29-бөлүм.
ШОР-ДӨБӨДӨ
Чыгыштан асманды жаркыткан күн нуру тоо баштарын чала, Шор-Дөбө алдындагы Кенесары колу сол канат, оң канат, туу алды болуп, иреттеле баштады. Шор-Дөбөгө тигилген көкчатырдын алдында айчыктуу жашыл туу желбирейт. Мазарлуу Кара-Суудагы бир эле айылдагы түнкү салгылашууда жүздөн ашуун төлөңгүттөрдүн набыт болуусу дөгүрсүгөн жоокерлердин демин суута түшкөндөй: — Түнкү чабуулда бир эле айылда жүз элүү төлөңгүт каза болуптур... — Эки жүз дейт... — Андан да көп дейт, көмгөнгө үч жүз жоокер бөлүшүптүр. .. — Кыргыздар оңой жоо эмес окшойт, жанды сактайлы... — Өткөн жылы Норузбай төрө кыргызды чабам деп, жанын араң куткарып чыкпады беле, —деген кобур казак кошунун аралады. Аңгыча оозуна күчөткүч түтүк кармаган Кенесары хандын: — Оо, Алаштын арстан жүрөк жоокерлери! Аблай хан туусу астында казатка чыккан азаматтар, алдыда айыгышкан кармаш турат. Бабабыз Аблай хан нечен жолу талкалаган кыргыздар бизге тең эмес, аз эл. Кайратыңарды боюңарга жыйгыла, көп мал, дүнүйөгө ээ болосуңар, кыргыздын сулуу кыздарына эр болосуңар. Оң канатта Эржан төрө, сол канатта Норузбай төрө, туу алдында биз, Кенесары хан, жүрөбүз. Чымыр Байзак, Агыбай баатыр, Супатай, Байет, Андаш, Үрүстөм бийлер өз кошундары менен болушат. Аллохи акбар, —дегенде батаны коштогон үн аба жарды. Ирети менен үч бөлүнө турган кол кыркаар тарта, чаңды асманга көтөрүп, бири суу бойлой, сол жээк менен, бири оң жээк менен, үчүнчүсү тескей тоо этегиндеги талаа менен чыгышты карай калмак жүрүш сала жөнөдү. «Аблай, Аблай, Кенесарылап» кыйкыра, кыркаар тарткан сол канатты Жантай бийдин жапсарга өңүткө койгон чампан мылтыкчан мергендеринин удаа-удаа атылган таамай октору каршы алды. Беш-алтоо окко учуп, жапырыла түшкөндө, баштарын кызыл жоолук менен бууган тынай жоокерлери «Атаке, Атаке» деген ураан менен каршы чабуул коюшту. Элөөрүп олжо алабыз деп чапкан Кенесарынын жоокерлерине караганда, бейкут жаткан тынчтыгы бузулуп, бейкүнөө аккан канга жандары күйүп, өздөрүн коргоого чыккан жоокерлердин дем-кайраты күчтүү экени кармашта туюлуп турду. Кызыл жоолук буунган жигиттердин сунган найзасы, шилтеген кылычы тек кетпей каршы тарап жапырыла түштү. Калканга тийген кылыч кылычка урунгандагы металл үнү, кылыч, найза тийип жаралангандардын кыйкыра онтогон үндөрү, аттардын кишенегенине аралашып, аба алаамат жаңырыкка толду. Жапырыла баштаган Кенесары колун Жантай бийдин буктурмага койгон жоокерлеринин капталдан урган соккусу алдасдатты. Кача согушкан баскынчылар Кенесары хандын туу түбүнө карай сүрүлө баштады. Кызыл ооз аргымакчан Норузбай баатыр айкырып, качып бараткан казак жоокерлерин токтотууга аракеттенип ач айкырык салып, кыргыздар менен найзалашып турду. Бирок жоокерлерин бирдиктүү чабуулга тарта албады. Оң канат Эржан төрөнүн колун Түлкү баатыр Ныязбек уулу, Куттуксейит уулу Шамен башкарган Эсенгул жоокерлери тосту. «Аблай, Аблайлап» аба жаңыртып келаткан калың колго төрт жүз чамалуу кыргыз жигиттери каршы ат коюшту. Баштарын кызыл жоолук менен бууган жигиттердин алдында бет келгенин сулата, жаадай