Туздун касиетинен
Суук тийип ич ооруганда, кээде заарасы чыкпай калган учурда туздуу сууну грелкага куюп же туздун өзүн ысытып ооруган жерге басса, оору тез басылат.
Үшүк алган денени, өзгөчө буту-колду жылуу сууга бир аз туз салып жууса ачышканын токтотот.
Тамак (алкым) шишип ооруса, тузду жанчып, андан кийин кууруп, алкымга басса же туздуу суу менен тамакты чайкаса ооруган жер басылат.
Баш ооруган мезгилде адам тилине туз сүртсө жана азыраак туз аралашкан суу ичсе баш ооруну токтотот.
Тиш түшкөндө кан токтобой жатса, туздуу суу менен оозду чайкаса кан токтойт.
Ар күнү эртең менен туздуу сууга оозду чайкап турса, ооздо пайда болгон ар түрдүү оорулардан сактайт.
Аз өлчөмдө туз аралаштырылган сууга жуунса териге пайда болгон ар кандай оорулардан тышкары кылат.
Зарна болгон убакта азы-раак туз кошулган суу зарнаны токтотот.
Курт-кумурскалар чагып алган жерди туздуу суу менен жууса шишитпейт.
Көз кычыктары кычышып (трахома) ооруса, күн сайын туздуу суу менен көздү жууса көздүн кычышканы токтолот.
Эртең менен ачкарын кайнаган сууга азыраак туз салып эритип, анын тундурмасын ичсе, ал ашказанга пайдалуу.
Белгилүү өлчөмдө туз салынган сууга баш жууп жүрсө, чач түшпөйт.
Тамактануудан кийин күптүү болуп, тамакка табити чаппай калган учурда туздуу суу ичсе тез оңолот.
Баклажандын тамырын туздуу сууга кайнатып, бутту жууса кычышканын токтотот.
Уксустун пайдасы
Бел, бут, кол чыгып же кайрылып ооруганда тууралган камырга бир аз өлчөмдө уксус аралаштырып, ооруган жерге бир нече күн жабыштырып жүрсө, ооруган жер басылат.
Түтөккөн, эсинен танган адамдарга пахта, марли, таза чүпүрөк же бет аарчыны уксуска малып жыттатса, ал адам тез эле эсине келет.
Набатты же жаңгактын данегин уксуска эритип, тамактан
кийин бир чай кашык эртең менен эрте 10 даанадан ичип жүрсө жүрөккө жана кан тамырга пайда болгон оорулардын айыгышына өбөлгө түзөт.
Ит каап алган адамды догдурга алып баруудан мурда ит тиштеген жерди уксус менен сүртүп койгон жакшы.
Уксус адамдын өңүн жашартат, териге бырыш түшүрбөйт. Ал үчүн 5 тамчы уксуска 1 тамчы глицеринди аралаштырып, териге сүртсө, терини өз калыбына келтирет.
10 пайыздан 30 пайызга
чейин уксус аралашмасын кол-бутка түшкөн темирөткү өңдүү жараттарга, күйдүргүгө сүртсө, жакшы жардам берет.
Сасык тумоо болгон адамдар уксус менен мурундун бүтүшүнөн, баш оорусунан арылса болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 33
эгер эркек келиндин 1 минуталык ишин аткарганда ордунда келимеге келбей жан бермек,өлмөк. Айрым келиндерге айтаар элем ,,Сен үйүңдө башка ыйман алып,келин болгонуңда ошол барган жериңдин ыйманын адасың. Ошол ыйманды сага туура сүйлөгөн тарбиялуу кайнене бере алмак.
Жайлоодон тушкон кунажындын пулу