20-бөлүм.
- Апа, коногуңар барбы үйдө?
- Ооба кызым, үйгө кирип которуна кой
дагы жардам бер, мен абдан чарчадым,
тиги коңшу келин болбогондо куурамак
экенмин, - Тажикан ачык айтпай: "Кокус
алар келгенин билсе куураган кыз кетип
калып жүрбөсүн, үстүнө кирип көрүнүп
алгандан кийин кете албай калат" деп
ойлоду. Ал үйгө кирип кетери менен
машина короонун оозуна токтоп Кумарбек
келди. Аны көргөн Тажикан жаркылдай:
- Саламатсызбы апа, - деп өзүн көздөй
келаткан күйөө баласына:
- Кел кагылайын, ырас болбодубу, тамак
эми алдыга келгенде келип калганың, -
деп үйдү көздөй баштады.
Арууке ичке кирип келатып эле
кайнатасынын үнүн угуп делдейе туруп
калды: "Кайдан келип калды эле, эми
буларга не деп айтам, балаңар мени
теңсинбейт деймби" деп ойлуу телмирип
өзүнүн бөлмөсүнө кирип: "Айла жок, эми
кетип калсам атамдар мени кечип таштайт"
деп которунуп кайра чыгып келатканда
күйөөсү менен беттеше түштү.
- Кандай Арууке, иштер жакшыбы? -
Кумарбек эч нерсе болбогондой жадырай
учурашты.
- Жакшы. - Арууке сыртты карай жөнөгөндө
Тажикан аны колдон алды:
- Кир, үйгө кирип кудагыйлар менен
учурашып шорпо куйуп отур!
- Кирбейм, өзүңөр кире бергиле! -
Бултуңдаган Арууке сыртка чыгып кетти.
Тажикан эчтеме дей албай кызына ичтен
нааразы болуп унчукпай кирип:
- Кудай жалгап тамак бышканда Кумарбек
да келип калыптыр, Арууке дагы келди, -
деп сыр билгизбей отуруп шорпо куя
баштады, - алыңыз кудагый, алсаңыздар
аяш ата, алып отуруңуздар.
- Кызды чакырбайсыңбы? - Сайдимурат
аялына карай башын сырт жакка экчеди.
- Ийи, азыр… - Тажикан ордунан туруп
сыртка жөнөдү, - Арууке, ээ Арууке, кел
кызым, оокат ич! - үн сала чыгып
баратканда алдынан чыккан Арууке кирип
төрдө отурган кайын журтуна баш ийкей
учурашкан болуп сыңар тизелей отуруп
калды. Бир азга эч кимиси сөз сүйлөбөй
тамактанган болуп кашык менен чынынын
кагышканы, шорпо ууртаган дабыштан
башка дабыш угулбады. Көптөн кийин гана
Атабек тамагын кыра:
- Ээ Сайдимурат уулум, силер бизге
балдарымсыңар, эки жаштын келечеги
биздин колубузда эми, кудайдын жазганына
таянабыз, биз баш-көз болушка
милдеттүүбүз, - Кумарбек менен Аруукени
карады, - Кана балапандарым, күнөө
кимиңерде, же бизден кеттиби, ачык
айткылачы. Экөөң тең ата-энеңерди
кыйнабай туура сүйлөгүлө, биз силерди
бактылуу гана болсун деп тилейбиз.
- Ооба, атам туура айтат, биз Сайдимурат
экөөбүз студент кезибизден теңтушпуз,
жакшы тилек менен силерди баш коштуруп
куда болдук эле, - Тобокел дагы уул-
келинине карады.
- Каралдыларым десе, жаш кезде мындай
таарынычтар боло берет, кайра эле
жарашып алышат. Аруукем бизге
таарынбайт, бүгүн үйгө баргыла дагы
эртең өз үйүңөргө бөлүнгүлө, - Айымгүл
келинин карады, анткени анын ойунда:
"Бөлүнөм деп эле таарынып атат, жаш
немелер өздөрүнчө ойноп күлө албай
атышат" деп ойлоп жүргөн. Азыр ал айткан
сөзүнө Аруукени сүйүнөт деп ойлоп
отурган. Арууке өзгөрүлбөй тултуйуп
отурганынан жазбады. Сайдимурат кызын
карап:
- Кызым, кана эмне дейсиң, биерде улуу
кишилер сенин жообуңду күтүп атышат, -
деди.
