8- БӨЛҮМ
Шашылыш жетип бардым. Жанагы жол тандабас жолдон чыгып, арыкка түшүп кетиптир. Эки бала анын ичинен бирөөнү көтөрүп бир жеңил машинага салышты да, бир жакка зуу коюшту. Ары жакта бир машина турат, маркасы кандай экенин билбедим. Жол тандабаска он метрдей жете бербей машинамды токтотуп, чуркап барсам Юлай менен 12-05 экөө жол тандабастын арткы орундугу тараптан бир нерсе издеп жатышыптыр. Юлай мени көрүп эле:
– Сен тигилердин чөнтөктөрүн карап, эмне болсо баарын ал. Эч нерсеси калбасын. Айрыкча рация сыяктуу байланыш аппараттарын кара,- деп машинанын аркы капталы жакты кол жаңсай көрсөтүп, кайра кирип кетти.
Жол тандабастын ары жагына өтсөм жерде төрт адам жатыптыр, бирөө аларга автомат такап турат. Жерде жаткандардын биринин башына тапанчамды такап:
– Кыймылдасаң, сүйлөсөң өлөсүң!- деп чөнтөктөрүн тинте баштадым. Тапанча, тамекинин кутусундай болгон рация, документтер, акча бар экен чөнтөгүндө. Моюнундагы алтын чынжырчасын, колундагы саатын, шакектерине чейин чечип алдым. Баарын тинтип чыктым, баарынан акча жана рация табылды. Айрымдарынын жанынан баңгизатка окшош ак түстүү зат табылды. Рациядан кабар берүүгө жетишиптир, чуркап барып Юлайга айтсам:
– Ооба, билем. Эки мүнөттүн ичинде кетип калышыбыз керек. Сен тигилердин рацияларын сууга ыргыт да, машинаңды жүргүзүп даяр тур. Биз кетерибиз менен артыбыздан жүз метр аралыкта айда. МАИлерден, менттерден этият бол, аларга да кабар жеткен,- деди. Дагы бир нерселерди айтайын деп баратты эле, аңгыча ары жактан Юлайдын шериги кыйкырып калды:
– Таптым, кеттик!- деди ал. Баарыбыз өз машиналарыбызга отуруп шаарды аралай кичине көчөлөргө кирип кеттик.
Үйгө барып жаттым. Кармалган кезде 12-06 Ерхандын кишилерине эмнелерди айтып салды экен? Же аны суракка алганга жетишпеди бекен? Жетишпей калган болушу да мүмкүн. Ар нерсени ойлонуп жатып кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм. Рациянын үнүнөн ойгондум, саат тогуздан өтүп калыптыр. Чарчап калган экенмин, төшөктөн тургум келбейт. Юлайдын үнү чыкты бир маалда:
– 12-02, рациянын каналын жетиге кой, азыр баарыңарга сөз бар.
– Түшүндүм.
Күтүп отурдум. Бардык балдарга айтып чыкты окшойт, беш мүнөттөн кийин минтти:
– 12-02?
– Угуп жатам, 12-01.
– 12-03?
– Угуп жатам, 12-01.
Баарыбызды текшерип чыкты. 12-06 дагы биз менен экен, азамат. Демек, Ерхандын балдарына сыр ачпаптыр.
– Сөз мындай, бүгүн бир айлык ишибиздин жыйынтыгын көрөбүз. Биз кандай жол менен болсо да жеңип чыгышыбыз керек. Ерхан Кудай эмес, бизге окшогон эле адам. Макул, көп сөздү жаман көрөм, бүгүн жеңип чыксак, ар бириңе жыйырма миң доллардан берилет. Ишибизге ийгилик! Эми ар кимиң өз каналыңарга улагыла.
Өз каналыма улап күтүп турдум. Мени бүгүн эң негизги ишке жөнөтсө керек, балдар деле чарчап калышкандай. Анын үстүнө акыркы окуялар шаштыны кетирип койгондой. Ушуларды ойлонуп жатканда Юлай байланышка чыгып калды:
– 12-02, кандай угуп жатасың?
– Угуп жатам, 12-01.
– Аэропортту айланып өтүп эгин талаасын аралай кеткен жол бар, көрдүң беле?
– Жок, аэропортко баргам. Жолду байкаган эмес окшойм, балким, эсимде жок.
– Макул, ошол жол жакын жердеги айылга алпарат. Жол менен бара берсең аэропорттун тосмосу бүтүп бурулган жерде арык бар. Ошол жерге бир тактай ташталган. Эми угуп тур. Аэропортко 5 чакырым жетпей жол боюнда бир эски сары бусик турат. Ачкычы айдоочунун орундугунун астында. Ошол бусикти айдап талаага барып, жолдорду байкаштырып кой. Ал машина ошол жердеги дыйкандардан сатып алынган, эч ким шекшибейт. Жолдорун көр, кайсы жагынан чыгып кетсек оң болот. Бир саатта барып каласың, чак түш болуп калат. Бул маалда талаада эч ким деле калбайт. Аэропорттун күзөтчүлөрү болушу мүмкүн. Алар деле сыртка көп чыга беришпейт, текшерип көргөм. Бусиктин ичинде төрт тактай болот, ошол тактайларды бусик арыктан өтө ала турган көпүрө кылып койсо болобу, байкаштыр. Тактайларды ары-бери өткөндөргө көрүнбөй турган кылып таштап кой. Саат эки жарымда жообуңду күтөм. Бусикти кайра трассага алып чыгып, алып кеткен жериңе кайра таштап кет. Өзүң такси кармап шаарга жетип аларсың, сенин машинаңды балдар алып кетишет. Кандай түшүндүң?