сызган кара атчан, туулга, соот кийген Ныязбек бийдин кенже уулу Түлкү баратты. Саны аз болсо да, күнөөсүз элдин башына түшкөн алааматка күйүп, намыс байлаган кыргыз жоокерлеринин өлүмгө бел байлаган тобокели күчтүү экени биринчи кылычташууда эле байкалып калды. Дүнүйө, мал алуу үчүн чыккандар, жанды сактап калуу ылаажысын издеп, жалтайлап салгылашышты. Кызыл жоолукчан жоокерлер алгач оң канаттын шаштысын кетирип, жапыра кирген аракеттери кантсе да сан жагынан бир канча эсе көп душман тобуна аралашканда кыйынчылыкка кабылды. Бирөөнө үч кишиден кем эмес казак төлөңгүттөрү менен кармаша баштады. Абалды байкаган Түлкү: — Кетенчиктей согушкула, — деп кыйкырды да, ит урушун сала артка чегинип бараткан жоокерлердин артын тосо каршы келгендерге найза уруп жыга артынан жүрдү. Эржан төрөнүн жоокерлери кетенчиктеп согуша артка чегинип бараткан кыргыз жоокерлерин тосуп, Шамен баштаган жыйырма чакты кишини курчап алышты. Алардын туткунга түшүү коркунучун туйган Түлкү, Шамендин кайнатасы Ады үч уулу, беш иниси жана бир нече жоокерлер менен кайрылышып, тобокел кармашка киришкенде, Шамшынын оозунан башын кызыл жоолук менен бууган черикчи жоокерлеринин «Абайылда, Абайылда» деген ураан менен капилет качырып кириши душмандын шаштысын кетирди. Аксурдун үстүндө өбөктөй найза сунуп, Төрөгелди жоонун бет келгенин көмөлөтө сайып баратат. Саны алты жүздөн ашык черикчи жоокерлеринин кескин чабуулу Эржан төрө жоокерлеринин катарын бузуп, экиге бөлө кылычташып кирди. Шаштысы кетип бөлүнгөн жоонун абалы Шамен баштаган кыргыз жоокерлерин курчоодон чыгарып кетүүгө мүмкүндүк берди. Ушу жагдайга тушма туш «Бөлөкбай, Бөлөкбайлап» ураан чакырган солто жоокерлеринин күтүүсүз кайраттуу чабуулу Эржан төрөнүн жоокерлерин бытыратып бөлө дүрбөлөңгө салды. Туулгачан Андаш, Жоосейит баатырлар алдыда найза суна алдастап качып калган жоону сүрүп баратышты. Кызыл буурул аргымакты аргыта бура тартып качырган Эржан төрөнү Жоосейит баатыр найза салып, аттан түшүрдү. Оң канатта Эржан төрөнүн колго түшкөнүн уккан Норузбай төрө, Агыбай баатыр баштаган эки миңден ашык кол, Эржанды куткаруу үчүн катуу чабуулга өттү. Бирок Жоосейит, Андаш Төрөгелди, Түлкү баатырлар «кыргыздап» ураан чакырып, туштуштан ач айкырык менен киргенине чыдабай, жоо артка чегинүүгө аргасыз болду, Эржан төрөнү куткарууга мүмкүн эместигине көзү жеткен Норузбай төрө: — Эй, кыргыздар, бул Эржан төрө, чачынын бир кылы түшсө, баарыңарды тукум курут кыламын. Жакшылап сактагыла, — деп кыйкыра, кысымга туруштук бере албай, кача баштаган жоокерлерин ээрчите артына тартты. Эртеден берки кармашта аттары чаалык канкыргыз жоокерлери качкан жоонун артынан түшпөй тизгин жыйышты. Күн батууга жакындап калган кез эле. Колго түшкөн Эржан төрө деген сөздү уккан Жамангара баатырдын иниси Самак ордунан тура албай очорулган туткундун жанына келип: — Кенесары хандын иниси Эржан төрө деген сенсиңби, — деп ат үстүнөн эңкейе желкеден ала тургузуп, колун үзөңгү боолукка сала, — сенин каныңды ууртап, агамдын күйүтүн басайын, — деп четке сүйрөп кетти.
