2-бөлүм.
Жибек акыркы экзаменин тапшырып айылына кетти.Керимди ойлосо козуно жаш тегеренип ызааланып алат.Тез эле келем дебеди беле,атасы бирдеме болуп калган жокпу,болбосо кызматын таштап журмок эмес,келип калаар,неге айтканына конбодум,ойлоноюн десем болмок экен деп жан дуйносу эзиле сарсанаага батып жургондо Сыргажан байкап созго тартты.
-Ээ Жибек кабагынды ачсан боло,келгенден береи санаа тарткандайсында кызым?
-Апа,сизге ошондой корунуп жатсам керек,эч кандай ой санаа деле жок,-Жибек апасын карады.
-Жо-ок кызым сенде бир ой бар.
-Эч кабатыр болбо апа,менде эмненин ойу болмок эле,окуумду буттум,эми мугалим болуп иштей баштайм,силер барсынар мандайымда, эмнеден кападар болмок элем.
-Ошондой эле болсо кана,25ке кирдин,баягынын картан кызы дедирбей оз ордунду тапса болбойт беле?
-Ой апам-ай,ушинте бергенинер жакпайт да,куйоо куйоо дейсинер,куйоого тийгендер жыргап жатыптырбы?
-Кыз киши убагында орун очок алып албаса болбойт кызым,атан экообуз деле картайдык,сенин тынып калганынды коруп олсок болот эле.
-Апа-а,эмне деп жатасын,олом дебенизчи,али алтымыштан эми аштынар,жаш элесинорго? -Жибек апасынын мойнуна асылып эки бетинен чоп-чоп эттире ооп алды.Алтыным апамго ушул менин.
-Кагылайын десе,дагы эле секелектей серендейсин, жакында Кайратты уйлонтобуз, келин кплсе юатышпай биз эле кыйналабыз го?
-Эмне дейсиз,оз уйумо озум батпай каламбы?-Жибек апасына тангала карап калды.Мен аларга эмне тоскоолдук кылат элем?
-Аа-а кызым,азыркы жаштарды билбейсин да кандай келин келет ким билет?
-Коробуз ошондой болуп баратса озумчо жащап иштеп кетем,кабатыр болбой эле кой апаке,атам кайда кетти?
-Тан,ал кайда кеткенин айтпайт,Кеткенде кетип,келгенде келип калат--Сыргажан ойлуу,-Ушунча жыл ошонусуна чыдап силер учун жашап келатамго?-деди да тунжурай тушту.
-Атам ошончолук эле катаалбы апа?
-Катаал деле эмес,кызмат деп уйго жолоочу эмес,сурасам кардын ток-аийимин бутун,дагы кандай кемчилигин бар,кудай деп жашай бербейсинби деп койчу,ичимден тынып эле калып калчуумун кызым,элдин ушагы жаныма тийгендиктен кетип эле калайын деп силерди кыйбай калып калгам.
-Эмне деген ушак?
-Куйоон минтип журот,тигинтип журот,сенден башка аял алып алган,андан баласы бар деген,- улутунуп алды эне.
-Койчу апа,атам андай деле эмес,элдин ушагына ишенгенсиз да?
-Калк айтса калп айтпайт деген,тапканынын жарымын ошого берчу,жакында бир ушак уктум,бир баласы келем деп жатыптыр.
-Чын элеби?-Жибек коздорун чон ача апасын тангала карап калды.Кантип эле?!
-Оз козун менен коргондо ишенесин кызым,экиаганды чакыртам деп жатат,менимче ал баласын силерге таныштырмакчы го?
-Кы-зык...
-Мен ошондой азаптарды которуп силер деп калганмын,эми карыганда чычалап кайда бармак элем...
-Ал баласын апасы кайда экен?
-Олуп калыптыр,атан ушуга чейин каттап жургон тура,апасы олгондон кийин бир туугандарына таныштырмак...
Ошондой болсо атамды кечирбейм,баласынын да кереги жок,ошол баласына кете берсин!
-Кой балам атанды нааразы кылба,эненики бок,атаныкы ок деген кызым.Эне кызын мунайым карады,Жибек унсуз ыйлап отурду.