– Түшүндүм, 12-01.
– Макул, ийгилик.
Юлайдын эмне ойлоп койгонуна башым жетпеди. Эмне, Ерханга аэропорттон кол салабызбы? Алты адамдын күчү жетеби? Ерхандын адамдарынан башка аэропорттун күзөтчүлөрү да болот, баары куралчан. Буга чейин байкагам, күзөтчүлөрдүн айрымдарынын жүзү тааныш. Айтор, аэропорттон ызы-чуу салууга мүмкүн эмес. Тополоң болсо, аарынын уюгуна тийип аларыбыз белгилүү.
Жигулимди айдап аэропортко жөнөдүм. Белгиленген жерде сары бусик токтоп туруптур.Тузак коюлуп жүрбөсүн деп айлананы байкап бир аз турдум. Шектүү кыймыл байкалбайт. Бул машина менен качып кете албайсың куугун болсо. Жигулини дарактардын көлөкөсүнө токтотуп коюп, бусикти айдап талаага жөнөдүм. Салондо узундугу 2 метрлик калың тактайлар жатат. Аэропорттон ары кеткен жолго салып айтылган жерге жеттим. Машинаны токтотуп, талаага кирип кеттим. Күн карама эгилиптир. Талаада иштегендер деле жок, анда-санда чымчыктардын чыр-чур деген үндөрү угулуп жатты. Он мүнөттөй будканы карап отурдум, күзөтчү чыкпады. Эми чыкканда деле мени көрсө дыйкан деп ойлойт да. Арыкка тактай таштай турган жерди байкаштырып жаттым. Арык өтө деле чоң эмес экен, оңой эле өтсө болот. Аэропорттун тосмосунда да бир адам баткыдай чакан тешик бар экен. Чөп бийик өскөндүктөн мен көрүнбөй деле тургандаймын. Бусиктен тактайларды алып түшүп, бекитип койдум.
Шаарга кете турган бир эле жакшы жол – келген жолум экен. Башка жактары арык, суу агып баткак. Шаарга чыгып кетчү башка жолу барбы деп айылды да бир айланып чыктым. Шаар менен айылды ушул жалгыз жол байланыштырат экен. Жолу жакшы эле, шагыл төгүлүү, кыйынчылык болбойт.
Бусикти кайра трассага айдап чыгып ордуна таштап, такси менен шаарга жеттим. Юлайга байланышып баарын түшүндүрдүм.
– Түшүндүм, 12-02, сен үйүңдө болуп тур, өзүм чыгам байланышка,- деп койду Юлай.
Юлайдан алган тапанчамды бир сыйра тазалап, окторун чыгарып, аарчып, магазинин да тазалап чыктым. Жатып эс алайын десем тынчым кетет. Уктай алчудай эмесмин. Негизи эле алдымда оор милдет турганда уйкум качып, түнү менен уктай албай чыгам. Адыл аганын тапшырмаларын аткарып жүргөм, ишти ийгиликтүү бүтүрмөйүн менде тынч уйку жок. Кээде операцияны ойдогудай бүтүрүү үчүн суткалап уктабай калган учурлар көп эле болду. Бирок сыр берчү эмесмин. Адыл аганын көзүнө алсыз жагымды көрсөткүм келчү эмес. Саат кечки жетиде рациямдан сигнал келди:
– 12-02, эки сааттан кийин, баягы бусик токтоп турган жерде бол. Такси менен барып, байкатпай түшүп кал. Мен ошол жерде болом, кандай түшүндүң?
– Түшүндүм, 12-01.
Саат тогузда айтылган жерге келдим. Жарнамалык тактайдын эле жарыгы болбосо айлана караңгы.
Юлай артымдан акырын ышкырып чакырды:
– Кеттик, Самат, барганда түшүндүрөм эмне кылышты. Ме, азыр эле кийип ал. Иш бүткөнчө чечпе,- деп маска берди. Көзү менен оозу эле ачык, жука кара түстөгү жумшак материалдан тигилиптир. Юлай өзү да маска кийип, шыпылдап алдыга түшүп жол баштады. Талааны аралаган жолдорду каяктан билет, тим эле күндө ары-бери өтүп жүргөндөй ишенимдүү баратат. Артынан жөнөдүм, тапанчамды октоп калсам Юлай бурулуп:
– Тапанчаңды ыргыт, бизге керек болбойт,- деди. Таң калдым, ушундай иште кантип тапанчанын кереги тийбесин? Тамашалап жатабы десем, жок, сөзүн кайра кайталады:
– Ыргыт, Самат, кокусунан атылып кетип бүт ишти өлтүрбөсүн. Жаныңда болсо ызы-чууда атып жиберишиң толук мүмкүн. Эч кандай чуу чыкпашы керек. Ишти эч ким эч нерсе билбей калгыдай тынч бүтүрүшүбүз керек...