Жоонун мизин кайтарган кыргыз жоокерлери жарадар болгондорун, каза тапкандарын жыйнай, кошуундарына кайтышты. Согуштун экинчи күнү. Эки тарап тымызын аңдышып, чабуулга өтпөй турушат. Каза болгондорду жашыруу камын аяктай элек. Кенесарынын ордо чатырында кабактары чытылган, маанайлары пас Агыбай, Норузбай, Үрүстөм, Чымыр Байзак, ак койлуу Байет, Андаштар отурушат. Көз ирмебей мелтиреп үнсүз отурган Кенесарыга астыртан карай сөз козгоого эч кимиси даабайт. — Неге ундемейсиңдер? Өз жаныңарды сүйрөп келдиңдерби? — деп зирк этти Кенесары, эч кимисине назар салбаган калыбында. Отургандар үнсүз. Чатыр ичи тымтырс. Бир тынымдан кийин Норузбай: — Кенеке, Эржан төрөнү кыргыздар сайып түшүрүштү. Куткарууга аракет кылдык. Ылаажы болбоду. Алар көп да, демдүү да экен. Кыйын жоо окшойт, катуу салгылаштык. Алардан да, бизден да өлгөндөр, жаралангандар көп болду. Биз үч жүз элүү жоокерден айрылдык, жаралангандары да ошончо, — деп агасын карады. — Өлүшсө нетейин, өлүмсүз согуш болобу. Көмгүлө өлгөндөрдү. Эржан төрөнүн колун Агыбай баатыр башкарсын. Түшкө жетпей баштагыла чабуулду, мында конокко келген жоксуңдар. Кайра качкандарды атуу үчүн артынан куралдуу төлөңгүттөрдү койгула. Кыргыздарды эки жагынан айланып өтүп, артынан соккула, — деп катаал үн катты. Көзүнөн каар учкуну жана кебелбей отурган Кенесары иниси Эржандын тагдыры жөнүндө бир ооз сөз сурабады. Кол башылар сөз катууга батына алышпай, буйрукту аткаруу үчүн жылып чыга жөнөштү. Кыргыздар да эки капталдан чабуул болорун күтүп, даярданууда. Мерчемдүү жерлерге мергендерди коюп, алгач таамай аткан ок менен каршы алып, анан жоонун эки жагынан айланып өтө курчап согушууну ойлоштуруп турушат. Жалган түш маалында эки тарабын күчтөндүрө Кенесары жоокерлери чабуулга өтүштү. Сол канатты Чымыр Байзак, ак койлуу Байет баштап, Норузбай, Агыбайлар Эржанды бошотуу ою менен оң канатта баратышат. Эки канатта да, туу багытында да чабуул койгондор чампан мылтыкчан жана жаа тарткан кыргыз мергендеринин огунан жапырылып, капталдан, бет маңдайдан чабуул койгондордун кысымына кабылып, илгерилей алышпады. Кыргыз жагыда бет маңдайдан жоонун катуу каршылыгына учурап, душмандын эки жагынан чыгып, курчап салгылашууга жетише албай турду. Кыл чайнап, кырчылдаша бетме-бет согушуу күчүнө кире, кылыч, найза тийип жыгылгандардын аянычтуу онтогондору ок жаңылып жыгылган аттардын кишинегенине, кылыч, найза, калкан кагылышкандагы карсылдаган үндөргө аралаша теребелди адетте жок, кулакка жат, үрөй учурган жаңырык ээледи.Сарбагыштарды беттеген Чымыр Байзак колу үстөмдүккө өтүп турганда, арттан кошумча жардамга келген Түлкү баатырдын жигиттери абалды өзгөртүп, бешим ченде казактар туу түбүнө карай чегиништи. Аргын Агыбай баатыр жана Норузбай төрө үч миң чамалуу кол менен Эржан төрөнү куткарууну көздөп, эки ирет солтолорду каптап кирди. Жоо тарабы көптүк кылгандыктан солто жоокерлери чегине согушуп, Оро-Башыдан өтө бергенде, Жангарач бийдин акылы менен буктурмага коюлган алты жүз жигит капыстан качырып кирип, казак жоокерлеринин шаштысын кетирди. Бет маңдайдан жана капталдан сокку жеген казак жоокерлери качууга аргасыз болушту. Кыргыздар качкан жоону кубалабай кошундарына кайтты.
