18-болум
— Мен токмун.
— Макул, — Аваз Айталиевич ага жакын отуруп кыздын колунан кармады, — Айсалкын, менден качпачы сураныч, мен сага эч жамандык кылбайм, — Көздөрүн көзүнө такам ага эңилип отурду, — Болгону сени көргөнү тынчым кетти, кайда барбайын сенин элесиң турат, ооруканадабы же жолдобу, же төшөктөбү сенсиң оюмда.
— Муну мага неге айтып жатасыз? — Айсалкын мостое карады.
— Сен угууга тийишсиң Аска.
— Неге, бул сиздин ишиңиз го?
— Себеби сенсиң.
— Кызыксыз го? — Эми Айсалкын саал жылмайып тике карады.
— Мен сени сүйүп калдым Аска!
— Эмне?! — Айсалкын тура калды, — Менин кетишим керек.
— Чү-үш, — Аваз аны акырын ордуна отургузду, — Жигитиң барбы?
— Жо-ок, анын кереги эмне сизге?
— Кээде кыздар жигити болбосо дагы бар дешет, сиз…
— Мен ачык айтканды жакшы көрөм.
— Мунуң жакшы экен, — Официантка тамак алып келип калды, Аваз аны жылдырып шыпылдай ага жасакерленип жатты, ушул учурда Айсалкын: «Неге мен мындай акмак жанмын, өзүмө теңтуш жигиттер менин артымдан минтип жүгүрүп жүрсө мен атамдай адамдын караанына байлангыдай келесоомунбу, көзүм неге мындайды көрбөйт, жо-ок ушундайда аны менен жолугуумду токтотуум керек, Аманатты деле жактырчу элем го, үйлөнөөргө келгенде сүйбөсүмдү айтып башта тарттым, неге андай кылдым, мага не керек», — деп ойлонуп калганда, — Кана сулуу кыз, тамакка карайлы, — деп Аваз Айталиевич анын оюн бузуп жиберди.
— Аа-а рахмат.
— Алсаң Аска.
— Өзүмдүн эле атыман айтыңызчы.
— Эмнеге, жагымсыз угулуп жатабы?
— Деги айтам… Айсалкын тамактан алар алмаксан болуп отура берди. Аваз дагы үндөбөй тамактанып болгон соң:
— Айсалкын, мен сени сүйөм, кааласаң жолукпай деле кой, бирок мен сенсиз өмүр сүрө албайм, — деди жакындай отуруп, — Ырас, жүрөктү башкарыш кыйын дечи, бирок мен сен өзүң ойлонуп жооп бермейинче кыстабайм, — деди башын жерге сала.
— Болуптур, мен дагы ойлоноюн.
— Жарайт, — Экөө ордунан туруп сыртка чыгып кайра жолугушкан жерге келгенде, — Жүрү, өзүм жеткирип коеюн, — деп Джип унаасынын эшигин ачты, Айсалкын үйгө жетпей түшүп калды, аны ошол кезде Акматбек күтүп турган эле.
— Айсалкын, кайда бардың? — деп жете келип колунан кармай калды.
— Апамды узаттым.
— Аа-а, качан келди эле?
— Келип эле кетти, инимди үйлөнткөнгө барып кал дейт.
— Окууңду кантесиң?
— Суранам го.
— Канча жүрөсүң?
— Бир жумадай… — Ээрчише үйгө киришти.
— Арууке менен Аманат ажырашабыз деп жинге тийип жатат, — деди анан Акматбек чарчагандай орун алып жатып.
— Эмнеге?
— Ким билет?
— Бири-бирин сүйөт экен деди эле го?
— Аруукенин айтымында Аманат ага көңүлү жок экен.
— Баласы кантет?
— Төрөлө берсе көрөбүз да, тентиген жетим баладан айланабы? — Акматбек ачуулу экени көрүнүп турду, — Жаманды отко айдаса бокко качат деген ошо да.
— Кызык, Арууке кайда анан?
— Үйгө кетти.
— Сиз…
— Көңүлүм чөгүп биякка баса бердим.
— Жаман болуптур.
— Айтпа, балага бак айтпаса ата-эне тартат тура азабын.
— Кимиси ажырашам дейт?
— Аманат.— Эмнеге үйлөнөт анан, кызык неме го?
— Болоору болоор Аси, кел бирдеме ичеличи, — деп Акматбек айтканда Айсалкын тайсалдай түштү.
— Азыр жасай коеюн.
— Тим кой, муздаткычты ачсаң, — деди ал, Айсалкын ачса грил менен баары турат, алар менен бирге вино дагы бар экен, — Келсем жок экенсиң, анан сени күтүп тургам.
— Күтпөй эле иче берсеңиз болмок.
— Мен сенсиз кантип ичип жай отурам Аси? — Акматбек ага көзүн кадай карады.
