27-болум
Бүйрай эне эмне болуп кеткенине дале болсо түшүнө албай, кызы Маржан экенин билбей эле:-Ой, бул кайсы кыз, нары жакка алгылачы, өзүм эптеп басып жүргөндө-деп, кучактаган кызын, өзүнүн боюнан алыс түрткөндө Маржан, экинчи жолу:-Апа, сени көрөр күнүм бар экен!-дегенде гана анын үнүнөн таанып, Бүрай эне кызын кучактаган калыбында катып эле туруп калды. Эбак көзүнөн аккан жаш бетин жууп, кызын бирөө алып кетчүдөй коё бербей, нес болуп калган. Үнү чыкпай, колу кызына карышып, ушул күндү кандай азап менен күткөнүн ушул турган турпатынан билгизди. Бери жакта карап тургандар даап жакын келе алышкан жок. Эх, сагынычтын күчү. Экөө бирин-бири кучактап, катып калган гана адамдардай эч кыймылга келген жок. Бул көрүнүш карап тургандардын көздөрүнө жаш толтуруп, аларды дагы кыймылсыз абалга такады. Апасынын жытын изгеп, ушул бойдон катып калгасы келген Маржан, эсин жоготуп баратты. Ал эми Бүрай эне бир нерсе деп кобуранды, бирок үнү чыккан жок. Көзүн бекем жумуп алган Бүрай эне үчүн, кызын кучактап турган ушул турпаты, муз болуп тоңуп калган мөңгүдөй, көзгө абдан сүрдүү көрүндү. Алгач Дүйшөн кыймылга келип, Бүрай энеге жакындап:-Апа, үйгө киреличи,болду эми сөзгө келели деп айткан сөзү, жөн эле абага айтылгандай таасир берди. Булар минтип тура берээрине көзү жеткен Дүйшөн агасына келип:-Жусуп байке, ушунтип эле тура беребизби? Үйгө киргизели- дегенде, Жусуп үнсүз башын гана ийкегенге жарады. Дүйшөн бул аракетинен эч майнап чыкпасын билип, Акманбекти кошунасынын үйүнө чуркатты:-Акманбек, Бердике байкелерди чакырып кел, бол тез. Минтип тура беришсе, бир нерсенин ичинен чыгышат. Үйгө киргизип, олтургузалы жок дегенде. Баарынан дагы апама жаман болду, тикеси менен туруп. Акманбек кандай кетсе ошондой кайра келди. Үйдөгүлөр туруп, сыртка чыгышканы менен даап, эне менен кыздын жанына жакын жолой алышкан жок. Каныш кыймылга келип, үйдү ирээтке келтирип, ички үйгө калыңдап төшөк салды, эки киши олтура тургандай кылып. Аңгыча эле Бердикелер келип алар дагы бул көрүнүштү көрүп,көздөрүнө жаш алды. Бирок дароо эле экөөнө жакын келе алышпады. Аялы Жумакүл кадимкидей шолоктоп ыйлап алган:
-Баккан балаң менен куруп кал! Мен ушуну күткөм, экөөнүн жолугушуусунан. Ботом үйгө киргенден кийин деле жолугуштурбайт белеңер! Болгула эми эненин буту талып кетти го?-дегенде гана Жусуп кыймылга келип:-Маржан коё берчи, үйгө кирели!-дегенде Маржан апасын бирөө колунан жулуп кетчүүдөй коё бербей, кайра тырышты. Бүрай эне бул дүйнөнү унутуп койгон. Кызынын бир кездеги жытынан изгеп, ушул күндү көргөнүнө ыраазы болуп, кызынын мойнунан колун чыгарбай, алсыз үнү менен:-Өзүңөр үйгө кире бергиле! Бизге эмне тоскоол болосуңар! -деп айтты, бирок бул сөздү эч ким уккан жок. Ал сөздү кайран эне кандай күч менен айтса дагы ичинен гана айтылгандай таасир берип, карылуу колдор колун, кызынын мойнунан бошоткондо Маржан кыйкырып жиберди:-Апамды эч кимге бербейм, коё бергиле!