(болгон окуя)
Ушул окуя бир жигитин апасына болгон мээрими, сүйүүсү жана жалпы энелерге болгон сый урматы жөнүндө.
Той күнү келин, күйөө бала аябагандай бактылуулукту, бири бирине болгон сүйүүсүн, эч кимден жашыра алышпай, бардык тойго келген коноктордун көз алдында жаркырап отурушат эле.
Той аябай кызып, ортодо тойго келген коноктор аябай шаңдуу бийлеп, тууган уруктар эки жашка өздөрүнүн чын жүрөктөрүнөн чыккан каалоо, тилектерин айтып жатышты. Эки жаш аябагандай, бактылуу бирин-бири карап жылмайышып, дүйнөдө өздөрүн эң бактылуу сезип жатышты.
Бул жерде өзүн баарынан бактылуу сезген, дагы бир инсан бар эле.
Ал мээримдүү адам баланын апасы болчу, ортодон чыкпай шаңдуу бийлеп, келген коноктор акчаларды кыстарып, башы акчага толгон, баланын мээримдүү энеси, келген коноктордун алкышы астында эле.
Бир убакта келин күйөө баланын кулагына шыбырап калды “апаңды ортодон чыгар” - деп.
Менин курбу кыздарым өздөрү чыгып бийлесин, алар дагы тойго бийлегени келген деп.
Ошондо жигит ортого чыгып микрофонду алып, музыканы токтотуп “апам кимге керек” - деп кыйкырды.
Келин ичинен ыраазы болуп, азыртан айтканымды кылса “кийинчерээк мойнунан байлап алам” - деп ичинен ойлонуп мыйыгынан күлүп турду.
Жигит күчүнүн баарынча “апам кимге керек” - деп кайра кыйкырды. Өз уулунун айтып жаткан сөзүнө капа болуп апасынын көзүнөн жашы төгүлүп, эмне болгонун түшүнбөй карап турду.
Жигит кайрадан “апам кимге керек” - деп кыйкырып, “Апам мага керек” - деп апасынын жанына басып келип, келинге жообуңду бердим” - деп микрофондо кыйкырып апасыны ээрчитип сыртка жөнөйт.
Кыздын туугандары тополоң кылып, балага асылышып эмне болгонун түшүндүрүп берүүсүн талап кылышып, тытмалашканына карабай, сыртка чыгып бара жатканда, эшикти тосуп, кыздын атасы баладан эмне болгонун түшүндүрүп берүүсүн талап кылат.
Күйөө бала болгон окуяны, кыздын атасына айтканда, атасы ыйлап туруп, күйөө балам жакшы экен го, кызымды тарбиялай алган эмес экенмин, мени кечир уулум, сендей уулдарыбыз көп болсун.
Эненди сыйлаганын үчүн аябай ыраазымын “бейиш эненин таманында” - деп күйөө баласын жакшы узаткан экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21