2-бөлүм.
-Эмне,эмне? - эмеле көңүлү көтөрүңкүдүй көрүнгөн майордун доошу темирге урулган балканын үнүндөй кулакка орой. Эмнеси кем экен, айтчы? Эки үч тюхадай кем дегеним, көздөрүн күнөөлүү кыбыңдатып, жалтайлай түштү Жоробай. "Тюха" деп!.. Кечээ эле биерге түшө калып блатной сөздөр менен сүйлөп калдыңбы? Сенден эмес, сенден өткөн көкжалдарды көргөм. "Тюха " деп коёт ары жок!" Тюханын" балекетин аласыңбы, андан көрө тынч оокатыңды kылсаңчы?! Көрүп турам зонага
Көрүп турам зонага барсаң столовойго барып загатовщик болосуң, же кочегаркада иштейсиң... Бөлөк колуңдан эмне келет? Срок үтөй элек жатып, үнүңдү көтөрөсүң? Тигине срок олтурган мобу жигит билет а сен сайылба, блатной мир тез эле сазайыңды окутуп коёт. Эмне демексиң буга? Түгөл жымжырт. Бөлөк учурда каршы сөз айтсаң болот эгер басмырлап кордосо. Анда, колуна өлүп бер, глотать эткен жарабайт, бирок, ошондо да түздөн түз сайылбай технично обратка беришиң керек. Ырас, непада духуң жетсе, метлаң жакшы иштеп кетсе, обратка берсең
болот. Мисалга, момундай мааниде.
"Начальник" , бизди камадыңарбы, положняк кровняшкабызды
беришиңер
керек.
Кровняшка өкмөт тарабынан ар бир камактагынын керт башына өлчөнүп берилүүчү азык-түлүк. Кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамы боюнча өз кровняшкаңды менттергетарттырып ийүү чабал кийишинин иши. Бир эсептең. Жоробайдыкы да туура.
Бирок акырына чыгуугаtдуху жетпеди. Анын
үстүнө, начальниктин түрү бузук, каны ичине тартып, шылтоого шыноо табалбай турат. Ошону сезип Карыпбек кийлигишти. Өзүң билесиң начальник, кем болсо кем болуп калгандыр... Анын
үстүнө, дачка бирде кирсе бирде кирбейт, туура түшүн начальник... Ачуусу кайта элек майор түсүн үйрүдү. Эй силер түшүнсөңөр
болбойбу? Түрмөдө
эмес, эркиндикте
жүргөндөргө нан жок! Кайырчы көбөйдү, ууру -
кески андан... Түрмөлөр менен колонияларда срок
олтургандарды кантип багам деп республиканын
айласы кетип турган
чак. Мурун эмгек түзөтүү калонияларында жумуш күн -түн токточу эмес, үч смен жүрчү иш. Эми балээ да жок!...көп сүйлөп ийдим деди окшойт, майор камеранын төр жагын айлана турушкан селсаяктарга чарк имере карап, сыртка бет алды. Эми кош эшикти ал бекитпестен жанатан бери
сыртта көз салып турган кабелтең жаш мент алга бир кадам шилтеп, алгач
темир торду, анан чылк темирден капталган оор эшикти күлдүрөтө
жаап, кулпу, чынжыр, илгичтерин шылдыратып, илчүүсүн илип жылдырчусун
жылдырып, бекитип
жатканы кулакка шашпай угулат. Селсаяктар тарап -
тарап ар ким өз
нараларына көчүк
басышты.
Камеранын адам жытынан теринен дымыккан оор, сасык абасынан дем алып гулкага барганда гана биртке тусовка кылгандары болбосо, калган убактарыда жандaры жер тартып, нараларда көбүнесе оонап жаткандыктанбы, азыноолак басып, же тикесинен тик турушса эле шайлары оой
түшөт.