-деп. Булардын оюна койсо керээлди күнү кечке тура берчүдөй. Аңгыча эле кошуналар биринин артынан бири келип, эшиктин алды кишиге толуп кетти. Бердике Бүрай энени, Дүйшөн Маржанды бири-биринен ажыратып, үйгө көтөрүп кирип, калың төшөккө олтургузганда экөө кайра бири-бирине бой ташташты. Он жылдан ашык убакыт эне менен кыз ушул күндү, ушул жолугушууну кандай гана азап менен күтүшпөдү. Бир кезде экөөнүн баштарына жаздык жөлөдү эле экөө кучакташкан бойдон жатып, уктап кетиштиби же дале бири-биринен сагынычтар тарай элекпи, эч сөзгө келбей жата беришти. Ара чородо келген кемпир кезектер бир нерселерди айтып, көңүл жооткоткон болушту. Ал дагы эч таасир бербеди. Жусуп бир улакты садага чаап, ырым кылды. Кечээ жакында "кызыбыз өлдү" деп куран окутуп жатканына күбө болгон эл угуп алышып, баары келишти учурашканы. Бирок бирден чыны чай ичип эле кайра кетип жатышты. Доктор келип экөөнүн колдорун кармап, тамырларынын согушун текшерип, ийне сайуу үчүн аракет кылды эле бул дагы эч таасир бербеди. Аңгыча эле сөзү курч, берки көчөдө жашаган Капаш карыянын кемпири сырттан кирип келип эле Маржанга бир тийди:-Ай, кыз, өзүңдү аябасаң дагы алы кеткен энеңди аяп койсоң боло! Сени ушунча жыл күтүп, дарманы кетсе, эми минтип сен анын калган алын кетиргиң келип жатабы? Сен го жашсың дегенде гана, Маржан апасын мойнунан колун бошотуп: -Апа, чай ичиңиз-дегенде Бүрай кызын кайра кучактап:-Апа деген тилиңден. Мен эми аркы дүйнөгө кетсем дагы арманым жок. Сенин тилиңди угуп, көзүңдү көрдүм. Ушул күндү күтүп жашап келбедим беле!-деп, эми гана тилге келип, үнүн чыгарып ыйлады.
Бул эненин көз жашы карап тургандарды кайра жашытты. Маржан эми өзүн колго алып, келген кишилер менен кучакташып учурашып, анан кайра энесинин жанына олтурду. Тасмал жайылып, кайнаган самоор сырттан киргенде, Маржан бир кезде апасына чай кайнатып берген самоорду көрүп алып,дагы көзүнө жаш алып:-Самоордун чайын эле эмес, самоордун өзүн сагындым. Апам экөөбүз бул самоор менен маңдай тескей олтуруп алып, түгөнгөнчө чай иччү эмес белек. Бүрай эне кызынан көзүн албай, көзү тойбой карай берип чай деле ичкен жок. Ортодо ар кандай сөздөр айтылып, Маржан кайда жүргөнү жөнүндө үстүртөн айтып берди. Аңгыча эле келиндер жасап жиберген ысык тамак алдыга келди. Маржандын табити тамакка деле тарткан жок. Апасын жетелеп сыртка чыкканда, сыртта күтүп турган айылдын эркектери менен учурашты. Баягы көзүнө жаш көрүнгөн кишилер сакал коюп, карылыкка кадам таштап калгандарына баам салып, "адам артын карап карыйт"- деген сөздүн маанисине ушул саам баа берди. Баарынан дагы апасы чын эле карылыкка моюн сунуп калганына, анын кыймылы абдан эле жай тартып, денесин бырыш басканы Маржандын көңүлүн чөгөрдү. Апасы менен сырттан киргенде учурашканы Жаныштын апасы келип калды. Ал абдан берилүү менен учурашып, сөзүнүн арасында:-Я, Маржан сен абдан көп кишини бушайманга салдың, деги аман-эсен барсыңбы?