26- бөлүм.
Абазовдун узатам дегенине ка-
рабастан,Абакир эле узатат,убара
болбоңуз деген,Айжаркын коштош
ту да,аэропортко жөнөп кетишти.
Регистрацияга да анча-мынча уба-
кыт бар болгондуктан,экөө кафете-
рийге киришип,эбактан бери жанда
шып,сүйлөшкөн сүйүшкөндөрдөй
баарлашып,көз менен эркелешип,
убакыттын өтпөй туруусун тилеген-
диктери көз караштарынан били-
нип турду.Абакирге бул түш сыяк-
туу,ал Айжаркынды көргөндө эле
жактырганы менен айылдык баёо
кызды чоочутуп албайын деп,ага-
дай мамиле жасап,аярлап мамиле
кылуучу.Анын үстүнө уяң,тартын-
чаак мүнөзү да жолтоо болуп,аз
жерден кур жалак калып кала таш-
тады.Эгер,Айжаркын тамаша ыргы-
тып,тийише сүйлөп,биринчилерден
болуп,озунбаганда,"нымтырап" да-
гы деле жүрө бермек.Ошол жолугу-
шууда,эмне кызганасыңбы,сүйөсүң
бү,күйөсүңбү деп,шаңкылдап жа-
тып,"кызганам,күйөм,сүйөм" деп
айтып,бетин ачып алып,Чокчолой
баатырдай болуп,чыга калды.
Айжаркын деле,Абакирдин жөнө
көйлүгүн,шудуңдабаганын,куулук
шумдугунун жоктугун,тарбиясын өтө баалачу.Ал унчукпаган соң,эм-
не демек эле?Нымтыраган байкуш
жөнөкөй деле сүйлөшкөндү билбе-
се керек,болбосо узун жолдо,кыска
сөз да сүйлөбөйт,катын албай,бул
кебетеси менен так өтөт деп,шыл-
дыңдап койчу.Анын үстүнө,бир тө-
шөк көргөнү да жолтоо болуп,кы-
зыл кыз болсо да,тамашаламак.
Айжаркындын тизгинин тарттыр-
ган дал ошол жубандыгы эле.Аба-
кирдин анын мурунку турмушунан
кабары болгондуктан,шибегеси
кабынан чыгып турганын,Абакир
билчү.
Тебетей тегеренгенче,жакшы
кеп болуп,ошондогу жолугушууда
беттери ачылып,жан дүйнөлөрүн-
дөгү болгон нерселери түгөл чачы-
лып,экөөнүн тең ою ордунан чыга,
тагдыр татынакай кылып,жетелеш-
тирип койгонуна суктанбаганда не
демексиң.
Регистрация башталаарын ук-
кан экөө,орундарынан туруп,кезек
ке туруп жатканда:-Кабарлашып ту-
ралы ээ Айкеш,деп жалооруй кара-
ган Абакир,жакшы түш көрүп жа-
тып,ойгонуп кеткен баладай,узун
кирпиктерин ирмей,бир нерсе ай-
тууга умтула,токтоп калды.
Абакир:-Айкеш,сен мендиксиң,
мен барам,келээриң менен үйлө-
нөбүз,макул десең,дегенди кыйна-
лып,кызарып,кысталып жатып,
араң айтты.Айжаркындын алдын-
да кезекте турган,улгайган адам,
секин Абакирди бир карады да,
жылмайып койду.Текшерүүдөн
өтөөрдө,Абакир Айжаркынды бети-
нен өптү да,ушундай кучагына кыс-
кысы келип,араң эле калды.Кол
булгалаган Айжаркынды узата,Аба-
кир артынан кошо кирчидей,темир
тосмого чейин басып келип,шарт
бурулду да,суусу калбаган бош че-
лектей болуп,калдактап машина-
сына олтурду.
Кайсы самолет көтөрүлгөнүн
ким билсин,ушул эле болуш керек
деген Абакир,жерден боорун көтөр-
гөн самолётту ээрчий карап,анан
гана жылып жөнөдү.
- Ой,тобо,кудай оозума сала бер-
генсип,Айжаркын Москвада десем,
Москвага кетип калганын деп,таң
калган Абазов,үйүнүн документин
алып,ооруканага келди.Абалы эки
күндөн бери жакшы эмес,эмне бол-
гонун билбейбиз,врачтын кабинети
не кирип,бирөө менен сүйлөшкөн
соң,келип эле кулап,эч кимди үстү-
нө киргиздирбей жатат деген ини-
си Эраалы,колидордо отурган экен.
-Мен деле тынчын албайын,ке-
лип,кетти деп кой деп,арнап алган
баштыгын инисине карматты да,
Абазов ооруканадан чыгып кетти.
Ал билди,Айжаркын менен сүйлөш-
көн соң,кулаган экенсиң деп ойлоп
койду да,үйүн карай жөнөдү.
Айжаркын "Домодедово" аэро-
портунан түз эле такси кармады да,берген дарек боюнча,келип жет-
ти.Бул Москвадагы ИИМдин Ака-
демиясынын жатаканасы экен.