- Ата, мени бир жолу бердиңиз, экинчи
жолу кыстап бере албайсыңар. Жаш
экемин, тилиңерден чыкпай макул
болгонмун, эми мен эч жакка барбайм! -
Арууке жер караган бойдон айтты эле,
Барчынай баятан бери озунуп үндөбөй
отуруп күйөөсүн карады да ал башын ийкеп
койгондой кийин:
- Арууке, айланайын кызым, келин болуп
барганыңа беш жылдан ашты, бирибизден
жаман кеп уктуңбу? - деди.
- Мен сиздерге ыраазымын апа. Ата,
сиздерге эч кандай таарынычым жок…
- Анда неге барбайсың, Кумаштан көөнүң
калдыбы? - Айымгүл сурады аны бүшүркөй
карап.
- Айта бер, менден көңүлүң калса ачык
эле айт да? - Кумарбек Аруукени карады.
- Сенден калды көңүлүм, сен мени
теңсинбейсиң, көңүл бурбайсың, окуу-окуу
деп отурганың отурган. Балалуу болдук,
анда да менин бар-жогум сен үчүн баары
бир! - Арууке ызалуу сүйлөп жашын аарчый
жер карады.
- Ошон үчүн ошол ишке барып жүрөсүңбү? -
Кумарбек аялын сынагандай көзүнө тике
карады, - Мени эчтеке билбеген келесоо
же айбан деп ойлойсуңбу? - Кумарбек да
ачуулана айтты, - Кана айтчы, ошол
жүрүшүңдү туура деп ойлойсуңбу?
- Эмнени айтып турасың? - Арууке көздөрүн
чо-оң ачып таңдана, - Эмне дейсиң?
- Сен мени билбейт деп ойлойсуң го,
Арууке? - Кумарбек кабак бүркөй ордунан
тура, - Мен сенин эсиңе гана салдым, эсиң
болсо баарын кечирүүгө туура келет.
Балдардан кам санаба, эгер көңүлүңдө
ошол жүрүшүңдү туура көрсөң, жолуң ачык!
- Ой-ой бала, эмне деп турасың? -
Барчынай ордунан туура калды.
- Жок апа, дал ушул бүгүн барса барсын,
болбосо бир күнү келиниңер менен
сүйгөнүн өлтүрүп салам! - Кумарбек
сыртка чыгып кетти. Арууке отурган
жеринде дел болуп башын көтөрө албай ар
кайсыны ойлонуп же туруп кете албай:
"Баарын билет туура, мени сынап жүргөн
экен да, эми эмне кылчумун, биротоло
барбайм ажырашып кетейин, антпесе
болбой калган экен", деп ойлоп акырын
ордунан туруп сыртка чыгып кетип калды.
Сайдимурат сөз сүйлөй албады, аялы
андан бетер тунжурады. Бири-бирин
караган Тобокел менен Атабек ымдаша
"кетели" дегендей ишарат кыла жапырт
бата кылганы алакан жайды:
- Келгиле балдарым, бата кылалы,
балдар дагы өздөрүнчө сүйлөшөөр,
келишээр, кана эмесе бак карасын, кадыр
даарысын, ылайым балдар ынтымактуу
болушсун, дасторконуңарга береке! -
Атабек карыялык батасын бергенде чогуу:
- Омийин, түбөлүгү түз болсун, өзүңөр
дагы бала-чакаңардын урмат-сыйын
көргүлө! - Айымгүл да кобурай алаканын
бетине тартты.
- Айткандарыңыздар келсин, бизге капа
болбоңуздар, балдарга да кудай ынтымак
берсин, өздөрү чечишсин, - Тажикан
кысына жооп кылды.
Кудаларын узатып кирген Тажикан кызын
ички бөлмөдөн таппай калды.
- Кудай урган кыз, уят кылды го, ушундай
болоорун сезгенмин, жүрүшү башкача болуп
калган, айтпайсыңбы тынч жүрсүн, сүйлөй
албай калдың, - Сайдимурат жамбаштай
жатып наалый кетти.
- Эмне деп айтайын, ошо кызың мени угуп
атабы, бирдеме дейин десең эле силкинип
чыгып кетет, менде кайсы күнөө? - деп
ыйлап отуруп калды, - Менин деле
өлбөгөн төрт шыйрагым калды, күйөө
баланын сөзүнөн улам бетим чымырап…
- Кантесиң кемпир, кудайдын жазганын
көрөөр кызың, насип буйругу бар болсо
жашап кетет, болбосо ажырашат, не болсо
да көрдүк, - Сайдимурат кайра Тажиканды
тынчтандыра сүйлөдү, - кейибе, кызың
жаштык кылып койгон окшойт, Кумарбек
жакшы күйөө, аны күтө албаса өзү билсин.
- Айлабыз канча, сени мен Тобокел менен
куда болом дегениңде эле айткам, бири-
бирин жакшылап билбей эле үйлөнүп
алганы акыры ушуга алып келди.
Аруукенин бактысын биз өзүбүз байлап
отурабыз!
Кейип-кепчиген Сайдимурат менен Тажикан
жатып калышты.
Бир убакта Арууке үйдөн чыгып курбу
келиндин үйүнө келди. Ал аны жакшы
тосуп алды.
- Кел Арууке, кандай шамал айдап келди
сени?
- Зериктим да сени көздөп келе бердим,
үйгө барсам кайын-журтум келип
калыптыр, баса бердим.
- Туура кылыпсың, мен дагы жалгыз
зеригип жаттым эле, - Күлүп калды
Кымбат, - Ай, тиги жигиттерди чакырып
албайлыбы ыя?
- Койсоңчу, сен го башың бош, бойдоксуң,
менин күйөөм угуп калса… - Арууке чындап
эле чоочулай сүйлөдү.
- Ой кокуй күн десе, экөөбүздү аңдып
отурмак беле, ушу килейген шаардын
каягында жүргөнүңдү билмек эле?
- Көңүлүм чаппай турат, андан көрө
эртерээк эле жатып эс алалычы.
- Ма-акул, жаткың келип атса жаталы, -
Кымбат экөөнө эки бөлөк төшөк салды.
Арууке ой туткунунда кыжаалат: "Кантип
эчтеке билгизбей жүрдү, ушунчалык
көтөрүмдүүлүгүн. . мени сүйбөйт, ошон
үчүн унчуккан эмес го, сүйсө кызганмак.
Өлүп кеткир десе, атамдардын көзүнчө
айтканын кара" деп уйкусу келбей улам
ары-бери оодарылып жатып Кымбаттын
сүйлөгөн сөзүн бирин укса бирин укпай
"ийи" деп койуп жата бергенинен
тажаганда ал уктап калган. Түн.
Жымжырттык адам баласына кандай
жагымдуу, кулак-мурунду кескендей
жымжырттыкта кээде гана иттин үргөнү
алыстан угулуп тынчтыкты бузбаса түн
тынч.
Эртеси эрте туруп алып экөө эрчише
мектепке жөнөштү. Арууке эки сабагын
бүткөндөн кийин шашыла райондук
участкалык бөлүмгө келип арыз таштады
да кетип калды. Анын арыз жазганы
баарына угулганда өңгөдөн да өз ата-энеси
таң калды. Кумарбек таң калмак турсун
кубанды. Сотто экөөнө жарашууга алты ай
убакыт берилди. Убакыт бүткөнчө Арууке
үйдөн чыкпады: "Экөөнү тең өлтүрүп
салам" деген сөзүнөн чоочуп калган эле.
Соттон чыккандан кийин Кумарбек
Аруукенин жанына келди да:
- Эң туура болду, чынында сенин өз аялым
экениңе ишенбей да кетчүмүн, эми элдин
ичинде башымды өйдө көтөрүп жүрө турган
болдум, - күлмүңдөй ага карай, - Бир аз
болгондо сени сүйүп калып, сенин ыплас
иштериңе карабай жашап калмакмын! -
деди.