-Мен сизди аябай бактылуу аял деп ойлочумун,корсо ичинизде арманыныз бар тура...
-Эми ал убак отуп кеткен,жаштык зымырык куштай сызып билинбей отуп кеткен,атандын дагы бир кылыгын сага айтып берейин.
-Апа атама аябай нааразы экенсиз да ээ?
-Жо-ок,нааразы эмесмин,эркекти акылсыз эле аял кызганбаса кызгангандай пайда жок.Ат айланып казыгын табат деген соз ырас да,атандын дагы бир кылыгы...Жибекти ойлуу карап:айтсамбы же айтпасамбы, дегендей унчукпай отуруп калганда Жибек шаштырып кызыккандай сурап ийди:
-Дагы кандай кылыгы апа?
-Атан мени зордук менен аялдыка алып,кайра мага очошуп азабымды берген.
-Кандайча?
-Менин ата энем болуп койгон куйоом бар болчу,ал экообуз женебиздин коз алдында жолугушуп журуп бир бирибизди жакшы коруп калганбыз.Келдибек анын досу экен,окуусун бутуп келсе ал ага колуктуусу бар экенин айтат.
-Бир куну чакыртып ийиптир,экообуз жолукчу жерге барып женм ары басып кетти,Келдибекменен Байсары экоо мени коздой келип учурашып калышты,анда мен 4класста окуп жаткам,жашым 15те...
-Анан эмне болду?
-Шашпа кызым,ошентип бир топко суйлошуп туруп мен женем менен кетип калдым.Алар жолдо баратып суйлошуп мени кеп кылат экен ошондо Келдибек.Бул кызды сен бактылуу кыла албайсын,мен окуутуп алам,тенинди изде деп дароо айтыптыр да.
-Атам орт экен да анда.
-Ошонун эмнеси орт,досум деп журуп досуна кыянат кылып жатса,Байсары адегенде тамашабы деп анча маани бербептир,анан экоо жолдон мушташып кетишет ошондо Байсары:" Болуптур,кимибизге буйруганын коробуз,эгер Сыргажанды алып кетсен туболук кас бойдон калабыз,жок айтканынжан кайтсан досум деп олгончо сыйлашып отоюуз" деп кетип калат.Байсарынын ата энеси жок,жарды турушчу,атам менен жакшы мамиледе болгону учун эле мени Байсарыга бермек болуптур.
-Сиз атамды жек корчунуз беле?
-Адеген жылдарда,андан кийин тагдырга конбос пенде болбойт экен да кызым,балалуу болдук,жылжар отуп атан кызматтан кызматка которулуп уйго конок катары эле келип кетчу болду,ошентип омурум отту да кызым.
Эмнесе болсо да силердин атанар,эч нерседен кем кылбай остурду,муну мен сага арыз арман катары айтканым жок жашоодо бардык нерсеге даяр болсун деп айтып жатам,тагдырды пенде пешенеге жазганын корот экен.Эркек куч менен жетем дегенине жетет,аялдын ич куптусу журуп отуруп балдардын суйуусуно айланып бактыны ошондон гана табат кызым.
-Сиздин тигил жигитиниз кийин эмне болду?
-Ал бечара Келдибек менен мушташмак болуп озуно тентуу жигиттерди топтоп жатканын атам угуп калып киши жиберип токтотуп коюптур,ошондон коп отпой эле ал дагы уйлонду,биз башка жака кетип калдык.
-Ошондой экен да....
-Бак берсин сага кызым,-Сыргажан сыртка карай басып кетти.Жибек ойлонуп отуруп калды,Керимди ойлонду,андан умутун узбой куткону куткон,кээде :"Ал мени таппай калдыго,туура кылган жокмун,озум кылдым,мага чала"депойлоп алат.Кечинде келген Келдибек аялына конок келет,даярдана бер кемпир.
-Кайдан келет?
-Менин бир досум келет.Кызына айтып усту башын ондосун,баласын ала келмек болду,Жибектин жашы жетип калды,аны куйоого бериш керек.
-Атасы,кандай неме экенин билбей туруп кызындын бактысын тобокелге саласынбы?