Тапанчамды жерди бир аз чукуп туруп көмүп салдым. Аэропорттун коргонуна жетип, күн карамалардын арасында айланага көз чаптырып отурдук. Тынч, эч ким көрүнбөйт. Саат экиден он беш мүнөт өтүп калыптыр.
– Азыр самолёт келет, экөөбүздүн ишибиз самолёттон акчаларды, алтындарды алып чыгуу. Калганын балдар бүтүрүшөт. Самолёт учарда ушул жерге келип, бир аз убакыт турат. Ошол маалда рацияларыбыз иштебей калат.
– Эмнеге иштебей калат, самолёттун таасири болобу?
– Жок, биз өчүрөбүз, радиотолкундарды беш мүнөткө чейин өчүрүп турушат балдар. Антпесек учкучтарда же Ерхандын балдарында рация бар сөзсүз, аэропортко отуздан ашык адам узатып келет. Ошолорго кабар жетип калышы мүмкүн. Бизге беш мүнөт жетет. Самолёт учуп-конуучу тилкеге келип, учууга даярданып жатканда беш мүнөт турат.
– Юлай, самолёт эмнеге беш мүнөт турат? Тез эле учуп кетип жатышты эле го, көп болсо бир-эки мүнөт турса керек.
– Бул самолёт турат, анан мен азыр Юлай эмес, 12-01мин.
– Түшүндүм, 12-01.
Акыры учуп-конуучу тилкенин жээгиндеги жарыктары күйүп, асмандан самолёттун үнү угулуп, жарыгы көрүндү. Учак башкаларга окшоп тилкенин аркы башына конуп, берки башына чейин жүрүп келбей, тилкенин ортосунан эле аэропорттун имараты жакка бурулуп кирип кетти.
Юлай рациядан сурады:
– Балдар, самолёт он беш мүнөттөн кийин биздин алдыбызга келет, даярсыңарбы?
– Мен 12-03, даярмын.
– Мен 12-04, даярмын. 5 адам жооп берди.
– Түшүндүм.
Саат экиден жыйырма мүнөт өтүптүр. Дагы он мүнөт. Унчукпай ар кимибиз өз оюбуз менен болуп, бекинип жата бердик. Чегирткелердин үндөрү эле угулбаса, айлана тынч.
Айылды, үйдү эстеп кеттим. Жайында түнкүсүн сыртта, бактын арасында уктачумун. Кечинде чегиртке, кур бакалардын үндөрүн угуп, ар нерсени кыялданып жатканды жакшы көрчү элем. Чегирткелердин үнү ошол айылда калган балалык күндөрдү эске түшүрдү. Айылда азыр деле ошол жашоо, ошол тиричилик, ошол бейпилчилик болсо керек. Эч нерседен бейкапар жүргөн балалык кезге бир кайтып баруу мүмкүн болсо кана.
Алабай итибиз бар эле, мен уктагыча короодо ары-бери чуркап үрүп жүрөт да, мен уктаганымда жаныма келип жатып алчу. Экөөбүз абдан ынак элек, кийин картайып, өлгөндө абдан ыйлагам.
Апамдар эмне кылып жатышты экен? Ойлоп көрсөм, сүйлөшө элегибизге көп болуп кетиптир. Мен улам телефон номер алмаштыра бергендиктен апам мага чала албайт. Дайыма мен байланышып турчумун. Кабарсыз кетти деп тынчсызданып жаткандыр, байкушум. Акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө адаттагыдай айылдагы жаңылыктын баарын айтып берген. Кошунабыздын менден кичүү баласы үйлөнүптүр. Ачык айтпаганы менен, апам менин да үйлөнүшүмдү каалап жүрөт, сөздөрүнөн байкап калам. А мен... Асел кандай жүрөт болду экен?
Ойго батып кеткен экенмин, Юлай түрткүлөгөндө өзүмө келип карасам:
– Эмне болду сага, каяктарда жүрөсүң? Самолёт чыгат азыр, ме бул сага,- деп бычак берди. Кинолордон көргөн десанттардын бычагы, мизи төрт кырдуу. Анан баарыбызды даярданууга чакырды:
– Даярдык номер "бир". Төрт мүнөттө самолёт келет, даярдангыла!
– 12-02, мен айтканда баягы тактайларды ордуна коюп, буларды үстүнө жармаштырып кой,- деп чөнтөгүнөн майда жабышкак нерселерди берди.
– Самолёт келип токтоору менен экөөбүз чуркап оң капталындагы эшигине жетип барабыз. Сен эч нерсеге караба, өз ишиңди кыл, салондун ортосу менен чуркап арт жагына өтсөң, кездеме тартылып коюлган. Ошонун артындагы болгон нерсенин баарын ташып самолёттун эшигинин алдына ыргыта бер, эч нерсеге караба. Сага эч ким тоскоол болбойт. Калганын шартка карайбыз. Ташып бүткөндөн кийин менин жанымда бол.
– Түшүндүм.
