1- БӨЛҮМ
– Эх Самат, эми эмне кылабыз, эми эмне болот?- деп таякем дагы баштады.
– Буюрганын көрөбүз да, таяке. Эми кайгырып, үшкүрүнө бергенде бир нерсе чечилеби, жаныбызды албастыр акча үчүн.
– Жайсаңды билбейсиңби, акча дегенде жанын берген акмак да. Адамды аёо дегенди билбейт булар. Биз эмес, өздөрүнүн казактарын эмне кылышты? Кордайлыктарды ошол бойдон көргөн жокмун, ушунча нерсесин таштап кетип калышпайт эле. Аларды жок кылышкандай бизди да жок кылышат булар. Эми эмне кылабыз, Самат? Өлтүрүп, талаага алып барып көмүп салышса колубуздан эмне келет? Ээ, Кудайым, ай, өзүң жардам бер, өзүң сактап кал бул жырткычтардан. Балдарымдын көргөн күнү эмне болот?- деп дагы бир нерселерди сүйлөнө берди.
Таякемдин үч сааттан бери кейип, наалый бергенинен тажап башымды жуурканга катып жатып алдым. Болушунча болду да, эми минтип наалыганда бир нерсе өзгөрүп кетмек беле? Кудай деле «аракет кылсаң берем» дейт экен го, жатып алып эле наалый берсең алдыңа алып келип бербесе керек. Таякем сүйлөнө берди, угулбай калабы деп жуурканды чүмкөнүп, үстүнөн калың күрмөмдү башыма жаап алдым. Бир аз сүйлөндү да, укпай жатканымды түшүндү окшойт, эшикке чыгып кетти. Жарым сааттай өттү окшойт, кирди да ары-бери оонап жатып дымы чыкпай калды. Эшиктен киргенде эле арактын жыты «бурр» дей түшкөн. Күйүтүнө чыдабай ичип алды да, мейли эми.
Уктаган адам болуп жата бердим, оюма ар нерсе келет. Биртке акча үчүн көп деле мыкаачылыкка барышпаса керек, кеткен акчасын эки эсе кылып чыгарып алышты го акыры. Эгер чындап эле талаага алып барып өлтүрөбүз дешсе, көп болсо төрт бала барар, оңой эле өлүп бербейм буларга. Бөлмөдөн бир отвёртка көргөм, ошону алып алам. Унчукпай эле өлүп бермек белем? Өзүм эмне болсом да мейли, апам менен карындашымдын көргөн күнү эмне болот?
Атам барда эч нерсени билбей, эч нерседен капарым жок жашаган турбаймынбы. Адамдардын кыйналып жашаганын көрсөм да жашоо мынчалык кыйын экенин түшүнбөгөн экенмин. Атамды сагынып кеттим.
Атам узун бойлуу, толмочураак, кең далылуу адам эле. Союз тарап, элдин жашоосу кыйындай баштаганда атам да ишсиз калды. Азыр ойлосом, ошол маалда эч нерседен коркпой тобокел ишке барган экен. Эл ун эмес, буудай таппай, жүгөрү унунан нан жеп калганда өзү жалгыз банктан кредит алып, Кытайдан тегирмен алып келип, эки досун шерик кылып Жалал-Абаддын четине завод ачышат. Казактардан буудай алып келип ун кылып чыгарышып Өзбекстан, Тажикстанга чейин сатышып, айтор, иши жүрүшүп кетет. Кийин бир досуна эшик-терезе чыгара турган цех, экинчи досуна кыш чыгара турган ишкана ачып берип, алардын өз менчиги кылып каттатып берген.
Иштери жүрүшүп кеткенден тартып өздөрү жашаган айылдагы колунда жок он беш үй-бүлөгө ар үч ай сайын ун, май, айрыкча Жаңы жылда сөзсүз бирден кой, эч болбосо он килограммдан эт, жаш балдарына белек даярдап таратып берчү. Эч ким көрбөй эле койсун дегенби, мени ээрчитип алчу, экөөбүз түндө алып барып берчүбүз. Балдардын сүйүнгөнүн көрүп атам да көпкө чейин көңүлү ачык жүрчү.
Азыр ойлосом, атам менден эч нерсе аябаптыр, бирок эрке өстүргөн жок. Үчүнчү классымда бокс ийримине алып барып, мугалимге катуу дайындаган, мектепти бүткүчө бокс менен машыгып жүрдүм. Ар кандай мелдештерге катышып, 9-классымда Бишкекке барып экинчи орунду алып келгем. Мектепти бүткөндө Юридикалык факультетке тапшырып өз күчүм менен өтүп, окууну кызыл диплом менен аяктадым. Ал жакта жиу-житсу менен машыгып, көп нерсе үйрөнүп чыктым.