-Мен тандагандан жанылбайм.
-Сени го билем дечи.
-Эмне,дагы эле окунучун кучпу?
-Кайдагыны айтпай жон отурчу,ушу жашка келип дагы жок немеден кызганганынкантип болсун?
-Картайдык го,журок ошол бойдон да кемпир,мен сени бир эле коруп жактырганмын, мен сени ак кол кылып бактым же арманын барбы?
-Койчу эми,болбогонду суйлобой,-Сыргажан ички болмогокарап койду.Жибек алардын созун угуп унчукпай тура берди.
-Ырас айтам,чиркин озун карысанда журок карыбайт экен,болгону дарман кетип калат тура,балдарын озундой болуп турса уялып калат экенсин,-Клдибек ушинткенде Сыргажан унчукпай калды.Келдибек козун жума жатып калды,оз иши менен алектенген Сыргажан Жибекти чакырды.
-Жибек бери чыкчы.
-Эмне апа?
-Тамакты карачы кызым,белим ооруп кыймылдай албай турам.
-Озум эле жасабайт белем,-Жибек казан аякты калдырата тамакты аралаштырып идиштерди жууп кирди.
-Дипломуна качан барасын кызым?
-Бир жумадан кийин барам ата.
-Ий-ий жакшы экен анда,агаларынды чакырып дипломунду жууйбуз,анан озубуздун айылга эле иштей бересинби?
-Сиз суйлошсонузшаарда эле калганым жакшы эле.
-Коробуз.
-Шаарда эмне бар кызым,мандайыбызда эле ,биерге эле жакшы эмеспи,биерге эле иштесенчи?
-Кой бир эки жыл оздору жоноткон жака барып иштеп келсин.
-Эй кокуй андай дагы жагы бар беле?
-Ошентетет да,анданкийин бул жака иштей берет.
-Ата башка районго барбай эле шаарда кадганым жакшболчу,-Жибек апасына таарынгандай карады,-Сиз суйлошуп койсонуз.
-Болуптур кызым чалып эле коем,быйыл ден-соолук начарлаганынан жумуштан бошоп алюадымбы,болбосо. ..
-Пенсияга чыкканындан кийин эс алганын дуруста атасы.
-Ооба эс албасам болбойт,Жибек кеткиче Ачсылбек менен Кабылбекти чакыртып алып бир милдетимден кутулсам болот эле.Кайрат бугун келип калат,балдардын чогуусунда ...
-Ата эмне деп эле жатасыз?-Жибек атасына чочуугандай жалт карады.
-Ээ балам 70чыктым эмне арманым бар,болгону силердин астынарда,апанардан суранычым бар,аны чогуу келгенде айтам,-Келдибек ары карап кетти.Жибек да Сыргажанда ун дебеди,Жибек апасына карады эле ал тунжурай жер карап эч нерсе сезбегендей болуп калды.Демек баары чын экен да ,кайдагы бир баласын таныштырайые деп жатат.Анысын уйго киргизбеш керек,деп ойлонуп ийди Жибек.Эртеси Жибек устунку кочодо турчу классташ кызы Таалайдын уйуно жоноду,ал уйундо жок экен,эки баласын алып торкунуно кетиптир.Андан ойлуу уйуно келатса айылдаш келин жолугуп калды,аны ушакчы Сайра деп коюшат элдин баары.
-Ай-ий Жибек кандайсын тим эле супсулуу болуп кетипсин го ыя,окууну бутту деп уктук?
-Ооба-ооба,озунор кандайсынар?
-Озубуз журобуз да,ай сага бир сонун жигитти таап койгонбуз,озу билимдуу-илимдуу жигит.
-Жок эже кереги жок,жигиттин эмне кереги бар,мейли жакшы барыныз,шашып жаттым эле...-Жибек жоной бермек болгондо ал токтотуп калды!
-Койсончу ал,жаш кыздай серектебей, андан коро бир таанышып койсон,озун эле байланып каласын ай.
-Жоок таанышууга убактым жок!
-Токтосон эми,ал алыстан эмес,ушул эле айылдан,ал дагы сендей болуп окуйм деп шаарда карт бойдок болгон неме,кызматы бар,-дегенде Жибек токтой калды.Керим болуп журбосун деп ойлонуп:
-Аты ким?- деди кызыга карап.
-Алмаз озу да алмаздай жигит,эч капа болбойсун ал сени бактылуукылып алат,-Жибек анын андан аркы созун уккан жок,басып кетип калды,-Апээй ал эмнен,бироого бироо себеп деп коюшат го,менжон эле багынды ачайын дегем,-деп бежиреп жатканда Жибек ага ачуулу кайрылып келди да ызалуу:
-Эмне мени бактысыз деп уктун беле,экинчи мындай созду суйлобой жур,мен силерден куйоо сураган жокмун уктунузбу?! -деди да жоноп кетти.Сайра унчуга албай туруп калдыда коптон кийин:
Эрге тийбесен жерге тий ,боор ооруп куйоо таап баагын ачып коеюн десе чойроет,маа десе кара далы болуп журо бербейсинби, -деп кубуронуп жатканда коншусу чыга калды?
Ой сага эмне болду,озунчуэле суйлонуп?
-Тиги Келдибектин кары кызына куйоо таап таныштырайын десем болбойт,катын ала тургансып.
-Аны эмне кыласын кокуй,кары кыз дегенинди укса ата энеси жаман корот,ар кимдики озуно,ай корунот козуно дегенди билесинби,оздоруно секелек эле корунот да?
-Мен айтпасам деле кара далы кыз деп башкалар айтып журушот,эми аны ким алмак эле,сулуулугунун кимге кереги бар,кара кыздын агынан эмес багынан дешет го,-деп булкуна Жибек кеткен жакты карап суйлой берди.
-Кой,Жибекти бала кунунон билебиз,абдан жакшы кыз,окуп чокуп алды,эми багына келгенин корот да бечара,-Тигил аял калыс созун суйлоп турду,-Баса тиги айылдагы Беккулдун кызын ала качып кетип жолго таштап салыптыр дейби,узун кулак элен,аны уккан жоксунбу?
Ой жене,ал кыз Тейитбектин баласына док болуп жаткан тура,ошон учун ошенткен да?
- Имине болуп?
-Боюнда бар имиш,анан Тейитбектин баласы Аманбек аябай жоош бала го ага догурунуп ага инилери коркутуп уркутуп сотко беребиз дешип,анан алып кетебиз деп бае алты жигит менен барып алып кетип шаарга жашайбыз деген шылтоо менен шылуундар алыпбаратып башка бироо менен жургонун билген досу бар экен,ошол жайлаптыр:Мнеин эч кимге доом жок,Аманбек жашабайм,озум калып калдым,дедиртип жаздыртып алып таштап кетиптир да,укмуш жигит экен ай.
-Балее-балее экен анда,Тейитбектин баласы эптеп кутулган экен жалаадан.
-Акылы жок кыздар ошентип кала берет да.
-Кой анда жакшы жанылыгын бар экен,менин наным куйуп калбасын уйго кирейин.
-Бир турсаныз мындан сонун жанылык айтып бермекмин,мейли анда,-Сайра да оз уйун коздой жоноду.
Жибек уйуно капаланып келди.Сыргажан конок келээрине даярданып жаткан.Жибек жеринен эле тамак аш жасаган га жок эле.
Апасына жардам беримиш болуп жатты.
-Жибек капырай уй жумушуна таптакыр жоксун,бир жерге барсан мага наалы келтиресин го кызым,оз алдынча жасап консон боло кызым.
-Ийииий апа,убагында жасаймда ,-уккусу келбей ары карап жумушун уланта берди,-ошончолук эле кыйын бекен?
-Кыйын кызым-ар бир иштин майын чыгара жасабаса келин сынга тушот куйооно тамакты жакшылап жасап бере албасан ал дагын иренжийт,эмитен уйрон кызым,барган жерине камчы салдырган бол!
Убагында кором,мен ошолорго тамак жасап нан жасап эле отура бермек белем,жумушума кетип калам оздору жасай берет да,-Жибек апасынын созун уккусу келбей отура берди.