Жусуп кыт-кыт
күлдү, Жоробайга тике багып. Ээ Жоке, сени тиги мент блатнойсуң деп кеттиго? Жоробай сүйүңкүрөбөй унчуккан жок. Карыпбек, Анвар деген тиги хатадагыбы? Ошол ...Биз этап менен чогуу келбедикпи
ИВСтен. Балкар жигит. Мурун срок отуруптур. Продол аркылуу cүйлөшкөнүн угуп калып, ошо күнү ушул майор дежурный экен Анварды карцерге
жаап, атүгүл дубиналдын астынан өткөрүп ийиптир. Эптеп кепке келишип, карцерден алып калганбыз. Бу Тилек да ошол кезде биз менен чогуу болчу. Ооба мен да бир болчумун, ошол окуяга күбө болгонуна сыймыктангандай үнү көтөрүңкү чыкты Тилектин. Жүзүнө кызыл жүгүрө, тегерегиндегилерге батымдуу карап калыптыр. Кайрат байлап калган шекилдүү. Витек аста үн салды Карыпбек. Ал ушул саамда үстөлдүн чок
ортосундагы кагаз кутучаны өз
Ал ушул саамда үстөлдүн чок ортосундагы кагаз кутучаны өз тарабына жылдырып, ичиндеги майда тамекиден чымчып кагазга салып, эчки шыйрак орогону киришкен. Бери отурчу, прикол бар? Кызыл жүзү бозоргон жаш бала Карыпбектин жанына басып келип, үн-сөзсүз үзүн отургучка көчүк басты. Карыпбектин оозунан эмне сөз чыгар дегендей, бир чети жүзүндө кабатырлык бар.
Узундугу сөөмөйдөй болгон гезиттин айрындысына тегиз тамеки салып, анын эки четин бириктире шилекейлеп коюп, Карыпбек сөз улады. Витек, сен эмне менттен пантоваться этип кеттиңби? Витя унчукпай башын жерге салды. Витек, башыңды жерге салба? Башын кимдер cалат, билесиңби? Достойныйсыңбы болду, тике карап проколдош? Куйругуң жокпу? Же бала кезиңде коңшу-колоңдордун
балдары менен уруша кетип алардын бир-жарымын отургузуп койгон жок белең ментефкага заява таштап? Жок, жок! Шашып баш чайкады Витя. Ишенем... Мен муну сөз арасында айта салдым. Эми угуп тур. мент деле адам. Бирок бир айырмасы подзамочникпиз, а булар бизди сыртыбыздан кайтарат, срок берет каалашынча, анан дагы кааласа карцерге жабат, сабайт, кордойт. А бизде эрк жок. А бирок бизде үн бар, тил бар, арестанттык тилектештик бар. Эгер сен туура болуп, менттер беспределге барышса, сени колдоого барышат. Бүт түрмө! Түшүндүңбү? Түшүндүм. Түшүнсөң ошол. Менттен пантоваться этпе, алар деле адам, айырманы гана билип кой. Алар сенин коркконуңду сезип калышса ого бетер кырыңа чыгып алат. Ошон үчүн ментта алар. Ызалап, коркутуп- үркүтүп, убада кылышып, түрлүү айла-амалдар менен өз тарабына тартууга аракет жасашат. Мында дух күцтүү болуш керек.
Дизельной болуп сайылыштын да зарылчыгы жок. Керек учурда оборотка бер, сабырдуу гана, "как оно есть "жообун берип кой, ал эчтеке кыла албай калат. А
так баары ровно! Тигинин көңүлүн көтөрө күлүп койду Карыпбек. Продол
жымжырт, камераларда жан жоктой. Эртең мененки жана кечки текшерүүнү
учурунда гана
ушундай, менттерден улам
бир камераны кыдырып жүргөнү тээ алда-кайда эшиктердин шарактап ачылып-жабылганы, күңкүл
үндөр, темир така кагылган өтүктөрдүн бетонго тийип тарсылдаганы
така кагылган өтүктөрдүн бетонго тийип тарсылдаганы үзүл-кесил угулат. Мындай маалды тилди тишке кысып, дудукча мелтиреп отурган оң. Азыркы учур менттердин учуру. Эртең мененки проверка, анан баланда келет камерадан камерага
таратылып. Мында да бир мент хозбандиттин катарында. Андыганы камерадан камерага
кат, тамеки, майда-барат баландердон берип ийбесин дейт. Дегеле өз ара карым-катнаш кылдыртпайт. Андан кийин гулка жарым сааттык сейилдөө. Абакта жаткандардын эң жаркын минуталары ушул жарым саат. Ошондуктанбы гулканы селсаяктар
чыдамсыздык менен
күтүшөт. Ага чейин
камералар бири-ири
менен үн алышпайт, бир гана менттердин ооматы келип турат. Түрмөнүн начальниги камераларды кыдырып, ал-абалы менен таанышып калышы ыктымал., андыктан дубактар камеранын биринен шыбыш чыкса учуп жетип, үнүн басууга
кыпылдап турушат.
Баландер келатабы?-арадан бирөө үн катты. Ошол. Чын эле камеранын сыртында тамандарга сүрүлүп атып жылмаланган, бирок ар кай жери жарылып кеткен узун далистин астанасына кол арабанын дөңгөлөктөрүнүн кылдырап тийип, бир майланбаган жери зээн кейите кыйчылдап келатканы кулака илешет. Жакшылап
тыңшасаң кол арабанын улам бир камеранын тушуна
аялдап, кыйчылдаган дөңгөлөктөрүнүн үнү бастап, кормушка деп аталуучу төрт бурч оюктун калдырап ачылып жатканы... Кол араба 13 -камеранын астына да токтоду. Селсаяктарга бул а болсо кенедей жаңылык. Менттин кормушканы ачып жатканын дем албай карап турушат. Бүгүнкү баландер жыйырмадан жашы жаңы өткөн бозумтүлөк орус жигит. Салам бродяги! Табагыңарды куружкаңарды бергиле? Тамагың эмне? Таруу... таруу
ботко...Баарына алайынбы? Витя суроолуу тигилди Карыпбекке. Мага алба-деди Карыпбек, -негедир көөнүм чаппай турат. Мен да жебейм, -Тилектин үнү. Коюу бышырылган ботко далай селсаяктардын колуна түшүп,оозуна тийип, алда бир себептерден улам чети кабырылып эскирген, өңү калай сымак, оордугу чоюндай калың түрмөнүн табактарына лап-лап ботко салынып, төрт бурчтуу оюктан ичкери сунулду. Эскилиги жагынан центряктардан кем калышпаган бутафорлорго чай кюлду. Начальник бир азга кормушка ачык турсунчу?-тамак улөштүрүп жаткан хозбандиттин жанында турган дувакка кайрылды Карыпбек. Туура түшүн, начальник, думугуп кеттик. Камеранын ичи бир азга желдесинчи? Болбойт! Начальник?.. . Болбойт дегенден кийин болбойт! ...кормушканын капкагы төмөндөп жогору көтөрүлө шарт этип жабылып калды. Кол араба узап кетти дөңгөлөктөрү кыйчылдап. Кийинки камеранын кормушкасы ачылууда... Күңкүл үндөр... Ну, анда эмне кылдык? Тамакка карайлыбы? Карыпбек менен Тилектеб бөлөктөрү камеранын төр жагына чукул, темир буттары
чукул,темир буттары жерге бекем орнотулган узун үстөлдүн эки жагындагы узун отургучка көчүк басышып, өзөк жалгоого киришишти. Карыпбек тамекиге
алаксыды. Байкоостон кормушка ачылы, жаш менттин жүзү
көрүндү. Гулкага чыгасыңарбы? Конечно, чыгабыз начальник. Төрт бурчтуу оюк шарак жабылып, кадамдар узап кетти. Өх, гулка-колдорун жайып чиренди Карыпбек. Бир жутум воля. Эми
комсомолецтеркокого жетет турбайбы мурдун бырыштырды Саня. Тигине, Байкалы да продолдо ичип-жеп.
Үрүп жатпайбы. Камерага тушташ бир жерден күрс-күрс үргөн иттин добушу камакта жаткандарды кордоонун дагы бир
үлгүсү. Комсомолецтер деген атка конгон жаш менттердин ушул сменасы гана ушунтишет. Жүндөрү саксайган, көздөрүнөн бир туруп кызыл, бир туруп жашыл от күйгөн сымак, азуулар aрсайган килейген дөбөттү каргысына тагылган кайышынан кармап камеранын тушуна жулунтуп коюшат. Эшиктен продолду көздөй акыркы селсаяктын буту шилтенери менен сегиз кишини гулкага дейре дырылдата кууп жөнөшөт. Качпай көр! Бутуңдан жулуп алчуудай болуп, азуулары канжардай болгон чоңдугу торпоктой болгон дөбөт үстүңкү эрдин ачуулуу диртилдетип, соңуңан сая түшүп кууп келатса!
...Күчтүүсүн ушундай бил ээсинен колунан жулуп кетчүүдөй кайышынан бекем тарткан ментти өмгөктөтөт. Эмнеге минтишет? Шакаба чеккендери. Продолдо басып жүргөн менттер безилдеп качып бараткан селсаяктарды карап
алышып, боору каткыча күлүшөт. Аларга көрүнүш өзүнчө оюн зоок. Шоу концерт! Мына башталды, -ооз ачты Жоробай. Иттин арсылдап
үргөнү... Комсомолецтердин каткырык күлкүсү... Апыл-тапыл кадамдарын дүпүрөтүп, гулканы карай буттары үзүлгүчө жүгүргөн селсаяктардын эрк жок деген ушул белем. Жаштайынан намыскөй болуп өскөн Карыпбектин жаак булчуңдары эрсизден тиштене түйүлөт. Гулкага чыгууга алардын да кезеги келет. Алар да аңчыдан качкан алсыз жаныбарлардай качаар. Сай-сайлап бет-бетинен
Сай-сайлап бет-бетинен безишпейт. Алды-артын тоскон бетон дубалдар. Узун далис менен биринен бири озбой бир чыйыр менен биринин изин бири басып, чуркап өтүшөт. Анткени, бул из - бөрүлөрдүн
чыйыры. Камоого түшкөн чыйыр. Бул чыйырдан эч жака качып кутула албайсың. Каяка бурулсаң-дубал, болгондо да -бетон дубалдар. Карыпбек тиштерин үнсүз кычыратты. Кордоонун да чеги бар! Каяктагы бир саксайган дөбөттөн качабы? Ал -адам! Зэк болсо эле адам сыягынан чыгып калат бекен?! Ничего, подобного! Мынабу барбайган колдору менен, менттерге кызмат кылган "Б лды" моюнунан муунта кармап, керек болсо жеңдей болгон тилин сууруп таштаар!.. . Кимиси жеңер экен адамбы, айбанбы? Карыпбек саамга өзүнүн саксайган дөбөт менен продолдо жумалашып жатканын элестетти. Каруу булчуңдары эрксизден түйүлдү. Тарамыштары бир бошоп, бир чыңалганын туйду. Эмнегедир бала чагынан эле ит аттыыдан сестенчү эмес, тескерисинче, ал качып кетүүнүн ордуна саал алга бөкчөюп, арсылдап үрүп аткан итти теше тиктегенде, кандай гана ит болбосун-жогдор жүнү үрпөйө, куйругун такымына кыпцып калганын көп кезиктирген. Теңтуш балдар аны тамашалап. Ушу сенде дрессировщик өнөр бар, андан көрө циркке барып, жырткыч айбандарды үйрөтсөңчү, дешчү. Ошону азыр эстеди Карыпбек-14 хатаны чыгарып атышат гулкага. Азыр бизге кезек келет.
Кайрадан коридордо тапылдаган кадамдардын дабышы, иттин арсылдаганы, дубактардын ичек боору эзиле ыкшыгандары. . Сволучтар! -арадан бирөөсү үн катты. Эми бизди дыргаяктата кууйт турбайбы. Куубайт!-кеcе айтты Карыпбек. Азыр эшик ачылганда силер чыга бергиле, мен бул итти байкап көрөйүн!.. . Адамбызго канткен
менен... Камералаштарынын суроолуу аңкайган кебетелерине көзү кездешкенде көңүлдөрүн жайкай сүйлөдү. Кабатыр болбогула, баары мазя болот. Ашкере тынчсызданган Жоробай гана болду. Өмүр бою бел жоорутуп, кол оорутуп, көрүңгөндүн тамын салып түйшүктөн башы чыкпаган бечара, бирөөлөргө кошула салып уй уурдаймын деп биерде отурбайбы. Аны да балдар, айрыкча Жусуп жөн койбойт. Сүрсүтүп койгон сары жүрмөлөрдөн аялың аркылуу алдыртсаңчы, биз деле эмгек кылып тапкан уюңдун эринен ооз тиели?! -деп Карыпбек өңү түңөрө жанагинткенде устачылык өнөр, балтачоттон бөлөктү билбеген эме көздөрүн кибиңдете, жалооруңку чыйпылыктап ийди. Тим эле койсоңчу Каке ошо жин ургурду. Кубалап тим
болушар, биздин эмнебиз кетип атты эле? Карыпбек бир мүнөздүү эмеспи, түнөргөн тейде лам деп ооз ачпады. Аңгыча болбой иттин арсылдап үргөнү камеранын тушунан угулуп, эшиктин кулпусунун ачылыбатканы. .. Чыга бергиле! -саал-паал каргыл аралаш түшкөн үн менен чолок айтты Карыпбек.
