37-бөлүм.
КАЗАГЫҢ ЖАТЫҢ ЭМЕС
1847-жыл. Тогуздун айы. Ормон хандын айылы күздөө конушта отурат. Көз байлана, түн кирип келаткан учур.Уулбаланын азем жасалгалуу тогуз канат өргөөсү; аш үйү бөлөк болгондуктан өргөө алдына өрө кийиздер төшөлүп, үстүнө перси килемдери салынган. Төрдөгү килем жабылган тактанын үстүндөгү күмүш чабылган жагдандарга адеми жууркандардан үч кертим жүк жыйылуу, үстүндө ак жаздыктар тирелет, төрдөгү кара саксак көлдөлөң үстүнө аюу талпак салынган. Бер жак капшытта алтын аралаш чыйратылган жибек жиптер менен ноколонгон, эки жагына тартылып ачылуучу жашыл жибек көшөгө керегенин үч көгүнө жеткен ак жаздыктуу, эки кишилик мамык төшөктү калкалап турат. Эпчи жакка Уулбаланын ашкере уздугун айгинелеген, түстүү макмал манат өөндөрүнөн кынапталып, курак эмес аземдүү сайма элеси түшүрүлүп, кундуз кыюуланган туш кийиз тартылган. Коломто ордуна орнотулган төрт ачалуу күмүш калыпта жагылган мом шамдардан үй ичи жагымдуу мелүүн жарыкка бөлөнүп турат. Эпчи жак төрдөн ылдый дасторкон жайылуу, казанга жабылып кызара бышкан нан, омкорулган кошкон май, чагылган чакмак канттар төгүлгөн. Уулбала сыңар тизелей олтуруп, Айымкан жеңесине бөйрөктүү ак чайнектен пиялага чай куюп суна: — Алыңыз, жеңгей, кыргызда «Көз ачып көргөн, ооз ачып өпкөн» деп коёду гой, сол сыңары биринши ирет жүзүмдү ашып, маңдайымдан сүйгөнүңүз эсимден кетпейди. Шолпан жеңгемдей сыйлаймын. Андан бери каншама суулар агып, жылдар өттү. Сол биринши күн эсимден кетпейди, — деди Уулбала. Чай ууртап, жылмая күлгөн Айымкан: — Менин өпкөнүмбү, же баатыр уулдукубу? — деп тамашалады. — Ойбай, жеңгей, кайтесиң, баатыр уулуңуз, — деп шыңгыр күлдү да: — Айтканым ырас гой,жеңгей. Анда мен каншама тагдырыма тике карап, кайраттансам да, аке-шешемден ажырап, туулган калкымдан бөлүнүп, азган бешара кыз эдим гой. Жадымда карыптык турган эле да. Сол учурда сизден эне мээримин сезген элем. Сизге милдеттүүмүн. Ыраазы бол, жеңгей, —деди Уулбала. — Кудай колдоп, тобокелиң төп чыгып, бел байлап издеген көңүл кушун таптың, такыялуу кыз элең, таажылуу ханайым болдуң. Уул таптың, кудайга тобо кыл, — деди жеңеси. — Кайриет, аныңыз ырас. Кудайга ризамын. Аке-шешемди, туускандарымды баатыр уулуңуз кайын күтүп, катышып турамыз. Уулуңуз да эсейип келатады, — деди Уулбала. — Баса, төркүндөрүңдү, жеңең менен иниңди кечээ узаттың го. Мен айылчылап кетип, коштошо албай калдым, — деди жеңеси. — Ооба, кечээ узаттым, жеңгемди, сиңдим Саулени, агайымдын уулун, — деп Уулбала сөзүн бүтө электе, кызматчы жигит эшиктен кире: — Ханайым, таксыр келатат, — деди адеп менен ийиле. — Аа, баатыр уул келер маал болгон тура. Мен кайтайын. Сага бир аз эрмек болоюн деп кирдим эле, — деп бата тилей ордунан тура жөнөдү Айымкан жеңеси. — Жеңгей, келип турсаңыз, — деп узата чыгып, кайра кире дасторконду жыйып, үй ичине баары жайындабы дегенсип көз жиберди да, саймалуу жашыл тасма тартылган жеңил элечегин оңдоп, боюн