Ыйык Арафат куну куноолор кечирилет, Кудуреттуу Алла пенделерине ото жакын болуп дуа-тилектерин кабыл кылат.
🔸Ким бул куну орозо тутса эки жылдык куноолору кечирилет. Хадисте айтылат:
«Арафа күнүндөгү орозо өткөн жана ушул жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот» (Муслим: 1162)
🔸 Расулуллах ﷺ айтты: “Аллах Өзүнүн кулдарын Тозок отунан ушунча көп бошото турган Арафат күнүндөй башка күн жок. Акыйкатта, Ал (аларга) жакындайт, андан соң периштелердин алдында: «Алар эмнени каалашат?», - деп мактанат” (Муслим 1348)
🔹 Эң жакшы дуа – бул Арафа күнкү дуа
Пайгамбар ﷺ айтты: “Эң жакшы дуа –бул Арафа күнкү дуа. Мен жана (мага чейинки) пайгамбарлар айткан эң жакшы дуа бул:
«Жалгыз, шериги жок Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч бир кудай жок! Бүткүл бийлик жана мактоо Ага таандык, жана Ал бүткүл болумуш үстүнөн кудуреттүү!»” (Тирмизи 3585. Хадис хасан. Кз.: “Сахих ат-таргиб” 1536)
ﻻ ﺇﻟﻪ ﺇﻻ ﺍﻟﻠﻪ ﻭﺣﺪﻩ ﻻ ﺷﺮﻳﻚ ﻟﻪ، ﻟﻪ ﺍﻟﻤﻠﻚ ﻭ ﻟﻪ ﺍﻟﺤﻤﺪ ﻭ
ﻫﻮ ﻋﻠﻰ ﻛﻞ ﺷﻲﺀ ﻗﺪﻳﺮ
/Лаа илааха илла-Ллааху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул-мулку уа лахул хамду, уа хууа ‘алаа кулли шай-ин кадиир/.
➖➖➖➖➖➖➖➖➖
Урматтуу бир тууган!
🌹Бул кун жылына бир келет, ошондуктан колуңузду дүйнө иштеринен бошотуп, Аллахтын рахматы жаап турган күндү канимет деп билиңиз, көп-көп ибадат кылып, аруу тилек-максаттарыңызды Мээримдүү Алладан сурап калыңыз, Акыретке сооп жыйнап калыңыз!
📆 20-08-2018 - Арафат күнү
⏰ Ооз жабуу жана ачуу
4:48/19:57 (Бишкек)
4:45/20:00 (Ош)
© Islamloju.kg ➖➖➖➖➖➖
Телеграм: @aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев