Сүйүнчү! Сүйүнчү!
Бир тууганым менин кичинекейим.
Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектебинин окуучусу, Жылдызбек уулу Рахатбек ОРТдан мыкты көрсөткүчкө ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, сүйүктүү апакебизге класс жетекчиси телефон чалып сүйүнчүлөдү ура! 💪 Бир тууганындын жетишкендиктерин угуу алда канча баалуу, мазмундуу, жагымдуу келет экен. Биринчи жолу гана угуп толкунданып,көзгө жаш алып турушум эмес,себеби жигит кичине кезинен ата-энебизди бизди кубанткан бөбөк эле ...
Башталгыч класстын босогосун 2009-жылдын сентябрь айында аттаган. Үй-бүлөбүздүн коштоосунда өткөн чоң бир маареке болгон. 😊
Бала бакчасында кандай зеерек ийкемдүү жигит болгон болсо,дал ушундай тайманбастыгы , кичинекейинен тырышчаактыктыгы менен 11жылды өзүнө керектүү, пайдалуу , өзү жаш болсо да, бир топ көркөмдүү конкурстарда өзүн сынады. Бул да бол ийгиликтердин кадамдары деп билем...
Апакебизди ата энелер чогулушуна чакырып сиздин балаңыз баарынан "5"деп айтаар эле башталгыч класста окуп жүргөндө, (күлүп)😄эжейи окуудан дагы, бейбаштык кылган жагынан дагы деп... Апабыз үйгө жакшы кайтып, уулум сен көп бейбаштык кылба ...
Эми мына минтип, бейбаштык кылган мамам менен папамдын суйкайган уулу жалпы Таштекеевдерди кубанычка бөлөп турат.
Бир боорум баскан жолун байсалдуу болсун!
Ар дайым жолуң ачык!
Мыкты кесиптин ээси болуп Кыргыз элинин уулу бол!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 10