсың. Биздин заманда азыркыдай мүмкүнчүлүктөр жок эле. Ага сен мээрим бер, жараларын айыктыр. Муратты өз балдарымдай эле жакшы көрөм, бирок сен байкагандай, өз деген өз экен. Мурат айтпагандан кийин бул нерсени сага айтпай эле койсом болмок. Бирок айтышым керек деп чечтим.
ххх
Сабира чындыкты билгенден тарта жолдошуна мамилеси өзгөрдү. Мурункудай күнөөлөй бербейт аны. Жылмайып тосуп, күлүп узатып калчу болду. Сыйкырчынын таягындай болуп жолдошунун мамилеси да өзгөрө баштады. Мурункудай чыртылдашып кетмей жок, алгач жай сүйлөшкөнгө, анан сырдашканга өтүштү. Экөө бир бүтүнгө айланышты. Мурат ага эч кимге айтпаган сырларын айта баштады. Апасы тууралуу да айтып берди бир күнү.
- Мен билем,- деди муңая караган Сабира.
- Ким айтты?
- Апам.
- Өз апамдын мени менен такыр иши болбоду, үйгө көрүнгөн кишилерди алып келип, жашоосу көңүл ачмай менен өтүп жатты. Мен бармынбы, жокмунбу, ага баары бир эле. Бир күнү бирөөнүн машинесинде баратып жол кырсыгынан каза болушту. Айперидей курагымда азыркы апама келдим. Сага жакшы мамиле жасай албаганым да ошондон. Анткени корком.
- Эмнеден?
- Сени жоготкондон корком. Ох, Сабира мен жашоодо эч кимге ишенбейм. Өз апама кереги жок адам кимдир бирөөгө керек боло алабы? Кайсы бир күнү баары бир мени таштап кетет деп корко берем.
- Жинди, мен сени таштап кетчү аял көрүнүп жатамбы?- деди Сабира күйөөсүн мээримдүү кучактай.
- Мени таштабайсыңбы?
- Сага 8 жыл чыдаган мен, эми таштамак белем. Мен сени эч качан таштабайм! Мен сени жакшы көрөм. Болгону мени жан дүйнөңдөн сыртка чыгарып салба. Кээде ушунчалык муздаксың, сузсуң. Антпечи, мен дайыма сени менен болом.
Жолдошунун бакыттан башы айлана түштү. Сабирасын кучактай берип акырын шыбырады.
- Сага сюрпризим бар. Жер тилкесин сатып алдым. Жакында тамыбызды баштайбыз. Сен каалагандай там болот. Ичинде эң бактылуу жашайбыз.
- Оо, сюрпризиң укмуш экен. Бирок меники андан да укмуш.
Сабира күйөөсүнө кынала кулагына шыбырады.
- Чынбы?! Эми уул төрөп бер, жаным.
Экөө каткырып калышты. Ата-энесинин бактылуу күлкүлөрүнө термелген кичине кыз жылмайып уктап бара жатты. Чын эле бул бактылуу көп жылдардын башталышы эле.
Айлин.Д
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7