- Ошонун баары сенин мени
сүйбөгөндүгүңдөн болду, мен дагы сүйө
алган жокмун, - деп өзүнө караган кызын
колдон ала ары басып кетти Арууке.
- Кош, кызымды алып келип тур! -
Кумарбек аялынын кетип баратканын көпкө
карап туруп: "Чын эле мен муну
теңсинбедимби? Карачы бой келбетин,
анан калса мүчөсү да келишип, кийген
кийими да өзүнө жарашып турат экен" деп
ойлоп, бир ныптасы эңшериле, эчтеме
менен иши жок былтыйган колдорун башын
буруп алып булгалап бараткан кызын
улутуна карап турду. Сот кызы Кундузду
Аруукеге берип, уулу Керимбекти
Кумарбекке бөлүп койгон. Ошентип бири-
бирин түшүнбөгөн үйбүлө турмуштун ысык-
суугуна чыдай албай эки жакка кетти.
Экөөнүн тең алдыдагы тагдыры туңгуйук,
жашоолору кандай болоору белгисиз эле.
Арууке биротоло ажырашкандан кийин
Төлөгөнгө жолугуп жүрүп, акыры экөө
үйлөнмөк болду. Кээде келип, кээде
келбеген кызынын тагдырын ойлогон ата-
эне тынчсызданчу болду. Анан калса Кундуз
дагы ыйлап: "Атама барам, таенем менен
таятамды сагындым" деп, тынчы кетип
кээде жатпай чатак чыгарчу болду.
Андайда же Арууке жок, энелик мээримин
төгүп уктатчу. Айласы кеткен Тажикан
Кундузду өзү ээрчитип Кумарбектикине
алып барды. Ал алаксытып, бир аз
сагынычын таратып кайра алып келмек
болду эле, Кундуз таятасына барып
кучактап ыйлап туруп алды:
- Мен барбайм, таятам менен калам,
бөбөгүмдү карайм!
- Кундуз, мен сени күндө алып келип
турам, жүрөгой, апаң келсе экөөбүздү тең
урушат.
- Жо-ок, ал менин апам эмес, мени таенем
жакшы көрөт, а апам жакшы көрбөйт, - деп
тызылдап ыйлап болбой койду.
Айымгүл Тажиканды жакшы тосуп,
дасторконун жайнатып чай куйуп сүйлөшүп
отурду. Кундуз болбой койгондо аргасыз өзү
кетип калды. Сайдимурат анын жалгыз
келгенин көрүп андан сурады:
- Кундуз гана?
- Ал үйүнө жете албай эле туруптур,
кетпейм деп болбой калып калды.
- Аа-аа мейли, көнүп калган да, анын
үстүнө иниси менен чогуу чоңойгон неме
куса да болуп жүрбөсүн.
- Кээде алып келип, барып турабыз да.
- Кызың карабай койдуңар дебесе эле…
- Кежилдеп кечке ыйлап атама барам деп
атса эмне кылайын, - Тажикан жини
келгендей күйөөсүнө силкинип алды, - ал
мага деле эрмек болуп жүрө берет эле,
бизге көнбөгөндүк кылып атпайбы?
- Болду эми кечке сүйлөнө бербей, бу
кемпир, жашы өткөн сайын сөз көтөрүмүң
жок болуп баратабы дейм, көп эле
нервиңди корото бербей өзүңдү токтоо
кармасаң боло?
- Жакшы эле өзүмдү кармаганга аракет
кылган менен болбой атпайбы, кемпир
дебей жүрчү, элүү жашымда эле мен сага
кемпир көрүнүп калдымбы? - Тажикан
саал жумшара күйөөсүнө жылмая карады.
- Ой-оой кемпир, уул-кыздарыбыздын
балдары чоңойуп, алды бой жетип калды,
эми сен өзүңдү келин көрүп жүрөсүңбү?
- Азырынча келин бойум кебеле элек,
анча-мынча жаш келиндерге караганда
сын-сыпаттуу элемин.
- Болуптур байбиче, келин бойуңду
кебелтпей жакшы караган мага ыраазы
болсоң болот, - Экөө бири-бирин
тамашалап отуруп жатууга кам урушту.
