Бөлүшүп койгулачы.
Метро Красногвардейскаянын Ореховый Бульвар көчөсүндөгү квартиралардын биринде Айдар аттуу мекендешибиз келинчеги жана 2 жаштагы кызы менен 3 бөлмөлүү квартираны арендага алып жашайт.
2 бөлмөсүн 2 үй-бүлөөгө 20 000ден тапшырып, калган суммасын жана комуналдык тейлөөгө кеткен чыгымдарын өзү төлөйт.
Бала менен башка "хозяиндер" квартирант кылып оңой менен албагандыктан жана кичине болсо да квартирага төлөй турган акча эконом болсун жана кызы кенен бир комнатада жашасын деген тилек менен квартираны арендага алып жашайт.
Бир күнү таң атпай саат 6да үйгө полиция кызматкерлери келет. Баарын отделенияга алып кетет.
2 комнатада жашаган жаш жубайлар Айдарга акча төлөп жашайбыз деп көрсөтмө беришет.
Жыйынтыгында, 2 комнатада жашаган 4 адамды жана Айдардын келинчегин Кыргызстанга депортациялайт.
Себеби, алар регистрациясына туура келбеген адресте жашаган деп айып коюлуп, сот ушундай чечим чыгарат.
Ал эми Айдарды 2 жылга " за организацию незаконной миграции" деп камакка камайт.
Айдарды камакка албаш үчүн эмне кылуу керек эле?
Болгону аны менен жашагандар " Биз конокко Айдардыкына келгенбиз. Биз бул жакта жашабайбыз" деп көрсөтмө берсе, качып кутула албаган текшерүүдөн кийин азыр Айдар үй-бүлөөсү менен Кыргызстанга депортацияланмак.
Москвадагы кыргыздар!
Собяниндин кыргыздар тууралуу айткан интервьюсунан кийин Айдарга окшоп камалгандардын саны күндөн күнгө көбөйүп бара жатканын КРнын РФгы МВД өкүлү Аскат Алиев да тастыктап бере алат.
Ошондуктан, кокус текшерүү келип калса, ЭЧ КАЧАН акча төлөп жашайбыз деп айтпагыла!
Бул эч кандай жеңилдикти сизге бере албайт!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 135