11- АКЫРКЫ БӨЛҮМ
Арадан билинбей 8 жыл өттү. Аруужан 2 класста окуган кези. Акылы зирек эчнерседен тайманбаган ар бир нерсеге аракети күчтүү кыз. Мугалимдер анын жакшы ырдаганын байкап жаш кезинен эле ийримдерге катыштырган. Кичинекей кезинде эле фундаменти түзүлүп, апасынын энсеп жүргөн тилегине Аруужан жетти. Ал комузда ушунчалык уккулуктуу үнү менен ырдайт. Бул ийгиликке сөзсүз атасынын да салымы бар. Акылбек аны жаш кезинен эмгектүүлүккө үйрөттү, аялдын эркектин жумушу болобу дайыма жанында алып жүрчү аны. Ал эми кичинекей Аруукыз болсо өзүнчө бир аалам өзү. Таптатынакай кыз ал. Ушундай бактылуу үй-бүлөдө бакытка балкып БАРКТУУ ӨМҮРҮМ өтүп жатат менин... деп Аруужан...
P.S. Бул чыгармада окуялардын өзөгү өзгөртүүсүз берилди. Сабак болоор баарыбызга деп жазылды максаты. Айрым негатив жазгандар. Чынында жашоосунда бактылуу боло албагандар мындай чыгармалар жага бербейт аларга. А чынында ар бир чыгарма жашоодон алынат көркөмдөлөт, адабий тилге салынат. Башканы билбейм мен ойумдан чыгарып эчнерсени жазалбайм ар бир окуя жүрөгүмдөн өтмөйүнчө. Урматтуу окурман. Рахмат айтам, жакшы ой пикириңиздерге... Бактылуулук ар бирибиздин колубузда... Бактылуу болууга акыбыз бар ..
Кимде ушундай сырдуу, табышмактуу ары татаал турмушу болсо кайрылсаңыздар болот мага личкадан балким китеп бетине чыгарабыз сизди да.
"Ушул чыгармадагы каармандар жашоодо барбы" окуялар чындыкбы деген суроону ким берет деп күтүп жаткам. Ким берсе соонун белегим болмок менден... Ошол Аруузаттын радиодогу уктурууларынан жибермекмин... Мейли аман болсок дагы жолугарбыз жакшы чыгармалар менен...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9