— Ичип, жашап эле жүрөсүз го?
— Ооба, баарынан тажадым, эми өзүмө көңүл бураар кез келди! — деп туруп келип кызды кармай калды, — Аси, мен айтчы, эмне кылабыз?
— Түшүнбөдүм, — Айсалкын карышкырдан корккон коендой айт десе айт деп качканы тургандай көздөрүн ирмегилей карады, — Эмне дегени турасыз.
— Сүйүүмдү түшүнсөң эгер минтип сурабас элең? — деп кайра ары басып терезеге барып сыртты карап көпкө турду, Айсалкын негедир андан коркуп кетти, дароо эле төшөккө сүйрөгөнү көз алдына келип: «Жок-жок, мен бул кишини сүйбөйм, ушундайда кетишим керек, мен жаңылдым сүйүүдөн, өз бактымды талкалап ала электе кетейин», — деп ойлонуп үстөл үстүнө баарын даярдап коюп:
— Келиңиз, даярдап койдум, — деди акырын.
— Кел, отуруп тамактанып алалы.
— Мен азыр эле ичип келип алган элем.
— Ошол кантип болсун? — Күлүмсүрөй карады.
— Отуруп турайын, — Ал дагы саал жылмайып келип анын маңдайына отурду. Акматбек аны бир карап коюп грилди бөлүп тарелкаларга салып, андан кийин өзү туруп барып бокал алып келип винодон экөөнө куйду, — Кана Аси.
— Өзүңүз алыңыз, — деген ал отургучтун четине коомай отуруп коркуп жатты, октос берип бир шек билинсе эле эшикти көздөй качканга даяр, акырын эттен алып билмексен болуп отурганда:
— Кел Аси, мындан татып кой, — деп бокалды сунду.
— Жо-ок, мен ал албайм.
— Эчтеке болбойт, бир куюм алып кой! — деп өйдө болуп бокалды ага карматты, — Кана эмесе, бизге ынтымак берсин ээ?
— Жок, мен ичпейм.
— Мейли, — деп койду Акматбек, Айсалкын ага чай куюп сунду да бир нерсе жасаган болуп идиш аяк жакты каралап: «Ачык айтып кетүүм керек, неге келдим бул үйгө, мен айбан болуп калганмын го, ата-энемдин мен үчүн кыйналышын каалабайм, алар мени айла жок баласы жогунан багып алып каалаганымдай багып өстүрсө мен аларды ыйлатамбы, анткеним болбойт, андан көрө өлгөнүм артык», — деп ойлонуп туруп байкабай калган экен.
— Аси, мага уруксат берчи? — деп Акматбектин үнү кулак тушунан угулганда Айсалкындын колундагы чыны түшүп:
— Аа-ай! — деп бакыра көзүн алайта карап чалкалай колдору калтырай туруп калды:
— Эмне болду, ушунча коркуп кеттиңби? — Акматбек өзүн кызыктай сезип кыздан оолактай берди, — Сен катуу ойлонуп жаттың беле Аси?
— Жо-жок, мен…
— Айта бер.
— Мен сизге… — Колдорун ушалап жер карады.
— Айтаарыңды билип турам, балким өз жолуң менен бол дегиң келээр?
— Байке.
— Ооба, мен өз жолум менен кетким келет.
— Демек ушундай дечи? — Акматбек оор күрсүнө аны карап эки колун кайчылаштыра туруп аны көпкө карады, Айсалкын башын жерге салып агайынан тил уккан окуучудай жер карап тура берди, — Макул, бирок бир шартым бар.
— Кандай…
— Бул үйдөн кетпейсиң.
— Эмнеге?
— Ушул үйдө тура бер, кийин ачкычын берип кетээрсиң, — деди да чыгып кетти. Айсалкын катып кала берди: «Менден көңүлү калдыбы, жакшы киши тура, үн дебей чыгып кетти, башка эркектер сымал мени баса калса кантет элем, алсызды алып жыгып тебелеп басып кетсе кандай күндө калат элем, мен туура кылдымбы, же өзүм туруксузмунбу», — деп ойлонуп туруп анан эшиктин ачык турганын көрүп жетип жаап ичинен илип алды. Анан ички бөлмөгө кирип жатып алып ойлоно берди, бирок ойдун түбүнө жеткен ким бар, өзүнүн туура же туура эмес кылганын чече албады. Ары бери оодарылып жатып кеч уктады, эртеси ойгонсо кеч болуп калган экен шашып эле окуусуна жетип барды. Ал күнү анчалык көңүлү ачылбай жүрдү, сабактан чыкканда Арууке аны жандай басты, Айсалкын Акматбек менен байланышкандан бери аны карагандан тартынып көзүн ала качып беттешпегенге аракет кылаар эле.
— Аси кандайсын?
УЛАНДЫСЫ БАР.....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев