9-БӨЛҮМҮ..
******
*******
—Баланы сатып дейсиңби?! - Айперинин көздөрү чыгып кетейин деп кыйкырып жиберди.
—Эй акырындык?! Үйдө баары уктап жатышат! - деген Жаси курбусуна шыбырады.
—Акылың сообу сенин?!
—Сопсонун эле акылым! Абалыңды карачы! Ушинтип азыр кайжерге батасың? Же эмне муну төрөп Кыргызстанга алып кеткени жатасыңбы?
—Жок, - Айпери сүйлөп бир нерсени айтууга сөз таппай калды. Чынында азыр кайжака басып кандай иш тутаарын деле билбейт.
—Бул сенин өзүңдүн каның болбогондон кийин. Эмне кыласың төрөм?! Өз баласынан кечип кетти го ата апасы? Айпери андан көрө муну төрөп сатып, акчасын ал. Билесиңби азыр балдар аябай көп акчага сатылат. Каарыздарыңды жаап, тынч гана Кыргызстанга кетесиң. Муну сурап деле эч ким издебейт. Ден соолугуңду берип, тогуз жөн эле көтөрүп кайдагы бир орустун баласын жарык дүйнөгө алып келип ордуна арзыбаган акча алып анан жолуңа түшөсүңбү? Же акчадан жок, же башкадан жок, - жанында бежиреп сүйлөп жатты Жаси.
Заматта Айперинин көздөрүнө жаш тегеренип чын эле башы бек, чыга алгыс көчөгө кирип калганын түшүнүп жатты. Мунун санаа тартып, тынч эмес экенин сезгендей курсагындагы күнөөсүз наристе да бир теминип алды.
—Муну кайдан кантип төрөйм, кагаздарым, анализдерим тиги клиникада. Ал эми өзүмдүн документим батир ээсинде, - деди кыз ыйламсырап
—Качан төрөлөт?
—Убагы болуп калды. Өтүп да баратат .
—Анда толгоо башталганда көчөгө чыгасың да көчөдөн тез жардам чакырасың. Ошол менен төрөтканага барып төрөп аласың. Документ сурашса магазинге эле чыккан болчум үйдө калды дейсиң. Эртең алып келип беришет де. Төрөп алсаң эсен аман, эртеси баланы төрөтканадан көтөрүп качып чыгасың. Болду! Сени эч ким издебейт. Сага окшогон жүздөп мигранттар төрөшөт. Баш ооруткулары да келбейт алардын бизге. Анан баланы сатып каарызыңды төлөйсүң, мен өз жолума, сен өз жолуңа түшөбүз .
Жаси кудум мурун бул иштерди жасап жүргөндөй сүйлөп жатты. Айпери ушул нерселер азыр өзү менен болуп жатканына бир ишенсе бир ишене албай нес абалда гана курбусун жалдыраган көздөрү менен өңү бозоро карап олтурду.
—Жүр сага жай салып берем. Бир аз эс ал, - Жаси араң турган курбусун колдон жетелеп уктоочу бөлмөсүнө алып кирип кетти. Күнү кечке басып жүрүп чарчаганга жаздыкка башы тийер замат уйкуга кетти. Түшүндө токой аралап чуркап бара жатыптыр. Бирөөдөн качып улам артын карап ар карагайдын астына жашына калып баратат. Бир убакта капкараңгы токой ичинде ыңаалап ыйлаган наристенин үнү жаңырды. Айпери ал үндү уккусу келбей кулактарын жапырып алса да улам күчөп наристенин үнү жаңырып жаткандай. Кайра чуркап кетти. Эч нерсеге карабай чуркай берип жалгыз аяк жолго туш болгондо токтоду да артын карады. Наристенин ыйлаган үнү басаңдап алыстан угулуп жаткандай. Оор үшкүрүнүп алдынан чыккан жалгыз аяк жол менен басып баратканда уулуган карышкырдын үнү кулагына шак дей түштү. Ушул убакта гана Айпери токойдун ичинде ыйлап жаткан наристени эстеди. Эч нерсени ойлонбой кайра артына чуркады. Азыр эле өзү качып, кутулганына кубанып бараткан наристени издеп жөнөдү. Бул жолу баланын үнү эмес токойдо толо карышкырлардын үнү жаңырып жатты. Айпери эки колу менен кулагын тосуп жерге олтура калганда ойгонуп кетти. Ордунан ыргып туруп эле курсагын кармалап алды. Бала ичинде бүлкүлдөп кыймылдап жатат.Түшү экен. "Өххх!"- деп алды жеңилдене. Терезеден караса күн көтөрүлүп эшикте тиричилик кайнап жатыптыр. Бели бир аз сыздап оорутуп жатканын сезди.
—Жасии? - курбусун чакырды.
—Эмне болду? - деген Жаси чуркап келди.
—Менимче башталды окшойт, - деди Айпери эрдин тиштегилеп.
—Анда сыртта бир аз басып жүр. Күчөгөндө тез жардамга чаласың, - Жаси шашкалактап Айперини колдон алып тургузду
—Коркуп жатам мен, - Айперинин көздөрү жашка толуп турду.
—Жакшы болот баары, ишен.
Көчөдө бара жатты Айпери. Мына аял затына сыйлык, балким сыноо иретинде берилген ачуу толгоонун азабы. Толгоосу кармап күчөгөн жерде бир нерсе жөлөнө калат да кайра жолун улайт. Кайжака бара жатканын деле билбеди. Айланадагы адамдар болсо бири ооруп караса, бири бул менен иши жоктой кайра жөөлүп өтүп кетип жатышты. Бир убакта маңдай жагынан келе жаткан полиция кызматкерлерин көрө калган кыз шашыла метрого кире качты. Ушул убакта толгоосу күчөп жерге олтура калган кызды элдер курчап тез жардам чакырышты.