түзөдү. Эки бала көтөрсө да чырымталы жаш, чырайы жанып турган отузга чыга элек Уулбаланын нооча бой, кымча белине тик жака, сур тукаба кемсели кынала, жарашыктуу оролгон жеңил элечек кырынан изги көрүнгөн жазы маңдай, жаңы тууган айдай ийилген каштары, коймолжун тарта коюуланган сурмалуу көздөрүнөн бакыт учкуну жана эптүү бүйрүлгөн кызгылт эриндеринен лаззат илеби ура, хан күйөөсүн күтүп турду. Капалдан кайтып келген уулу Үмөтаалы, Токтор аке менен казак-кыргыз жарашуусу кандай өткөнү жөнүндө аңгемелешип, кимдин эмне айтканын талдап угуп, боордош, жамаатташ эки элдин жарашуусу купулуна толсо да, мындан ары Орусия, Кытай, Кокон менен өнүгүүчү мамилелеринин келечеги санаасын бөлгөн хан өргөөгө ойлуу кирди. — Арыбаңыз, таксыр, — деп жылуу жылмая тосуп алган Уулбала Ормондун чепкенин, тебетейин илбериңки алып, эпчи улагадан өйдөрөөк турган күмүш ачалуу ала баканга илип, саймалуу сүлгүнү карысына кыса, чакан жез чылапчынды алдына коюп, ак аптабадан хан эринин колуна суу куйду. Хан колун аарчып, жубайлык мээрим төгүп турган жаш жарына ичинен ыраазы боло сакалын сылай, төрдөгү аюу талпактан орун алды. Уулбала арыдан бери дасторкон жая даам коюп, оюулуу кара көөкөрдөн кесеге мейиз чайкалган кымыз куюп сунду ойлуу олтурган жарына. Кымыздан кере жутуп, дасторкондон даам ооз тие: — Төркүндөрүңдү кечээ узаттыңбы? Ыраазы болуп кайтыштыбы? Ата-энеңе бизден салам айттыңбы? — деди Ормон. — Арийне, Сизден саламдуба айттырдым, риза болуп кайтышты. Бир сыйра кийим кийгизип,аке- шешеме деген тартууларымды бердим. Кайындарыңыздын Сизге деген сарпайларын үлкен үйгө, апамызга жиберген элем. Кийип көргөндүрсүз? — деди Уулбала, эрине жоодурай карап. — Аа, ырахмат! Көрдүм, кийсем калдайган казак болуп калчудаймын, — деп мурутунан жылмайды Ормон хан ойлуу калыбында. — Хан күйөөм, казагың жатыңыз эмес гой. Казактын кара көз кызы кашыңда турмун. Чүрпөңүз Сейилкан артыңыздан ээрчип турады. Кудайга шүкүр, — деп бир аз ойлоно турдуда: — Өз элиңиздин да, кайын элиңиздин да бейкүнөө каны төгүлгөн кыргынды басканыңызга ыраазылыгымды майдандан кайтканда айттым эле, — деп салмактуу сүйлөөгө аракеттенсе да, кылгырган сурмалуу көзүнөн эр туюмун дүрт жандырар лаззат илеби жанып турду. — Энди, тенирден сурарым, эки элимизге ынтымак, өздөрүмүзгө денсоолук тилеймин, — деди Уулбала. — Иншалла, эми тынчтык болот, — деди Ормон хан. Эшик ачыла шуулдай кайнаган самоор киргизген жигитке «өзүм тейлейм» дегендей ишарат кылды да, бөйрөктүү ак чайнекке чай демдеп, назик кыймылдай эки чыныга чай куюп, бирин күйөөсүнө суна, экинчисин өзү алып, ойлуу калыбын жазбай отурган күйөөсүнө: — Баса, Капалга кеткен чоң уул келди деп уктук, — деп сөз учугун күйөөсүнө таштады. — Ооба, Үмөтаалы баш болуп, Токтор, Жантай, Жангарачтар орус жандыралынын кепилдигинде казак-кыргыз тынчтык наамесине кол коюп кайтышты. «Иншалла, эми эки эл тынч болот», — деп, жаш жубайынын эл камын ойлогон паразаттуулугуна ичинен ыраазы болуп олтурду Ормон хан. — Ылайым солай болсун. Теңирден элимдин башынан бакыт кушу учпаса экен деп тилеймин. Баса, мени келерки жайда төркүлөп келсин деп айттырыптыр аке-шешем. Сейилканды ээрчитип, мени жибериңиз. «Күмүш үйлүү күйөө, камыш үйлүү кайнатадан сый көрөт» дегендей, балким, сиз да барып кайын журтуңуздун сыйын көрүп келерсиз, — деди Уулбала. — Кайдан камыш үйлүү болсун. Кайнатабыздын төрт түлүк малы өрүшүнө батпайт, алтын күмүш зары канча. Андан көрө өзүң айткан эл камы мойнунда турган кишиде катынын төркүлөтүп барганга убакыт болобу, — деди Ормон хан. — Оны түшүнөмүн гой, эреркеп айтып турганым да, баатыр. «Баатыр» деген сөз мага «хан» дегенден жакыныраак туюлат. Кара казактын кызымын да, хан жанында калтырап олтургандан көрө, баатыр жанында баарлашып олтурганым абзел гой, — деп, шыңгыр күлө күйөөсүн карады Уулбала. — Таппаганың жок, кара казактын кызы сенин, — деп жылмайды да, кара көз казак кызы көңүл кушун таптай билген жары болгонуна көңүлү толуп отурду хандын. — Баатыр, Сизден жашырып жүргөн сырым бар эди. Айтуунун ыгын таба албай жүрдүм эле,— деди Ормондун көңүлү жибип турганын баамдаган аялы. — Ал кандай сыр болду экен? — деп таң кала карады Ормон. — Орток болоюн десеңиз, айтамын, — деп жылмайды Уулбала. — Мына кызык, бирге жатып, бирге тургандан ашык да орток болобу? — деп ормойду күйөөсү. — Анда орток тилектеш экенбиз. Айтайын, Сейилкан уулуңуз комуз чертем дейт, — деди Уулбала, муну Ормон хан жактырбасын туюп, күмөндөнө. — Ал эмнеси экен, ээнбаш! Качантан бери чертет экен, ким үйрөтүп жүрүптүр? — деди Ормон. Өзүнөн уруксатсыз үйрөткөн кишини айыпка жыгып, жаза тарттырарын билген аял күлүмсүрөп жайдарылана: — Ортокпуз да сырыбызга. Үйрөткөн кишини жазалабаймын десеңиз айтам, — деди. — Айта бер, жазалабайм, — деди Ормон хан саал жумшара. — Бекенбай комузчуга барып жүрөт, — деп күлдү да, эпчи жактагы манат текчеден аземделип жасалган өрүк комузду алып, күйөөсүнө суна сөзүн улады. — Уулума көрсөтө элекмин. Илгери үмүт менен жасаттым эле. Батаңызды бериңиз. Ормон комузду колуна алып, айланта карап көрүп, үнсүз жанына жөлөп койду. — Баатыр, мен билемин, манап насили, хан уулу ырдап, комуз чертүүсү кыргызда өөн учурарын. Сойтсе да, Сейилдин тагасы — менин акем — домбра шертеди. Агаларым да өлөң айтып, домбра шертишеди. Бул өнөр Сейилге ошолордан ооган го. Кудайдын берген талантыгой, баатыр, Сейилдин шешеси катары өтүнөмүн. Батаңызды бериңиз? — деди Уулбала жайдарылана. Ормон хан ак да, көк да дебестен комузду жанына койгон калыбында ойлуу олтурду. Бул хандын уулуна комузчу болууга берген батасы эле. Санаасы тынган Уулбала күйөөсүнө чай суна, байыркы падышалардын, хандардын өмүрүнөн күлкүлүү, бирок сабак болорлук икаяларды айтып, жубайлар маанайлары жаркып, субкатташа отурушту. Бата тиленип, дасторкон жыйылып, кол жуулуп ооз чайкашкан жубайлар бой жаза, көшөгө артына өтүштү.
КОКОН БАСКЫНЫН КАЙРУУ
1847-жыл. Тогуздун айы. Кенесары хандын жоболоңу аяктап, эл ичи тынчый түшкөн. Көз байланар маалда калмак жүрүш менен шашыла келаткан салт атчан күздөөдөгү Ормон хандын айылына тизгин бурду. Ордо үйдөн оолак кермеге келгенде: — Токто! Сен кимсиң? — деп найзасын кесе кармаган күзөтчү жоокер алдынан тосту. — Мен Байсеркемин, — деп аттан түштү жолоочу. — Ассалому алейкум, бий аке! Сизсизби? Жарыктык, түн катып, атыңыз да чаалыккандыр, —деп күзөтчү жоокер Байсеркенин колунан чылбырды алып, кермеге байлады. — Жүрүңүз, хан Нажимүддүн дамбылдага Жоопнамени окутуп угуп олтурат, — деп бийдин артынан ээрчий келип, эшик ачты. — Ассалому алейкум, таксыр, — деп оң колу менен көкүрөгүн басып, бир аз ийиле эшик алдында турду кыргыздын Кокондогу элчиси Байсерке бий. — Алейкума салам, бий, келиңиз, жол болсун, — деп жанынан орун жаңсады Ормон хан. Байсерке бий ханга, аалымга кол берип учураша орун алды. — Ха бий, саламат келдиңизма? Халкымыз эсенчиликте турамы? Ва Рахмату аллахи. ВаБаракатухи, — деп бата тилеп, эсенчилик сурады ажы. Эсендик сурашып, Байсерке жайалгандан кийин: — Ажы, рахмат, эми жайыңызга барып эс алыңыз. Окууну эртең улантабыз, — деди Ормонхан. Ажы китебин жыя, коштошуп чыгып кеткенден кийин: — Бий, Кокондо кооптуу иш бар го, түн катып келдиңиз, — деди Ормон хан. — Кокондун түрү бузулду, таксыр, — деп кызматкер жигит сунган аякты алып, кере жута жерге койду да: — Бишкектен Алишер бек барып кеткенден кийин, мага мамилелери мурдагыдан да сыйлуу боло баштаган эле. Көрсө ал арам ойлорун билгизбей,мени алаксытып туруунун амалы экен. Өткөн жума намаздан кийин келатсам, Ордо кызматында жүргөн алайлык кыргыз Баймырза жолугуп, саламдашкандан кийин: «Бий, Сизге айтып коюшум парз. Булар көп аскер жиберип, арканы кайра каратып алууга даярданып атышат. Бул анык. Мусулманкул аталык өзү кол баштайт экен. Сиз бул жерден тез кетиңиз. Алар жөнөр алдында Сизди зынданга салары турулуу иш», — деп эки жагын карана шаша басып кетти. Ордого келсем мамилелери мурдагыдан да жылуу. Башка бирөөлөрдөн сураштырайын десем, шек алдырчудаймын. Тура берүүгө даай албадым. Түн ортосу оой жашырына шаардан чыгып, жол тартып келатышым ушул, — деди чаалыга талыкшып турган Байсерке бий. Бир тынымга үй ичин тынчтык ээлеп турду. Мелтиреген ойлуу калыбында Ормон хан: — Кымыздан ичиңиз, бий, — деди. — Рахмат, таксыр, ичтим, — деди аякты узата Байсерке бий. Көөкөрдү жаап, аякты жыйнап, кызматчы жигит чыгып кеткенден кийин: — Мусулманкул кыпчак жээлигип турган экен да өспүрүм ханды жетелеп... Баамыңызда качан чыгышчудай жүрүшкө? — деп суроо узатты Ормон хан. — Баймырза туугандын айтымында көп кечикчүдөй эмес. Ашып кетсе он-он беш күндө аттанышчудай, — деди Байсерке элчи. — Канча жоокер менен чыгарын баамдай алдыңызбы? Курал-жарактары кандай? — деп суроо улады Ормон хан. — Санын болжоого кыйын, таксыр. Менин баамымда Кенесарынын түмөндөгөн колун талкалаган аркалыктарга каршы аз кол менен чыкпоого тийиш. Он миңдин ары-бери жагы болуу керек. Курал-жарагы жөнүндө — алар көбүнчө түтөтмө мылтык алып жүрүшөт. Кылыч байланышат, найза, жаа кармагандары анча эмес. Алар көбүнчө тоолук