Ошол кантип болсун,жумушка барып келип келин келиндик вазыйпасында кыласын да,-эне кызы учун кабатыр болуп жаткандаКелдибек кирди.
-Кемпир,коноктор келип калды.
-Келсе зал жакка киргизе бер,-Сыргажан Жибекти карады,-Мен уйдо коноктор менен отурам.
Ирети менен дасторкон жайып озун эле алып кир кызым,сени сынаганы келишти,-деп ойдо болуп сыртка жоноду.
-Сынаганы нын кереги жок апа ,мен алардын устуно кирбейм!
-Эмне дейт ботом,атан укпасын,айтканын кыл!
-Ушулардыкы отту,эмнп эле мага куйоо издешет билбейм,мен куйоого чыкпайм дагы,-Жбек озунчо булкулдап идиш аякты калдыратып жатканда бакылдаган ундор чыгып залга киришти.Жибектин муундары калтырап зунчо бир башкача болуп кетти.„Мен баары бир Керимди кутом,башканын кереги жок,тийбейм деп ачык эле айтам,”деп ойлонуп отурганда Сыргажан келди.
-Бол кызым сен турганда дасторкон жайып букчундоп мен журсом эмне дешет,же келиндер жок,жакшынакай болуп озун алып кир.
-Эмне эле кыйнап атасынар?-аргасы тугоно кункулдой суйлоду,-Озунуз эле алып киринизчи.
-Ботом шаарда билим алып эл жер коргон кызы кызык экендеп атандын шагы сынбайбы?
-Боуптур,азыр барам,-Жибек ойдо болуп дасторкон ду алып апасынын артынан басты.Ал кирип барып эле торду карады саландаган киши менен арыкчырай аялдын озуно тигилип турганын дароо байкады,алардын жанындагы дагы эки аял алардын бири ак жуумал жигиттин отурганын корду сурдоп жатып дасторкон салып аран чыкты да,-оф,ушунчалык да сурдуу болобу,башка конок болсо мынчалык супдобой эле салбайт белем,-деп алды да дасторкон устун толтурганы кирип чыгып чайын демдепалып кирип берди,Сыргажан озу чай куюп жатты.Би аздан кийин куйоо болчу жигит чыгып келип акырын баш ийкеч учурашып жылмая туруп калды.
-Саламатсызбы, менин атым Айдар,сиздин атынызчы?
-Жибек.
-Жакшы ,-Айдар башын кашылай туруп калды.
-Аял издеп журосузбу?-Жибек капысынан ушинтип жиберди эле соз табалбай:
-Жок жок,Келдибек ата биздикине коп конок болчу,анан уй булом менен танышкыла деп эле...
-Аа-а ошондойбу?-анын уяндыгына,кыздан бетер кызарып керкенине жини келип ого бетер кычаштанып суроо узатты:
-Анан,эгер конулго жагып калса эмне кыласынар?
-Эчтеке.
-А мага куйоо болчу жигит келет дешкен эле?
Эмии сизге кандай билбейм,атамдар ошондой дешип жатат го?-Жер карап суйлоду.
-Атанызга жаксабы?
-Жок жок мага жакса...
-Жактымбы анан?-сырдуу жылмая карап койду.
-Жактыныз.
-Чынбы?
-Ооба ооба,-Кайсандап жал жал карап козун тартып алды.Сиз...
-Анда угуп коюнуз,менин жигитим бар,башка жактан издениз уктунузбу?-Жибек озунчо дагы жылмайып.Эркек ушунчалык уян болбосо,минтип журсо кимди жыргатмак эле деп ойлонуп турганда Келдибек менен Сыргажан чыгып союш соймок болуп кенешип жаттыЗаматта коншусун чакырып кой сойдуруп жатканда Кайрат келип калды.
-Уулум,коноктор менен адегенде учурашып чык да калганын озун жаса,-деди Келдибек ага,Кайрат ичкери кирип:
-Ассалому алейкум!-деп, Ишен менен учурашты.
-Азамат,сен Кекедин баласысын го?
-Ооба жакшы келдиниздерби?
-Тузук балам жунун тируу экен.Бар бол!