-деп сурап, сөз арасынан учкай билгизди "балам сени алат элем -деп күтүп жүрүп кеч үйлөндү"- деген сөздү. Бул кишинин айткан сөзүнүн төркүнү кайда жатканын өзү гана түшүнүп:-Ушул сиздердин көзүңүздөрдү көргөнгө сүйүнүп турам. Азыр ушул заманда дагы караңгы жашаган кишилер бар экен-деп, сөз өңүтүн башкага бурду. Мен тарткан кыйынчылыкты душманыма дагы каалабайт элем. Кыскасы, мен силерди көргөндө баардык башыман өткөргөн кыйынчылыктарды унутуп,ушул бактылуулу күндү көргөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезип жатам. Маржандын ар бир айткан сөзү чын ниеттен айтылган үчүн, көпчүлүктүн көзүнө жаш тегеретип, көп деле суроо берилген жок. Бул күн айыл эли үчүн чоң жаңылык менен коштолуп, илгери аскерден келген балага учурашып келгенсип, элдер сырттан учурашып келип, Маржандын бетинен сүйүп, өз каалоолорун айтып жатышты. Бүрай эне күндөгүдөй элден бөлүнбөй, кызын жанынан карыш жылдырган жок. Бир кезде көзүн алайтып:-Я, кызым, гана, баягы мен берген шакек? Эмне аны жоготуп жибердиңби? !-Мен сага катуу эскертпедим беле, колуңдан чыгарба!-деп. Маржан ушул суроо берилбесе экен деп, ичинен тилеп турган болучу. Маржан эч сөз айта албай кыйын абалда калганда Каныш:
-Апа, ал шакек жоголгон жок, азыр алып келип берем. Баятан бери эмненин эле унутуп жатам десе-деп, берки үйгө кирип, кайра тез эле шакекти алып чыгып, Маржанга берди. Маржан кудум ушул шакекти мындан канча жыл илгери курбу кызы Жаңылга бербеди беле. Эми минтип үйүнө, болгондо дагы энесинин колуна кантип түшүп калды билбей, ага башы жетпей, көргөн көзүнө ишене бербей, кайра колуна такты да, анан ушундай бир таң калыштуу көз караш менен карады, Канышты. Каныш көзү менен гана билгизди "анан айтып берем, апам укпасын"- деген сөздү. Бүрай эне кызына эркелегендей карап:-Кызым, аманатты аткар, бей чеки колуңдан чечсең, сени кырсык тооруйт. Бул айткан сөзүмдү көңүлүңө бек түйүп ал. Сен дагы кийин кызыңа бергендей бол. Ал дагы жоготпосун. Бул айтылган сөздүн чындыгы бар экенине Маржан абдан ишенип калды. Дароо "Жаңыл алып келип берген го"-деп ойлоду. Кечинде Бүрай эне эрте эле жатып уйкуга баш койду. Ошондо дагы Маржанга катуу эскертти:-Кызым, мени менен бирге жатчы. Кусалыгым сенден тарабай жатат дегенде Маржан:-Апа, сөзсүз сиздин жаныңызга жатам, азыр мен бышып жаткан тамакты күтүп, туугандарым менен чер жазышып сүйлөшүп алайын. Кечке үйдөн киши өксү болбой,сүйлөшкөнгө дагы убакыт болбоду деди. Бүрай эне башын ийкеп, макул экенин билгизди да, жатып алсыз болгон үчүн тез эле уктап кеткенде, Маржандын биринчи эле берген суроосу бул болду:-Эне, бул шакек сиздин колго кантип келип калды? Мен азыр дагы жооп таба албай турам. Эмне муну менин курбу кызым Жаңыл алып келип бердиби?-дегенде гана Каныш образга кирип, болгон окуяны айтып берди. Ал турсун "өлдү" деп куран окуткандарын да кеп кылып, сөзүнүн аягына чыкканда Маржан кайра көзүнө жаш алып, шакекти караган тейде:-Анда Жаңыл курбум жок турбайбы, бул жашоодо. Шакек анын колунда болучу. Карасаңар? Толгондон шакекти Акманбек байкап калганын. Сөз ушул жерге келгенде сыртка машина токтоп, үйдөгүлөр дүрбөп эле калышты....
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5