Айпери кыйкырып жатты. Жардам сурап жатты. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда чабалактап алышып жатып эртеси күнү гана таңга жуук кыз төрөдү. Мемиреп кучагында жаткан наристени тиктеп балкып алды. Өзүнүн каны эмес болсо да токсон тогуз тамыры сыздап жарык дүйнөгө алып келген кызы. Эрин тиштегиледи. Эртен качуу керек деп жатты. Документ сурагандарга болсо Жаси үйрөткөн дөй эшикте капыстан толгоо келип калганын эртең алып келишерин айтып койду.
********
Азиза жүзүнө тамган муздак тамчылардан көзүн ачты. Алгач көзү караңгылыктан башка эч нерсени көрбөй жатты. "Өлгөн окшойм!" - деди шыбырап. Бир убакта жанагы муздак тамчы оозуна тамды. Эриндерин ачып тамчыны тамчыланган сууну ичип жатты. Кичине болсо да жаны жай алып калгандай. Кайра көздөрүн ачып бозоргон айланына карады. Негедир тунук көрүнбөй тумандап турат. Ордунан козголууга аракет кылганда жаны жанчылып ооруп жатканын билди.
—Акырын, турбай жат, - деди мээримдүү эркектин үнү.
—Али өлө элек белем?! Качан бүтөт мунун баары?! Суранам мени жөн эле өлтүрүп салгылачы!
Азиза көздөрүн жумуп ыйлап жиберди.
—Чышшшш! Баары жакшы, тынчтан, - деген мээримдүү үн Азизаны сооротуп жатты. Солкулдап ыйлап жатып кайра уйкуга кетти кыз.
Болот кезектеги суткасына тапшырылган үйдү тазалаганы келип көргөн көзүнө ишенбей босогодо туруп калды. Үйдүн ичине бомба түшүп кеткендей чачык. Эшиктен эле ачуу ичимдиктин, тамекинин жыты мурунду жарат. Эшик оозундагы текчеге айтылган суммадан үч эсе көп акча туруптур. Үйгө кирип эле ашкананын терезелерин чооң ачып жиберди да төркү бөлмөгө өтүп андан бетер эси ооду. Тозу чыгып жаткан бөлмөнүн ортосунда энеден туума жылаңач болуп көмкөрөсүнөн бир кыз жатыптыр. Капкара жайылган чачтары денесин жаап, кыймылсыз жатат. Акырын жанына жакын келип колу менен мурдун жаап алды. Ичимдик менен тамеки аралашып эми адам чыдап болбойт. Акырын түртүп көрдү эле тирүүлүктүн белгиси билинбейт. Колуна алып бери оодарып коркуп кетти. Анткени жүзү таанылгыс абалга жетиптир. Болот кызды оодарганда оор онтоп алды кыз. Демек али тирүү. Шашыла чөнтөгүнөн кол телефонун алып чыгып тез жардамга чалайын деп кайра бул оюнан бат эле кайтты. Анткени азыр тез жардам келсе сүрүштүрүү иштери башталып, мунун мыйзамсыз батир ижарага берип жүргөнү билинсе иши тергөөгө өтүп кетиши мүмкүн. Кайра ойлонуп олтуруп кызды өзү даарылап баштады. Алгач эле көтөрүп уктоочу керебетке жактырды да үстүн шейшеп менен жаап коюп өзү даарыканга чуркады. Кыздын жүзүндөгү катып калган кандын издерин аярлап тазалап алып жатып жүрөгү оозуна келди. Ушунчалык мыкаачылык менен сабалган кызга боор ооруп жатты. Денесинде тамтык жок көгөрүп жана ар кай жерлеринде кесилген, тамекинин күйгөн издери бар экен. Болот тазалап жаткан сайын кыз оор онтоп, арасында "жардам бергиле" - деп алсыз шыбырап жатты. "Кыргыз экен" - деди өзүнчө сүйлөнүп.
—Ай байкуш карындашым ай! Айбандардын колуна кантип түшүп калдың экен! - деген Болот адамдын колунан ушундай мыкаачылык келерин көрүп таңданып да кейип да жатты.
—Ушундай таза кызды айып кылышыптыр акмактар! - деп алды ачуусу келе.
Кечке жуук гана кыз өзүнө келип көздөрүн ачты. Бирок кыймылдоого жада калса сөз сүйлөөгө чамасы жок эле. Саналгандан шишип кеткен кабагынан улам көзү да оңдүү ачылбай калыптыр.
Болот кызды бул абалда жалгыз таштап кете албасын түшүндү да ашкана тарапка чыгып кол телефонун алып Эркеге чалып жатты.
—Алло ?
—Эрке кандайсың?
—Жакшы, кечиктиң го Болот? Кайжактасың?
—Эрке мен бүгүн бара албайт окшойм. Тиги айылдан келген досум унаасы менен бирөөнүн унаасын арт жактан уруп алыптыр ошол жакта жүрөм.
—Өзү жакшыбы деги? - деди аялы кабатырлана
—Ооба өзү жакшы.
—Каап, жаман болуптур. Мейли абайла өзүң да.
—Мейли жакшы олтур. Эртең барамын.
Телефонду өчүргөн Болот ойлонуп кыйла турду. Алгач Эркени да бул жака чакырып экөөлөп карайбыз деп ойлогон, бирок негедир антпеди. Эмнеге өзү да түшүнбөйт. Балким Эркеге айтса туура эмес түшүнөт деп ойлодубу деги ким билсин. Ошол убакта бөлмөдөн кыздын кыңкыстап жаткан үнүн угуп чуркап кетти.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2