Истихара намазы – кайсыл бир ишке кадам таштай албай турганда эки рекет намаз окуп, Аллах Тааладан туура багыт жана жардам сурап дуба кылуу.
«Пайгамбарыбыз, ага Аллахтын салам жана салаваты болсун, бизге Курандан бир сүрөө үйрөткөн сыяктуу эле, бардык иштерде да истихара намазын үйрөтүп, мындай дээр эле:
«Качан силердин бирөөңөр кандайдыр бир ишти кылмакчы болсо, анда эки рекет намаз окуп, андан соң мындай деп дуба кылсын:
Оо, Аллах! Сен билесиң, ошон үчүн, Сага истихара кыламын (жакшылык сураймын) Сенин кудуретиңден күч сураймын жана Сенин улуу пазилетиңден сураймын. Чындыгында Сен Кудуреттүүсүң, мен кудуреттүү эмесмин. Сен билесиң, мен билбеймин жана Сен кайыптарды Билүүчүсүң. Оо, Аллахым! Эгерде ушул ишти (өзүнүн муктаждыгын айтып) менин диниме, жашоомо жана ишимдин аягына пайдалуу деп билсең, аны мага тагдыр кыл, мага аны жеңил кыл, андан соң аны мага берекелүү кыл. А эгерде ушул ишти мен үчүн динимде, жашоомдо жана ишимдин акыбетинде жаман деп билсең, аны менден, мени андан алыс кыл. Мага кайда болсо да жакшылыкты тагдыр кыл. Андан соң ушул жакшылык менен мени ыраазы кыл. (Бухари)
Демек адам баласы жашоосуна жана акыретине пайда боло турган жакшылыктарды билүүгө муктаж. Бирок адам баласы муну өзү биле албайт, аны бир гана Аллах Таала билет. Пайгамбарыбыз, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Аллах Таалага толук ибадат кылууну көрсөтүп кеткен. Ал ибадаттардын бири – бир ишти кылууда, ошол иштин акыбети жакшы же жаман болоорун билген Аллах Тааладан жакшысын суроо. Эгерде Аллах Таала ал ишти пендеге тагдыр кылып, жеңилдетип бербесе, анда пенде өз күчү менен эч нерсени чече албайт. Ошондуктан пенде Аллах Таалага өзүнүн алсыз экендигин билдирип, Андан жакшылык жана жардам сурап, дуба кылышы керек. Истихара намазы качан жана кандай окулат:
Бул хадистен белгилүү болгондой, мусулман адам кайсы бир ишке кадам шилтей албай жатса, анда кадимки эле эки рекет нафил намазын окуп, эки жака салам бергенден кийин, Аллах Таалага алакан жайып, жогоруда келген истихара дубасын окуп дуба кылат.
Ислам аалымдарынын бири айтат:
“Жаратуучуга истихара кылган жана ишин адамдар менен кеңешип чечкен адам эч качан өкүнбөйт”.
Ошондой эле имам Нававий, Аллах
аны Өз ырайымына алсын, “истихара жана кеңешүү” бөлүгүндө мындай деген:
“Истихара – бул Аллахка кайрылуу менен болот. Ал эми кеңешүү – иштин көзүн билген ишенимдүү жана салих жакшы адамдардын ой-пикирлерине таянуу менен болот. Аллах Таала истихара кылууга жана кеңешүүгө буйруганын себеби адам баласы кемчиликтүү жана алсыз жаратылгандыгынан. Адам баласы кээ бир иштеринде ар кандай кыйынчылыктарга кабылат, ал ишин кылсамбы же кылбасамбы деп экиленет. Ошондой учурда эмне кылуусу керек.........
Истихара кылуунун жолдору:
1. Бардык иштердин болуп өткөндүгүн жана келечекте эмне болоорун жана ал иштин болбогонун, эгерде болгондо кандай болоорун билген ааламдардын
Жаратуучусу Аллах Таалага истихара намазын окуп дуба кылуу.
2. Динди бекем карманган аманатчыл жана иштин көзүн билген даанышман адамдардан насаат-кеңеш суроо.
Бул туурасында Аллах Таала Куранда мындай деген:
“(Оо, Мухаммад!) Аллахтын ырайымы менен сен аларга жумшак мамиле кылдың. Эгерде сен орой, ташбоор болгонуңда, анда алар сенин айланаңдан тарап кетишмек. Аларды кечир жана алар үчүн (Аллахтан) кечирим сура жана (өзүң ылайык көргөн) иштерде алар менен кеңеш. Эгерде (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт. (Ааль-Имран
сүрөөсү, 159-аят)
Пайгамбарыбыз, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, ой айтканда эң түүра ой айткан жана эң туура жыйынтык чыгарган. Бирок ошого карабастан, кээ бир учурларда чечими татаал болгон иштерде сахабалары менен ой бөлүшкөн. Ошондой эле пайгамбарыбыз, бул дүйнөдөн көз жумгандан кийин анын халифалары (орун басарлары) дагы динди бекем карманган такыба жана даанышман адамдар менен кеңешишет эле.
Аллах Таала баарыбызга ислам динин бекем карманып жашоону насип кылган болсун аамин!
Асылбек Орозокул уулу
_________________
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5