Окууну бүткөндө жумушка орношоюн десем атам «бир жыл үйдө жүрө тур, үйлөн, анан деле иштей бересиң» деп койду. Ошентип айылда жүрүп калдым.
Эмне болгонун кийин үйгө банктын өкүлдөрү келгенде уктук. Атам банкка аябай көп акча карыз болуп калган экен. Көз жумардан бир ай мурун банктан өтө көп суммада кредит алып, аны долларга алмаштырып Өзбекстанга өткөрүптүр. Ал жактан долларды өзбектердин сумуна алмаштырып, кайра Кыргызстанга алып келип сомго алмаштырса аябай эле көп пайда түшмөк экен. Өзбекстанда долларды алган адамдын аты Хамид, жакшы тааныйм, атамдын жакын досу болчу. Үйүбүзгө канча жолу үй-бүлөсү менен келип конок болуп кеткен. Ошол Хамид Өзбекстандын милициясына кармалып калып, акчаны алдырып коюптур, өзү да көп жылга камалып кетиптир.
Атам эч кимге айтпай ун заводун, эки чакан цехин сатыптыр. Баягы эки досуна жардам сурап барса, ар шылтоону бир айтып жүз буруп кетишиптир. Карызды төлөй албашына көзү жеткенде айласы түгөнүп өз өмүрүнө кол салган экен. Ушул каргаша биздин бейкапар жашоону бузуп, түшкө кирбеген окуялар башталды...
Ошол күнү да түнү бою досторум менен дейдиленип жүрүп, таңга маал, саат төрттөрдө келип жаткам. Апам эле урушуп, кулак-мээни жебесе, кеч келгениме атам көңүл деле бурчу эмес. Бөлмөмдүн эшиги ачылганда "апам окшойт, дагы урушат" деп уктамыш болуп жата бердим. Атам экен, жаныма келип маңдайымдан өөп, чачымдан сылап «кайраттуу бол, балам, апаңды жакшы кара» деп чыгып кетти. "Атама эмне болгон?" деп таң калып койгон элем. Көрсө, коштошкону кирген экен, ошол түнү айылдын башындагы чоң даракка асынып алыптыр.
Атамды жерге бергенче араң чыдашты окшойт, эки күндөн кийин банктын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери келишип жашап жаткан үйүбүздү, ичиндеги сатууга жарай турган буюмдарды, айылдын четиндеги үч жер тилкебизди, эки жеңил унаабызды, жадакалса жайлоодогу уй, койлорубуздан бери тартып алышты. Айылдын ортосунда илгери Союз маалында дүкөн болгон эски төрт бөлмө тамды атам сатып алып койгон болчу. Ошону гана апам «биз каякка барып жашайбыз?» деп ыйлаганынан араң калтырышты.
Кийинки жашоом бир дүйнөдөн такыр башка дүйнөгө барып калгандай эле болду.
Эч нерсебиз калбаптыр, башында апам алтын буюмдарын сатып анча билинбеген экен, бара-бара күнүмдүк тамак-ашыбызга да акча таба албай калдык. Бишкекке барып жумушка орношоюн десем, жадакалса жол киреге ашыкча акча калбаптыр. Болгон акчаны алып кетип калсам, үйдөгүлөрдүн жашоосу эмне болот? Бишкекте ишке орношуу үчүн да баары бир акча бериш керек.
Жумуш сурап Жалал-Абаддагы атамдын эки досуна бардым. Ишканаларын атам өз акчасына түптөп бергендиктен мени кийин талашат деп ойлоштубу, ар шылтоонун башын бир айтып жакындатпай коюшту. Келип апама айтсам, көпкө чейин ыйлаган.
Мектепте 8-класска чейин орус тилдүү класста окуп, кийин кыргыз класска которулган элем. Атамды жерге берген күнү орус класстагы классташтарым келип көз көрсөтүп эле кетип калышса, кыргыз класста эки жыл бирге окуган классташтарым баштан-аяк тике турушуп, жанымда болушту. Кийин акча табыш үчүн уста кошунама жардамчы болуп, айылда бирөөнүн үйүн куруп жатканбыз. Кыргыз класстагы балдар мага айтпай, мен үйдө жокто бир кап ун, бир кап картошка, май, күрүч, макарон алып келип таштап кетишиптир.
Орус класста бирге окуган Алмаз деген жакын досум бар эле. Айылдагы «менмен» дегендердин биринин баласы болчу, бай турушчу. Экөөбүз кыздарга бирге барып дегендей, жакын дос элек. Бир күнү жумуштан келатып дүкөнгө кирип калсам Алмаз тамеки алып жаткан экен, эч жаман оюм жок мурункудай эле көрүп:
– Мага да бир пачка алчы, акчасын эртең берем,- деп калдым.
