Көчмөнгө Кыргызстандан жыйырмадан ашык журналист-блогер бардык. Алардын ичинен 12си Көкбөрү федерациясы тарабынан каржыланып, бир делегация болуп, аларга баш-көз мен болуп калдым.
Көкбөрү Кыргызстандагы ар бир адамдын деминде экенин казак журналисттери ошондо түшүндү. Пресс-центрдин үчтөн бири кыргыздар, болгондо да бир гана көкбөрү тууралуу материалдар жасалып, монтаждалып, интервьюлар болуп атканын көрүп, кыргызда көкбөрүдөн башка спорт жокпу деп тамашалап сурап коюшат.
Казакстандын көкпар федерациясы биздин медианы өз максатына пайдаланып, жер улагын Кыргызстанга бекер пропагандалап алганга жакшы мүмкүнчүлүгү бар эле. Бүгүн жер улагын өзүбүздүн эле улакчылардын оозу менен мактап, даңазалап, керек болсо жер улак федерациясын ачканга коомчулукту көндүрүп койот элек. Эми баары тескери кетти. Өзүмчүлдүктүн аркасынан Казакстандын көкпар федерациясы болгон өлкөнү чочутту.
Орустар экинчи жер улак ойнобойбуз деген бойдон кетти. Алардын командасы келген күндөн баштап басым астында жүрүп, ар бир оюн сайын паспортторун көрсөтө берип тажады.
Түрктөр жер улакка түкүрдүк деди. Булардан үлгү ала турган эч нерсеси жок экен, эртең күчтүү командага айлансак, ушинтип бир тараптуу оюн болот турбайбы деп айран таң калышты.
АКШлыктар мындан ары кыргыздар менен гана кызматташабыз деп кетти. Биздин калыс Нургазы Борбиевди казак оюнчулары сабап койгонун көрүп калып, америкалыктар кайтарып жүрүшүптүр. Айтор ковбойлор башын чайкаган бойдон кетишти.
Венгриянын көкпар федерациясы ич ара саясаттын айынан экиге бөлүнүп атып, көчмөнгө эзели улак тартып көрбөгөн циркачтары келди. Ал эми улакчылары азыр Кыргызстанга активдүү байланышка чыгып, Эл аралык көкбөрү ассоциациясына кошулууга ниеттерин билдирип атышат.
Өзбектин федерациясы кимдер менен кызматташып жүргөнүн даана көрүштү. Эки оюндун финалын 12-сентябрда өзбек оюнчулары кылдаттык менен карап, байкап отурушту.
Жыйынтыктап айтканда эл аралык аренада Казакстанды колдой турган Монголия эле калыптыр. Калган өлкөлөр 12-сентябрдан кийин Көкпар ассоциациясына түңүлгөн бойдон кетишти.
Казакстан эми көкпарын башка өлкөдө өткөзө албасына көзү жетти. Ошого жанталашып кечээ Кыргызстандын командасын 2-3 жыл дисквалификация кылабыз деп чыкты. Бул чечим менен алар эки жылдан кийин Кыргызстандагы ДКОго келбейбиз деген белгини таштап атат. Болбосо Кыргызстан Дүйнөлүк көкпар ассоциациясына мүчө да эмес жана бизди жер улактан эч ким дисквалификация кыла албайт.
Кыргызстандын көкбөрү федерациясы эми Казакстанды карап түздөнбөйт. Аларга Көчмөнгө катышкыла деп да суранбайт, кааласа келсин, каалабаса жок. Жер улакты уттук деп жар салганча, маалыматтык согушту уттурду. Көкпар деген спорт дүйнөдө мындан ары жок. Өз спортуна казак федерациясы өзү балта чапты.
Бүгүн биздин аттар, балдар өлкөбүзгө келгенибиз менен Казакстандын соцтармагында азыркыга чейин өздөрүн өздөрү жемелегени жемелеген. Көкбөрү - бул ар бир кыргыздын сезиминде, ал эми сезимдер менен ойнобош керек эле.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
Улуу аталар агалар талпак жайып улак чапчу.
Кок асмандын астында тоолордун чокусунда жургон КЫРГЫЗ ТООЛОРДО ТУУЛУП ТООЛОРДО ОСКОН КОК БОРУДОЙ УЛАКТЫ ТАРТЫП ОЙНОЙТ.
Казактарга окшоп муляш тартпайт КЫРГЫЗ