кыргыздар, саны көп эмес, — деди бий. Элчинин айткандарына ынтаа коюп уга: — Ушундай деңизчи, — деп хан өзү менен өзү сүйлөшкөнсүп каалгый олтурду да, сөзүн улады. — Ордонун ички ынтымагы кандай? Сиздин баамыңызда? — Ордодо өз алды ынтымак, — деп айтуу кыйын. Сыртынан бөйпөңдөшүп «сиз-биз»дешкени менен ар кимиси өз мүдөөсүн ичинде купуя сактап жүргөндөй туюлат. Эң күчтүү ажырым кыпчактар менен capттардын арасында. Кыргыздарга боор тарткансыганы менен Мусулманкулдун көзү аларга түз эмес. «Ит жүгүрүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, Алымбек датканын ордодогу таасирин Мусулманкул көрө албайт. Бири-бирин аңдышкан абал. Кудаярханга кызын берип, хан күйөө күткөн Мусулманкулдун аброю жогору. Хандын жаштыгынан пайдаланып, азыр ал эки тизгин бир чылбырды колуна алган бийлик ээси. Муну ичинен туйган Кудаяр хан намыстанып жүргөндөй түрү бар. Анын колтугуна суу бүркүп, ордодо capт билермандары дымып турушат. Бара-бара Мусулманкул бийликти өз ээсине ыйгарбаса, арты жакшылык менен бүтпөшү ыктымал. Capттар Кудаяр хандын бийлик кумарын арттырып, көкүтө ар кандай айла-амалдарды салып турушат. Алардын максаты Мусулманкулду бийликтен сүрүп чыгарып, ханды өзүлөрүнө ыктатуу, — деди ар ишке көзү жетик кыраакы Байсерке бий. Көңүлүн уюта угуп олтурган хан башын ийкеп, сакалын сылай, бийдин чарчаңкы, басмырт, ошентсе да сабырдуу, салабаттуулугуна ыраазы болуп турду да: — Эми бий, Кокон менен Букаранын арасы кандай, ошону кеп уруңузчу? — деди. — Кокон менен Букараны жарашып турат деп айтууга болбойт. Букара дагы эле болсо Коконду өзүнө кошуп алуу далалатын токтото электей көрүнөт. Ал эмес, имиш-имиште, Коконго чабуулга даярданып турат. «Букара күчтүү» деген сөздөр тарап, эл ичи тынч эмес, —деди чаалыгып турган Байсерке. — Рахмат, бий, эми барып эс алыңыз, эртең түш оой келиңиз, акылдаша турган иштер бар, —деди хан. Байсерке бий кеткенден кийин Сазаны чакыртып сүйлөштү да, ар кай жакка чабаган аттандырды. Чакырылгандардын арты болуп түш оой Ормон хандын ордо үйүнө Калыгул бий келип түштү. Жаш курагына жараша хан айланасында орун алышкан Байсерке, Жаманжээн, Төрөгелди, Алыбек, Адыл, Андаш, Абыкандар жапырт орундарынан тура Калыгулга ызаат көрсөтүштү. Баарына кол берип, хандын оң жагынан орун алган Калыгул алакан жая: — Алло акбар, эли-журтубуз тынч, байгерчиликте болсун, — деп бата тиледи. Батадан кийин Ормон хан олтургандарга көз жибере: — Шашылыш чакыртканымдын себеби — Кокондон кооптуу кабар менен Байсерке бий келиптир. Уккула, бийдин сөзүн кеңешели, кана, бий, баштаңыз, — деп Байсеркени карады Ормон хан. Оң жактан Калыгулдан кийин экинчи олтурган Байсерке бий: — Түнү менен келдим. Кокон биз жакка чабуулга чыкканы азырланып турат, — деп баштап, түндөгү ханга маалымдаган жагдайларды толук айтып, өзүнүн бул ишке өтө кооптонгондугун билдирди. Отургандардын ар бири бул ишти өзүнчө жоруп, үй ичи тынчый түштү, оюн жыйнай калган Төрөгелди баатыр: — Кокондуктардын моюндары кычышып калган го. Кай жактан каптап кирер экен? Көк-Арт аркылуу Тогуз-Торого кирер бекен, же Олуя-Ата, Мерке жактан келер бекен? — деди
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1