Вахтадагы эки милиционер,Айжар-
кындын бөлмөсүнө чейин жетки-
рип,ачып беришти да,ашкана ал-
дында экенин айтышты.Кенен бөл-
мөдөгү төрт керебеттин баары бош
экен,кандай немелер келет болду
экен деген ой менен төрдөгү кере-
беттен орун алып,жайланыша баш-
тады.
Абакир жолду ката өзүнүн өтүмсүздүгүнө нааразы болуп,жок
дегенде оозум толуп,өбө албадым,
Айжаркын эмне деп ойлоп кетти
болду экен деген ой менен,салдым,
кетти деп,айтып коёюн деп,Абазов-
дукуна кайрылды.Абакирдин ал-
дында келе жаткан такси да,Аба-
зовдун үйүнө токтоп,ичинен башы
таңылган,балдакчан Нураалы түш-
көнүн көрүп,алаксып кетип аз жер-
ден таксинин аркасына жармашып
кала таштады.Арина дарбазаны ач-
ты да,Нураалы менен Абакир удаа
үйгө кирди.Абазов стол үстүндөгү
шахматты карап,бир нерсе чийме-
леп,жаткан экен.Абакирден мурун
кирген Нураалыны көрүп,чоочуп
кетти да:-Кел,жакшы болуп калдың
бы деп,жек көргөнүнөн башка сөз
айтпай,отур деди.
-Марат Абазович,мен кете бере-
йинчи,Айкеш кетти,узаттым.Айтып
коёюн деп,кайрылдым деген Абакирге, рахмат айтып,
эртең убактың болсо,келип кет
деп,өтүндү.
-Ии,келипсиң Нураалы,жол
болсун,бир тууган агам деп жүрүп,
бир тууган карындашыңды зордук-
тап,ал аз келгенсип,турмушка чыкканча,көңүлдөшүм болосуң де-
гениңе жол болсун.Мен мындай
акмакчылыкты сенден эмес,иттен
да күтпөс элем.Эгер кырсыктабага
ныңда,сени өзүм ушул ахыбалга
алып келмекмин,кудайды көрбө-
сөм да,акылым менен тааныдым.
Сени мен эмес,кызым эмес кудай
жазалады.Таба кылган жерим жок,
чыгып кет деди калчылдап.
Атасы кызынын көргөн кордугу
үчүн,Нураалынын жоругун муруну-
раак укканда,эмне жаза колдонот
эле ким билет?Бирок,Абазов жат-
кан "зөөкүрдү" теппеди,көп сөз айт
мак,ызага буулуп,айта албады.Тем-
теңдеп басып барып,үйүнүн доку-
ментин колуна алды да,Нураалы-
нын алдына таштады:-Ук,адамдык
парасатты жоготкон соң,ааламды
алдына төшөсөң да,аялзаты кечир-
бейт.Унутуп жашай берет деп ойло-
бо,алардын көкүрөгүндө чийки май
дай сакталат,кара так.Эгиз козудай
ээрчишип жүрүшөт деп,баламдын
багына суктанчумун,көрсө,мен бир
зөөкүрдүн колуна салып берип,,ан-
сыз да,көңүлү көк жашык немени
сенин агаң,жердешим деп мактап,
ор эмес көңүлдүн көрүн казып,
көөмп койгон турбайымбы.Кантип,
дитиң барды,ал документиңди,Ай-
жаркынга сенден эч нерсенин кере
ги жок.Колуңдан келсе,кичине уя-
тың болсо,көзүбүзгө гана көрүнбө,
эми кете бер,кудай экинчи сени
мени менен да,кызым менен да,
беттештиргилик кылбасын деп,нар
кы бөлмөгө кирип кетти.
Ай,ошондогу жердин катуулугу
ай,Нураалы жол кырсыгынан аман
калганына өкүнүп турду,бир эмес
бир нече жолу өлдү,ооз ача алба-
ды,чиркин адам деген,тирүү турса,
баарына чыдайт экен го.Нураалы-
нын көзүнө баягы машина көрүндү,
анын астына өзү жыгылгысы кел-
ди.Пай-пай жанагы сөздүн баарын
уккан кайран кулагы,аварияда кер
эле болуп калбапсың да,ал орду-
нан обдулуп турайын десе,башына
бирөө чака кийгизип койгондой
калдырап,балдагына сүйөндү.Ал
документти да,караган жок,,эптеп
сүйрөлүп,араң таксиге жетти.Тем-
теңдеп келе жаткан Нураалыны кө-
рүп,таксист жигит,машинесинен
түшүп,сүйөп таяп,машинеге салды.
Ооруканага эс учун жоготкон Нураа
лыны таксист алып келгенде,чуу
түшкөн оорукананын кызматкерле-
ри:-Кайсыл жактан таптыңыз,кай-
да жүрүптүр деп,чебелектенишип,
шар эле носилкага салып көтөрүп
кетишти.Жарым күнүн жарты тыйын албай өткөргөн таксист,ти-
гинден кутулганына сүйүнүп,шуул-
дата айдап,чыгып кетти.
Нураалынын акылы ордунда
эле,болгону дени өлүп турду,суудан
чыккан балыктай соолуп турду.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11