-Макул сиздер отура бериниздер, мен оз ишимди кылайын деп чыгып кетти.Келдибек мурутун сылай:
-Ээ кемпир жакшы болду,Ишендин далай сыйын кордук эле.
Салам да алик да карыз деген соз бар,эми кызынды узатканга даярдык коро бер,баласы абдан жакшы жигит,Жибек аларга жакты,буйруса Ишен менен куда болобуз,Жибегим жакшы жерге барат,-дегендеСыргажан Жибекти карады:
-Кызын маакул болор бекен?
-Маакул болбой кайда барат,биз муну жаман болсун демек белек,ата эне бадасынбактылуу гана болсун дейт эмеспи.
-Ата мен куйоого чыкпайм!-деди Жибек ошондо,ата эне аны элейип карап калды,ал жер караган бойдон оюн айтып жеткирмек болду.
-Мени кыйнабагыла, озумо жакса кетем,же уйунорго батпай калдымбы?
Эмне дейт кызды батпай калганда куйоого берчу беле,кыздын эли жери башка болот,торолуп уйундо убактылуу конок,сен ушуну тушун кызым,эми баарын тушуно турган куракка келдин,билимдуу киши муунун баарын билип журуш керек,-Келдибек кызына катуу айта албай жай-жумшак тушундуруго аракеттенди.
-Ата, эжемди анча эмне кыйнайсынар, оз тагдырын озу чечет да,Кайрат созго аралашты.Жаш эмес,баарын билет,тушунот антип кыйнай бербегилечи.
-Ой атандын оозуна урайын,-Келдибек адатынча обдула берди,кыздын тагдырын ата эне чечиши керек,туболук жашай турган кандай,тушкон жакшыбы жаманбы билип туруп беришибиз керек.
-Балким суйлошкону бардыр,беш жыл шаарда жон журбосо керек,оз жайынвза койгулачы!
-Койбой эле,Айдарга чыгат .Жоош момун жигит,Ишенменен Гулзатты жакшы билем,оз кызыбыздай кутуп алабыз деп жатышат.
-Барып эшигин аттагыча ошентишет,андан кийин оздору билип кылдан кыйкым тапсачы?-Кайрат оз оюн бербей суйлоп киргенде Келдибек компоюп калды.
-Озумду гана тарткан экенсин уулум,мен эч кимге оз оюмдагыны берчу эмес элем,сен жендин мени,-карсылдай кулуп калды
-Озунуздун баланыз болсом тартам да?-Кайрат да мулундап калды.
-Ооба эми атан экоонорго киши жетеби ?-Сыргажан алды карай жылмайды,-ата- бала ,эми сыртка чгып ишинерди жасагыла,-биз уй ичин жыйыштырып алалы.
Болуптур кемпир менин акылымды туура крсонр кызын экоонор бир чечимге келгиле!-деп коюп Келдибек ордунан турду.Жибек ичинен инисине ыраазы болуп алды:„Ырас айтты куйоого тийбейм,Керимди омурум откончо кутом,ал баары бир келет,уйундо бирдеме болгондур,болбосо мынчалык кечикпейт эле,мен аны суйоорумду эми созсуз айтам,азыр алып кет дейм”деп ойлонуп жатканда:
-Кызым,-деген апасынын унунон селт отуп кетти.-Эмне ойлонуп кеттин?
-Ойлонгон деле жокмун.
-Айдар жакшы жигит экен,тарбиялуу уй булонун баласы...
-Ой апа,чондордун балдары каердетарбиялуу болмок эле,кадыр барктын арты менен окуп,акчанын кучу менен жашагандар адам баркын билмек беле?
-Эки аган,инин менен сен да атандын кадыр баркы менен окуп чокудунар,чектен чыккан жоксунар го?
-Биз шаардан бир аз болсо да алыс,айыл жеринде остук,атам сизди озу иштеген жерге алып барган жок,бизде айылдык коз караш,тарбия таалим бар,а шаарда оскон чондордун балдар кыздары кандай экенин билбейсиз,экинчи мага Айдарды угузбаныз,мен куйоого чыкпайм!