Алмаз мени мыйыгынан күлө карап, дүкөнчүдөн бир куту насыбай алып мага ыргытып:
– Ме, сен эми насыбай чек, тамеки чегип балээ барбы сага?- деп дүкөндө тургандарга «күлкүлүү айттымбы?» дегендей карап күлдү. Ошондо Алмазды карай жулунуп баратканым гана эсимде. Атамдан айрылуу, банктын окуясы, өп-чап жашоо, баары кошул-ташыл болуп араң жүргөндө жарылып кеттим окшойт. Окуянын аки-чүкүсүн кийин сотто күбөлөр айтып беришкенде гана толук билдим. Алмазды ээгине бир урганымда эле эс-учун жоготуп кулап түшүптүр. Ажыратышса да болбой эшикке сүйрөп чыгып, аябай сабап салыптырмын. Алмаз ооруканада. Мээси чайкалыптыр, төрт кабыргасы, тиштери сынып, бети-башы жарылып таанылгыс болуп калган дешти. Айылдын аксакалдары, абройлуу адамдар ортого түшүп, атамдын элге кылган жакшылыктарын айтып жатышып, он беш күн отуруп чыктым.
Кийин суук түшүп, устачылык кыла албай калганда ушул таякем менен айылдагы элден алма алып Казакстандын Караганда шаарына барып эки жолу сатып келдик. Түшкөн пайда жакшы эле болду.
Экинчи жолкусунда базардын рэкеттери келди. Баары аларды «Адылдын балдары» дешчү. Башчысы Жайсаң деген, өңү сары, түлкүнүкүнө окшогон куу, жымшык көз, ар дайым жымыйып жүргөн, жашы жыйырма бештердеги бала. Базардын мөмө-жемиштер дүңүнөн сатылчу бөлүгүнүн башчысы эле. Жайсаңды бир көргөндө эле негедир жактырбадым. Базарда турсак келди, учурашкан да жок, машинесинин ачкычын сөөмөйүнө илип айлантып, оозунда сагыз чайнап алган. Сурабай эле ящиктеги алмадан бирди алды да таякеме сенсиреп «мени саат төрттө издеп тап» деп кетип калды. Өтө эле көпкөн экен, көзүн май басып эч нерсе көрүнбөй калыптыр. Мындайларга баш ийдиң бүттү, эшек кылып мингенден кайра тартышпайт.
Таякем саат төрттөрдө Жайсаңга деп кетип, бир сааттан кийин «баары жакшы» деп келди. Ошол эле күнү алмаларды сатып бүтүп, түндөп Кыргызстанга кетип калдык. Кийинки жолкусунда ушул Жайсаң «Жаңы жылга алма керек» деди. Алар акча, поезд менен алып келип сатуу жагын моюнуна алышып, биз айылдан алма чогултуп, сорттоп, поездге жүктөп Карагандага чейин жеткирип берүү жагын моюнга алганбыз. Эгер баары ойдогудай бүтсө таякем экөөбүз түшкөн пайдага бирден Жигули минип, чөнтөгүбүздө да көп эле акча калмак. Таякем булар менен мамиле түзүүдөн корктубу, дароо эле «колумдан келбейт, анча көп алма чогулта албайбыз» деп макул болбой койгон эле. Мен таякемди эптеп көндүрүп, акыры макул болду. Жайсаң бизге бир бала кошуп берип, Кыргызстанга келип Жаңы жылга бир жума калганда кырк тонна алма чогултуп поездге жүктөп Карагандага жөнөгөнбүз. Казак бала учак менен эле учуп кеткен. Вагондор жылууланганы үчүн коркунуч жок эле. Таякем экөөбүз кезектешип вагондун жылыткычынын температурасын карап келатканбыз. Жылыткыч өчүп калса алмаларды суук урат. Карагандага жетүүгө үч сааттай калган, таякемдин кезеги болчу. «Жеткени калдык, эч нерсе болбойт» дегенби, бир бөтөлкө аракты өзү жалгыз ичип, жатып алыптыр. Эмне болгону белгисиз, вагондун жылытуучу мешине ток келбей, үч саатта алмалардын отуз пайызын суук уруп, жарабай калыптыр.
Жайсаң угары менен өкүрүп-бакырып биздин паспортторубузду, болгон акчаларыбызды алып койгон. Жаңы жылга жакын мөмө-жемиштин баасы асманга чыгып, тоңгондон калган алмалар аябай жакшы баага сатылып, эки эсе пайда түшсө да Жайсаң сөгүнүп-сагынып, кечээ кечинде бизди базардын ичиндеги кафелердин биринин бөлмөсүнө калтырып, «ушул кафеден чыкпагыла» деп бут кийимдерибизди чечип алып, колубузга жука тапочка карматып койду. Кафеден тамактанып, кайра эле ошол бөлмөгө кирип жатмай. Эч ким эч нерсе айтпайт, жатабыз бир бөлмөдөн чыкпай.