Согуштун үчүнчү күнү. Кенесары кол башылары туу түбүндө чогулуп, хандын сөзүн күтүүдө. Кабагына кар жааган Кенесары хан боз суп чепкенди желбегей жамына, чыгыш тарапка, кыргыз кошундарынын өңүттөрүнө көз жибере түнөргөн калыбында: — Кандай болсо да кыргыздарды чөгөлөтөмүн. Кол баштаган эрендерин жок кылуу керек, жекеге чакырып. Жолборс чапкан Төрөгелди, Балбай, жана эки Түлкү бар дейт го. Бөлтүрүк чечен, ошолордун көзүн тазаласак иш жеңилдейт. Колду иреттегиле. Жекеге чыкчу баатыр туу алдынан аттанат, — деп чатырына бет алды. Асман бүркөө, күндүн көзү көрүнбөйт. Айлана бозомук тарта, кандуу кыргынга аза күткөндөй тунжурайт. Эрте жаздын суук сыдырымы бойду ичиркентет. Эки тарап ок жетпес аралыкта эрөөлдөшүп турушат. Кенесары тараптан зээри бийик суйдаң жалдуу кара аргымакты аргытып чыккан, туулга, соот, чарайначан жигит ортолоп келип: — Жекеге, жекеге чык эр болсоң, — деп кыйкырып турду. Кыргыз тараптан кечээ кикармашта кылыч жаза тийип, кулагы шылынган Түлөкабыл баатыр Жантай бийге: — Бий аке, мен чыгайын, атым начар, ат котортуңуз, — деп өтүндү. Күлүк торуну алкынтып алдыңкы катарда туулгачан турган уулуна: — Ысабек, атыңды Түлөкөңө берчи, — деди бий ортого чыгып жекеге чыкчу эренди күтүп турган казак жоокерине көз жиберген сабырлуу калыбында. Күлүк торуну минип, туулга кийген Түлөкабыл баатыр найзаны оң колдоп суна, көз ирмебей, казак эренине каршы жөнөдү. Ал да найзасын суна кармап аргымакка камчы урду. Найза учунан жел ышкыра, көз ирмебей урган эки баатырдын найзалары калкандарга урунуп тайыды. Кайра кайрыла экөөтең жаалдана катуу качырышты. Жаадай учкан күлүк торучан Түлөкабыл найзаны ээрдин кашынан өйдө, калкандан ылдый мээлеп урду. Кара аргымак очорула түшүп, үстүндөгү эрен кулап түштү. Түлөкабыл кайра кайрыла кара аргымакты коштой өз тарабына жөнөдү. Кыргыз колу тараптан:«Оо, Кудай, арбак, Атаке, Талкан, Эсенгул, Бөлөкбай, Садыр», деген ураандар угулуп, эл дуулдап турду. Ындыны өчө түшкөн казак тараптан башына жашыл жоолук буунган, буурул атчан москоол жигит: — Аблай, Аблай, — деп ат ойното ортого чыкты. Каршы тараптан сарыбагыштын Абла уругунан, денеси чымыр, бою чарчы, ат үстүнө орноткон дөшүдөй нык отурган Кодоо Калча найза сунуп, жалдуу карагерге камчы ура, жаадай сызып буурул атчан эренди көздөдү. Ал да буурулга камчы ура, көз ирмебей найза суна Калчага каршы ат койду. Эки эрен тең көз ирмебей бири-бирине найза урушту. Найзалар тозгон калканга тийип тайгыла, аттар очорула түшүп оңоло, эки баатыр кайып өтүштү. Буурул ат тизгин чоё бир аз ала качып кайрылганча, күлүк торуну элпек бурган Калча казак эренин капталдан аттан түшүрө сайып, буурулду чылбырлап, өз колу жакка сызды.