Бирок экөөнүн тең көңүлүндө: "Аруукенин
тагдыры кандай болуп кетээр экен" деген
бүдөмүк ойлор турду.
Убакыт билинбей сызып өтүп, арадан эки
жыл өтүп кетти. Арууке Төлөгөн менен
үйлөнүүгө убадалашып, иштешкендери
менен туугандарын, ата-энесин чакырып
той өткөрмөй болушту. Адегенде Арууке
Төлөгөндү аларга тааныштырмак болуп
ээрчитип келди. Сайдимурат жаңы күйөө
болчу жигитти анча жактыра бербей үнсүз
отурду. Тажикан Аруукени ашканага
чакырып чыгып:
- Иий бетим, Кумарбектен өйдөчүлүгү жок
экен мунуңдун, ата-энеси бар бекен? -
деди жактырбагандай кызын жаман көзү
менен карап.
- Ата-энеси бар, эмнеси жакпай калды
сизге, байлыгы болбосо да акыл-эси,
иштеген иши, мага деген сүйүүсү бар! -
Арууке мойун бербей апасына кашкая
сүйлөдү.
- Сүйгүчүлүн мунун, эки балаңды
жалдыратып койуп бакыт издегениңби бул
сенин?
- Ооба, бакытты издеп таптым, демек
менин жашоомо кийлигишпегиле!
- Мейли эми, душманга таба, тууганга
күлкү болбосоң эле болду.
- Эч кандай таба болбойм, - эне-бала
антип сүйлөшүп жатканда Сайдимурат
Төлөгөн менен сүйлөшүп отурду.
- Канча бир туугансыңар?
- Жети, мен ортончусумун, ата-энем
мугалим болуп иштеп жүрүшүп пенсияга
чыгышкан.
- Жакшы, өзүңдүн ишиң?
- Физкультурадан сабак берем.
- Мм, Аруукенин күйөөсүнөн ажырашканын,
эки баласы бар экенин билесиң да?
- Ооба, Арууке айткан, биз бири-
бирибиздин сырыбызды билебиз, демек
баарына даярбыз.
- Азамат, уят болбой жакшы жашагыла
балдарым, ата-эне баласын бактылуу
болсо деп гана тилейт, эми мындан ары
сен да менин баламсың!
- Ыраазымын ата, Аруукени эч качан кор
кылбайм, - Аңгыча Тажикан менен Арууке
табакка салынган пловду, дасторкон менен
көтөрүп келип калды. Бир топко чейин
отуруп, анан Төлөгөн кетип, Арууке калып
калды. Ата-эне бул жолу жөн гана акыл-
насааттарын айтып кийинки жашоосунда
жаңылбай жүрүүсүн эскертишти. Экөөнүн
тең ойунда Аруукенин балдары жөнүндө
бир жолу да кабатырланып койбогону таң
калтырып: "Капырай, ушундай балага
мерез жаралат экен да, эмне үчүн кызын
бир жолу сурап койбоду", дешип ичтеринен
сызган менен унчугушкан жок: "Таенеси
багып такыр мээрим салбай калган экен,
окуп жүрүп көңүл салбаса керек, мейли
эми балалуу болсо ошондо имерилээр" деп
кайра өздөрүн өздөрү сооротуп тим
болушту.
Белгиленген күнгө чакыруучуларын
чакырып жүрүшүп Кумарбектин эки күн
мурун үйлөнгөнүн угушту. Арууке ойлонуп:
"Менден сулуу неме алды бекен, бир көрүп
келейин, балдарымды шылтоолоп барып
келейин" деп Төлөгөнгө: "Үйгө барам" деди
да жөнөдү. Ал келгенде Кумарбек сыртта
уулу менен кызын эркелетип сөрүдө
отурган. Жайнагүл ичтен дастаркон
көтөрүп чыгып сөрүгө жайып чай койду.
Арууке дарбазанын кычыгынан карап тура
берди. Үйдө эч ким жок болсо керек, чай
куйуп отурган аялын эңкейе бетинен өпкөн
Кумарбек:
- Жайнаш, сен бактылуусуңбу? -деди
эңкейе жүзүнө тигилип.
- Абдан, абдан бактылуумун! - Жайнагүл
эркелей назданып койду.