Чынында эч нерсе түшүнгөн жокмун. Мен ташысам, ичиндегилер унчукпай отуруп береби? Аларда деле куралдар бар да. Айтор, акылга сыйдыра алган жокмун. Көрө жатарбыз, Юлайдын да бир ойлогону бардыр акыры.
Бир маалда учуп-конуучу тилкенин эки четиндеги жарыктар күйүп, тээ алыстан самолёт жарыгын жагып, бизди көздөй жөнөдү. Будкада отурган күзөтчү да чыгып, тилкенин чекесинде эки жакты карап коюп тамеки чегип турду. Самолёттун тилкеси бизден 350-400 метр алысыраактан бүтөт, берки жагы бизге чейин чөп баскан жер.
Юлай мага "давай" деп башын ийкеди да, өзү туруп зым тикен тартылган коргонду кыркып, машина баткыдай кылып ачты. Мен баягыда бекитип кеткен тактайларды алып чыгып арыкка коюп, үстүнө Юлай берген нерселерди жармаштырып чыктым. Бир мүнөт өтпөй эле тактайдын үстү билинер-билинбес жарык болуп калды. Жармаштырган нерселер жарык чыгарып турат экен, айдоочуга беш-алты метрден даана эле көрүнөт. Юлайдын таппаганы жок, минтип белги салуу үч уктасам да түшүмө кирмек эмес. Качканда арыкка тыгылып калбайлы деген аракети да. Мындай иште өтө кылдат болбосоң, бир эле жаңылыштык бүт планды кыйратып салышы мүмкүн. Ал эми Юлай андай олуттуу катага жол бере тургандардан эмес. Ар бир ишти ийне-жибине чейин ойлонуштуруп, анан жасайт.
Юлайдын жанына барып:
– Көпүрө даяр,- деп тапшырма күтүп калдым. Самолёт тез эле келип бурулуп токтоду. "Качан барабыз?" дегендей Юлайды карасам бейкапар, рациясын тиктеп отурат. Мени карап "азыр" дегендей башын ийкеп койду. Бир маалда рациясынын жашыл жарыгы өчтү, бул деген рация иштебей калды деген белги эле. "Кеттик!" деп чуркап жөнөдү, артынан мен да чуркап бараттым. Күзөтчүнү улам карап бараткам. Бир маалда эле аны артынан бирөө келип, оозун алаканы менен жаап караңгыга сүйрөп кирип кетти. Самолёттун жанында милициянын формасын кийген 3 адам пайда болуп, учкучтарга кол жаңсап бирдемелерди түшүндүрүп жатты. Биз жетип барганда самолёттун эшиги ачылып, бир учкуч жерге түштү. Аны тиги формачандардын бири желке талаштыра бир уруп, жерге сулатты. Юлай самолёттун ичине кирип кетти, артынан формачан адам автомат көтөрүп кирип кетти. Артты карасам фараларын күйгүзбөгөн бир бусик самолётту көздөй катуу келатат. Мен да кирсем экинчи учкуч окшойт, самолёттун ичиндегилерге автомат такап турат. Эки эркек, эки аял, балдары менен окшойт. Үч бала ордуларында кыймылдабай эле бизди карап калышты. Эркектердин бирөөсү колуна рация кармаган бойдон отурат кыймылдабай. Юлай учкучтардын кабинасына кирип кетиптир, Юлайдан кийин кирген формачан жигит да автоматын тигилерге такап турат. Мен эч нерсеге карабай артына өтсөм, гүлдүү кездеме менен тосулган бир бурч бар экен, ачсам төрт бурчтуу алты чакан ящик, жанында төрт чоң чемодан турат. Яшиктерди ташып чыга баштадым. Ящиктин сыртына “отуз беш килограммдан” деп жазып коюптур. Алтын окшойт, чакан болгону менен, өтө оор. Алып чыгып бусиктин оозуна турган балага берип жаттым. Чемодандар да оор экен, сүйрөп чыгып эле ыргытып жаттым. Юлай самолётто отурган жанагы эркектердин биринин тамагына бычак такап, бир нерселерди англисче сурап жатты. Көзү жырткычтыкындай экен, канчалык кыйнаса да, эч нерсе сүйлөбөй жатты. Ерхан ушул окшойт дедим. Негедир аны илбирске окшоттум. Аялдар балдарынын көздөрүн жаап бурчка тыгылып алышып бизден коркуп отурушат. Юлай шприц менен тиги адамдын моюнуна бир нерсе сайып жатыптыр. Экинчиси унчукпай башын бийик көтөрүп отурат. Юлай ага да укол сайып, саатын карап, мени "бүттүңбү?" дегендей карады.
Эки чемодан калган эле, эки манжамды көрсөттүм. Акыркы чемоданды сүйрөп өтүп келатып Юлайга башымды ийкедим. Бул “баары бүттү” дегеним. Юлай жанындагы формачан жигит экөө эшикке чыгып, жерде жаткан экинчи учкучту самолётко салышты. Самолёт эшигин жаап, буйдалбастан дароо учуп кетти. Биз да бусикке отуруп жөнөп кеттик. Болуп өткөн окуяны эч ким деле билбей калды. Баары тез, тыкан, ызы-чуусуз бүттү. Бусикти катуу айдап, айылды аралап тез эле трассага чыктык. Бир аз жүрүп бир кичине көчөгө бурулдук...