Эки эрени катар кулап, жоо күймөлүп турганда, эки ирет жоо сайып эрдемсиген кыргыздар тараптан чоң торуну алкынтып, башын кызыл жоолук менен бууган москоол жигит майданга чыкты. Намысы кайнаган Кенесарынын иниси Норузбай төрө кызыл ооз аргымакты аргыта, найзаны сол колдоп суна кызыл жоолук кыргыз эренин качырып кирди. Ал да чоң торуга камчы уруп, Норузбай төрөнү тик качырды. Найзакерден өмүрү кыйшайбаган Норузбай баатыр каршысынын найзасына калкан тосо тайгылтып, экинчи кайрыла беттешкенде ыкчам кыймылдай найзаны табарсыктан өйдөрөк мээлеп урду да, кайра тез бурула, аттан кулап түшкөн кыргыз эренинин тору аргымагын чылбырлай өз тарабына сызды. «Аблай,Аблай, Кене хан» деп казак тарабы дуулдады. Кол башылары топтоло кеңеш курган кыргыз тараптан кара жалдуу чоң кула минген, туулга, соот, чарайна кийген, кең далы, жайык төш, келбеттүү жигит найза суна аргытып чыкты. Кызыл оозду ойнотуп, майданга экинчи ирет чыккан Норузбай баатыр кыргыз эренине найза сунду. Ал да көз ирмебей Норузбайга каршы ат койду. Найзалар калкандарга согулуп, тайый эрендер кайып өтүштү. Кыргыз жигити тизгин чоё кайрылганча, тез бурулган Норузбай жаңы гана бурулган кыргыз эренин камынтпай сайып аттан түшүрүп, атын жетелеген бойдон тобуна кайтты. Кыргыз тарабы чочулай түштү. — Норузбай төрө өзү түшкөн тура, ага каршы Манде баатыр, Төрөгелди, же Түлөкабыл, же Адыл түшпөсө, башканын шаасы жетпейт, — деп Жантайды карады Жангарач бий. Мурунку күнкү урушта өзү башкарган жүз жоокери менен эпсиз эрдик көрсөтүп, жоонун тымтыракайын чыгарган, алты канат боз үйдүн түндүгүн колу менен бакансыз көтөргөн, экикезге бою бар, алп мүчөлүү, атагы казак, кыргызга «жез чочмор» деп бирдей тараган, «Сегизбектин» эң улуусу Бердибектин ортончу уулу Манде баатыр Норузбайдын кыргыздын эки эренин катар сайып түшүргөнүн көргөндө эки көзү оттой жанып, жаак эттери түйүлүп, жекеге чыкмакка Жибек жалга камчы урду эле, анын кечээки урушта сол ийнинин балык этине найза тийгенин билген Төрөгелди, атын суулуктап токтотуп: — Кой, сен чыкпа. Кыргыздарда жараланбаган соо кишиси калган эмес экен дебесин, мен чыгайын, — деди. — Жок, бата бергиле, мен чыгайын, деп Жантай, Жангарач бийлерге кайрылды, зээри бийик, мойну жаадай ийилген, суйдаң жалдуу, соорусу көмкөргөн казандай, Аксурдун үстүндө ээрге куюп койгондой бакыбат отурган Субандын уулу Адыл баатыр. «Аллоху акбар, Кызыр жылоолосун» деген бата үнүнө удаа, Аксур жебедей учуп топтон суурулду. Туулга, соотчон Адыл баатыр оң колдоп найза суна майданга сызды. Казак тараптан үчүнчү ирет кызыл ооз аргымакты аргыта Норузбай сол колдоп найза суна кыргыз эренине каршы ат койду. Сунулган найза учтарынан жел ышкыра, тулпарлар жебедей сызып, эки эрен көз ирмебей бири-бирине өлүм багыштап баратышат. Көз ирмем... Күч менен урулган найзалар тоскон калканга уруна, аттар очорула оңолуп, эки эрен кайкып чыга тизгинди тез жыйып, кайрадан найза суна бири-бирине жаалдана каршы чыгышты. Көз ирмебей найза урган эрдик күчтөрү, сунулган найзага илгиртпей калкан тоскон сезгич чеберликтери бирдей эки баатырдын талуу жерлерин мээлеп урган найзалары калканга уруна, аттар кош аяктап очорула оңолуп, кайра кайрылышкан эрендер үчүнчү ирет беттешкенде найзалар чарт сынып, кылычташууга өтүштү. Бири-биринин шилтеген кылычтарын тосо урушуп, өңүтталаша эки баатыр чай кайнамча кылычташып алыша албай турганда: «Аблай, Аблай,...Кенесары, Кенесары...» деген ураан менен казак тарап чабуул баштады. Кыргыздар каршы ат коюп, майдан кандуу аламанга өттү. Тараптардын экөө тең бири-бирин айланта курчап «торго» алуу ыкмасын колдонуу аракетине өтүштү. Эки күндүк кармашууда бири-бирин айланып өтүп, арттан согуу ыкмаларын байкап калган тараптар бири-биринин кысымын кайтара кырчылдаша салгылашты. Эрөөлдөшкөн эки жактын эч кимиси ийгиликке ээ боло албай, кандуу кармаш каш карая токтоп, өлгөндөрүн, жарадар болгондорун жыйнап, илеңсалаң өз кошундарына кайтууга аргасыз болушту. Согуштун үчүнчү күнү. Эки күнкү кыргындуу кармашта курман болгондорду жайына коюу менен колу байлана түшкөн эки тарап бири-бирине ачык кол сала албай, кайгуулчулар аркалуу абалды дааналап билип, анан чабуулга өтүү аракетин күтүп тургансып, тынч түтүн булатышууда.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2