-Болуптур эми озун эле билчи,-Сыргажан ушкуруно чыгып кетти.Алар ошентип бир созго келбеген кызынан сар санаа болуп убакыт ото берди.
Жибектин диплому колго тийип оз айлына жолдомо алып кайра айылга келип иштемек болду,куркурогон куз келип Кайрат уйлонду.Келинчеги шаардык кыз экен.Ал жумуш жасамак турсун тамак жасай албай журду.Жибек эртен менен кетип туштон кийин келет.Гулира бир кун ал сырттан кирип келе жатса:
-Койчу Кайрат башымды оорутпачы,ата энене кызмат кыла албайм,озундун убадан бар,тнз эле шаарга кетебиз дебндин беле,эжен турбайбы карай берет да,-дегенин угуп токтоп калды.
-Гуля мен эн кичуусумун, ата энем кары,аларга карабай кетип калсам эл наалат кылат,эжем баары бир кетет да,аны кыз дейт,эмеле куйоого тийип кетет,биз карашыбыз керек!
-Ой кудай ай ушу эженди ким эле ала коймок,карадалы болуп калыптыр го,азыр аял ала тургандар жаш кыздарды издейт,жакында эле куйоого тийе койбойт го?-Гулира мыскылдагандай кулду.
-Антип айтпа,эжем же апамдар укса уят,акыры турмушка чыгат да,-Кайрат аялына жалбаргандай ун катты,-Койчу эми алтыным,экинчи антип айтпачы.Ушул кезде уйго бир бутун аттап калган Жибек кайрылып чыгып кетти.Келин келет кызым,кандай келин туш болорун ким билет,батышын кыйын,деген апасынын созу кулагына жанырды.Ал эшиктин алдында ары бери басып жургондо Сыргажан дарбазадан кирип келди:
-Уйго кирбей эшикте эмне кылып турасын?
-Азыр эле келдим.
-Журу кызым сага бир жанылык айтам,-эне кызына кубанычтуу карап кирди,артынан кошо баскан Жибек сумкасын коюп отуруп калды. Жан дуйносу будун чан болуп кыйналып жатты:„Демек мен бул уйдо тура албайт экенмин да,кетишим керек,бул уйдо торолуп оскон менен баары бир огой болуп калат тура кыз деген,эмнеге Керим келбей койдун,сени кутуп картан кыз аталдым”деп ойлоно берди.Сыргажан аны байкап унчукпады,сезди бир нерсе бодгонун,келининин мурун озу дагы угуп калган,уулуна айта алган эмес.Бул дагы бир соз уккан экен,айла канча,уулум козун карап турса эмне демекмин,бир деме десем кайненем жаман десе,кантейин оздору менен оздору болсунчу,деп ичинен санаага батып отурду.
Жибек эртеси эле арыз жазып директорго кирди,арызын окуп коргон директор:
-Эмнеге кетип жатасын?-деди. -Сендей жаш мугалимдер бизге абдан керек,эки жыл иштешин керек,кетирбейбиз.
-Агай коюп берсениз.
-Болбойт,жолдомо менен келгенден киймн моонотун юуткондо жооп беребиз.
-Суранам агай,мен ооруп жатам,шаарга созсуз кетишим керек,-Жибек ушинтти да,-Эртен келем, арызга кол койбосонуз районго да кирем,-деди.
-Адегенде кайсы районго кетишин тууралуу билдирип кел,директор сынай карап кагазына унулду.Жибек кайра чыгып кетти.
Ошол эле куну башка мектепке которууну суранды.
Акыры ойлогону ордунан чыгып коншу айылга кетмек болду.Кеч курун келип кийимин даярдап салып жаткан да Сыргажан.
Эмне бир жака барасынбы?
-Апа,мен башка мектепке которулуп жатам эртен кетем.
-Кайда?
-Коншу айылга.
-Биерге эле иштебпйт белен?
-Райондон ошондой буйрук кедиптир.