Бусикке отурганда эле Юлай экөөбүз ящиктерди ачып, сигареттин жука пачкасындай төрт бурчтук болуп куюлган алтындарды көрдүк. Пенопласттан атайын идиштер жасалып, ошолорго салыныптыр. Алтындарды алып, бусикте булгаарыдан тигилген ондон ашык сумкалар бар экен, сала баштадык. Алтын көп болчу. Чемодандарда акчалар жатты, рубль, доллар, казак теңгелери, мен көрүп-билбеген башка валюталар дагы. Ар кандай документтер, паспорттор, айтор, баарын сумкаларга салдык. Мынчалык көп байлыкты өмүрү көргөн эмесмин. Бирөөнүн бала-чакасына, небере-чөбөрөсүнө жеткидей казына көз алдыбызда жатты.
Курулушта иштеп жүргөн күндөрүм эске түшөт. Жарыбаган эле акча табыш үчүн айылда бирөөнүн колунда айлап кара терге түшүп иштейсиң. Анда да кожоюндан аванс алып жатып, иш бүткөндө колуңа келишилген акчанын жарымы гана тиет. Токпейил болчу экенбиз, ошого да каниет кылып, эл катары жашоо өтө берчү. Ал эми азыр менин көз алдымда жаткан байлыкты айылдык карапайым дыйкан бир өмүр иштесе да таппасы ырас. Жашоо экен да. Бул эсепсиз байлык да кимдир-бирөөгө аз сезилип жатса керек. Ушул байлык үчүн, байлыктын ээсин кайтаруу үчүн канчалаган өмүрлөр кыйылды. Кумары кыйын окшобойбу, Адыл ага өлүм оозунда жатып да ушул байлык үчүн тобокел ишке барып, акыры максатына жетти. Башканы кой, өзүм канча жолу ажалдын оозунан кайттым.
Айылдын чекесинде эски Уаз күтүп туруптур, рулда маска кийген бирөө отурат. Сумкаларды тез-тезден ошол унаага салып, Юлай бусиктин айдоочусуна кайрылды:
– Ящиктерди, чемодандарды сууга чөктүрүп сал, макул, ийгилик. Эгер бир нерсе болсо "Б" боюнча. Эмне болгон план экенин билбедим. Билбей эле койгонум оң. Ашыкча жүк көтөрүп жүрүүдөн чарчадым.
Аны кетирип жиберип экөөбүз Уазга отуруп, андан ары кеттик.
Юлай улам-улам алакандай болгон жанагы аппаратын карап коюп баратты. Бирөөлөр менен тынбай сүйлөшүп жатты. Бирине түшүнсөм, башкасына түшүнбөй бараттым. Анткени кандайдыр бир сырдуу коддорду колдонуп сүйлөштү. Үч сааттай талааны аралап катуу жүрүп, токойдун арасындагы бир үйгө келдик. Токойдун коюу жеринде экен, токойчунун үйү окшойт. Бир бала күтүп туруптур, өңү кыргызга же казакка окшош, бирок орусча сүйлөгөнүнө караганда башка улуттан. Колунда снайпер.
Шаардан анча эле алыс кеттик окшойт. Сумкаларыбызды түшүрүп коюп айдоочу Юлай менен бир нерселерди шыбырашып сүйлөшүп дароо эле кетти. Маскасын чечкен жок, мен да чече элекмин.
Таң агарып калды. Юлайдын спутник аркылуу байланышкан телефону бар экен, мени укпасын дедиби, алысыраак барып беш мүнөттөй сүйлөшүп келип:
– Азыр он беш-жыйырма мүнөттө вертолёт келет. 12-02, сен биз менен Астанага барып, андан ары Карагандыга кетесиң. 12-03кө акча алып барып беришиң керек. Анан үч күндөн кийин Москвага барып, баягы мейманканада болушуң керек. Ушаков өзү келет сага, калганын ошол айтат. Азамат, 12-02, жакшы иштеп бердиң. Сендей балдар бизге да керек. Макул, калганын дагы сүйлөшөбүз. Эми эки жакты тыңшап туралы, вертолёт келери менен тез-тез жүктөп кетишибиз керек.
Качан даярдай койгонун билбейм, оролгон бир таңгак акчаны мага сунду. Бул 12-03түн эмгек акысы болчу. Аз эмес сумма экени акчанын көлөмүнөн эле байкалат.
– Сыртына жазылган, ошол жерге бекитип коёсуң, 12-03 өзү алып кетет. Канчадан төлөнгөнү кызык болуп жаткандыр, макул, айтып коёюн. Отуз миңден ар бирине, 12-03кө кырк миң. Азамат балдар экен, жакшы иштеп беришти.
Боорунда "санавиация" деген жазуусу бар вертолёт учуп келди, төрт орундуу чакан, чет өлкөнүн вертолёту экен, жапжаңы. Үчөөлөп сумкаларды жүктөп, Юлай экөөбүз учуп кеттик. Бизди тосуп алган бала ошол жерде калды.