Ким эле артта калып, торпоктой дөбөттүн азуусуна урунгусу келсин, баары эле алга шашылышты. Кош эшик ачылды. Оозу кулагына жеткиче шылдыңдуу жылмайган шыңга бойлуу, кара тору, сулуучумак жаш жигит... Анын катарында көздөрү куукай күлүңдөгөн, чымыр көкүрөктүү, орто бойлуу келген кең далылуу жигит саксайган жүндөрү кызгылтым күрөң, аюунун кичирейтилген түрү тариздүү кичирээк көздөрү кулагы да ошол токой жырткычына түспөлдөш бул чыңдуу иттин жулунганына карабай кайышынан бекем карпап турат. Непада, каргысына илинген кайыш үзүлүп кетсе, бул ит кишини жарып салганда кайра тартпай турган. Не күчүк кезинен ушундай тарбияланганбы, камеранын эшигинен сыртка бир бирден чыбап
бир бирден чыбап чыгыбаткандарга айрыкча бир ичтен кыйнап чыккан жек көрүү сезими менен ыркырап үстүңкү бирин-серин катуу кыл менен капталган эрди диртилдеп, жыйрылып, адамдын жүрөгүн түшүрчүдөй араларынан көбүк чыккан эки миздүү шамшардан кем калышпаган азууларын көрсөтөт. Көздөрү айрыкча бир заардуу, тимеле от чачырачудай сезилет.
Эки түрдүү багыттагы менттер менен зэктердин өз ара мамилесин иттик туюму менен сезип, жедеп аскер форманын ээсинин ыгына сыртынан кулпу менен бекилген камераларда күн өткөрүшкөн өңдөрү купкуу жүдөө адам сымактарга тукурган менттердин оюна көнгөндүктөнбү селсаяктарды көрсө эле эзелки өчү бардай жулунат. Эки алдыңкы буттарын көтөрө коюп, тажаалдана үргөн итке сактанычтуу көз жибере, биринин артынан бири сыртка чыгууда селсаяктар. Беш киши камерадан чыгышты. Көзүн кибиңдеткен Жоробай, Тилек анан Карыпбек улагада турушат. Чыкпайсыңарбы, эй!
Сабырсыздана кыйкырды жулунган иттин кайышынан бекем кармaп турган мент. Бол, болгула! Болбосо камераңар менен гулкага чыкпайсыңар! Азыр
баарын кайырам!.. . Чыга бер, Жоке?-токтоо айтты Карыпбек. Өзү болсо чоң кармаш
баарын кайырам!.. . Чыга бер, Жоке?-токтоо айтты Карыпбек. Өзү болсо чоң кармашка түшчүдөй жонуна салган кара күпайкесинин боору түгөл бүчүлөнгөн. Өңү билинер- билинбес kумсарыңкы тарта, жаагы шимирилип ичке кирип, бет чүкөсүнүн оркойгонуна карабастан далысын бүкчүйтө, алга секирчүү илбирс кейиптенген бекем турпаты, ички тереңинен от күйгөндөй караган жалындуу көз карашы аны сүрдүү көрсөтөт. Жоробай анын соңунан Тилек илеше чыкты. Чык!-деди шыңга бойлуу мент чыдамсыздыгын билгизип. Кандайдыр бир ички туюм менен бет чүкөсү оркойгон селсаяктардын тегин жерден эл артында калбагандыгы акылдарына орногончо. Карыпбектин үнү чыкты. Начальник алдагы күчүгүңөрдү алып кет, анан да кубалаганыңарды кой?! Колума тийсе муунтуп салам! Алып кет ары?! Эмне дейсиң? Бекерден бекер өлүм болгон жатабы мобу? Эки мент бирин бири тиктешти. Анан күлүп калышты. Ушул саамда камеранын улагасында сыртка чыгаар-чыкпас аралыкта турган Карыпбек менен жалданган ит көз ирмемге тиктеше калышты.
Жанатан берки kyjyr, көктүк, кашкөй сезимдерин карегине топтогон селсаяк иттен көзүн айырбады. Мына кызык! Жана эле үнү каргылдангыча үрүп жаткан Байкалдын жаалдуулугу жок, өзүнөн көзүн албай тикчийип турган адамдан көзүн ала качып анда-санда каңк үрүп, анысы ээлеринен кечирим сурагандай жалооруңку чыкты. Ит да болсо сезди бет алдында өлүмдөн да кайра тартпай кармашууга бел байлаган адам турганын. Анүстүнө бул адамдын турушу да бөлөк тарамыштуу колдору арбайган тейинде эки ыптасында салаңдап, бир секирип баса калчуудай алдыга саал бүкчүйгөн кебетеси сесин алды. Күчүк чагынан түрмөнүн ички бетиндеги дубалдардын ыктоосунда өстү.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3