Саат күндүзгү экиден өтүп калыптыр, таякем уктап калган окшойт, бир калыпта дем алып жатат. Уктайын деп канчалык аракет кылсам да көзүм илинбей койду, апамдын акыбалын эстеген сайын жата албай ордумдан тура калам. Баарынан белгисиздик жаман экен, бир жактуу чечилсе, жок дегенде эмне болорун билесиң.
Спорт менен машыгып жүрүп минтип көп жатууга көнбөгөм, денем талыкшып калыптыр. Туруп бир сааттай бөлмөдө дене-бойду жазып, көнүгүүлөрдү жасап, кайра жаттым. Кантип уктап кеткенимди билбейм, бирөөнүн түрткүлөгөнүнөн ойгонуп кеттим, Жайсаңдын балдары экен, босогодо бирөөсү турат.
– Даярданып тургула, азыр Жайсаң келет, бир жакка барасыңар,- деп чыгып кетти. Отвёртканы чөнтөгүмө салып алдым. Саат сегизден өтүп, эшикте караңгы болуп калыптыр. Бир сааттан кийин Жайсаң кирип келди:
– Азыр шефке барабыз, киргенде бир ооз да сүйлөбөгүлө, бирөөң бир нерсе деп сүйлөсөң өзүңөрдөн көргүлө. Шеф сөз талашып, ортодон кыпчыла калганды жаман көрөт. Ошол айтат силерди эмне кылышты. Түшүндүңөрбү?- деп негедир мага карады.
– Түшүндүк, иним, түшүндүк,- деп таякем шашкалактап калды. Мени каяша айтып жибербесин деп коркуп кетти окшойт. Жайсаңдын балдарынын бири алып келип ыргыткан бут кийимин кие баштадык. Унчуккан жокмун.
Жайсаңдын оюн дароо эле түшүндүм. Башчысына бизди жаман көрсөтүп, өзүнө упай иштеп алгысы келип жатат да.
Жарым сааттай жол жүрүп, шаардын борборунда окшойт, «Орман» деген күйүп өчүп турган чоң жазуусу бар үч кабаттуу ресторандын алдына келип токтодук. Жайсаң ичкери кирип кетти да, он мүнөттөн кийин чыгып кол жаңсап бизди чакырды...
Ресторан аябай жасалгаланыптыр, киши көп. Жаңы жылга үч күн калган. Залды аралап өтүп төрүндөгү бир эшиктен кирсек, төрт бөлмө бар экен, бир эшиктин алдында лөкүйгөн олбурлуу эки жигит турат. Бизди көрүп, бири эшикти ачып баш багып:
– Кире беришсинби?- деди да, бизге "киргиле" деген ишарат кылды. Экөө да кирип, эшик ичинен бекилди.
Чоң бөлмө экен, ортодо жаңгактан жасалган чоң стол, кайыш стулдар. Дубалда аюунун, тоо текенин башы катырылып илиниптир. Жаратылыш пейзажы тартылган түрдүү картиналар. Жерде калыңдыгы эки элидей болгон килем салыныптыр. Жайсаң четтеги стулда отурат. Төрдө орто бойлуу, чап жаак, арыгыраак келген, кер мурут, жашы кырктын кырындагы бирөө телефондо сүйлөшүп жаткан экен, көзү менен стулдарды көрсөтүп "отургула" дегендей белги берди. Сүйлөшүп бүтүп таякем экөөбүздү баштан-аяк карап, ойлонуп калды. Таякем күнөөлүү адамдай башын жерге салып бүрүшүп, тумагын мыжыгылап, ырайым күткөндөй бир байкуш болуп отурат. Жиним келип кетти, ак жерден күнөө койгудай булар ким өзү? Адыл мени карап турган экен, мен да көзүмдү ала качпай тиктешип калдык. Адылдын көздөрү сүрдүү экен, карышкырдын көзүнө окшоттум. Өткүр, адамды теше тиктеген өрт көздөр. Коркпой, өзүмдү күнөөлүү сезбей эркин отурганымды сезди окшойт, жүзүнөн ушуну байкадым.
– Адыл ага,- деп Жайсаң сүйлөйүн деп ордунан тура баштаганда "коё тур" дегендей колун жаңсап:
– Ага,- деп таякеме карады.