Юлай алдыда, учкучтун жанында, мен артка отурдум. Юлай телефону менен бирөөгө чалып:
– Эки саат,- деди да, мен жакты карап көз кысып койду. Бул мага ыраазычылык билдиргени эле. Менин да көңүлүм тынчыдыбы, же канча күндөн бери тынбай иштеп чарчаган окшойм, уктап калыпмын. Тик учак жерге конгондо ойгонуп кеттим. Бөтөн, мурда көрбөгөн аймак.
Астананын четинде атайын аэродром бар экен, аскердик форма кийген адамдар жүрүшөт. Терезелери караңгылатылган капкара Жипте эки формачан адам келип Юлайга честь берип учурашып, сумкаларды унаага жүктөп, үстүндө мигалкасы бар үч жеңил машина бизди коштоп аэродромдон чыгып кеттик.
Бир топ жүргөндөн кийин Юлай артын карап:
– 12-02, сени шаарга таштап коёбуз, макул, ийгилик,- деп жылмайып койду. Юлайдын астейдил жылмайганын биринчи көрүшүм, темир роботтой болуп бир калыпта жүрчү.
Шаардын четине жеткенде түшүп калдым. Юлай менен кучакташа коштошуп, алар андан ары кетишти. Көптөн бери чогуу жүргөнгө экөөбүз абдан жакын болуп калыптырбыз, ал кеткенде ичим эңшериле түштү. Ишине так, убадага бекем мындай ишеничтүү адам менен чалгында жүргөн да жакшы. Ушул жупуну көрүнгөн орус кишиден көп нерсе үйрөндүм. Жашыруун операцияларды кантип жүргүзүү керек, кыйчалыш учурда адам өзүн кандай алып жүрүшү шарт, мүдүрүлгөн сайын сынып калбай кантип өйдө туруу керек, айтор, далайды үйрөтүп кетти Юлай.
Саат сегизден өтүп калыптыр. Такси жалдап Карагандыга жөнөдүм.
Жол узак, эптеп уктап калыш керек. Жолдо жүргөндөн аябай тажапмын, акыркы эки жылдык өмүрүм бүт эле жолдо өттү. Көзүмдү жумуп уктайын деп аябай эле аракет кылдым, болбоду. Вертолётто уктабай эле койбогон экем, эми көпкө чейин уктай албасам керек.
Баары бүттү окшойт. Көп болсо төрт-беш күндө Критке кетсем керек. Москвада ашып кетсе бир күн турармын.
Адыл ага эмне болду экен, апамдарчы, Аселчи? Мындан аркы жашоом, турмушум тууралуу ойлор менен алышып бараттым. Эмне кылам? Өмүр бою Адыл аганын колунда жүрө бермек белем? Юлай “бизге сендей жигиттер керек” деп сөз чыгарды. Москвадан жаңы жумуш сунушташабы? Ойлор тынчтык бербей жатты. Иш үстүндү билинбегени менен өтө кооптуу ишке аралашып, бактыга жараша аман-соо чыкканыма эми гана ишенип жаттым. Көз коркок, кол баатыр деген ушул го. Операция учурунда коркпой чабуулга кирип, ок аралап жүргөнүмдү эстесем денем дүркүрөп кетип жатты.
Көп болсо эки-үч күндө кетсем керек Казакстандан. Критке жетип алсам апамдарды да ошол жакка чакырып алсам да болот. Айтор, көрөбүз. Мен Критте жашагым келип калды, Кыргызстанды сагынганда келип-кетип турабыз да.
Кечки саат бештерде Карагандыга жеттик, шаар тынч эле экен. Менттер да тынчып калышкан окшойт, баягыдай документтерди текшерген адам жок. Таңгактын сыртында өзүнчө бүктөлгөн кагазда каерге бекитерим жазылыптыр, акчаны бекиттим. Карагандыда калгым келбеди. Түз эле аэропортко барып, Москвага билет алып учуп кеттим.
Красная Преснядагы мейманканага барып жайланышарым менен эртеси Ушаков келди, көңүлү ачык. Пиво, кургатылган балык, дагы бир нерселерди алып алыптыр.
– Балдар, силер бизге Орто Азиянын төрт мамлекети, Афганистан издеп жүргөн адамды кармап бердиңер. Азыр Ерхан Москвада сурак берип жатат. Күнү бүттү анын. Силерге ошол мамлекеттердин атынан ыраазычылык билдиребиз. Эми өзүң деле түшүнөсүң, силерди элге көрсөтүп сыйлык тапшыра албайбыз. Акчаңар болсо өзүңөрдүкү деле жетиштүү. Бизден эмне жардам керек болсо, айтсаңар жардам беребиз. Адыл жакшы, дарыланып жатат, кечээ бүт байлыктары колуна тийген. Ишканаларынын документтери бизде, бир жумадан кийин адамдар барат Казакстанга, баарын кайрып алып, сатып, курман болгон балдардын жакындарына акчаларды таратып беришет. Адылдын колунда иштеп, иш учурунда каза тапкан балдарды айтып жатам. Алардын эмгеги, силердин мээнет сөзсүз бааланышы керек. Макул, шашпай эс ала бер. Бир-эки күн ушул жерде болуп тур. Бул бизден белек, Швейцариядан атайын буюртма менен жасалган, мындай сааттар саналуу эле адамдарда бар, эми сенде да болот. Бул сенин мээнетиң...
