1. БАЛЫК – даана, курч көрүү үчүн. Диетологдор жумасына 2-3 жолу 300 граммдан балык жегенди сунуштап келишет. Муну офтальмологдор кош колдоп колдошот. Анткени балыктын курамында көздүн көрүүсү үчүн эң керек болгон май кычкылдары жана толук каныкпаган майлар бар. Өзгөчө Омега-3 май кычкылы.
2. ЧЕРНИКА – көздүн чарчабоосу үчүн. Бул жемиш курамына көзгө керектүү болгон бардык витаминдерди камтыганы менен өзгөчөлөнөт. Ал көздүн чыңалуусунан жана чарчоосунан сактайт. Анын курамындагы антоциандар капиллярларды жакшыртып, мындан улам көз булчуңдарына жана нерв клеткаларына керектүү азыктар өз убагында жетип, көздүн кан тамырларында кан айлануу жакшырат. Ошондой эле черника А жана С витаминдерине, антиоксиданттарга бай, ар кандай вирустарга туруштук бере алат. Андыктан күнүнө 1-2 аш кашык черника жемишин же андан жасалган кыямды жеп турууну адат кылыңыз.
3. ГРЕЙПФРУТ – чечекейдин картайбашы үчүн. Бул жемиш организмге пайдалуу заттарга бай: С, А витаминдери, кальций, темир, марганец, калий, фосфор, фолий кычкылы жана В витаминдер тобу. Бирок көпчүлүгүбүз грейпфруттагы биофлавоноид заты тууралуу биле бербейбиз. Ал көздүн чечекейинин картаюусунун, сары тактын пайда болушунун алдын алат. Биофлавоноид мөмөнүн ичиндеги кесимдерди бөлүп турган ак чел кабыкта болот. Андыктан грейпфрутту ширесин сыгып ичпей, ак чел кабыгы менен жегениңиз оң болот. Офтальмологдор күнүнө же эки күндө бир грейпфрут жеп турууну сунушташат.
4. САБИЗ – көздүн тунарышына каршы. Эгер сиздин көзүңүз караңгылап, көз алдыңызда жылдыздар учуп, караңгыда жакшы көрбөй, конъюнктивит менен жабыркап жатсаңыз, анда организмиңизге А витамини (ретинол) жетишпейт деп эсептей бериңиз. Бул витамин көз торчосунун жакшы иштөөсүн камсыздап, түстөрдү кабылдоого жана аны мээге жеткирүүгө салым кошот. Күнүнө 300 граммдан сабиз жеп туруу сизге пайда алып келет.
5. ШПИНАТ – көрүү системиндеги оорулардын алдын алат. Анын курамынан В1, В2, D, С, Р, РР, К витаминдерин, микроэлементтерди, органикалык кычкылдарды, белок жана каротин-лютеинди табууга болот. Алсак, 100 грамм шпинаттын курамында 11 600 микрограмм лютеин болсо, 100 грамм сабизде бул көрсөткүчү 335 микрограмм гана. «Лютеин көздүн чечекейине, торчосуна эң керектүү зат. Күнүнө 50 грамм шпинат жеп турган адам көздүн тунарышын жана чаалыгуусунун алдын алат» дешет окумуштуулар. Бирок бул чөптүн курамында щавель кычкылы көп, андыктан ашказан кычкылы жогоруларга сунушталбайт.
6. МИСТЕ – көздүн торчосу үчүн. Жаңгактардын баары минералдарга бай экендиги эч кимибизге сыр эмес. Алардын ичинен лидер катары бадам, грек жаңгагы жана пеканды санайбыз. Бирок пайдалуулугу жагынан мисте булардан ашып түшөрүн америкалык окумуштуулар далилдеп чыгышты. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянсак, мисте жез, магний, фосфор, калий, клетчатка жана пайдалуу майлардан сырткары, лютеин жана зеаксантин затына бай. 28 грамм мистеде 342 микрограмм лютеин жана зеаксантин бар экен. Бул көрсөткүч фундук менен апельсин ширесиникинен 13 эсе жогору. Бул эки зат көздүн булчуңдарын бекемдеп, картаюусунун алдын алууга көмөктөшөт. Андыктан күнүмдүк менюңузга 30 грамм мисте кошууну унутпаңыз.
7. КАПУСТА – көздүн сыздап оорусуна жана кызарышына каршы. Бул жашылчаны диетологдор көбүрөөк жегенди сунушташат, бирок баарыбызга эмес. Ашказан кычкылы жогорулар абайлап колдонуусун эскертишет. Капустанын көз үчүн кандай пайдасы бар? Мейли шпинатпы, ак же кызыл капуста болобу, үчөө тең С, К жана Р, В1, В2, РР витаминдерине жана холин затына бай. С витамини цитрус мөмөлөрүнө караганда ачытылган капустада көп. Бул витаминдер көздүн кан тамырларын бекемдеп, кан айланууну жакшыртат. Жумасына 3 жолу 150 граммдан капуста жеп туруу сизге чың ден соолук тартуулайт.
КӨЗДҮН НЕГИЗГИ ДУШМАНДАРЫ
Чылым чегүү адамдын көрүүсүн бузат. Тамеки түтүнүнүн никотин жана башка уулуу кошулмалары торчону жана көрүү нервдерин бузат, көздүн былжырлуу катмарынын сезгенүүсүнө алып келет, жарыкты кабыл алуу функциясына зыян берет.
Алкоголдук ичимдиктер баш мээни нейрондук деңгээлде бузат. Спирт ичимдиктеринин таасири менен айланадагы дүйнөнү көрүү, кабыл алуу жабыркайт, анын деңгээли жана сапаты төмөндөйт.
Китеп, сыналгы, компьютер, телефон. Башка органдар сыяктуу эле көз белгилүү бир күч келтирүүдө чарчайт. Ошондуктан көздү аёо керек. Китеп окууда минималдуу аралык 30-35 сантиметр болушу шарт. Сыналгы көрүп жатканда экранга анчалык жакын отурбаңыз, эң аз дегенде аралык 2 метр болушу керек. Компьютерде көп жана узакка чейин отурууга туура келет, ар бир 40 мүнөттөн кийин көздү жок дегенде 10 мүнөт эс алдырыңыз. Көрүүгө күч келсе сөзсүз көз үчүн көнүгүү жасоо зарыл.
#пайдалуу
Интернет булактарынан алынды
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3