– Сөз бергенден кийин аткарыш керек. Сиз мас болуп уктап калыптырсыз, сиздин айыңыздан балдар көп акчага түшүптүр. Эми мындай, макул, болор иш болду. Кыргызстандагы жашоо шартыңарды уктум, акчаны баары бир кайтара албайсыңар, сиз же иниңиз бизге иштеп берип кутулат. Кимиңер каласыңар, өзүңөр чечкиле. Болду сөз бүттү,- деп ордунан туруп, күрмөсүн кийип чыгып кетти. Артынан бир жигити чыгып, андан кийин таякем чыгып баратканда Жайсаң мени далыма чаап:
– Жүрү, бүгүндөн баштап менин кулум болосуң,- дегенде жаным чыгып кетти. Бурулуп эле бир урдум. Муну күтпөдү болуш керек, көзү алайып, ийрелеңдеп барып жыгылып, узунунан түшүп жатып калды. Сокку ээгине таамай тийгендиктен кол көтөрүүгө чамасы келген жок.
Жанындагы шеригин кол көтөрөт болушу керек деп бурулуп даярданып калсам, мени таң кала карап калыптыр. Жанымдан унчукпай өтүп, эшиктен жаңы эле чыккан шефин чакырып калды. Адыл кайрылып келип жерде жаткан Жайсаңды көрүп:
– Эмне болду, бул эмне жатат?- деп жанындагы жигиттен сурады эле, тиги ийинин куушуруп:
– Түшүнбөй деле калдым, тигиге "менин кулум болосуң" дегенин уккам, анан эле жерде жатат,- деп күлүп жиберди.
Адылдын жүзүнөн ачуусу келгени билинбейт, эки жигитине мени көрсөтүп “мушташкыла” дегендей ишарат кылды. Өзү бөлмөнүн бурчундагы диванга отура кетти. Болушунча болду, мушташтан башка жолум жок эле. Дароо бөлмөнүн төрүнө өтүп, үстүмдөгү күрмөнү чечип ыргытып, даярданып калдым. Эки бала узун столдун эки жагы менен мага жакындап келатканда таякем чуркап келип бирөөсүнүн колунан кармап жалбара баштады. Тиги бала колун тартып алайын деди эле, коё бербей койду, ачуусу келип кетти окшойт, эки колу менен таякемди жакадан алып дубалга жапшыра чапты. Таякем арык киши эле, онтоп жатып калды. Беркиниси мага жакын келип калган, шеригин карап алаксып калды эле, секирип барып ээк тушка бир урдум. “Былч” дей эле түштү, дубалга сүйөнө бир азга турду да, кулап түштү. Столдун үстүнө секирип чыгып, таякемди дубалга урган баланын үстүнө секирип, салмагымды салып катуу түртүп жиберсем, башы менен дубалды катуу сүзүп, чалкасынан түшүп калды. Дароо он чакты жигит топтолуп калышты, бирөөсү мени көздөй жулунганда Адыл токтотуп койду. Жайсаң жатат дагы деле, жанында таякем отурат онтоп, көзү алайып калыптыр.
Чөнтөгүмдөн отвёртканы алып чыгып, даярданып калдым.
Адыл эмне болор экен, балдар турганга жарайбы деп күттү окшойт, экөө тең онтоп жатышат. Аларды бир аз тиктеп турду да, турбашына көзү жетти окшойт “эмне болуп кетти?” дегендей түр менен мени карады.
– Адыл байке, менин ордумда болсоңуз сиз деле ушуну кылмаксыз. Сизге кандай сөз жеткенин билбедим, бирок бизде күнөө жок. Туура, алмалардын үчтөн бирин суукка алдырдык, бирок алмаларды өтө арзан таап бергенбиз. Калганын сатканда деле пайда эки эсе ашып түштү. Ошого деле ыраазы болсоңуз болмок,- дедим. Адыл дароо жерде жаткан Жайсаңга жини келгендей тиктеди да, жигиттерине мени көрсөтүп:
– Бул балага эч кимиң тийбегиле, Калысты чакыргыла, буларды карасын!- деп таякемди ээрчитип чыгып кетти.
Лөкүйгөн, башы таз, капкара дүңүрөйгөн бирөөсү, чоңураактарынан окшойт, мени баштан-аяк бир тиктеди да, турайын деп аракет кылып жаткан Жайсаңга карап:
– Эй, келемиш, сен Ажымукан элең го, эмне болду бир соккуга тура албаптырсың?- деп каткырып күлдү. Жайсаңды баары эле жактырышпайт окшойт, берки жигиттер да күлүп жатышты. Тиги олбурлуу жигит менин жаныма келип, колун сунду:
– Атың ким?
– Самат.
– Менин атым Серик. Капа болбо, Самат, түшүнбөстүк болуп кеткен окшойт, бизге башкача сөз жеткен,- деп Жайсаңды жаман көзү менен карады. Жайсаң эптеп ордунан турду:
– Сени менен кийин сүйлөшөм!
Баары бир күчү жетпешин түшүндү окшойт, мени сөз менен коркутумуш болуп унчукпай калды.
Адылдын балдары мага кызыгып карап калышты. Айрымдары “ырас кылдың” дегендей ыраазы боло карап жатышты. Аңгыча врач окшойт, бирөө кирип жерде жаткан экөөнү текшерип көрүп:
– Менин бөлмөмө алып баргыла,- деп чыгып кетти. Балдар экөөнү көптөп көтөрө артынан жөнөштү. Бирөөсү мени ээрчитип бир бөлмөгө алып кирип жайгаштырып, өзү чыгып кетти.
Башка эч ким кирген жок. Коңшу бөлмөдө бирөөлөр майрамдап жатышкан окшойт, эшик ачылып-жабылган сайын музыканын үнү, каткырык, кыйкырыктар угулуп жатты.
Жарым сааттан кийин бир бала кирип, мени башка бөлмөгө ээрчитип барды.
Чакан бөлмө экен, "П" формасында стол коюлуп, столдун үстүндө ар кандай кагаздар жатат. Төрдө Адыл, оң жагында таякем отурат. Таякемдин алдында бир бөтөлкө коньяк менен стакан, бир тарелкада бөлүнгөн лимон турат. Жанагы бүрүшкөн таякем жок, жадырап көңүлү ачык. Бир топ эле кызып калган окшойт, мени карап көз кысып койду. Адыл колу менен жаңсап:
– Кел, иним, бул жакка отур,- деп сол жагындагы отургучту көрсөтүп, өзү телефондун кулагын бурап бир жакка чала баштады.
Таякем мени карап "баары жакшы" дегендей башын ийкеп койду. "Эми даана өлдүк" деп жаткам, таякемдин түрүн көрүп тынчтана түштүм. Адыл чалган номер албады, трубканы коюп:
– Ага, биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы. Сиз залга чыгып каалаган тамагыңызды заказ кылып бир аз отуруп туруңуз, эшиктин оозундагы жигит балдарга дайындап коёт,- деди.
Таякем "макул, макул" деп ордунан шашылып туруп бөлмөдөн чыгып кетти.
Адыл тамеки күйгүзүп, түтүнүн асманга үйлөп бир топко отурду да минтти:
– Самат, иним, мага туура эмес маалымат жеткен экен. Баарыбыз тең Кудайдын алдында жүргөн пендебиз, күнөөсү жок адамга биз деле жамандык кылбайбыз, бирөөнүн акысын жебейбиз. Таякең айтып берди эмне болгонун. Макул эми, болор иш болду, өттү, кетти. Сөз мындай, мага ишеничтүү, тың балдар керек. Эгер биз менен иштейм десең, сага ылайык иш бар. Жакшы төлөп беребиз, каалаганың болот. Бирок ызы-чуусу да болуп турат. Азыр жооп бербе, баары бир эртең кетесиңер. Түнү менен убактың бар. Жакшылап ойлон, мага жан дили менен иштеп берчүлөр керек, моюнунан байлангандар керек эмес. Эртең саат он бирлерде келем, ошондо айтасың жообуңду...
Адыл ушинтти да, унчукпай калды. Канат экөөбүз бөлмөдөн чыгып залдагы бир столдун жанына келдик, музыкадан угулбайт эле, кулагыма "таякең ушул жерде отурат, мен керек болсом бардын жанында болом" деп кыйкырды да кетип калды. Таякем сыртка чыгып кетиптир.
Cтолдун үстү толо. Бир бөтөлкө арак, бир бөтөлкө коньяк, колбаса, салаттын, суусундуктардын түрү турат. Ичиндегисин жеп бүткөн окшойт, бир бош чыныны четке жылдырып коюптур. Тарелкада узундугу жарым метрдей болгон эки чоң шишкебек. Аңгыча официант кыз жыты буркураган ысык шорпо алып келип, столдун үстүн бир сыйра аарчып, тазалап кетти. Курсагым аябай ачкан экен, шорпону бат эле түгөтүп, шишкебекке кириштим. Спорт менен машыгып жүргөндө тамакты көп жеп көнгөм, шишкебекти бат эле жеп жибердим.