– Самолётуң эки күндөн кийин. Ага чейин Москваны кыдырып көрүп чык, эс ал,- деп кетти Ушаков.
Уктайм дедим, көңүлүм тынчыгангабы, чарчоо басып уйку тартып жатты.
Бирөө оозумду жаап, тумчуктура баштаганда көзүм умачтай ачылды. Эки бутумду бирөөсү басып, эки колумду бирөөсү кармап, бири оозумду алаканы менен жаап, моюнумду бир жакка кайрып моюнума ийне сайганын гана билем. Бир аздан кийин эле мас кишидей болуп көзүм караңгылап, эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Бир маалда бөлмөнүн жарыгы күйдү, карасам төрт адам турат, баары ак халатчан, кол капчан, ак маска тагынып алышкан. Баарын көрүп турсам да сүйлөй албай, кыймылдай албай эле жаттым. Төртөө мени карап бир аз туруп, бейтаптарды жаткызып сүйрөөчү коляскага жаткызышып, колу-бутумду катуу таңышып, үстүмө ак материал жабышты да, коридор менен сүйрөп жөнөштү. Түн жарым окшойт, эч ким көрүнбөйт, мейманканада иштеген кыздар бири-бирине шыбырашып коюп, бизди карап жаныбыздан өтүп жатышты. Мени лифт менен алып түшүп, "Тез жардам" машинасы даяр турган экен, салып алып жөнөштү. Ичимден “мени булар соо коюшпайт, өлөт деген ушул окшойт” деп жаттым. Кыймылсыз, алардын көзүн жалдырап карагандан башка аргам жок эле. Коркконумдан денем шалдырап, тер басты. Бир аз жүргөндөн кийин баары шыпылдап халаттарын, маскаларын чечишип, менин да колу-бутумду чечип, бир караңгы жерде терезелери жок, башка машинага сүйрөп киришти. Ал унаа ордунан шашылыш жылып, бир жакка жөнөдү. Эч нерсе көрүнбөйт, эки сааттай жол жүрдүк, акыры бир дарбаза ачылып, машина кирери менен дарбаза кайра жабылды. Мени көтөрүп сыртка алып чыгышты, таң агарып калыптыр. Эки кабаттуу чакан үй экен, кирип эле бир бөлмөгө ыргытышты. Колу-бутумду катуу таңып, оозумду кыйкыра албай турган кылып жип менен байлап коюшту. Жата бердим, кыймылдоого чамам жок. Бөлмөгө үчөөсү киришкен эле, бири чачымдан тартып башымды көтөрүп туруп бетиме бир тепти. Дагы урайын деп муштум түйүп калды эле, берки эки шериги токтотуп калды. Казакча сүйлөшө кетишти:
– Токтот, шеф келсин, өлтүрүп койбо. Бас, кеттик,- деп түртүп калды тигини. Сыртка чыгып, эшикти кулптап салышты. Бетим канжалап кетти, тишимди да талкалай тээптир.
Бөлмө чоң экен. Төрт адам батчу диван, эки отургуч эле турат, башка эч нерсе жок. Терезелери калың темир тор менен тосулуптур. Эшиги да калың темирден. Айнектери деле оңою менен сынбай турган болуш керек. Колу-бутумду катуу байлашыптыр, бир-эки булкунуп көрдүм. Түшкө маал бөлмөгө жети адам кирип келди. Бирөөсү орус окшойт, калгандарын өңдөрүнө карап баары казактар деп ойлоп койдум. Башчысы окшойт, бою чакан арык келгени маңдайымдагы диванга отуруп, мени тигиле тиктеп калды. Карасам көзү көк, эмнегедир мышыктын көзүнө окшоштурдум, заардуу көз караш. Чынын айтайын корктум, жашоодон үмүтүмдү үзүп койдум. Денем шалдырап эле башым айланып жатты. Көзүмдү ала качып терезени карап калсам, жакамдан муунта кармап:
– Көзүмө кара!- деп муштум менен бет талаштыра бир урду. Онтоп жатып калдым. Дагы жакамдан эки колу менен муунта кармап бир нерсе сүйлөйүн деп баратып, эмнегедир көздөрү ойноктоп кетти. Дароо жакамды кармалап, топчудай бир нерсе таап алды. Колуна алып кармалап көрүп мени дагы бир урду да:
– Датчиги бар турбайбы, болгула, тез кеттик бул жерден! Арткы эшиктен чыгабыз. Тордук, Касен, тез көчөнү карагыла, чоочун машина, чоочун адамдар жокпу, тез билгиле. Биз чыгып кеткенче жан адамды жакындатпагыла. Силер экөөңөр машинаны даярдагыла, Апрелевкага кетебиз. Болгула, тез!- деп сөгүнүп калды. Тигилерди жөнөтүп жиберип жанындагы шеригине буйрук берди.