- Кундуз, - деди Кумарбек, - Жайнаш
апаңды жакшы көрөсүңбү?
- Ооба, - Кундуз оозундагы нанын чайнап
жатып жооп берди, - Арууке жаман апа ээ?
- А сен аны унуткун ээ кызым, ал сени
карабайт, сенин апаң Жайнаш, уктуңбу?
- Ийи, - дегенде Арууке чыдай албай
кирип келди, ызалана түшкөн го,
көздөрүнө жаш тегерене түшкөн, аны
көргөзгүсү келбей буулуга жетип келип
кызын колунан ала тартты:
- Мени сага жаман көрсөтүп бүтүшкөн экен,
ким сага жакшы апа болуп берет ыя,
төрөгөн энеңден эле кечээ келген өгөй эне
сага жакшы көрүнүп калдыбы?!
- Ата-аа, койо бер дечи! - Кундуз ордунан
жылбай чырылдаганда Кумарбек тура
калып кызынын колун бошотуп:
- Сага эмне керек деги, эсин чыгарасың,
убагында бала деп үйрүлүп карап, өзүңө
тартпаган, эми эне болуп калдыңбы?
- Баарына сен, сен гана күнөөлүсүң, анан
жанагы алжыган тайенең менен таятаң,
болбосо мен өзүм эле бакмакмын!
- Арууке, баланы төрөгөн сенсиң, эч ким
сенден талашпайт, баары бүткөн, бири-
бирибиздин жашообузга жолтоо болбой тынч
жүрөлү, ортодо балдар бар! - Кумарбек
жоошуй сүйлөдү, - ал эми таятамдарга тил
тийгизбе, алардын сага жамандыгы тийген
эмес.
- Мен Кундузду азыр алып кетем, Керимбек
чоңойсо өзүм түшүндүрөм.
- Мен сени менен кетпейм, атам менен
калам! - Кундуз атасына ыктай калды.
- Өлүгүңдү көрөйүн десе, эмнеге барбайт
экенсиң, барасың! - деп Кумарбектин
колтугуна ыктап бүжүрөй көздөрүн
алайткан кызын тарткылаганда жини
келип:
- Арууке дейм, баланын жүрөгүн
түшүрөсүң, сыйың менен кетип кал! - деди
Кумарбек.
- Сыйым менен элемин, өгөйгө кор
кылганча өлтүрүп кетем! - Көгөрө колунан
тартканда Кумарбек аны түртүп ийди:
- Закир менен ойноп-күлүп жүргөндө
ойлонбойт белең, же анда балаң бар
экенин унутуп, мени көңдөй, эчтеме
сезбейт деп жүрдүң беле, болду жетишет,
жаман-жакшы айтышпайлы.
- Ишиң болбосун, менин ким менен
жүргөнүм менен, - деп дале алкына кызын
тарткылап атканда Айымгүл менен Атабек
келип калды. Аларды көргөн Арууке бир
азга үндөбөй туруп артына бурулуп чыгып
кетти. Кетип баратып буулугуп ыйлап
баратты: "Менден ашык эмес экен, мени
ошентип бир жолу эркелетип койгон эмес
эле, жаш тура болгону, көрөм ушуну менен
жашап кетишкениңди. " деп паркка келип
ызаланганын басып, көзүнүн жашын
кургатып: "Мен дагы андан кем эмес
күйөөгө чыгып жатам, анын эмнесине
ызаланам деги, бакса баксын, бала багып
азаптанбай өзүмдү карап жүргөнүмө тың
болом" деп өзүн-өзү сооротуп алды да
үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Төлөгөн күтүп
аткан, тойго даярдык көргөнү айылдан
ата-энеси менен бир туугандары келишкен.
Алар Аруукени көрүп, кайненесин Набат ак
жоолугун салып:
- Садагаң кетейин, түсү ийгинден түңүлбө
дейт, өңү-түсүңө бактың жарашып
Төлөгөнүм экөөң аман-эсен болуп бактылуу
өмүр сүргүлө! - деп бетинен өптү. Кошо
келген туугандары ырым-жырымын жасап
алып келгендерин беришти:
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1