Ой баса түшкөн экен, таякемдин келгенин байкабай калыптырмын, далымдан таптаганда гана көрдүм. Маанайы жакшы, коньяктан чоң стаканга толтура куйду да бир дем албай тартып жиберди. Артынан лимон жеп, мага бирдемелерди сүйлөп жатты. Бирок музыкадан эч нерсе угулган жок. Таякем арык, бою кичинекей адам, биртке эле спирт ичимдигин ичсе мас болуп калат. Карапайым, эч кимге зыяны жок, ак көңүл адам. Биринчи алма алып келгенибизде таякемдин акчасына алып келип, жакшы эле пайда көргөнбүз. Ошондо таякем пайданы тең бөлөбүз деп, “жок” дегениме болбой пайданын жарымын колума карматып койгон.
Таякемди "эс алып алсын" деп айтканы Канатка барсам эки-үч жигит болуп тамеки чегип турушкан экен, мени көрүп бери карай басты:
– Эмне керек, Самат, эмне кемчилик?
– Биз эс алалы, Канат, таякем да мас болуп калыптыр.
– Биздин балдар үчүнчү кабатта чогулуп жатышат, таякеңди жаткызып коюп жүрбөйсүңбү биз менен? Бир балабыз жаңы машина алыптыр, ошону жууп бергени жатат.
– Эс ала берейин, чарчадым.
Канат негедир күлө карап:
– Жүрө бер биз менен. Баары сени сөз кылып жатышат. “Келемишти”, шефтин ишенген эки жигитин өзүң жалгыз уруп салганыңды угушуп, сени менен таанышалы деп жатышат. Таанышып ала бер, кийин сөзсүз кереги тиет,- деп калды.
Чарчагандыктан, 3-4 саат жакшы уктап алсам деп тургам. Бир жагынан барганда деле мен тааныбаган адамдар. Бүт эле ууру-кескилер болсо булар менен мамиле түзүп эмне кылам дедим ичимден.
– Чакырганыңа рахмат. Эртең жолго чыгышыбыз керек, бир аз уктап алайын.
Канат "макул, өзүң бил" деди да таякемди колтуктан ала ошол эле ресторандын үстүңкү кабатындагы мейманканага жеткирип койду. Бир бөлмөсүн даярдатып коюптур. Канат эшиктин ачкычын сунуп:
– Жүрө берсең болмок, балдар таанышып алалы деп жатышкан, кийин иштериң чыгып калса да кереги тиет эле.
Кайра-кайра чакырып жатса барбаганым кандай болот, жолдо деле уктап алармын деп ойлоно түштүм.
– Макул, бир аздан кийин барам,- дедим.
– Ооба да, жүрө бер, биз менен бир аз чер жазып отуруп келесиң да. Кыздар болот, таанышасың. Эртең поездде деле уктап аласың. Макул, мен бир сааттан кийин келем,- деп чыгып кетти.
Мейманкананын люкс номери экени көрүнүп турат. Ичинде баары бар. Джакузиде жарым сааттай жаттым, чыккың келбейт. Бир сааттан кийин Канат кирип келди, жүзү кызарып, ичкени байкалып турат.
– Жүрү, досум, балдар сени күтүп жатышат,- деди. Үчүнчү кабаты төрт бөлүккө бөлүнүптүр. Канаттын шериктери эң четкисинде экен. Залдын төрүндө ырчылар казакча шаңдуу ырдашып, коноктор ортодо бийлеп жатышат. Канат мени төрдөгү чоң столго алып барды.
Төрдө Серик сулуу, арыкчырай кыз менен отуруптур. Бир күлкүлүү окуя айтып берген го, жанындагы кыз токтоно албай күлүп жатат. Серик ордунан тура мени менен учурашып, жанынан орун берди. Музыка жаңырып жатат, Серик жанындагы кызды көрсөтүп кулагыма кыйкырды:
– Таанышып алгыла, аты Алина. Алина бул жигит жана мен сага айткан бала, аты Самат, Кыргызстандан.
Алина колун сунуп, башын ийкеп койду.
Аңгыча музыка токтоп, жарыктар күйүп, ар ким өз ордуларына тарай баштады. Биз отурган столго төрт жигит, үч кыз келип кошулду, турайын десем Серик далымдан кармап:
– Отура бер, батабыз баарыбыз,- деп койду. Жигиттерге карап:
– Жанагы мен айткан Самат ушул жигит, таанышып алгыла,- деди эле баары колун сунуп аттарын айтып таанышып жатышты.
– Самат иним, өзүңдү кенен алып отура бер кысылбай. Бул жерде баары өзүбүздүкүлөр. “Келемиш” ошону көрө турган болуп жүргөн. Макул эми, Русик, куй баарыбызга, мен тост айтып коёюн,- деп ордунан турду.
Сөзгө тапан, ыңгайы келгенде анекдот кошуп күлдүрө сүйлөгөн адам экен. Тостту да күлкүлүү кылып айтып, отургандардын баары ичип жиберишти. Канат мени “жүр” дегенде буларды ызы-чуу, жалаң жаргондор менен сүйлөп керсейгендер болуш керек, масчылыкта мага да асылып мушташып кетпес бекем деп чочулаган элем. Мен ойлогондон башкача болуп чыкты, ал жерден бири да сөгүнгөн жок, тамашалары да орду менен, кыздарга да сый мамиле. Чеги менен бийлеп, ыңгайы келсе ырдап, көңүлдүү отурушту.
Бул балдар бандиттер эмес, жөнөкөй жигиттер экен. Жайсаңды көрүп эле баарын “бандиттер, рекэттер” деп ойлоптурмун. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" болуптур.
Коньяктын күчүбү же отурган адамдар көңүлүмө жактыбы, айтор, бара-бара мен да өзүмдү кенен сезип, сөзгө аралашып кеттим. Алар казакча, мен кыргызча, кээ бир түшүнбөгөн сөздөрдү орусча түшүндүрүп сүйлөшүп жаттык. Башка столдо отурган жигиттер да келишип, мени менен таанышып, далымдан таптап кетишсе таң калып калам.
Түнкү саат бирлерде баарыбыз сыртка чыктык. Бирөөсү Мерседес алыптыр, капкара, дээрлик жаңы эле. Баары отуруп көрүп, ары-бери айдап да көрүштү. Мен да рулга отуруп, мотордун үнү угулбай жүрүп турган машинада өзүбүздүн машинаны эстеп кеттим. Атамдын да кара түстүү 06 Жигулиси бар эле. Аны кийин Жалал-Абаддан бир-эки жолу көрүп калдым, банктан аукцион аркылуу сатып алгандар минип жүрүптүр.
Үйүбүздү болсо өзүбүздүн эле алысыраак тууганыбыз сатып алган.
Түнкү саат үчтөрдө тарадык.Келсем таякем коңурукту кош тартып уктап жатыптыр. Көпкө чейин уктай албай ар нерсени ойлонуп жаттым. Айылга барганым менен жумуш жок, баягы эле жашоо. Негедир үйүбүздүн эшиги көз алдыма элестеди. Азыркы жашап жаткан үйүбүз Союз маалында дүкөн болгон, төрт бөлмөлүү чакан там эле. Эшиги да ошол маалда коюлган бойдон алмаштырылган эмес. Бир убактарда көк сырга боёлгон экен, сырлары эбак көчүп, бир-эки жери сынып да кеткен. Жакшы жабылбайт эле, кечинде жатарда ичинен туткасын жип менен тарттырып дубалга кагылган мыкка байлап койчубуз. Азыр деле ошол бойдон турса керек...
Көпкө ойлонуп, акыры Казакстанда калам деп чечтим. Кандай жол менен болсо да акча таап, үйүбүздү кайра сатып алам, апамдарды кайра ошол үйгө алып барып, карындашымды ошол үйдөн турмушка узатам. Калганын көрө жатармын. Кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм, таякем ойготту, жуунуп-таранып алыптыр.
– Тур, жээним, кеттик. Эртерээк акчаны алалы да, вокзалга бара берели.
Таякеме “мен калам” деп айтайын деп баратып, адегенде Адыл менен сүйлөшөйүн, анан деле айтармын деп токтоп калдым. Залга чыксак Канат күтүп туруптур. Машина менен базарга бардык. Ал жердеги имараттардын биринин экинчи кабатына көтөрүлүп, бир эшиктин жанына барганда Канат "азыр чыгам" деп ичкери кирип кетти. Таякем "Жайсаңдын кабинети" дейт. Бөлмөнүн ичинен бири-бирине катуу сүйлөп, талашып-тартышып жаткан адамдардын үндөрү угулуп жатты. Ойлоно түшкөн экем, бирөө жаныма келип "Самат, кандайсың?" дегенинен карасам Адыл ага. Жанында эки жигит турат, бирөөсү кечээги мушташта көзү жарылган бала. Башын, бир көзүн кошуп бинт менен таңып алыптыр. Мени жаман көрүп калды го десем андай деле түрү көрүнбөйт, мени менен күлүп учурашып, колумду кысып койду. Экинчисин көрбөгөн экенмин.
– Отура тургула, өзүм чакырам,- деген Адыл ага ичкери кирип кетти.
Жыйырма мүнөттөн соң эшик ачылып, бөлмөдөн колуна папка, калькулятор кармаган, көз айнекчен арык киши, артынан бир жигит, анын артынан башын жерге салып Жайсаң чыкты.
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар сиздер учун дагы бир жакшы чыгарма комментарий күтөбүз,окуган болсоңуздар УЛАНТПАЙ эле коёлу...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 47