– Болот экөөңөр муну тез алып чыккыла, Жипке салабыз. Экөөңөр менин артымдан кетесиңер, куугун түшсө билесиңер,- деп шашкалактап калышты. Мени сүйрөп барып эшиктин алдында турган Жипке салышып, бирөөсү ээгиме бир койду эле, бакырып жибердим. Сөгүп жаттым, бир маалда башыма катуу бирдеме тийип, көзүмдөн от чагыла түштү. Андан аркысын билбейм. Өзүмө келсем жер төлөдө жатыптырмын, колу-бутум байлануу. Капкараңгы, жылт эткен жарык көрүнбөйт, колумдагы саатым да жок, чечип алышыптыр. Денем ооруксунуп жатты, дубалга сүйөнө отуруп алдым. Бир аздан кийин караңгыга көзүм көнө баштады, бурчта жыгачтан жасалган узун отургуч, жанында эки чакан отургуч турат, башка эч нерсе жок. Канча убакыт өттү билбейм, бир маалда эшик шарак этип, ачкычтын буралганы угулду. Денемди жыйрып, сокку жегенге даярданып жаттым. Эки адам кирип келип жарыкты күйгүзүштү. Бири башчысы окшойт, бир отургучту жаныма алып келип отуруп, беркиси кышылдап-күшүлдөп өзү көтөрө келген темир жашикти ачып, бир нерселерди алып чыгып узун отургучтун үстүнө шашпай бирден тизе баштады. Дароо эле түшүндүм, мени кыйнайбыз деп керектүү курал-жарактарын алып келишиптир да. Эмне кылсам, азапка баткыча баарын айтып берип салсамбы?..
Менин оюмду окуп койгондой жанымда отурганы баш жаңсай көрсөттү да:
– Түшүндүң да, эгер кыйналбай өлөйүн десең биздин да, өзүңдүн да убактыңды алба, сурообузга жооп бер. Сендейлердин далайын көргөнбүз, баары бир айтып бересиң. Ойлон,- деди.
Аңгыча эшиктен бирөөсү кирип башчысынын кулагына бирдемелерди шыбырады эле, тиги башын жерге салып ойлонуп калды.
– Алым, сен ушул жерде туруп тур, мен он беш мүнөттө келем,- деп коюп экөө шашылып сыртка чыгып кетишти. Алым дегени мени улам карап коюп отургучка отуруп алып темир курал-жарактарын тазалап, аарчый баштады. Бир маалда чөнтөгүнөн бир куту алып чыкты. Ачып бир темиринин үстүнө азыраагын төккөндө түшүндүм, героин экен, мурдуна такап жыттап алды да, дубалга сүйөнө шыпты карап кыймылсыз отуруп калды.
Арсендин айтып бергендери эсиме түшүп, аргам кетип чыйпылыктай баштадым. Оюма ар нерсе келет, Адыл аганын кайда экенин айтып берген күндө деле баары бир мени жок кылышат. Айтпай койсом азаптын баарын көрсөтүшөт. Дубалды карап ойлонуп жаттым.
Он мүнөттөн кийин бирөөсү кирип келип Алымга:
– Эй, чанач, сага эскертти эле го. Өлүп баратасыңбы? Ушундай маалда чыдап турбайсыңбы!- деп калды.
Чочуп кеттим, бул Юлайдын үнү эле, шарт бурулуп карасам Юлай турат. Менин караганымды көрүп, дароо буту менен башымды басып жерге матады:
– Сен жат үнүңдү чыгарбай!- деп далыма тизеси менен бир тепти да, Алымга кайрылды:
– Бар, муздак сууга жуунуп кел. Тынчыраак туралы, тез кел,- деп сөгүп Алымды жөнөтүп жиберди. Алым чыгып кетери менен колумдун байланганын текшеримиш болуп алаканыма кичинекей бычак карматты да, эңкейип кулагыма шыбырады:
– Үч саат чыдаш керек, 12-02, эгер шарт өзгөрүп кетсе план "С",- деп ордунан туруп, далыма бир тээп, бутумдагы жипти да тартып көрүп эшикке чыгып кетти.
Түшүндүм, ишибиз али бүтө элек экен да. План "С" дегени, үч сааттан кечигип кетсе, эгер мени өлтүрөбүз деп калышса өз алдымча аракет кылышым керек. Мага эч ким жардамга келбейт деген сөз эле.
Демек, үч саат убакыт созушум керек. Алым келери менен Юлай кетип калды. Бир аздан кийин жанагы башчысы келди, мен дубалга сүйөнүп отура бердим.
– Макул, сурагыла, эгер жанымды аман калтырсаңар, айтканыңарды аткарам. Мен бирөө үчүн өлгүм келбейт,- деп көзүнө тике карадым.
Анын көзүнөн таң кала түшкөнү бир байкалып, кайра жок болуп кетти. Баягыдай заардуу карап турду:
– Сен жөнүндө билдик. Адылдын эң жакын ишенген адамы экенсиң. Аны резиденциядан да сен куткарып чыгыпсың. Сен Казакстандан качырыпсың. ФСБга жардам берип, Ерханды карматкандардын бирөөсү сен экенсиң. Калгандарын сен таап бересиң бизге...
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7