"Бул үй - эч кандай чакырыгы жок туруп, бир күндө он жолу барсаң, үй ээси он жолу кубанып тосуп алган ата-эненин үйү".
"Бул үй - каалаган учурда эшиктин ачкычын бурап дароо кирип бара турган жападан жалгыз ата-эненин үйү".
"Бул үй - сенин жамалыңды көрүү үчүн көзүнөн сүйүү оту жалындап эшиктин ачылышын күтүп турган ата-эненин үйү".
"Бул үй - сенин бактылуу балалык күндөрүңдү эстетип турган ата-эненин үйү".
"Бул үй - ата-энеңдин жүзүнө карасаң ибадат кылгандай, алар менен баарлашып отурсаң зикр кылгандай (Алла Тааланы эстегендей) соопко ээ боло турган ата-эненин үйү".
"Бул үй - эгерде сен келбей калсаң ал үйдүн ээлеринин жүрөгү тынчтык таппай, кайгыга бата турган. Эгерде аларга ызаа жеткирсең Алла Тааланын каарына кала турган ата-эненин үйү".
"Бул үй - сен үчүн дүйнө жүзүн жарык кылып, сенин жашооңду кубанычка, бакытка бөлөө үчүн эки шам чырагы дайыма жанып турган ата-эненин үйү".
"Бул үй - эч кандай жасалмасы жок, дасторкону чын ыкластан жайылган ата-эненин үйү".
"Бул үй - тамактануу убактысы болуп тамакты өз убагында ичпей калсаң, жүрөктөрү жараланып, көңүлү чөгүп баштаган ата-эненин үйү".
"Бул үй - күлкү жана кубанычтын бардыгы бир гана сага арналган ата-эненин үйү".
Бул үйдүн кадырын бил! Убакыт өтүп кете электе ата-энеңдин барктай бил!
Эгерде бул сөздөр жүрөгүңдү жаралап, көзүңө жаш алган болсоң, анда бардык ата-энелер үчүн дуба кыл! Эгерде ата-энең тирүү болсо, анда аларды кадырлап-сыйлап, кызматын кылып, ыраазылыгын алганга аракет кыл!
Алла Тааланын ыраазылыгы - ата-эненин ыраазылыгында...
#Ата_эненин_үйү
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
ЫЙЛАГЫН КЕЛЕТ АТА ЭНЕНЕР БАРДА СЫЙЛАП БАТАСЫН АЛГЫЛА.