-Жакшы жур балам-мейли эми иштесен иште,-эне муная оозгу болмого кирип кетти.Жибек даярданып болуп анан ата энесинеин болмосуно кирди. -Кайда болсон да аман бол кызым,партянын тапшырмасы ошондой,аткарыш керек.Келдибек кемпиринен укса керек Жибек кирери менен эле соз баштады
Ооба ата кайда болсо да ишт да.
-Кудай багыны ачсын,-Ошол бойдон Келдибек менен Сыргажан унчукпай калды.Бу кели улуун кайда кемпир,корцнбойт го,карыганда казагдагбашын чыкпады.
Сен ундобо эми жаш келин кааласа кылат,озу тушунор.
-Мейли жаны эле уйлонбодубу, ысыктары таркай элек,кайнене болуп калжандабайтурайын.
-Кен пейил жансын да-а кемпир,эки келинин деле жарытып кызмат кылган жок,кебетеси азыркы жаштар кемпир чалга карабай калган окшойт?
Мен жатып эс алайын,эртен эрте чыгам,-Жибек туруп болмосуно чыкты.
Ал эртеси эле райондон алган кагазын директорго коргозду да коштошуп чыкты.
Келген мектеп ага жага бербеди,узунунан салынган экен,директорго кирип документин тапшырып,танышы жок экенин айтты эле жатакана издештирип кормок болду.Мугалимдер мененьтааныштырып анан жалгыз кемпирдин уйун ылайыкташты. Ошол эле куну аны Сайкал эненин уйуно табыштаганы зам.директор ээрчитип келди.
-Келгиле балдарым,-деди Сайкал аларды коруп эле.
-Келип калдык эне,бул кыз сиз менен туруп турсун,мугалим болуп иштейт,ылайыктуу уй жок сизге алып келдим.
-Иий айланайын,мейли тура берсин.
-Рахмат эне,анда эмесе жакындан танышып жайланыша бер Жибек,-деди да жардамчы диретор жоной берди.
-Менин атым Жибек эне,Кун-Туу жактан болом,ушул жака иштегени келдим,-Жибек отура калып Сайкал энени карады,-ата энем бар
-Жакшы экен садагам,мен жалгыз жашайм,куну кечке откон кеткенди карап отура берем,-Эне суйлогондо Жибектин журогу эзилип кетти:Эмнеге жалгыз болду экен,балдары жокпу,болсо кайда”деген суроолорду бере сыртына чыгара албады.
-Журу кызым сени болмого жайлаштырайын, бул болмодо мурун дагы бир мугалим жашаган,ал жигит эки жыл жашаган,-деп кичине таза болмого киргизди.Болмонун ичинде эски диван экен,дубалда бир килем,бир жагында адамдын бою менен тен кузгу,жаратылышты кооздугун коркомдогон сурот.Жибекке жагып турду,терезеде конул которгон ачык парда ого бетер эргитип жиберди.„Ушундай жаны,жакшысалынган уйдо эмнеге жалгыз жашайт болду экен,балдары жок болсо жалгыз бой кемпир бул уйду кантип салмакэле”? деген ойлору чачкындап турганда:
-Жибек кел кызым чай ичип ал,-деген Сайкал эненин уну аны оюан адаштврып жиберди.
-Убпра болупсуз да,чай ичпейт элем,-Жибек ашканасына баш багып кулумсурой карады.
-Чарчап да келгендирсин кызым,жолдо чалыккан адамга кызыл чай бир канча дем берет,сергий тушосун,эч тартынба,-Сайкал эне мееримдуу карап отургуч корсотту.
-Рахмат эне.
-Рахмат айтууга али эрте.Биз жаны гана таныштык.
-Ошентсе деле,-Жибек эне сунган чыныны колуна ала.
-Эч тартынба кызым,керек нерсени сурай бер,менин жашоом озумо жетет,менин жалгыз жашарымды билген директор дайым жаны келген мугалимдерди жонотуп турат,эмне зыяны тиймек эле,кээде кыныр кунур болот,зерикпей алаксып калам,-Сайкал озу жонундо терен айтпаса да устуртон тушунтургондой болду.
-Эне эгер оор келбесе бир суроо берейинби?
-Бере бер кызым,сени эмне деп суурарынды билип турам,-Сайкал шуу эте ушкурунуп алды.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9