🌳
ЖАМАНДАН ЖҮРӨКТӨ ТАК КАЛАТ. 💔
✅ Туура айтылган чындык экен. Жакшы адамдардын жанында болуу, алар менен тынымсыз баарлашуу кандай сонун ээ?
▪️Жагымдуу сөздөрү менен канча деген адамдарды өздөрүнө тартып турушат.
▪️Мындай адамдардын достору да көп болот.
▪️ Жакшы адам, бардык жерде эске алынат.
▪️ Жакшы адам, суу боюна отургузулган мөмөлүү дарактай.
▪️Жакшы адам жаман из калтыргысы келбейт!
▪️Жакшы адам өзүн эмес өзгөнү ойлойт.
▪️ Жакшы адам жакшылык кылгандан тажабайт.
▪️Жакшы адам, жаман адамдан күчтүү болот!
▪️Жакшы адамга, жаман адам ар дайым жеңилип берилет жана анын жакшылыгына тоскоол боло албайт.
▪️ Жакшы адам, жагымдуу сөзүн эч кимден аябайт жана эч кимге жамандык каалабайт.
▪️ Жакшы адам, ө́зүнүн жакшы иштери үчүн кубаныч алат.
▪️Жакшы адам жасаган жакшылыгы үчүн өкүнбөйт.
▪️Жакшы адам бар болгонуна ыраазы болот.
▪️ Жакшы адам кубангандар менен кубанат, ыйлагандар менен ыйлайт..
▪️ Жакшы адам өз кызыкчылыгын токтотуп, кайгырып аткан адамды сооротууга шашылат.
▪️ Жакшы адам үчүн тааныган, тааныбагандарга да жакшы сөзүн айтуу кыйын эмес!
Ушундай жакшы мүнөздүү адамдардан кантип жашыл бак калбасын?
Жакшынын жанындакимдер гана болгусу келбесин?
✅ ЖАМАНДАН ЖҮРӨК ТАК КАЛАТ.
▪️ Ким болбосун ар бир адамга орой сүйлөп, жүрөккө так калтырат.
▪️Эч ким бул адам менен сырдашкысы келбейт.
▪️Достукта туруксуз жана өз кызыкчылыгын гана көздөйт.
▪️Коркпой каргап сүйлөйт. Бирок ошол каргыш өз башына келерин унутат.
▪️Бийлик кыганды сүйөт жана ар дайым анын сөзүн колдоп турушун каалайт.
▪️Кемчилигин айткан адамды, душманындай көрөт жана баары бир жолун таап, ошол адамга жообун берет.
▪️Катуу сөздөрү менен башкалардын көңүлүн оорутуп алуу, ал адам үчүн кыйын эмес! Керек болсо, кээде бул сапаты менен сыймыктанат.
▪️Баардыгы андан коркуп, баш ийип турушун каалайт.
▪️ Башкаларга катуу сөздөрдү сүйлөйт бирок өзү бир да катуу сөздү көтөрө албайт.
▪️" Мен, Мен, Мен" деп жашаганды сүйөт.
▪️ Өз жемишин бере албаган, куурап калган дарактай болот.
▪️Өзүнүн сөзү туура болбой атса да "туура" деп далилдегенди сүйөт. Өзгөчө сөздөн, эч качан жеңилгиси келбейт.
▪️Өз кемчилигин көрбөй туруп сындап, айыптаганга өтө чебер жана сөзсүз ал адамдын көңүлүн оорутуп кетет.
▪️Өзү периште болуп жаралгандай, ар бир адамды басынтуу жана текебээр көзү менен карайт.
▪️Ал адам үчүн бир да жакшы же акылдуу адам жок.
▪️Ал өзүн гана "акылдуумун"деп ойлойт.
▪️Жакындарынын көңүлүн оорутуп алганы үчүн өкүнбөйт.
▪️Өзүнүн туура эмес кылып атканын билип атса да, билдиргиси келбейт. Моюн сунбайт.
▪️Моюн сунуу менен кечирим суроону "элдешүү" эмес басынып калуу деп түшүнөт.
▪️Кеңешин эч ким уккусу келбейт. Себеби сөзү башка. Жашоосу башка.
✅ Мындай адамдардан көпчүлүгү качат. Алыстан көрүп, учурашууну да каалашпайт. Кыя качып өтүшөт. Себеби ал адамдан бир да жакшы сөз чыкпаганын билишет. Анын көз карашы да жагымсыз.
✅ Ар бирибиз жаман эмес, жакшы адам болсок ээ? Жакшы из калтырып, жакшы жагыбыз менен таасирдүү инсандардан болсок кана .
Бар болгула жакшыларым. Сиздер менен дүйнө кооз.
Игамбердиева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22
УБАГЫНДА БАРЧЫЛЫКТА ТОКЧУЛУКТА ЖАШАГАНБЫЗ АК НАН ЖЕП,АТА ЭНЕБИЗ НАЧАЛЬНИКТЕР ЭЛЕ....ОШОНДО КЫЙНАЛЫП ЖАШАГАНДАР УЙУБУЗГО КЕЛИП,КЫЗМАТ КЫЛЫШЧУ.АТА ЭНЕ КОЗУ ОТКОН СОН,БАЙЛЫК БАРЧЫЛЫК КЕТТИ,ЭМИ КЕДЕЙЧИЛИК МЕНЕН ЖАШАП ЖАТАБЫЗЖАНАКЫ КЫЙНАЛГАНДАР,БАЙЫП КРУТОЙ БОЛУП КЕТИШКЕН ЖИЗНЬ БУМЕРАНГ ДЕГЕН ЧЫН ЭЭБИРОК БИР КУНУ НАОБОРОТ БОЛОТГО ЖАШООКАЙРАДАН МУРУНКУ БАЙЛЫКА КЕЛЕБИЗ,АЗЫРКЫ БАЙЫП КЕТКЕН КЕМБАГАЛДАР,МУРУНКУ АХЫБАЛЫНА ТУШОТ ОКШОЙТ ЭТО ЖИЗНЬ ДЕТКА ЭКЕН